← Сомбилек 5/5

Баатырдын уулу Сомбилек, Булардан чыгат далай кеп, Найзасы жок балтачан, Кайраты артык кылымда, Кыйын болбойт мындай жан, Салгалы келген найзаны, Талкалап көнгөн андайдан, Учу өткүрдөн канчаны, Балта менен какканда, Бооруна тийчү куу найза, Асманды карай чыкканда, Сайдырып салмак болучу, Апкаарып түшүп жазганса. Найзаны кагып жиберип, Ээрдин тиштеп көз ачып, Кетейин деп кан чачып, Үзөнгүгө тамандап, Кобо калып такандап, Колтугун чойуп чочкону, Чокудан нары бир койду. Туулгага балта тийгенде, Тоолордун баары жаңырык, Не болду деп турган эл, Акылынан жаңылып, Алты канат туулганын, Бешөө кеткен жарылып. Баатыр чапкан Сом балта, Ойлоп көрчү күч канча? Мойнунан сабы үзүлүп, Куру кол болуп калган кез, Улутунуп үшкүрүп, Кылычты суурду кынынан, Кыйын жумуш чыры бар, Кыргыздан келген баатырдын, Кыйла сонун сыры бар, Балта жеген бадырек, Баатырсынган Сомбилек, Өлбөй тирүү калды деп, Как ыргайга саптаган, Кара кайыш каптаган, Сыртына коло чырмаган, Тийген жери ырбаган, Эшик эңдүү айбалта, Ойроттун чыры бир канча, Ийнине арта салыптыр, Ысыгы жайдын аптаптай, Жанашып келип калыптыр. Балтаны шилтеп ийерде, Бадыректин балтасы, Төбөсүнө тийерде, Таамай тийсе чокуга, Казыктай жерге кирерде, Сомбилек өтө маш эле, Келе жаткан балтаны, Сабына болжоп чапты эле. Чапкан кылыч кандай курч, Кесилди сабы балтанын, “Эми кесип башын таштайын” Кылычты оңдоп имерди, Чабайын деп Ойротту, Салган бойдон жетти эми, Чаптырбады кылычты, Баары кыйын ал кезде, Ал Ойроттун кылышы, Чыканакка баатырды, Найза менен какты эми. Кылычы колдон кыңк этип, Үнү угулуп зыңк этип, Учуп барып түштү эле, Алда кайда жалп этип. Кылыч да жок, балта жок, Же качырышар найза жок, Сомбилектин колунда, Камчыдан башка калган жок, Ошондо да жалтанып, Коркуп жүрөк калтаарып, Баатыр туруп алган жок. Найзасын оңдоп алганча, Кудай бетин нары кыл, Кужулдаган бу калмак, Куу найза менен сайганча, Чукул жерден качырып: “Кый сүбөөгө сайам, — деп, Найзанын учун батырып, Өлтүрөмүн эми, — деп, Кыргыздын шорун катырып. Сомбилегин өлтүрүп, Сонун ишти кылбасам, Тирүү койбой эркегин, Түп көтөрө кырбасам! Кемпирлерин кекетип, Катындарын какшатып, Жубандарын боздотуп, Кыз калтырбай кыргызга, Айалга баарын окшотуп, Жети жаштан өткөнүн, Жерге талпак кылбасам! Жетимишке чыкканын, Кулдарыма кыйнатам, Кызы менен кемпирин, Мана минтип ыйлатам! Какжаңдатып карганын, Сакалдарын жулдуртам, Бешиктеги баланын, Шилисинен тештирем, Чыркыратып, чыңыртып, Талга илип кетпесем! Мана минтип бул сапар, Мурадыма жетпесем! Куру кол калды Сомбилек, Өчүгүшүп кектешем, Айласы калды канчалык, Өз эркимче беттешем, Көмө сайып жыкканда, Алайакка тепсетем!” Ойлонгону бу болуп, Сомбилекке бул Ойрот, Качырып жетти дуу койуп, Кый сүбөөгө сайарда, Кыргыздан башка ким чыдайт, Кысталганда мындайга? Күүлү келген найзаны, Кирпигин ирмеп жазганбай, Учунан улай кармады, Армандуу өтөт экенбиз, Көз менен көрбөй андайды, Эптештирип ким айтат, Буга окшош жалганды! Учу бала баатырда, Сабы Ойрот каапырда, Тарткылаша кеткени, Аргамжыдай чойулуп, Ортосунан куу найза, Туура үзүлүп кеткени, Эки кара ат жарышып, Бир талаага кетти эми. Оңолгон иши Сомбилек, Мындай ишти кудайдан, Өзүнөн башка ким билет? Оңу келсе иши пенденин, Билбей калат турбайбы, Оңдоп кудай бергенин, Алардын сөзү ар укмуш, Оңолсо арзан ар жумуш, Оодарышып келатып, Буйта өлгөн талаада, Найзасына кез келди, Мурун калмак эскербей, Талаага таштап кеткенби? Найзага жакын жеткенде, Сомбилектин колунан, Калдаңдаган ойроттун, Этеги чыгып кетти эле. Сомбилектен кутулуп, Сурданып Ойрот кутуруп, Жана кирди баатырга, Бул кара жүз умтулуп. Этеги колдон кеткен кез, Буйтадан калган найзага, Эр Сомбилек жеткен кез, Бергиси келсе жараткан, Жакшылыгы өтө тез, Өзү адис шамдагай, Адамдан башка чабандес, Адис болгон кара көк, Найзаны эңип алганы, Алаканга түкүрүп, Бекемдеп сабын кармады, Найза колго тийгенде, Жалтайгансып Ойроттон, Жазганар жери калбады. Ойрот сайган найзадан, Узунураак бул найза, Көрүндү көзгө карааны. Качырыша беттешти, Туйуп калды ал Ойрот, Найзасы мурун жетпести. “Жандап өтө берейин, Солкулдак найза колунда, Имерилип болгончо, Аркасынан келейин”. Ашыкпай акыл тапканы, Ал акылы жакпады, Жандап өтө берем, деп, Жандай түшүп чапканы. “Сайдырбай кыйгап жанымдан, Өтөт экен капыр, — деп, Кайта имерип качырса, Соо койбой мени такыр,” – деп, Найзаны силкип түзөтүп, Кыйырдап баатыр күчөтүп, Кыр аркасын болжолдоп, Кыйын баатыр күзөтүп, Туурадан туштап келгенде, Тунжуруң муштап ийди эле, Туңжуруң сайган бул найза, Канча заман талаада, Артылып жатып бир ташка, Жашыгы алып курч калып, Өткүр болгон куу найза, Капталга муштап ийгенде, Күүлүү барып тийгенде, Оң бөйрөктүн өзүнө, Учу барып тийди эле. Кийгени темир үч кабат, Сомбилек сайган куу найза, Бузуп өттү талкалап, Качып Ойрот жөнөдү, Кара жанын калкалап. Жетер-жетпес элине, Чукул кирип келгенде, Көшөрүп кууган көкжалың, Тоңкойто сайып жөнөдү, Тоодой Ойрот дегенге, Көрсөттү бала өнөрдү, Ал ойлонгон эмес өлөрдү. Кайнагаң каңгай беш урук, Беш урукту башкарган, Калдуубет бар чоң улук. Туулгасы мулуйуп, Тиктеп калып дулуйуп, Мойнун толгоп чулуйуп, Каңгайга берди бир буйрук: — Калың кошуун ат кой! — деп, Айалбадай бат кой! — деп, Бириң туруп калба, — деп, Тирүү калбай өлгөнчө, Кайра артыңа жанба! – деп. Калдуубет элге шарт койду, Кыраан бала Сомбилек, Кылыгын кайдан эл билет, Кылым журт жүргөн баатырдын, Кыйындыгын белгилеп, Кире берип эл жакка, Бура тартып бер жакка, Жыгылган Ойрот чочкону, Же өлдүбү-тирүүбү, Байкап көрдү ошондо. Көз жиберип караса, (Илгеркинин кептери, Эмикиге тамаша) Күүсү менен найзанын, Кулап кеткен бадырек, Кооп кетип баратат, Тайанып жерди темтеңдеп. — Иниңден калган найза, — деп, Менден эки найза жеп, Барасын эми кайда?! –деп, Бала баатыр ат койду, Ыңай туура тушунан, Кулак түпкө бир койду. Найзанын учу мылк деди, Дарбыздай башы шылк деди, Теңден жаны бөлүндү, Буда көрдү өлүмдү. Муну мындай таштайлы, Калдуубеттин арылгыс, Кастыгынан баштайлы.