← Сомбилек 2/6

Эки буту тең сынык, Жыгылган жок жан тынып, Ошол кезде Ойроттун. Бек ачуусу келиптир, Эки бетин карасаң, Беш байпактык жүн чыгып, Тизеге чокмор тийгенде, Найза түшүп кетиптир, Кетелекте Ойроттун, Эми колу жетиптир, Опсуз баатыр Сомбилек, Чокмор менен нетиптир, Чокмор тийип шилиге, Өткөзө талуу жерине, Ээрден көчүк кыйшайып, Оодарылып кеткени. Шили өтө талуу жер, Араңдан зорго көтөрдү, Калыңдыктан кара жер. Эрлик менен ченебей, Эчтемени элебей, Ат менен барып баш кеспей, Жөөлөп жетип барыптыр, Өжөр калмак өлө элек, Эки бутка капшыра, Кетелек менен салыптыр. Эки шыйрак тең сынып, Мана минтип жан тынып, Калбай калмак жабылды, Кайда жүргөн Калдуубет, Кеңкийген чочко табылды. Калдуубетти көргөндө, Томолонгон Сомбилек, Чолосу тийбей өлгөнгө, Кетелекти тайанып, Ордунан тура калганы, Кудай жүзүн нары кыл, Буурул сакал боз атчан, Бир киши келип калганы, Далыдан аткый кармады, Бир колуна атты алды, Бурулуп жолго салганы. Карап турган канча эл, Мен Калдуубет эр деген, Айбатынан апкаарып, Бастырып бара албады, Элден чыга бергинче, Алай-дүлөй кар жаады, Кай кеткени билгисиз, Көрүнбөй көзгө калганы, Аламандап турган эл, Ат изин таба албады. Алар антип жүргөндө, Араң жаткан Ойротту, Күчүктөр келип талады, Жан жеринен тарамыш, Тартып сууруп алганы, Ажыратып калгандар, Чатырына алпарды, Калдуубетке калгандар, Катуу салды калбаны: — Капкайдан келип сенделип, Тынч жаткан элге сен келип, Кан кечер жумуш таптың, — деп, Күч келсе жоодон качтың, — деп, Ошол турган сексен миң, Калдуубет жалгыз өзү бир, Ойротту эске алганда, Калдуубетке жабылды, Жаңы калбаа табылды. Калдуубет жанын калкалап, Коркутам деп буларды, Кур чиренип чалкалап, Утур келген калмакты, Душмандан бетер талкалап, Кадемин элдин катырып, Канын жерге агызып, Оолугуп күчөп бакырып. Бакырганга болбоду, Баш ийип калмак койбоду. “Түбү тууган бирге, — деп, Кызыл чапан жайдак төш, Тууганымды издейм, — деп, Тууганым издеп нетейин, Мен Таласка жетейин, Таластын тарпын чыгарып, Талап алып кетейин” Деп ойлонуп Калдуубет, Бура тартып баратып, Акылга түштү да бир кеп: “Жарадар болгон Сомбилек, Боз ат минген бир киши, Алып кетип калды, — деп, Сыйкыр экен кыргыздар, Толук жайын ким билет? Таласына алпарып, Айыктырып алдыбы? Аркамдан кууп келер, деп, Беленденип калдыбы? Билгизбей уурдап акылды, Айла кылып салдыбы, Таласына барбайын, Жөлөк болор өзүмө, Тууганымды табайын”. Деп ойлонуп Калдуубет, Кара баштуу бендеден, Башкача туулган кара нээт, Тегиз тоо карай ат койду. Боз ат минген аксакал, Ким экенин айтпады, Сомбилекти алпарып, Бир жылгага таштады. Ойротту тартып этинен, Тайак жешип элинен, Сомбилекти чыгарбай, Жуп тайгандар эсинен, Ажырап калган байкуштар, Чоңойтуп баккан ээсинен, Жер жытташып, из издеп, Капчыгайлуу тар жерден, Андан калса бел-белден, Адыр-коону аралап, Ар бир жерден из карап, Айласы кетти күчүктөр, Эч белгисин таба албай, Күнгөй менен тескейге, Эки араан бөлүндү, Адамдан бетер булардын, Көзүнүн жашы төгүлдү, Таш аралап, бел ашып, Колтуктары сөгүлдү. Тамандары жооруду, Таппай ээсин куруду, Кабыштырып тоо-ташты, Каңгырашып улушту. Карс эттирип сөөк жебей, Шалп эттирип суу ичпей, Ачка жүрүп куруду, “Катын жапа, ит опа” Элден калган кеп ушул. Күңгөй менен тескейди, Аралап жүрүп тайгандар, Тегеренип жүрүшүп, Тереңтөр деген жылгага, Тайгандар жетип келгени, Андан мурун ал жерге, Канаттуудан башкадан, Дегеле айбан келбеди, Зоо арасы тектирди, Эчки-теке жердеди, Куму менен курбусун, Аркар-кулжа ээледи, Жыгачы көп ал жерде, Канаттуунун бар кени. Ар түрлөнгөн жыгачты, Канаттуунун уйасы, Андан мурун барбаган, Адамзаттын баласы, Туйуктөрдө көп жыгач, Канаттуунун маанасы. Башы муздак аппак тоо, Айагы аска бийик зоо, Баш-айагы үч күндүк, Байкап кара, коо ошо, Адамзат басып бара албайт, Туйуктөр деген кеп ошо, Ак сакалдуу боз атчан, Арстандын уулу чунакты, Таштап кеткен жер ошол, Күңгөй менен тескейди, Тайгандар бойлоп кыдырып, Тоо башынан зыпылдап, Шамал жүрүп сыдырып, Тоо аралап киришти, Учуп-кулап өлбөстөн, Тайгандар жетип келишти, Эркин өскөн жетимге, Бул кудайдын бериши. Экөө чуркап жанаша, Тайгандарды караса, Кара кашка аргымак, Байлалуу турат жыгачта. Кайыптар алып барбаса, Барычу ага мал кайда? Сынган бутун тарталбай, Же такандап баса албай, Жыйылган тизе жазалбай, Жаткан экен жаш арстан, Алардын көргөн күндөрү, Бизге болот чоң дастан. Уламадан укканды, Учур бастан мен айтам, Жашырбайын, жаппайын, Жалганда болгон чынды айтам, Акыл жетпей баш ооруйт, Баштан айак чырды айтам, Жалгандан жамап жазбайын, Үйрөнүп алган ырды айтам. Күчүктөрүн көргөндө, Күлүп ийди эр неме: — Алладан ажал жетпесе, Мен өлбөймүн, — деди эле. Аргымакты жетелеп, Алып келди тайгандар, Жүгүн алып, ээр алып, Бар жарагын бүт алган, Чылбырын түрүп мойнуна, Аргымакты агытты, Эр Сомбилек жуп тайган, Аргымак –төртөө жатышты, Алып келет ал жерге, Тайгандар айдап кайыпты, Сомбилектин жанына, Көп кийикти жарышты, Бутун баатыр чырмады, Жарасы күчөп ырбады, Он беш күн өткөн кездерде, Билбей калды сынганды, Күндөн-күнгө жоонойуп, Шишик басып чыңдалды. Алда кандай болгону, Кайсы экени билинбейт, Ириң агып, кан агып, Бир убактан дирилдейт. Канаттуунун баарысы, Балапанын учуруп, Кетер чагы болуптур, Жаркыраган жай кетип, Өтөр чагы болуптур, Суунун бети муз болуп, Тоңор чагы болуптур. Эки буту тең сынык, Кобор айла жок болуп, Тура албайт ордунан, Жер такандап козголуп. Азап менен жай кетти, Коңур салкын күз кетти. Сомбилек жаткан чоң жыгач, Ар шагына ар түрдүү Канаттуулар уйалап, Тегерек канат болгондо, Балапандар эсирип, Чалгындарын кайчылап, Алды калды жетилип. Карап жатса бир күнү, Учарга жакын болгондо, Бойун өлчөп болжорго, Күүлөп канат ирмеди, Томолонуп уйадан, Жерге келип тийгени. Балапан жерге жеткени, Бир канаты, бир колу, Кайчы сынып кеткени. Алып баатыр карады, Ал кардыгач баласы, Дал өзүндөй Сомбилек, Оор экен жарасы, Муну өзүнө окшотуп, Миң бөлүндү саанасы. Көрүп туруп Сомбилек, Айткандарын карачы: — Тагдырдан жетсе тарткылык, Тартпаска жоктур чарасы. Бендеден карып мен болдум, Канаттуу карып сен болдуң, Касташып жүрүп бут сынды, Сен кагынам деп не болдуң? Адамда майып мен болдум, Канаттуу майып сен болдуң, Жайлай жатып маминтип, Көөнүм даттап кир болдум. Жакшынакай уйаңдан, Жай албай жаның кагынып, Жаныбар өзүң не болдуң? Жай албай жаның кагынып, Жан айабай эл бактым, Эмгегим калып ээси жок. Ээн талаада мен жаттым, Тамактан башка ишиң жок, Жок мээнетти не таптың? Жоомарттык кылып эл бактым, Жоо жооладым, кан чачтым, Кас душмандан кагылып, Карып болуп мен жаттым, Кара жаның дем албай, Карчылыкты не тарттың? Эки күчүк ит бактым, Жарым жылдан бер жакка, Ошолор менен жан бактым. Мен адамзат, сен айбан, Аман болсо тайгандар, Сени кошо багайын, Айыктырып учуруп, Анан жолго салайын, Аллам ачса ак жолду, Өзүм да кетип калайын, Кете албасам сак болуп, Болсо сообуң алайын. Канаттуу менен сүйлөшүп, Кобурашып жатканда, Эне-атасы уйага, Келип калды күүлөшүп, Балапанын жоктошуп, Үксөйүшүп окшошуп.