Ойроттун жер жазданышы
Аргымак минип алганы, Тайгандар ээрчип калганы, Заңкайган зоонун жолу чоң, Түзгө түшө албады, Бир күн, бир түн кыдырып, Барбаган жери калбады. Найзасын кармап какайып, Ак мейкин зоого такалып, Өткөндөрүн эске алып, Кеңкейген тоого кеп салып: — Керилип жаткан кенен тоо, Тогуз айдан көбүрөөк, Кобо албай жаттым Сомбилек, Заңкайып турган сен болдуң, Санаадан өңүм сары жез, Саргарып жаткан мен болдум. Нечен ай эне сен болдуң, Эрккен балаң мен болдум, Жол берсең эне не болдуң? Ата болуп, аш берип, Ачка койбой бат берип, Асырадың маминтип, Арызымды айтып ата тоо, Алдыңда турам мен минтип. Мелтирейсиң үн катпай, Не кыйнайсын сен мындай? Азаптуу болгон уулуңдуң, Кабагын ачкын кайран тоо. Түп атам Манас жердеген, Түртүшүп бенде жеңбеген, Түптүү кыргыз эл экен, Түнөргөн токой чер экен, Атам Манас конушум, Атын Талас дээр экен, Оройу бузук Калдуубет, Ошол жерге барбасын, Талкалап Талас коргонун, Чыгарып тарпын салбасын. Жол берип мени чыгарбай, Тосуп койсоң саа уйат, Калдуубетке кыргызды, Карматып койсом маа уйат. Угуп турдуң сен өзүң, Аргымак менен тайганга, Айткан менен ант сөзүм, Жол бер десем үн чыкпай, Мен жатсам мында дым чыкпай, Убалы кимге кыргыздын, Урушса маңгыт тынчытпай? Оо дүйнө кеткен Манастын, Оройу үчүн жол бергин, Укпамыш болуп тымпыйбай! Тилегимди сен бергин, Тирүү олуйа карааным, Арбагы үчүн арстандын, Абыке, Гүлүс сен келгин. Өткөндөрдөн мен угам, Эр Кененим бабабыз, Тирүү кеткен деп угам, Бабамдын болуп жардамы, Чыгараар бекен деп турам. Жалтыр ташка дарт айтып, Өткөндөргө арыз айтып, Жакасы ылдый жаш чачып, Сомбилектей жаш айтып, А капырай бир шумдук, Тоо дүңгүрөп, суу толкуп, Замана башка кубулуп, Айбаттуу доош угулуп, Күүгүм түшүп келаткан, Күн тийгендей жаркырап, Тоонун бети жаркылдап, Жалама таштар жалтылдап, Көк мелжиген бийик тоо, Козголчудай калтылдап, Бойу эрип Сомбилек, Эт жүрөгү балкылдап, Сорпо ичкендей тер агып, Бүткөн бойу былчылдап, Сазда турган немедей, Тамандары чылпылдап, Аңгычакты болбоду, Көрүндү көзгө карааны, Орто тоодой болжолу, Азуулары качырап, Көөрүктөн чыккан ширөөдөй, Көзүнөн жалын чачылат. Таштар кулап калдырап, Тообу десе дөбөдөй, Дөбөбү деп караса, Адамдан чыккан төрөдөй, Ачып колун кармады, Аты менен Сомбилек, Эки тайган кошулуп, Уучуна толо албады, Өзүн көрдү Сомбилек, Түздө туруп калганы. Малакайын түшүрө, Баш көтөрүп карады, Ачык көзү көргөн жок, Ат үстүндө адамды. Кара жалдуу кула экен, Алдындакы мингени, Шер Кененим белем, деп, Сомбилектин күмөнү. “Бабам жардам берди, — деп, Баштакыдай оролум, Бак-таалайга келдим” — деп, Аргымак болду мингени, Кай тарапка барарын, Ачык аны билбеди, Алды менен артына, Тайгандары киргени. Алдыңкы тайган Куукашка, Бара жатат Сомбилек, Алды жакка ал басса. Эки тайган аргымак, Сүйлөшүп болуп нече бак, Аргымак айтат тайганга: Жыгылган Ойрот талаада, Ошол жакка баштап бак, Буулугуп калган эр неме, Бугу чыкпай деги эле, Күнү-түнү жыйырма күн, Ат айабай жүрдү эле, Күндүн мурду ачыла, Тунарыгы жазыла, Жер бетине чачыла, Чоң Ойроттун шаарына, Токтолбой барды жаш бала, Кабылан бала бул жерде, Кагышып жүргөн кездерде, Көргөндөр бар бул элде, Күбүрөшүп сүйлөшүп: — Көрдүңбү, келди Сомбилек! Айбатынан жүдөшүп, Арак ичип мас болуп, Олтурушкан дүүлдөшүп, Корккондун масы жоголду, Бала баатыр келди, деп, Барлык элге чуу болду, Ачып көздү жумгунча, Шаар ичине дуу болду. Барабаны кагылды, Өкүмөт менен букара, Калбай баары жоголуп, Сомбилекке жалынды: — Ойроттон коркуп, чубуруп, Бардык эле биз, — деди Ошондон бери көрүнбөй, Бардыңыз кайда сиз? – деди. Аңгычакты байакы, Кабарга барган Таласка, Беттибет уулу келгени, Сомбилекти көргөндө, Айтып турган бул кеби: — Келдиңби баатыр бул элге, Кандуу душман Калдуубет, Кызыл чапан, жайдак төш, Тирүү кудай ээси бар, Ал элди карай кетти эле, Эки күндүн алдында, Бир киши келди бул шаарга, Жибериптир Калдуубет, Жыйналып аскер турарга. Өңчөй моңгул чогулуп, Ушул турган чогулуш, Калдуубетти келет, деп, Карап турат чогулуп. Сен келдиңби алдымда. Кубалап келе жатабы, Калдуубет сенин артыңда? Эби келсе Сомбилек, Армансыз моңгул камынды, Болбос ишке чарпылба, Калдуубет кайда барганын, Айтайын бүткүл бар жайын, Жашырбай айтсам чынымды, Атын токуп Калдуубет, Барганда кошо баргамын, Чоң Ойрот болуп жарадар, Моңгул-манжу турган журт, Баарысы болуп санаадар, Тирилдиби, өлдүбү, Калдуубет аны карабай, Барбаймын десем токмоктоп, Уруп мени айабай, Мин атыңды, баскын, деп, Таласка барып неге сен, Сомбилекке айттың? — деп, Кыргызга барган кысталак, Кызматын кылып жаткын, деп, Айдап алды, ээрчидим. “Жолоочу эрчип ит өлөт” Ошол болуп мен кеттим. Кырка-кырка тоо менен, Алды чөл жазы кум менен, Агынсыз булак суу менен, Мээ кайнаган ысык шор, Бул сапарда көргөнүм, Мына мындай кызык жол, Эңиш тартып салаңдап, Арканы карап алаңдап, Бойлодук кара тоону биз, Эки бетин аралап, Күн отузга толгондо, Кызыл чапан элине, Барып жеттик ошондо. Дамбалы жок теспечен, Бизден кыйын молдого, Чоң ишенген эл экен, Баш молдосун ошол эл, Тирүү кудай дейт экен. Не дегенин билбедим, Ат откозуп талаада, Эшик өйдө жүргөмүн. Тирүү кудай Калдуубет, Айтышты окшойт далай кеп. Эки күн үрөөн алганы. Булардын сөзү калбады. Нары салып жайкалтып, Бери салып чайпалтып, Калдуубеттин молдого, Айтпаганы калбады, Ар канча айтса жалпак тил, Молдо тилин албады, Жамбашы тынчып жай алып, Калдуубет эми тынбады. Ат өргүттүк сай-сайда, Конок болдук ар кайда, Узун тоо бойлоп жөнөдүк, Кашкарды карай барарга, Тынбай бара жатабыз, Далай күн өттү арада. Бир жагы тоонун сырт экен, Бир тарабы ысык жер, Ысык жактын көбү чөл, Жер кеңири, эли аз, Азыраак уктап, көп басып, Биздер болдук демалбас, Биз Кашкарга барганча, Көп жер көрдүк аралап. Кашкарга барып киргенде, Сыр айтпадык эч кимге, Тирүү жанга катышпай, Сыр чечишип айтышпай, Далай күн жаттык шаарда, Эл аралап көп чыкпай. Түндөсү кетет Калдуубет, Кайда барат ким билет? Элүү күн өтүп кетти эми, Биз кетебиз жүр, деди, Күн чыгыш карай бет алдык, Кара тоо бойлоп жол тарттык, Ошентип жүрүп олтуруп, Камбылга келип биз жаттык. Бир далай жаттык Камбылда, Калдуубет өзүн билгизди, Калтырбай такыр бүт жанга, Убада алды улуктан, Таласка бирге барарга. Бел ашып кырда ойноду, Иленин суусун бойлоду, Эрикпестен Калдуубет, Далай жерди бойлоду, Иледе элдин улугу, Баралы десе Таласка, Такыр алар болбоду. Алтай менен айланып, Ар кимге барып жалбарып, Талаага конуп муздак жеп, Оңуп, өңдөр саргайып, Эки күндүн алдында, Мен келдим мында сандалып. Тогуз элек бир жүргөн, Биз кептенип ким жүргөн? Сегизи калды талаада, Мергендерден ылганып, Баргын деди Калдуубет, Жумшады мени шыйгарып: “Сен Ойротко баргын, — деп, Жарадар болгон Ойроттон, Барып кабар алгын, — деп, Сакайып Ойрот бар болсо, Айтып карап салгын, — деп. Өлгөндүн кунун кубалы, Эстебей койсо Буйтаны, Ойротко болот убалы.” Айтып келдим Ойротко, Кулагына жагымдуу, Кабар болду ошого, Бүрсүгүнү чогулуп, Эл жыйылмак коргонго, Талаадан келип Калдуубет, Зор жыйылмак коргонго, Манжу, моңгул элдери, Кол жыйылмак коргонго, Айтмакчы элге болучу, Камы бүткөн болжолдо, Кыргызга барып катышмак, Кызыл канды агызып, Таласты барып бир чакмак.