← Сомбилек 1/6

Сомбилектин жараланышы

Коппой Ойрот ордунан, Жыл айланып кетиптир, Эки күчүк чоңойуп, Кемелине жетиптир. Бойу окшош, өзү окшош, Кебетеси, кешпири, Чыккан түгү баары окшош, Аркар-кулжа текени, Айдап келет топ-топ-топ, Карышкыр келсе канчалап, Тобу менен жоготот, Бири барып канжалап, Көкбөрү тобун бөлүнтөт, Ит төрөсү кумайык, Баатырлыгын көрүнтөт. Бирөө кетет талаага, Бирөө болот каралды, Сомбилектей балага, Бир жылдан артып үч айча, Убакыт өттү арада. Сомбилек баатыр ойлоду: “Он беш күндүк убада, Сакайса келет мында, деп, Санаган күндү күйдүмбү, Сары оору болуп чоң Ойрот, Сакайбай карап жүрдүмбү? Арамзада кытмыр кул, Кылгылыкты кылдыбы? Алдыртан киши жиберип, Айак асты кылдыбы? Таластагы кыргыздын, Тарпын тоодой жыйдыбы, Ооруп Ойрот жаттыбы? Унутуп калып Таласты, Мен акылдан аздымбы?” Өткөн күнүн болжолдоп, Ар санааны көп ойлоп, Атын алып токунуп, Алыста жаткан аскерге, Бармак болду кол сунуп, Бастырды жаткан жеринен, Сомбилек келе жатат, деп, Камданды бардык калмак эл. Үчөө-төртөө ортодо, Энтелеп айтат Ойротко: Кыргызды кудай урду, — деп, Белгиси кармап келатат, Аккан суудай кан кечип, Баш аламан кырчу, — деп. Бүткөн бойу толуптур, Мурункусу бекердей, Бүлүнтөр чагы болуптур, Кара бойу толуптур, Кадимкиси бекер го, Карааны тоодой болуптур. Былк этпей жатып сен калдың, Бул бадырек буруттун, Билбейбиз кандай кылаарын, Кайда кеткен Калдуубет, Алыстан келген тууганың? Айтканды Ойрот угуптур, Оолугуп сүйлөп туруптур: — Мурункудай болдум, — деп, Аттансын аскер камын жеп, Калкына буйрук кылыптыр, — Айтса-айтпаса Калдуубет, Кайда кеткен кана – деп, Калгандардан сурады, Жооп айткан адам жок, Унчугушпай турганы. — Табылар кийин Калдуубет, Мени таштап ал кетпейт, Жолун тосо чыгайын, Бурутту мында келтирбей, Бүтүрөйүн жумушун, Талабына жеткирбей, Өлүп кетсем мейли, деп, Бастырды Ойрот кекчеңдеп. Баатырдан зардап көргөндө, Тулку бойдон бузук кан, Бүт куйулуп агыптыр, Туурасы толуп тултуйуп, Ат көтөрбөй калыптыр. Көтөрбөс минген атым, деп, Керктен бирди тапкын, деп, Керкти минип далдайып, Кара тоодой калдайып, Чаначтай көөп дардайып, Таноолору барбайып, Бүткөн бойу далдалап, Курсагы чыгып чардайып, Кетүүчүдөй талкалап, Жетип келди чалкалап. Ойротту көрүп Сомбилек, Опсуз катуу сүйлөнөт, Орундуу айтып жүйөсүн, Оолугуп баатыр жемелеп: — Сен кеткели бир жылдан, Ашып кетти ээ Ойрот? Он беш күндө келем, деп, Айтып кеттиң сен Ойрот, Ээ болбогон сөзүңдү, Не айтасың маа Ойрот? Бир күнүң бирден ай болду, Бир жарымга жыл толду, Айткан кебиң канаке, Оозуң сенин не болду? Оозунан чыккан сөзү деп, Келет Ойрот өзү деп, Элимди эстеп ойго албай, Мен күйдүм мында сени деп! Бир жарым жыл болгондо, Араң келдиң эми, — деп, Ойлобопмун башында, Ойроттун амал кеби деп. Баш калкалап күн кечтиң, Кутулаар айла табалбай, Кулжуңдап бүгүн келипсиң, Тойдубу кардың сеники? Жолуңдан тосуп кайратым, Толуп болду меники. Мен сыйынам таалайга, Айткан сөздү актайым деп, Бир жыл турдум таалада. Калдуубет кана тууганың? Калдуубетке болушуп, Хан Ойрот неге куурадың? Сен жатып үч күн болгондон, Көрүнбөдү карааны, Кыйноону бекер тартканча, Кармап бергин сен аны. Кайда барса Калдуубет, Коломолуу кол менен, Кошо келет кара нээт. Сомбилек айтып токтоду, Калкына карап чоң Ойрот, Калдуубетти жоктоду. Жооп берген киши жок, Кай кеткенин Калдуубет, Аны менен иши жок, — Билмексен болуп сен Ойрот, Не сурайсың кана деп? Өчөшүп келдиң өлгөлү, Өнөрүңдү башта, — деп, Каныңды суудай жайам, — деп, Өлбөй тирүү болгондо, Калдуубетти табам! – деп, Айткан сөзү бузулуп, Угуп турган Ойроттон, Кара тер бойдон сызылып, Ашып-шашып чоң Ойрот, Качырып кирди баатырды, Эми жеңем деп ойлоп. Керк деген минген мал экен, Тулку бойу күч туруп, Чамасы чак жан экен, Баскандан башка амал жок, Жүгүрө албас ал экен. Керкинин көрүп бүт жайын, Арстан туулган чунагың, Аргытып тулпар күлүгүн, Көз ачырбай Ойроттун, Башына салып мүшкүлүн, Колуна жарак алдырбай, Кубантып көөнүн жай кылбай, Аш кайнамча эрк берип, Анын жанын тындырбай, Ошончолук урушта, Ал Ойрот турат жыгылбай, Кыйналып барат Сомбилек, Кылча жаны бир тынбай. Кайран жанды унутуп, Кайрып артка таштады, Калабалуу кагышты, Кайта дагы баштады, Сомбилектин найзасын, Балта менен бул Ойрот, Сындыра чаап таштады. Найза жок колу чолойуп, Жаңылап найза берерге, Жанында чоро жок болуп, Балтаны алып баатырың, Ат айабай чуу койуп, Жеткен жерге балта чаап, Уңгусу тийген жеринин, Сөөгүн койбой талкалап, Көз ачырбай жатканда, Эки имерип чапканда, Балтасын колдон түшүрдү, Ал бадырек ыгын таап. Найза менен балтадан, Ажырашты алардан, Кылычтан башка жарактан. Кылычын тартып кынынан, Бурдатып чаңды кыйрынан, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Манастап ураан чакырган, Кайта кирди чамынып, Ал Ойротко кабылан. Бул экөөндөй кыйын жок, Күнү-түнү тыным жок, Ойрот кылыч чаптырбай, Сомбилек кылыч кактырбай, Эбегейсиз урушту, Эпсиз болгон жумушбу, Кабуусун таап чоң Ойрот, Сомбилектин кылычын, Как белинен сындырды, Эми жеңип алам, деп, Анда Ойрот жылмайды, Сомбилекте жарак жок, Ичи жалың, боору чок. Байкап карап көргүлө, Ойрот зордун кылганын, Колунда найза зыңгырап, Белине байлап кылычын, Чокмор менен балтасын, Андай темир канчасын, Алты кырлуу кетелек, Аны алып энтелеп, Канча кабат темир тон, Минген керки чочконун, Араң басып теңселет. Катар баарын байланып, Каар жүзүнө айланып, Ачып оозун эстенип, Мас болгон нардай кеңгиреп, Эми жеңип алам, деп, Эт жүрөгү элжиреп: “Чокмор менен чабайын, Чокудан жерге казыктай, Тикесинен кагайын, Андан кийин кыргызды, Такыр талап алайын.” Чокморун күүлөп имерди, Оро-пара баатырды, Каксам жерге кирет, деп, Чокуга болжоп жиберди. Тартынбаган кара көк, Айласы элден ашкан көп, Чокмору келип тиерде, Тизе жерге кирерде, Кара кашка мингени, Койондон бетер булт берип, Ордун сала бергени. Чокмор жерге чабылып, Чокмор тийген кара жер, Кандек болуп жарылды. Чокморун тартып алганча, Карап турбай аңгыча, Кайраттанып Сомбилек, Кабуусуна келди, деп, Этектен түрө кармады, Айабай күчүн жумшады, Керк деген жылбас таш экен, Сүйрөтүп кете албады, Кармаган жаккы сооттун, Жакасынан этекке, Жарымын жулуп алганы, Бир капталда соот жок, Көрүнүп кийим калганы, Бул өңдөнгөн жумушка, Ачууланып арданды, Чокморун жерден албастан, Найзасын колго кармады. Качырды типтик баатырды, Карап бенде туралгыс, Ал кезекте капырды. Жетип найза сайганча, Сомбилек турбай аңгыча, Таштап койгон чокморду, Жетип колго алганы, Катуу сайган найзага, Чокморду тосо калганы. Чокморго найза сайылды, Найзага тоскон чокмордун, Далай жери жарылды. Найзасын ыргап алганча, Кайта имерип сайганча, “Өзүңдүкү өзүңө” Чокмор менен жиберди, Ал Ойротту тизеге. Тизеге чокмор чабылды, Томугу канча жарылды, Элебей буттун сынганын, “Эми сайып бурутту, Жылмалап муну тынайын” Ээрдин кесе тиштенип, От жанып көздөн күчөнүп, Заарын салып кезенип, Күүлөп найза безенип, (Бул белгиси келгенде, Бекер өлүм табылчу, Жалгыз менмин дегенге) Найзанын учу жетээрде, Томкоро сайып кетерде, Алдыртадан Сомбилек, Чокмор менен какты эле, Капташа түшкөн мезгилде, Сак тизеге чапты эле.