Ойрот менен сүйлөшүп, Калгандар менен бирлешип, Коктукаттын шаарына, Хан кылып калмак калкына, Беттибет деген хан экен, Сексенден ашкан кары экен, Акылдан айнып эс кетип, Арып калган чагы экен, Коктукаттын шаарына, Бекбача койгон хан экен. Калдуубет кыйар кара ниет, Кыйалга түшүп далай кеп: “Четинен алсам бел сынат, Жатканын көрчү Беттибет, Эмгичекти эл сурап!” Сомбилектен качканын, Сырын элге угузбай, Калгандарга дем берип, Чоң Ойротко жел берип, Беттибетти хандыктан, Бекер кылып салыптыр, Беттибеттин тагына, Калдуубет чыгып алыптыр. Сексенден ашык Беттибет, Бек карыган кези экен, Таласка жетер чама жок, Муунуп өлүп алыптыр. Качып барып Калдуубет, Каңгайга улук болгону, Аркалап бизге келди, деп, Ойрот баатыр баш болуп, Өңкөй журтту колдоду. Эрк колуна тийгенде, Эми жатып албады, Өз эркинче Калдуубет, Элди жаман кыйнады, Эл ичинде жаштарды, Аскерликке жыйнады, Кайнап жаткан каңкайдан, Элүү миңди камдады. Туйгузбай ичтен кам кылып, Элүү миң колду жам кылып. Жүрөктө черин калтырбай, Өзүнүн көөнүн жай кылып, Чоң Ойротко айтмакчы, Ички дартын сыр кылып. Кара нээт Калдуубет, Мындан чыгат далай кеп, Оозунан чыкпайт адал кеп, Түркүмдөп чыгат арам кеп, Ойрот зорго барыптыр, Боор токтоп жүгүнүп, Таазым кылып алыптыр, Туулган күндөн бер жакка, Жумурда сырын жашырбай, Баарын айта салыптыр. Калдуубеттин калба сыр, Угуп болду чоң Ойрот, Ак калпак кыргыз калкынын, Калмакка салган калбасын, Туйуп болду бул Ойрот: — Канча күндөн бер жакка, Калдуубет келип сен жаттың, Билесиң мындай иштерди, Билгизип неге айтпадың? Бүгүн сенден угушум, Кызталак буруттун, Угуп туруп кылганын, Каңгайдын кегин кыргыздан, Калтырбай такыр албасам, Улуктугум курусун! Айтышыңча каңгайды, Койдой нечен айдаптыр, Манастын уулу Семетей, Көкбука минген Мадыкан, Андай зордон канча жан, Жапанда жаткан кызыл дөө, Күрпүлдөктө жайлаптыр, Нескаранын Жубатай, Кара калмак Узаңген, Катары менен аймаптыр, Мурадилдин Каратай, Шыпшайдардын Кожойар, Таласта барып жалмаптыр. Маңгыт, таңгыт, тыргоотту, Батышта биздин элдерди, Баш көтөртпөй аларды, Башынан бери кармаптыр, Кылбаганы калбаптыр, Айтышымча Калдуубет, Аркада жалгыз калыпсың, Өткөндөрдүн өчүн кууп, Сен кыргызга барыпсың. Туулуптур дедиң Сомбилек, Туулганын ушунун, Сенден башка жан билбейт, Уйалбай айтып турасың, Жети ата, кубар сан болгон, Чамбыл белди талаага, Таштап койуп качтым, деп, Аркаңда калган элдерди, Ар кайда тарап кайткын, деп. Алп Коңурдан бер жакка, Ак калпак кыргыз журтуна, Ар качан калба табабыз, Алыбыз келбей жатабыз. Барайын дедиң Калдуубет, Сен баргының алдында, Алып келсең кол жыйнап, Айабай арбын мол жыйнап, Отуз капка каңгайдан, Опсуз чыккан зор жыйнап, Аркаңдан үзбөй чубатам, Качып келсең калдаңдап, Башыңды кесип кан жутам, Суу тийбеген чырпыктай, Саргартып сени кууратам! Ойрот атка конголу, Отуз капка каңгайда, Өз ойумча болголу, Чыгыш Сандуң аралдан, Түштүгү Чаңжаң дайрадан, Менден коркуп мааналап, Баш көтөргөн болбоду, Келген менен чыйраксып, Тирүү кеткен болбоду, Титинбей келген каңгайга, Ойроттон өлүп сойлоду. Чыгыштагы барлык эл, Баары биздин колдогу. Амал турса алтын баш, Колдобой мени койобу, Кыйырыма келген кези экен, Ак калпак кыргыз дегенди, Тараталы болжолу! Опурулуп Ойрот чоң, Катуу кылып айбатты, Абыдан берип кайратты, Калдуубетти жөнөттү, Калганда бекер жатпады, Отуз капка каңгайдан, Королош кытай манжудан, Белдүүнүн баарын каптады, Ат-атынан угузуп, Айабай кабар айтканы, Муну койо туралы, Тээ Таласта жаткан Сомбилек, Ошондон кабар угалы. Муунуп өлгөн Беттибет, Сексен жашка чыкканча, Улук болуп журт сурап, Муунуп өлсө кыйын кеп. Беттибеттин үч уулу, Намыстуураак кичи уулу, Атасы өлүп күйүнүп, Жыргал күндөн түңүлүп, Алы келбей калганга, Аттанып алып жөнөдү, Кыргызга айтып барганга, Тирүү жанга туйунтуп, Сыр айткан жок бир жанга, Тууганым деп айтпады, Эки агасы жаманга. Жабырды тартып жалгыз баш, Жан кыйналып нечен күн, Уктабай таңды атырып, Ээн жерден нечен түн, Уламадан кеп угуп, Улам сурап Таласты, Ушу жакта деп угуп, Упурак болуп жол басып, Ошентип жүрүп олтуруп, Таласка жетти ордого, Кеңколдогу коргонго, Барган менен Кеңколго, Кирмек кийин борборго, Учурашып жолугуп, Ордо беги зорлорго. Алыстан издеп келгенин, Сомбилекке айтам, деп, Ичимдеги черлерим. Эшик ага кеп угуп, Атайын кирип борборго, Сомбилекке жолугуп, Көргөнүн айтып угузуп, Дайынын угуп Сомбилек: — Мейманкана ак үйгө, Алып кирип күткүн, — деп, Алты күн алсын ардыкты, Айткан күнүм бүтсүн, — деп, Алып келгин үстүмө, Анан кебин угам, — деп, Эшик ага нетиптир, Кетенчиктеп кетиптир, Мейманкана сарайда, Алты күнү күтүптүр, Болжогон күнү бүтүптүр. Сомбилектин үстүнө, Алып келип киргизди, Акимдигин билгизди. Эшиктен кирип жүгүнүп, Салам берип бүгүлүп, Салтанаттуу баатырдын, Заарын көрүп жүзүнөн, Келипмин мында бекер, деп, Кара жандан түңүлөт, Басалбай буту бүжүрөп, Эмне дээрин биле албай, Ээриндери күбүрөп, Антип калган кезинде, Коркконун билди Сомбилек: — Отургун тиги орунга, Эс акылың жыйгын, — деп, Жылас болгур кебиңди айт, Кайсы жактан келдиң? – дейт. Орунга араң олтуруп, Ала жака, кең этек, Чапанын оңдоп кумтунуп, Өзүнүн атын айтпады, Муунуп өлгөн атасы, Ошондон кепти баштады: — Кара кырым каңгайда, Коктукат деген шаар болгон, Бекбача барып кыргыздан, Менин атам Беттибет, Ошол шаарга хан койгон. Аз калган жашы токсонго, Ошондон тартып атама, Каш кайтарган болбогон. Батыштан качып Калдуубет, Каңгайга барды мааналап, Ойрот менен дос болду, Кандай болду ыгын таап, Тактасына ээ кылбай, Атамды кууп таштады, Ардангандан хан атам, Муунуп өлүп жатканы. Четке киши бастырбай, Жолду тосуп таштады, Мына минтип Калдуубет, Коктукатка ээ болду, Аз күндөн бери карата, Жыйылып черүү карк толду. Менден улуу эки агам, Хан атам менен кээри жок, Кейип кеткен кеби жок, Кардыбыз тойсо болду, деп, Өлдү абышка мейли, деп, Көчөдө жүрөт дардакдап, Таласка барып атамдын, Өлгөнүн айтып келем, деп, Мен жүрөмүн салпактап. Тартып алган шаардын, Калдуубет деген каардын, Кабарын айтып келгенмин, Калк кыйнаган заардын. Келгениме жараша, Алты күнү күттүрдүң, Ардыгымды чыгардың, Сурасаң менин келгеним, Ушул кебим угаарың. Кулагын салып Сомбилек, Куп түшүндү кебине, “Жолу бар экен байкуштун, Коктукаттан келүүгө”. Калдуубет атын укканда, Төбө чачы тик туруп, Койгондой сууга уу куйуп, Тамандан өөдө үркүптүр. Көк жалынды оозунан, Көктү карай бүркүптүр. Түк кишиге айтпады, Жол кереги жоо жарак, Так үч күнү камданды, Каңгайдын сурап жол жагын, Жаңкыдан кабар алганы, Аттанып чыкты Сомбилек, Ал каңгайга баргалы. Коргондон чыгып жөнөдү, Карабуура, Чаткалда, Айкөл Манас арбагы, Күмбөзүнө көк жалдын, Сомбилек жетип барганы, Тобо кылып сыйынып, Томук кылып жалынып, Белги берээр бекен, деп, Бечара бала зарыгып. Күн бешимге барганда, Күркүрөп күмбөз үн берди, Жаш арстан баатырга, Ажыдаардай сүр берди, Сүйүнгөндөн Сомбилек, Жүрөгү кетпей жарылып, Баса минип атына, Баатыр бала камынып, Каар менен жөнөдү, Ал каңгайга баргалы, Бөлүнүп калды жанагы, Беттибеттин баласы, Тең бастыра албады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.