← Сомбилек 5/8

Көөрүктүүдө жолукту, Көрүп Солто оолукту, Бир күн, бир түн болжолдо, Чоң Солтону жоготту. Кой десем Чокчо болбоду, Сомбилекти эми эле, Өлтүрөм деп ойлоду, Эки имерип сайышбай, Чокчо өлүп жоголду, Жалгыз калып ардандым, Кайраттандым, каардандым, Жылан менен чайандай, Сомбилекке заар салдым. Оолугуп бала сайганда, Оодарыла тас калдым, Камчы булгап, найза ыргап, Элүү миң колго каптаттым. Түз бассам кууп жетер, деп, Соо койбойт түбү бекер, деп, Артынан чыгып аскердин, Анан сизге келдим, — деп, Айланып Алтай тоосунан, Анан келдим өзүм, деп, Элүү миң аскер ал жерде, Сомбилекке бердим, деп. Унут калган бир кебим, Жолумдан чыккан бирөөгө, Таласка барам дегемин, Эмгиче келбейт Сомбилек, Маа жолуккан жолугуп, Таласка кетти деген бейм. Далайгача чоң Ойрот, Сүйлөбөй туруп мелтиреп, Ачууланып бакырып, Карыган койдой чакыйып, Калдуубетти жемелеп, Каар төгүп бетинен, Кандуу жаш көздөн себелеп: — Каңгайда жаткан мен элем, Азыркы жүргөн эрлердин, Кимисинен кем элем? Ээ болгонсуп маңгытка, Батышта жаткан сен элең. Батыштан келдиң бул жерге, Баш калкалап келдим, деп, Маңгыт, таңгыт, тыргоокту, Түп ата бирге элбиз, деп, Кыргыздан чыккан Сомбилек, Жүдөтө сайды бизди, деп. Кайда барсаң чуу салып, Коктукатта жөн жүрбөй, Сен өлтүрдүң, Беттибет, Абалың айтып жалооруп, Алдыңа келдик темтеңдеп, Арбын аскер, көп кошуун, Аркама салып бергин, деп, Мен Калдуубет иниңе, Арка болчу сенсиң, деп, Такандашкан Сомбилек, Эдебин колго берем деп, Эрикпестен жол басып, Таласка барып келем, деп Манастын алтын тактысын, Сага соога берем, деп. Чоң Солто менен Чокчону, Эки эрди бердим белендеп. Элүү миң аскер да бердим, Колсуз жүрбө эрмин, деп, Элүү миң аскер эки эр, Жардамдашып берсин, деп. Темтейип эми келипсиң, Солто менен Чокчону, Катар менен жеди, деп. Учураган кишиге, Таласка кетти деп кой деп, Жалган айтыш кандай кеп? Эл аралап эл билдиң, Качып жүрүп жер билдиң, Карчашып жүрүп эр билдиң, Кимдер баатыр, ким коркок, Ар тарабын тең билдиң, Кимдер жакын, кимдер кас, Ал тарабын сен билдиң, Башыңды катып мааналап, Мени менен бир жүргүн. Кеткениң тогуз ай болду, Андан бери Калдуубет, Кайда жүрдүң билдиргин. Мен барамын Таласка, Акылыңдан адашпа, Эсиң менен болгунуң, Эрдикти менден талашпа, Кең дүйнөнү тар кылам, Кеңирсип жаткан алашка. Ойрот атым меники, Буйта деген иним бар, Баатырлыгы белгилүү, Опол тоодой даң чыгып, Угулсун атым меники. Ойрот, Буйта келди, деп, Өмүр бойу коз болбой, Жай жаткан кыргыз эли, деп, Алты ата болуп кеткенче, Айагы бизге жеткенче, Ааламда киши беттешип, Келбеди шайы буга, деп, Ай ааламга ачык кеп, Эми айтып эл калсын, Манастын уулу жеңди, деп. Сен мактаган Сомбилек, Аны бүгүн эл билбейт, Көрсөм дагы, көрбөсөм, Баатырлык атка коно элек, Мени менен сайышар, Балтыр эти ката элек, Жашырбай чынын айтканда, Ойноо бала эзелек. Бол тургун! – деп камынып, Ач камдандай чамынып, Оолугуп турду бадырек. Жайын айтты Калдуубет: — Сомбилектен ажырап, Каарыңдан коркуп кире албай, Алты айдан бери шаарыңды, Көмөскө үйдө жаттым, — деп. Көңүл тынаар кеп айттың, Ойротто калдай баатыр, — деп, Жөө бассам да ат минбей, Жол баштайын такыр, деп, Күзгү коңур салкын, деп, Ырааккы жерге жол жүрүш, Бул айтканың акыл кеп. Кабар берип Буйтага, Ойрот калдай камын жеп. Чаба турган кылычын, Чарктатып баарын суугарды, Сайа турган найзанын, Бекитип сабын чырмады, Ташты сайып тештирип, Мана минтип ылгады. Балтанын сабын оңдоду, Уңгусунан кетет, деп, Колу менен тордоду. Как ыргайга саптатты, Кокус сынып кетер, деп, Пил терисин каптатты, Ат күлүгүн кармашып, Аза байлап такташты. Түркүм-түркүм кам кылды, Соотун аттын кандырды, Жаба турган жарактын, Учу менен миздерин, Баарын ууга малдырды, Жашыгып сууга кандырды, Армансыз Ойрот камынып, Бар керегин жам кылды. Таласка барат экен, деп, Жашырган жок чебердеп, Улуу инген, кичүү инген, Кара кырым каңгайга, Бүткүл моңгул бар жайга, Алда канча андайга, Алты бөлүм калдайга, Айтып элге даң кылды, Түнүндөсү уктатпай, Түн төшөккө зар кылды, Кыргызга барам дегели, Калганга күндү тар кылды, Кежирлик кылган кишини, Бастырып уруп нан кылды. Мына ушинтип чоң Ойрот, Бар кубатын жыйыптыр, Сексен миң аскер калың кол, Каңгайдан бир күн чыгыптыр. Сегиз жүз төөнү каркайып, Азык түлүк мол артып, Ок-дарысын тон артып, Катар-катар чубатып. Жаман катын, жаш бала, Иштен калган карыга, Эмгексиздин баарына, Калдуубет тилин алам, деп, Карабады алына, Бир киши деп ушунча, Элди салган азапка, Ушул кайсы кылыктыр?! Эл аттанып талаага, Калбай аскер калаада, Капташып калды балага, Бастырып чыккан арада. Бала баатыр Сомбилек, Бул дагы жетип тыныптыр. Калдуубет көрдү караанын, Капкайдан таанып бараанын: — Каары катуу чоң Ойрот, Сомбилек келди карагын, Ачууландың жемелеп, Алып келчи тигине, Абдан мыкты сен болсоң, Аттанып чыгып тебелеп. — Эмне дейсиң Калдуубет? Бак-таалайым меники, Сомбилек мында келгени, Ылат-мынат койнумда, Кубатын мага бергени. Кудайым берип салды, — деп, Кубанганда чоң Ойрот, Айдатып келип чочкодон, Оң миңди кырып салганы, Кудайына сыйынып, Корстон болуп чалганы. Өзүнчө намаз окунду, Буткананын ичинде, Отуз миң киши олтурду, Бүлбүлдөтүп жанган шам, Жүз миңге санын толтурду. — Ат арытып, тон тозуп, Азык-түлүк мүлк артып, Күндүз-түнү жол тартып, Бармак элем Таласка, Магдырап жаткан алашка. Ажал алып жакадан, Өзү мында келгени. Бол түшүргүн кошту, — деп, Чатыр тигип талаага, Чайкалтып жерди толтур, — деп, Жайкалган шибер чөп болсо, Бул аскер мынча көп болсо, Калдуубет карап сен турчу, Ойрот, Буйта тең турса, Сомбилекти мактайсың, Кантесиң сени бут урса?! Жылдыздатып от жакты, Он миң чочко сойулган, Жайнап аскер кол жатты. Жалпайтып тиккен чатырды, Көпкөк темир кийинген, Жалтанбаган баатырды, Бала балбан Сомбилек, Коркпос баатыр таш жүрөк, Ажыдаар ооз, жалын көз, Ал сексен миң аскерди, Бучкагына теңебес, Эрдин эри эмесби, Эчтемеден кенебес. Эрдиги артык ченебей, Жолдошу көп немедей, Жолго түштү жапжалгыз, Ыдыгына баатырдын, Тирүү пенде таптагыс. Алыстан келген жол басып, Уйку көрбөй түн катып, Сууп калсын дегенсип, Аса байлап кыраңга, Бууданды салып сыргакка, Таң агарган маалда, Суутка салган шамалга. Атты алып кермеден, Алыстан келген эр немең, Ооздугун чыгарып, Отко койуп кашка атты, Суулугун чыгарып, Суу каптырып кашка атты, Таң кылайып агара, Ат чалдырып талаада, Кара баштуу бендеден, Өзү жалгыз жупжудаа, Түн атасы Манастан, Урпактан урпак улантып, Кара кытай каңгайды, Канча сапар чуулдатып, Касаба тоодой жарданып, Атагы алаш дуулдашып, Келе жаткан кызыл туу, Манастан калган белек бу, Сап темирге аштады, Баатырдын уулу Сомбилек, Кыранга сайып таштады, Көп экен деп алардан, Көкжал эрен шашпады. Ойрот, Буйта дөөсү, деп, Арасында булардын, Ат көтөргүс жөөсү, деп, Коркуп койбойт деги эле, Козголуп койбойт жүрөгү, Жолдошу көп немече. Эртең менен чоң Ойрот, Байрагын көрүп көкжалдын, Тилдүүдөн бирди жумшады: — Сомбилекке сен баргын, Алыстан келди бул жерге, Абалына чактабай, Алышкалы келиптир, Жалгыз башы биздерге, Аттанып чыккан убагым, Сомбилекти издерге. Ардык алсын оолукпай, Убара болбой үч күнчө, Жолук кылып мени алдап, Жолтоо кылат дебесин, Чоочуркабай Сомбилек, Чогулган элге маа келсин, Болголдуу күнүм бүткөнчө.