Нойгут көчүп кыргыздан, Ополдон тартып Индистан, Ортосу ойдуң Лопнурда, Ошол жерди жай кылды. Айчүрөк салып амалды, Күндө алдап түркүмдөп, Көр Кыйаздай жаманды, Үч жыл курсак көтөрүп, Сак-саламат төрөдү, Сейитектей баланы. Күндө учуп абалап, Токтосарттай байды таап, Момунжандай табып таап, Гүлүстөндү сакайтты, Күн-түнү жок дабаалап. Эткендери эм болуп, Айыкканда эр Гүлүс, Сейиттекке бел болуп, Тайынсыз болуп жоголду, Кыйаз менен Канчоро, Кара жерге тең болуп, Сейтек келип Таласка, Алашка калды ээ болуп, Он төрт жылда Семетей, Ата журту Таласка, Кайта келди оролуп. Элге эркиндик талашып, Айтумуш барды жол басып, Кызыл алптан кысылып, Муз тоодо калса камалып, Баралбаган Сейитек, Ат көтөрбөй жөө басып, Тогуз жашка Кененим, Минген атта ээри жок, Жер бетинде бендеде, Кененимден ээри жок, Үстүндө кийген сооту жок, Жоого иштетээр курал жок, Камым жок деп Кененим, Ой ойлонуп турган жок. Ай түбүнүн жерине, Айтумуштун элине, Семетей, Бакай хандарды, Шер Гүлүстөн, жаш Сарык, Камалып жаткан белине, Күн батышта жети дөө, Адамдан кармап чеп кылып, Кыйынсып жаткан ченинде, «Манастап» ураан чакырып, Найза, кылыч ордуна, Чоң чынарды иштетип, Баарысын айдап жапырып, Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүн дөөнү баш кылып, Кийим кийбес, аш ичпес, Жоо сайышып ат минбес, Келбес жайга тапшырып, Суу пери менен коштошуп, Зымырык менен достошуп, Кызыл чапан жайдак төш, Кызыл мистен там салган, Кылымда өжөр бул элден, Гүлкакыдай кушту алып, Чыңыртып туруп Чыңгышты, Чыныкени кошо алып, Жүйрүндүн тилин сууруп жеп, Учарлыктан тынарлык, Агыны дайра чыккан чөп, Баарынын тилин билиптир, Түгөнбөгөн олжо алып, Андан кийин Таласка, Батыш менен чыгыштан, Канчасы келди кур алып, Биринен бири тил алып, Жер жайнаган кол алып, Азуусун айга бүлөгөн, Ааламды бузар зорду алып, Ошонун баарын түгөтүп, Аты кетти ааламга, Жан бүткөндө жаралган, Жалаңгыч Сарык атанып. Кененимден Сейити, Күн батышка бир барып, Карадөөнү сулатты, Сыйкырын ачып Шааддаттын, Көк күмбөздү кулатты. Жети дөөнүн көп колун, Жанжүрбөстүн кумунда, Онтотуп койдой жуушатты, Касташканын койбогон, Жер бетин жесе тойбогон, Жез кемпирди ыйлатты, Жез кемпирди жардырып, Жаманбайды жыргатты, Желмогуздун тукумун, Мына минтип кууратты, Көкбука менен Жетилбай, Сүйгөнүн колго тийгизди, Карадөө жеген атасын, Адылдыгын билгизди, Балыкчынын баласы, Абылды такка мингизди, Кыстумбал менен испандын, Ийинге элин сийгизди, Кызыгышкан душманга, Кыйындыгын билгизди, Билеги жоон эр өттү, Пилге минген шер өттү, Дүйнөгө келген тамам жан, Баары өлүп түгөттү, Жыйырма экимде жашында, Дүйнөдөн жылып бул өттү. Адал сүйгөн алган жар, Кылжыке калды санаадар, Үмүт күтөт Кылжыке, Курсагында бала бар, Жалаңгыч Сарык аталган, Кененим үйдө аман бар. Талгак болгон Кылжыке, Бирөө эмес эки ишке, Жүрөгүнө жолборстун, Тукумуна чоң куштун. Талгак болгон нерсени, Таап келген Кененим, Жедирген киши Чыныке, Эгиз эркек баланы, Төрөп салды Кылжыке. Ат койулду балдарга, Асылбала, Бекбала, Бара бара ат болду, Асылбача-Бекбача, Асылбача он беште, Өнөгүн бербей бендеге, Белдүү болду башынан, Эр беттешпей деги эле, Жыйырма беште окко учту, Кудурет иши не күчтүү! Катын албай жүрүптүр, Жыйырма беште ал өттү. Мана мындай эрлерди, Карапайым бендени, Жер жүзүнүн бетинде, Тирүү жандар дегенди, Кара жер жутуп жиберди, Боолук салып алыстан, Жол тосуп ажал имерди. Эгиздин бири Бекбача, Жыйырма беште бул чакта, Асылбача өлгөнчө, Барган эмес эч жакка. Арбагына сыйынып, Атасы Манас баатырга, Олутун бузбай Таласта, Токсон уруу түрк уулу, Ээлик кылды алашка. Алп беттешип алган жок, Алайа тиктеп койгондун, Бири тирүү калган жок, Периге барды Көйкапка, Бекбачада арман жок, Бийлик колдо турганда, Кылбаган иши калган жок, Ар кимди койот эркине, Кээ кезинде дүйнө шок. Мурун өткөн элдерден, Оозго алынган эрлерден, Ороздудан бер жакка, Өзү турган шол чакта, Бир жүз кырк төрт эр санап, Айал-эркек дебестен, Баарын бирдей тең санап, Аш берем деп буларга, “Ааламга кабар салам, — деп, Кимдин кеги бар болсо, Ошол кезде табам, — деп, Чаары чыгат көзүнөн, Чалгырты чыгат сөзүнөн, Андан билип алам, — деп, Көрсөтүп туруп көп элге, Көрүнөө эбин табам” – деп, Кабар салып жарыйа, Кат жазды элдин баарына, Ашка кел деп чакырды, Балтыктын кеңир сазына. “Келбей калба уккандар, Бир жүз кырк төрт ашына, Бир жүз кырк миң алтынды, Байгеге сайам башына. Алты айга жетет, — деп, Аңгыча элдер кетет” – деп, Аш берем деп эл жыйды, Чатак салган жандарга, Айагында сыр кылды. Аттын баарын чаптырып, Алтындан байге сайдырып, Аты чыккан алсын, деп, Угузуп элге жар кылып, Тамашага тайарлык, Балбаныңды жам кыл, деп, Жекеге чыгып сайышар, Жөө күрөштү канчасы, Көөдөндөшүп майышаар, Турбагының кам кыл, деп, Алдын ала камынып, Кем-керчи жок жай кыл, деп, Алдырып салсак окустан, Арман кылбай калгын, деп, Чогууга келген бул журтту, Токсон алты улукту, Кыйыгы чыккан немесин. Көз көрүнөө курутту, Кылганын көргөн кылым журт, Кара лөк атка койушту. Өлгөн сайын өөрчүгөн, Өткүр Манас тукуму, Ушуну айтып турушту: “Чыккынчы кылат залалды, Көрүнөө кылат арамды,, Көндөн кеткис малалды”. Уу берип катын өлтүрдү, Кара лөк деп аталган, Бекбачадай балбанды. Энем өлдү эмизбей, Бешикте калдым мен жеке, Тайекем багып чоң кылды, Кыргыздын кыйба элинде. Жайлоого көчүп, бир ашып, Кыштоого көчүп, бир ашып, Аламдын татаал белинде, Жашым жетип он бешке, Издеп келсем бул жерге, Таанышканча эл менен, Түйшүктүү болдум бир демде. Бадырек маңгыт келгени, Томсоруп турган эл үчүн, Токтобой жүрөк желдеди. Аттандым он беш жашымда, Кара кашка аргымак, Табылдың менин багыма, Эки тайган турасың, Эмгегим тартып жанымда. Оролмо барып жол тостум, Калдуубет менен Бакдөөлөт, Катары менен жолгоштум. Бакдөөлөт сайып түшүрдүм, Баатырсынган оогандын, Минтип ишин бүтүрдүм. Манастап ураан чакырдым, Кайратымды ашырдым, Калдаңдаган менсинген, Калдуубетти качырдым. Айкын түздө мен калдым. Каралды болуп жанымда, Аргымагым, сен калдың. Кара калпак эли бар, Шүкүрлүү бетбак жери бар, Коромжу менен Калдуубет, Кол салды деп тынч элге, Абыке менен Байтерек, Айтып келген кеби бар, Кордук көргөн ал элдин, Жүрөгүндө чери бар. Коромжуну кулаттым, Канат жасап учкандай, Аргымак сени чураттым, Кайнап жаткан кошуунду, Ордунан айдап чубаттым. Калдуубет качып жоголду, Эркиме менин жол койду, Калдуубет шаары Чамбыл бел, Тагына түркмөн ээ болду, Түбү бизге жээн экен, Эл талашкан Тынымкан, Мага жубай тең болду. Тынымкан калды Таласта, Мен жатамын талаада, Сүйөнөмүн Манаска, Сүйгөнүм калды алыста. Караан болдуң аргымак, Өмүр бойу сен мага. Ойрот менен урушуп, Олпокторду булушуп, Кылыч, найза колдо жок, Кыйкырып кылдым туруштук, Кыргызга намыс талашып, Кызыл чеке уруштук. Эки жубай куу тайган, Кайкаңда калдың жолугуп, Ушул күнү төрт болдук, Адам-айбан жоголуп. Жылуулап чөптөн үй кылдым, Жаңылап эттен жегизип, Жаш тайгандар мен бактым, Алты айча жаттым бул жерде, Мында тайган сен бактың, Ойротту сайып чыкканда, Жаштык кылып элебей, Кайгы ойдон чыкканда, Чуркап жетип барганда, Тетири ишим чалганда, Өлүмүш болуп чоң Ойрот, Арамдык ойлоп жатканда, Тушай эки бутумду, Кетелек менен чапканда, Эки буттун жилигин, Катарынан чакканда, Эмтеңдеген мендейдин, Эбин минтип тапканда, Мени кимдер кутказып, Таштап кеткен аскага, Эмгегин, тийди колума, Тайгандар мени бакканда. Дегеле болбой көөнүм жай, Мен элимди эстесем, Ичке толот кайгы-зар, Жамбашка жасап тааратты, Мана мындай болдум кар, Көөнүмө кайгы толуптур, Иш оңунан кетээрде, Канаттууну биздерге, Жолуктуруп койуптур. Кез болду бизге кара куш, Иш оңолгон ушул туш. Уйадан түшүп балапан, Боортоктоп жатып калганы. Кыймылдабай жарадан, Тарамышы чойулуп, Сөөгү сынып быркырап, Чыдай албай балапан, Үн чыгарды чыркырап. Балапанды барктадым, Барктап аны бакканым, Эне-атасы тең карап, Дары чөптү тапканын. Ишим кетти оңуна, Учуп кетти балапан. Аргымак эки тайганым, Карап туруп албадың, Эрикпей чуркап эки күн, Кырк күндүк азык камдадың, Айта албайсың тилиң жок, Кайсы жакка барганың. Каралды болуп жаныма, Аргымагым калганың. Окшош эки тайганым, Кырк бир күнү көзүмө, Көрүнбөй калды карааның, Эки бутум сак болду, Дары чөп кайдан таап алдың? Жеткире албай дарыңды, Бийик зоого камалдың, Адам ойлоп тапкысыз, Аргымак кылган амалын, Боолукту салып аскадан, Тайгандар тартып алганын, Келатканда силерге, Таарынгансып пейлимде, Тетири карап мен калдым. Тайгандарым кыңшылап, Таманымды жаладың. Оозун ачтың жумшатып, Мор байлаган жаранын. Аргымак тартып тургуздуң, Мага кылган үчөөңдүң, Арбын болду жумушуң, Колума берип карматып, Жалбыракты жуткуздуң. Мурдума сонун жыт келди, Жабырлуу жанга тынч келди. Жутканымды билбеймин, Байандап айтып сүйлөймүн. Эсимде чөптү татканым, Канча күн болду жатканым, Уктаган көзүм ачыпмын, Тура калсам ордумдан, Таптаза болуп басыпмын, Бүркөлүп калган кабакты, Күн тийгендей ачыпмын, Көкүрөктүн зардабын, Үчөөңө айтып жатырмын, Ашып кетти алты айдан, Душмандын дартын тартыпмын. Канатым менин аргымак, Эки тайган карааным, Энтелеп чаап салпактап, Таласка кантип барамын, Эми жатып нетейин, Талапка жетип Сомбилек, Калдуубет менен Ойротко, Катары менен талкалап, Андан ары кетейин. Кубалап изин табайын, Куйкалап сөөгүн өрт койуп, Куршугумду жазайын, Куршугум менин басылсын, Буулукканым жазылсын. Аргымагым арка элең, Минериме ат элең, Качырышкан душманга, Басаар жолго жат элең, Арбытып жолду басарсың, Мусапыр болдум далай ай, Муңдуу көңүл ачарсың. Эки тайган карааным, Силерге айтар абалым, Бириң жүргүн алдымда, Бириң жүргүн артымда, Из кубалап тапкыла, Адаштырбай башкага, Калдуубет менен Ойротко, Баштап мени баргыла. Эрикпей карап табарбыз, Эрегишкен иттерден, Кек кубалап аларбыз, Капташып калса калдайлар, Чокко боорун салабыз. Таппасам, Ойрот, сени мен, Бооруңду жарып өт алып, Болдум эми дебесем, Куйулуп жаткан кум урсун, Сыбызгы тарткан зуулдап, Зоңкойуп турган тоо урсун, Жайкалып жаткан нечен жер, Түркүн-түркүн жыгачтын, Кени экен ушул жер, Канаттуунун чогулган, Үйү экен ушул жер, Баарыңардан тилеймин, Мен балага жардам бер. Алдымдан чыкса айбандар, Адам жегич камандар, Андай жерде душмандан, Айап жанын ким калар. Айанып калса Сомбилек, Кылыч, балта курчу урсун, Ак найзанын учу урсун, Алдымдан чыкса душмандар, Анда карап ким турсун, Эригип жаткан эрениң, Эрмегин айтып беремин. Өзүнөн өзү күбүрөп, Сурданып өңү күүгүмдөп, Айбандарга ант кылып, Бастырып чыкты аттанып. Муну мындай таштайлы, Тоодой болгон Ойроттун, Тоңкойгонунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.