Каз-өрдөктөр үн салып, Абалап учуп торгойлор, Нечен түрдүү күү салып, Таандар учуп кыйкылдап, Турналары чуйкулдап, Аңырлары аңкылдап, Аккуулар учуп жаркылдап, Асманда учуп бүркүттөр, Таң чабыты калкылдап, Бийиктен учуп кажырлар, Тарп карашып далпылдап, Алдында кузгун түшүптүр, Кекиртеги таркылдап, Айры куйрук кулаалы, Ар жерде жүрөт салпылдап, Чакчыгайлар чакылдап, Көргөнүн туурап такылдап, Талдан талга секирип, Сагызганы шакылдап, Желип жүрөт карышкыр, Оозун ачып акылдап, Кыргыйек учуп жем үчүн, Жар кылаалап зыпылдап, Карчыга учуп бөксөлөп, Көзгө илинбей жыпылдап. Койондор коппой колоттон, Жанынан коркуп кыпылдап, Жүрөгү оозго капташып, Баатырлар турат ыкылдап. Бар кыймылды табийат, Көз алдынан өткөрдү, Чөптүн көбү күч ала, Жанган отун өчүрдү, Күн жаркырап аңгыча, Нурдун жети көрүндү. Жердин бети ачылды, Тунарыгы жазылды. Ойрот жатат ичинде: “Түн катып кетип калды, — деп, Бала жолборс баатырды, Ар канча мыкты болсо да, Шашкандыр менден акылы, Качса дагы качпаса, Бүгүн ишин бүтүрөм, Кыргыздан чыккан жакырды”. Ойрот турсун ошентип, Эстейли бала баатырды. Ат чалдырып Сомбилек, Керүүдө атын жетелеп, Келе жатса шиберде, Эки күчүк шимеңдеп, Жойлоп жүрөт темселеп, Ачкалыктан кыңшылап, Баса алышпай ийрейет. Көз ача элек жаш күчүк, Көрүндү сонун көзүнө, Буларды багып койсом, деп, Ойлоду бала өзүнчө, Таңыркап турду кыйла аны, Жондорунан сылады, Сайган байрак жанына, Алып барды буларды, Чөптөн ойуп буларга, Атайлап жасап бир уйа, Көл азыктан айабай, Азык берди аларга, Күчүктөр тойуп жай алды. Байракты көрүп сайылуу, Бакырып Ойрот ачуулуу, Баатырларын басынып, Көп аскерин сапырып, Жалгыз бала турганга, Жаны айабай ачынып, Каарданып камыгып, Коркконунан көп аскер, Атка минди жабылып, Короодон чыккан кой окшош, Жер бетине жайылып. Асаба желек калкылдап, Найзанын учу жылтылдап, Ат куйругу былкылдап, Адамдын башы кылкылдап, Баатырлар келет көгөрүп, Башына туулга көмөрүп, Мен-менсиген нечендер, Белсенип найза өңөрүп. Күн бузулуп бүркөлүп, Булуту жок түмпөйүп, Күн көрүнбөй чүмкөлүп, Аттанып аскер чубады, Баатырың карап турабы, Кара кашка тулпарга, Камына минди бул дагы, Белдүү баатыр Сомбилек, Найзаны кармап ыргады. Калдуубет келбей караан жок, Буй кылчудай дүйнөнү, Чыккан экен чоң Ойрот. Тетеге, Буйта тең өлгөн, Чоң Ойротто караан жок, Өзү чыкпай амал жок. Кармаганы сом болот, Каарданды чоң Ойрот, Бөйөн менен чайандай, Заарданды чоң Ойрот, Кездемдин боосун чубалтып, Кескерип найза чунайтып, Минген атын камчылап, Артынан чаңын чубалтып, Жыңзы ташын тагынып, Койнунда бутка жалынып, Башын уруп табынып, Таазим кылып олтуруп, Тоңкочуктап чокунуп, Кара жанга күч келип, Каардуулары бүт өлүп, Күүлөп алып найзасын, Катуу кирди күчөнүп, Карап туруп Сомбилек, Калгандарын эске алат: “Мен кездешип далайга, Азуусун айга жаныган, Андай канча балбанга, Бакдөөлөт менен Коромжу, Өтүп кетти аларда. Чокчо менен Солто өлдү, Баатырлык сыны толуктан, Мен көрбөдүм бул өңдүү. Башкача балбан неме экен, Падыша Манас жардам бер. Бул бадырек Ойроттун, Телегейи тең экен!” Сынга алды жаш бала, Күчүн күчкө улантып, Астынан утур жөнөдү, Жаткан жерден аттана. Кыңшылап эки күчүгү, Уйасында калышты, Улуп-уңшуп үн сала. Тоо экен деп жазганбай, Чоң экен деп апкаарбай, Эр экен деп калтаарбай, Аргытып бура жөнөдү, Атынын башын түк тартпай, Бала баатыр кезенип, Бастырып утур чыкканда, Кара жалдуу чоң Ойрот, Каарданды ушунда, Чээнден чыккан жыландай, Заарданды ушунда, Сууда жүргөн жайандай, Жалаңдады ушунда, Ачуусуна чыдабай, Алаңдады ушунда. Булуттан чыккан күнчөлүк, Ысыгы бар ушунча, Ызгаары бар бетбактын, Кышкы желде суукча. Ачуудан кирип калтырак, Азуулары качырап, Ачып кирпик ирмесе, Көзүнөн жалын чачырап, Арданганы аттан чоң, Анталаган кызталак, Кордонгону койдон чоң, Коржоңдогон бул акмак. Алдымдан бала тосту, деп, Атым Ойрот болголу, Алда кандай укмуш! — деп, Алды артына карабай, Кылча жанын айабай, Кылчайбастан жөнөдү, Бул өңдүүнү ким көрдү? Баатырдан калган Сомбилек, Аманат кара бир жанды, Кылга байлап таштады, Кылымдан ашкан Ойроттон, Кылайып коркуп шашпады, Кылчаңдабай кыйкырып, Кыйын уруш баштады, Ойрот менен Сомбилек, Жөн сурашкан деги жок, Булгалап найза колго алган, Мындан башка кеби жок, Ушул учур чактарда, Бул экөөндөй деги жок, Ааламда адам өтпөптүр, Биринде бири деги жок, Баш аламан уруштун, Адам айтар чеги жок. Чарайна, соот калканы, Тал-талынан бөлүнүп, Чыгып жатат талканы. Такылдап найза калканга, Чакылдап балта туулгага, Кулак тунуп, мээ айнып, Бака-шака, чуу-чууга, Чыдаштык кылат балбандар, Болуп жаткан жумушка. Чок жайылып жылтылдап, Жер жарылып, суу чыгып, Жуурулуп тобо былчылдап, Алдында минген аттары, Токтобой турат ыргыштап, Өөрчүп турат талыбай, Корголой басып кылтылдап, Сууга түшкөн чычкандай, Тер куйулуп чылпылдап, Жумуру баш, айры төш, Адамзаттын ишин көр, Кандай берген буларга, Айабаган күчүн көр, Оодарылып дүнүйө, Кубулат экен аркандай, Кантип турат көргөндөр, Бул жумушка таңданбай, Эки күнү бир күнгө, Узарып кетти урушу, Бүткөнү жок экөөнүн, Салыша турган жумушу, Ойу бузук Ойроттун, Айтып турган кеби ушул, Аз калган күнүн узартып, Аласкаткан жери ушул: — Кыргыздан келген Сомбилек, Анча-мынча ойлопмун, Сен экенсиң эр жүрөк, Алдында өлгөн эрлерди, Баарын энөө ойлопмун, Мени менен эрдигиң, Тең экенсиң болжолуң, Калдуубет айтып барганда, Зээниме алып койбопмун, Арак ичип, тамак жеп, Ачкан курсак тойбопмун. Уруксат кыл жанайын, Өз айлыма барайын, Көөнүм эргип, бой сергип, Тамактанып алайын, Андан кийин башыңа, Акыр заман салайын. Кастык кылар киши жок, Мага болсун убалың, Сен да жаткын кардың ток, Аз болгондо он күндө, Араң тойот курсагым, Эригесиң жалгыз баш, Ээн талаада турбагын. Тойгуздум деп мен сага, Түбүндө милдет кылбаймын. Деп ошентип суранды, Опозо кылат дагы эле, Таштап койуп уйатты. — Барсаң, баргын сен Ойрот, Бербей койсом уруксат, Ичиңде арман муң болот, Акыреттик ашың же, Өлүм жагын көп ойлоп, Өчүгүшсөң көгөрүп, Сомбилек сени соо койбойт. Алты атамдан жети атам, Көргөн киши биз эмес, Урушта жүрүп аш ойлоп. Бастыргының кечикпей, Бекер болсун убадаң, Болжогон күнү келишке, Барып кайта келишин, Баш-айагы он беш күн, Армансыз болуп камынгын, Келбей койуп жүрбөгүн, Кейишти менден көрбөгүн. Корксоң келбей үйдө жат, Кол салып сага тийбеймин, Болбосо калгын эсен-сак, Калдуубет берсең кетемин, Кара нээт мен эмес, Катышып сага нетемин! Калтырбай айтты бар кебин, Түйүнү бар төп жерин. Калдуубет берем, дебеди, Он-беш күндө келем, деп, Бастырып жөнөй берди эми. Калкына барды кара бет, Өз-жат дебес кара нээт, Калың калмак чуулдап, Алдынан чыкты дуулдап. Таманын жерге тийгизбей, Атынан жулуп алганы, Көтөргөн бойдон чатырга, Алып кетип калганы. Кайра тартып Сомбилек, Туу жайган жерге барганы, Күчүктөрү кыңшылап, Жойлоп чыкты алдынан, Борсулдап үрүп үн салып, Ойноп чыкты алдынан, Карап көрсө күчүгү, Айбанаттар кутулуп, Кетер эмес оозунан. “Түп атам Манас баатыр, — деп, Агыткан тайган такыр, — деп, Куу тайгандай асырап, Мен багайын акыр” – деп, Куткарбай качкан жандарды, Курбудан атып кулжаны, Кошколдоп бакты буларды. Жаңылап күндө эт берет, Өлчөп бербей көп берет, Окшош эки күчүктү, Эр неме бакты эрмектеп, Сомбилекке күн өтпөйт, Ойрот качан келет, деп. Өз эркинче иш кылып, Бала баатыр талаада, Биз баралы жанагы, Ойрот деген балаага. Элине кирген кезинде, Эчтеме кирбей эсине, Аттан түшөөр ал калбай, Ырп этерге шай калбай, Кирпиги турат мыдырап, Андан башка жан калбай. Эр экен Ойрот ченебей, Эчтемени элебей, Сак жери жок кенедей, Элине эптет барыптыр, Талкаланып устукан, Күм талкан болуп калыптыр. Элдин ичи чуу болду, Илегерлер чогулду, Тегеректеп турушту, Эптеп дары куйушту, Адамдын ичин жарышты. Анын өтүн алышты, Куну деген ушу, деп, Жарасына жабышты. Катыгүн ылдам чапкын, деп, Кажырды улуп аткын, деп, Эти менен өтүнү, Калтырбастан тапкын, деп, Кажырдын өтүн куйушуп, Кызмат кылып чуркурап, Тикесинен турушуп, Айуунун майы керек, деп, Баатырга кубат берет, деп, Төр-төрдөн издеп айууну, Нечеси жүрөт темселеп, Изи барбы кара, деп, Кумду тиктеп темселеп. Суур ийинден казгын, деп, Аз болгондо жүз элүү, Семизинен тапкын, деп, Боз чаар кулан аткын, деп, Бол турбагын баскын, деп, Кулан аты болбосун, Кысырынан болсун, — деп, Кумдан кулан куудуруп, Карматып келип боз чаарын, Төрт айагын буудуруп, Куландан чыккан кысырак, Мунун этин жебесе, Кантип баатыр эс алат. Ойдогусун табарга, Чоң Ойротту багарга, Топ-топ болуп талаалап, Туш-тушка кетти самсаалап. Он бештен ашып күн өттү, Ортодо далай ай өттү, Дүрбү салып караса. Күндө калмак дүрбөнү. “Келбейт экен такыр. – деп, Караанга таштап аскерди, Качкан бейм капыр” – деп, Тулпарын минип оңдонуп, Тунжуруң басты томсоруп. Караанын көрүп баланын, Карбаластап калмактын, Ашыкканын карагын. Сүрдүгүшүп, колбушуп, Далай калмак алдынан, Тосуп чыкты топтошуп, Эстүүсүнөн эки-үчөө, Сомбилекке жолгошуп: — Качкан жок Ойрот, элдер бар, Атка минер абал жок, Бүткөн бойу жарадар, Мейлиң баргын, мейлиң кой, Бүгүнкү абал ошондой. Ээсиз жаткан элдерди, Эрк өзүңдө таласаң, Катышпассың кол салып, Убалга баатыр карасаң. Өлгөн жок Ойрот өзү бар, Эрлик кылбай өчөшсөң, Боорун жарып өтүн ал, Андан калган элдерди. Өзүң билип, өзүң ал. Калкынан угуп кабарды, Кадикке албай аларды, Хансыз элге кол салбай, Капталга кыйа жол салбай, Канчалыгың калды, деп, Чаап алып олжо албай, Кайта аркага бурулду, Кыргыздын кыраан баласы, Атадан артык туулду. Муну мындай таштайлы, Сомбилектин жаралуу, Болгонунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.