— Бизден качып ушул эл, Кабакка кирип алганбы? Же болбосо жер соңгуп, Каңгайга кетип калганбы? Бөлөт бизди кыргыз, деп, Бөксө жолго салганбы? Оролдон өтүп нарылап, Же күн батышка барганбы? Көрбөй калар бекен, деп, Тоо аралап мааналап, Же төр-төргө чыгып алганбы? Оролго кетсе изин кууп, Убара болуп барбайлы, Күн чыгышка бет алып, Каңгайга кетсе алыстап, Абыдан изин карайлы, Аныктап туруп кеткенин, Элге айтып баралы. Сомбилек менен Төтөгө, Калгандарга айтпастан, Айталы барып экөөнө, Адыр, бөксө тоолорун, Адам көрбөс коолорун, Аркайган бийик зоолорун, Калтырбай карап көрөлү, Табылбаса эч бир жан, Андан кийин жөнөйлү. Бирден-бирден бөлүнүп, Тоо бөксөлөп эл издеп, Мааналап калган барбы, деп, Кокту-колот жер издеп, Өөнү менен тоосунда, Орто бөксө коосунда. Салаа-салаа сайында, Заңкайып турган зоосунда, Койбой баарын тең издеп, Болжогон түнү чогулуп, Хан ордого келишет. Жаштар күлүп барышты, Көргөндөрүн айтышты: — Тоо бөксөдө, коолордо, Казанына асылган, Бышкан бойдон аш калган, Туурап болгон жебеген, Чыктаган бойдон эт калган, Бычып койуп тикпеген, Чапан-көйнөк тон калган. Өтө ашыгыш ушул эл, Качкан экен бизден, деп, Айтып барды көргөндөр. Байтерек кебин баштады, Калгандары тыңшады: — Эл чакырып келгин, деп, Абыке айтты карыбыз, Кабыл алып макул, деп, Чогулуп келди баарыбыз. “Баштык ичпейт, баш ичет, Үйүң толгон аш болсо”, Темсил айтат карыңыз, Тилимди алсаң келгендер, Бүлдүргөчө бир неме, Олжо деп мындан албаңыз, Болот, болот, болот, деп, Бажылдап сүйлөп жөнөштү, Ат атына жабылат, Тогуз күндө бара албай, Он бир күндө барыптыр, Той бере албай үй тигип, Эл чакырдык келет, деп, Эки күн туруп калыптыр. Жете барып Байтерек, Сомбилек менен Төтөгө, Кабар айтты экөөнө, Айта бер деп көрүнөө, Жооп берди Төтөгө. Элге келип Байтерек, Барганын келгенин, Элге айтты бар кебин, Напси деген кызталак, Тирүү жанды азгырат, Алактатып дегдетип, Тыным бербей шаштырат, Шириндиги дүнүйө, Ошенетип жок кылат. Атаңды көрү шум дүйнө, Беш кубулат бир күндө, Маңгыттан калган мал-пулдан, Алтын, күмүш-зарынан, Торгун, тубар, буулумдан, Сүлөөсүн, суусар, булгундан, Ар бир сонун буруудан, Токтобой көзгө кубулган, Олжо алсак экен, деп, Опколжуп калды келген эл, Аркасынан көрүнбөй, Мурун барып алам, деп, Кетип жатат нечендер, Кур калдым деп олжодон, Убайым тартты кеселдер, Алды артына карабай, Чапкылашып жөнөдү, Башы-көзү эсендер. Кеткенин көрүп көп элдин, Ачуусу келди күркүрөп, Төтө мырза дегендин, — Абыке менен Байтерек, Бачымдата жөнөгүн, Түшкүнүнчө камчынын, Бир кишиге алдырбай, Жүктөтүп алып келгиниң. Калдуубетти качырып, Тапкан киши Сомбилек, Сомбилектен качпасы, Маңгыттар кара суу бербейт. Маңгыттан жыйып келгендин, Ылайыктуу керегин, Тынымкандын жүгү, деп, Мен жүктөтүп берейин. Пейлиң бузук беш урук, Бекер олжо мал десе, Баары кетти чубуруп, Келгендер алса канетмек, Ээ кылбай малын чогултуп. Букулдатып буурчунун, Боздотуп муңдуу тайлагын, Азынатып айгырын, Чыркыратып кулунун, Озондотуп уйларын, Топоңдотуп торпогун, Чуркуратып койлорун, Карартып таштап короосун, Куржунга салып пулдарын, Комо менен нарларын, Артылды колум айга, деп, Асылдан жыйнап алганын, Алдырып ийсе нетмекчи. Учук, жибин алдырбай, Сен экөөңөр жыйнатып, Алдырып келгин арттырып, Чабарман кылып биздерди, Кыйнап жатат, дебеңер, Ичимде айтар кеңешим, Калбасын менде жемеңер, Санааңды басып бара бер, Абыкедей тартынбай, Билген болсоң кеңеш бер. Аркандай жерде бөлүнбөй, Кеңешти бирге кылалы, Жакшы-жаман бар иште, Жан айашпай туралы, Ойунду ойноп күлөлү, Бөлүнүшпөй жүрөлү, Ажал жетип өлгөнчө, Дооранды бирге сүрөлү. Улуктук берем силерге, Урматымды билгиле, Мырза болсом Төтөгө, Сен авазир, Абыке, Байтерек, өзүң жаш, — деди, Сүйлөсөң тилиң так, — деди, Бий көтөрдүм сени мен, Билерман болуп жак, — деди, Өзүң бойдок баласың, Качанда болсо, Байтерек, Бир сулууну аласың, Сулуу кызың барбы? деп, Кыз издеп кайда чабасың? Тынымканга авазир, Кымбат деген бир кыз бар, Ошол кызды, Байтерек, Колукту кылып аласың. Авазир болду Абыке, Бий болуп калды Байтерек, Иши оңолсо адамзат, Барарына жер таппай, Бак келет өзү темселеп. Жаңы болгон эки улук, Камынышты жөнөргө, Алдырып келип дүнүйөнү, Айылга келип бөлөргө, Аттанып жолго салыптыр, Алар жетип барганча, Алдыда барган шылуундар, Чогултушуп калыптыр. Абыке турду муну айтып, Чогулган элге кеп айтып: — Чогоол болбо, — деп айтып, Мен авазир билип ал, Байтерек бийиң көрүп ал, Жакшы экен деп сонуркап, Жалгыз кыл олжо албастан, Алдырбайт окшойт бизге, деп, Үмүтсүз болуп калбастан, Нарларга жүктөп арта сал, Бузбай-чачпай барысын, Төтөгөгө алып бар. Чачылбасын талаада, Алтын, күмүш, өлүү мал. Ача туйак кара мал, Акырын айдап арытпай, Аркабыздан жолго сал, Айдап чыга бергенче, Байтерек, малдын санын ал, Эсиңден чыгып кетпесин, Эсебин малдын катка сал, Бекер эмес ушул мал, Эр Сомбилек ээси ал. Ал айкөлдүн тукуму, Айдап кетип калабы? Өлүүнү нарга жүктөтүп, Артып кетип калабы? Кең пейили кармаса, Олжого бердим алгын, деп, Бизге берип салабы? Унчукпай койсо Сомбилек, Мал меники болду, деп, Төтөгө жыйнап алабы? Кереге-уугун үйлөрдүн, Журтуна таштап салыңар, Тийбей ташта тактасын, Жибектен кылган бактасын, От кетпесин туташып, Абдан кара бакчасын, Сомбилек менен Төтөгө, Өздөрү билип башкарсын. Абыке айткан сөздөрү, Кулакка суук угулуп, Алактап барган элдердин, Алалбай олжо деми сууп, Алып келди мал-пулду, Андан-мындан чогултуп. Артып келди өлүүсүн, Айдап келди тирүүсүн, Жыйнап келди кең жерге, Сомбилек баатыр Төтөгө, Чогулуп келип эл көрсүн. Бүтүрүп келди Абыке, Байтерек менен биригип, Төтөгө мырза жумушун, Тили тактын бири экен, Абыкеңер курусун, Сомбилек менен Төтөгө, Буларга айтып турушун: — Той беребиз келгин, — деп, Маңгыттын элин чакырдык, Чабарман барган адамдар, Таппай келди кур кайтып, Баары көргөн билгенин, Жашырбай келди элге айтып, Сомбилек баатыр билбедиң, Билгизбедик сизге айтып. Калдуубетке караштуу, Калбай журту качыптыр, Өлүү менен тирүүсү, Ээ болгудай киши жок, Өрүшүндө жатыптыр. Алдырып келдиң төөгө артып, Алтын-күмүш аруусун, Айдатып келдик колбутуп, Айактуунун баарысын, Тагына баатыр, тийбедик, Ичине басып кирбедик, Төтөгө менен кеңешип, Кандай кылсаң андай кыл: Тегерек туйак малдан жок, Андан башка немесин, Биздин элден алган жок, Көрүп келдим өз көзүм, Айткан кепте жалган жок. Абайлап укту Сомбилек, Абыкенин бар кебин. — Төтөгө мырза кулак сал, Сага айтар кеңешим, Атагы түркмөн болгондо, Калдуубеттин ордуна, Чамбыл белге жибергин, Түрк барып жерди ээлесин, Түркмөн көчүп келди, деп, Бүткүл дүйнө эл билсин, Тагын таштап талаага, Качып кеткен үч урук, Ал жерге кайта келбесин. Бадакшанды башында, Башкарып келген үч урук, Калчанын көөнү жай болсун, Калчына барып кошулуп, Кара калпак, өзүбек, Тартар, тажик төрт урук, Он эки шаар жер калды, Ордо кылып казанды, Олтургула чогулуп. Сомбилек кеби бүткөнчө, Төтөгө турду чулуйуп, Тил-оозу жок немедей, Зообон сүрбөй кулуйуп: — Акылына көк жалдын, Көндүңөрбү, көпчүлүк? Келер ишти ойлогон, Көрдүңөрбү, көпчүлүк? Акыр заман кез болуп, Ээн калганча ай аалам, Ээ болгун, түркмөн ал жерге, Айтканын кылып, калча кет, Өзүңдүн элиң бар жерге, Он эки шаар калыптыр, Үч урук, бизде бул жерде, Үч бөлүп элге беремин, Өз ойуңча кийинче.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.