← Сомбилек 1/6

Сомбилектин Шүкүрлүү тоосуна барышы

Бири кары, бири жаш, Жанаша булар бастырат, Сомбилек чалды шаштырат: — Бачымдап, аба, басалы, Кечээ мен Таластан чыгаарда, Калдуубетти кубалап, Маңгытка сапар кылаарда, Алтын булак чынардан, Кабар болгон арстандан. Олуйа Бакай, шер күлүк, Сөзү чыккан дастандан, Алдымдан чыгып Бакдөөлөт, Канчалап айтсам туура кеп, Эрегишип эңишип, Кетип калды ааламдан. Өзүң көргөн жол менен, Өзөндүү булак тал менен, Элчиликке келбесе, Теңчилик сөзгө кирбесе, Бакдөөлөттөн бешбетер, Жекеле жалгыз мен десе, Жалаң атчан, жалгыз баш, Кайдан келдиң сен десе, Коромжуну койбойбуз, Коркутканга болбойбуз, Келтиребиз эбине, Келтиребиз болбосо, Келбей турган жерине. Үйөр аккан сел болсун, Үй токтоткус жел болсун, Азуусун айга жаныган, Ааламды бузаар эр болсун, Арбагы атам колдосо, Кара жерге тең болсун. Жер жайнаган кол келсин, Ат көтөргүс чоң келсин, Канча баатыр болсо да, Эсебин колго беремин. Желе-жорто бастырып, Топуракты чачтырып, Абыкени шаштырып, Кечинде жаткан жеринде, Тулпарларды астырып, Шүкүрлүү карай жөнөдү, Дегдеп барат жүрөгү, Тынымканды көргөлү. Бакдөөлөттүн казына, Төрт тулпарга зар артып, Жолдо кетип баратат. Артынан чаңын чубалтып, Алдынан чыкты бир киши, Кара кер атын буулантып, Абыкени көргөндө, Салам айтып, жай айтып: — Айланайын Абыке, Сен кечигип калганда, Мен келатам – деп айтып, Аз келгенсип Коромжу, Тынымканды алам, деп, Калдуубет басты корооңду. Эркектен чыкса чыккынчы, Эл айтат экен куу этек, Аны бирөө болбосо, Бирөө айтып түзөтөт. “Ургаачыдан кубакай, Элди бузат” деди эле, Эл ичинде бул макал, Айтылып келген кеп эле. Тынымканды биздерге, Журт бузарга бергенби? Алты уруктан тынчы жок, Кыйнагалы бергениби? Кимиси алып ким калат, Коромжу менен Калдуубет, Короодо жатат тең камап. Коромжу келип жатканда, Корктук эле баарыбыз, Короодо жаткан малыбыз, Калдуубет мында келгели, Ээ кылбады мал-пулга, Абыдан кетти шайыбыз, Кайнабай калды чайыбыз, Күн-түнү жок тынбастан, Кызмат кылдык барыбыз, Коромжу менен Калдуубет, Эми бир жыл камаса, Чыгымга жетпейт малыбыз, Эркектин баары кул болуп, Катын калбай күң болуп, Карынын башы муң болуп, Балдардын көзү жаш болуп, Алты урук эли кыйналдык, Кандай болот жайыбыз, Кимге жетет алыбыз? Маңгыттан чыккан Калдуубет, Карабайт экен кара нээт. Күнү-түнү жок салык деп, Алып келгин кана деп, Салык салып мал алды, Зар какшатып зар алды, Өңү сыйда кыз-келин, Үйдө бирөө калбады. Кыздын баары кыйырда, Келиндин баары керүүдө. Маңгыттар көрүп калат деп, Коросон колун сунат деп, Жатыша албайт үйүнө. Анда-санда кээ-кээде, Көз жаздырып турушуп, Келип кетет бирерде. Сен кеткели, Абыке, Адам көргүс шумдуктар, Болуп жатат биздерде, Таласка аба бардыңбы? Баатырдан тукум бар бекен, Андан кабар алдыңбы? Же Таласты издеп таба албай, Талаадан кайра жандыңбы? Сени утурлап, Абыке, Келе жаткан мен эмес, Жолду карап чакыйып, Жалжылдады нечен көз, Таласка жакын жер эмес, Жолуктуң жолдон мага кез. Чоочун бала жаныңда, Өңү темир, өрттөй көз, Соот, чопкут, кыйагы, Боло элек экен баланын, Жоого тийер убагы, Кабарчы болуп Таласка, Барат бекен будагы? Абыке күлүп шалк этип, Ителгидей барк этип, Ачык үнү шаңк этип, Ак сакалы жарк этип: — Оо, балам, учурадым мен буга, Оролмо тоодо мен жетип, Таласка качан жетем деп, Минген атым тердетип. Алдымдан чыккан бул бала, Жолуктум жолдо мен буга, Жолобой өтүп кетмекмин, Өзү салам айтпаса. Жоо бөрүсүн чунакка, Баралбадым Таласка, Күмбөзүнө сыйынып, Келе албадым Манаска. Жолугуп бала алдыман, Жол жайымды сурады, Аңгеме дүкөн курады, Айылымды абдан сурады, Андан кала бергенде, Кайсы жакка барарым, Дайнымды кошуп сурады. Аксакалдар айткандан, Үйдөн чыгып баскандан, Коромжудан корккондон, Жаныбыз чыгып шашкандан, Тынымканды жер үйгө Караңгыга каткандан, Калтырбай баарын кеп салдым. Сүйүнчү сага чунагым, Алты тулпар, олжо алдым, Жолсуз кепти салбайын, Калганын өзү кеп салсын. Анталап бала жолугуп, Абыке айткан кепти угуп, Ойуна алды Сомбилек: “Куру кеп салып талаада, Кожурап мында турамбы? Жалгыз атчан балага, Божурап мында турамбы?” — Жүр Абыке бастыргын, Калдуубет атын укканда. Токтоно албай шашылдым. Качып кеткен Калдуубет, Сулуу кызды алам, — деп, Кайтып келсе кыйын кеп, Өрттөнүп сөөгүм ич күйүп, Жалындап барат эт жүрөк! Калдуубет атын уккандан, Катыны эркек туугандай, Сүйүнүп турат Сомбилек, Калдуубетке жетсем, деп, Күйүгүп турат Сомбилек. Жүр Абыке, бастыр деп, Жүрүп кетти Сомбилек. Абыкеге жаш бала: — Мактадың тиги баланы, Кылчайып бала жөнөдү, Калдуубетке барганы. Ачык айтып барбасын, Абыке менен Байтерек, Алдымдан тосо барды, деп, Угуп алып кабарды, Калдуубет менен Коромжу, Бир балаага калбайлы, Чакырып келдиң муну, деп, Же болбосо Коромжу, Коржоңдоп бизге коборбу? Капкайдан киши чакырып, Калбаны таптың мага, деп, Кактабай канды сорорбу? Калдуубет менен Коромжу, Катыгүн тирүү койорбу! Бөлүнүп калып аркарда, Барбай койсом болобу? Ар кандай ишке арзданып, Макулдун жоктур жобобу. Барбайлы аба тил алсаң, Ээрчитип барып Сомбилек, Эпкинге кетип калбайлы? Өзүң кары, мен бир жаш, Балаага башты салбайлы, Түн ичинде баралы, Түк кишиге туйгузбай, Качуунун камын кылалы. Сен экөөбүз биригип, Кечикпестен кийлигип, Абышка-кемпир, жаш бала, Учуратпай балаага, Алып кетип калалы, Башыбыздан арылтып, Жугузбайлы жаланы. Таласка барсак канитет, Кыргыз эркин, көөнү ток, Кар болбойбуз күн кечет. Жеңдирип салса Сомбилек, Таласка барса дүбүрөп, Так ошондо шай кетет. Каңгайга барсак батпасак, Баш калкалаар маана жок, Ойлосом ичим кызыл чок. Ооганга барсак өлөбүз, Күндү кайдан көрөбүз, Бакдөөлөттүн куну деп, Кыргыз, ооган кийин кас, Ого бетер өчөшүп, Кылым жердин бетинде, Кыргызга маана калган жок. Бир күнү ойноп жыргалда, Бир күнү ойлоп кууралда, Опасыз жалган дүйнө шок! Шүкүрлүүнүн тоосуна, Адам барбас коосуна, Аралап барып жан сактап, Биз туралы ушунда. Эптеп айла таппасак, Сел каптаган мындайда, Коромжу менен Калдуубет, Катар жеңсе Сомбилек, Билмексен болуп айылга, Келип калсак болорбу? Жакшы күнү бир болуп, Жаман күнү жоголуп, Ушубу деп алыңар, Сомбилек бизди сойорбу? Жеңдирип койсо Сомбилек, Жетисууга кирип кетелик, Кара калпак, өзүбек, Тажик, түркмөн такыр, деп, Кош эмесе калдыңбы, Түбүндө болгун аман, деп, Андан башка Абыке, Маа көрүнбөй оңой кеп. Кебин угуп Абыке: — Учурап калып Байтерек, Айттың мага далай кеп, Акылдуу киши кептенип, Акыл эмес Байтерек, Түбүндө мунун кырсык кеп. Угуп турган кишиге, Ширеси таттуу кептенет, Кыжырынып келген Сомбилек, Кызыгын көрбөй баатырдын, Кетели дешиң кандай кеп? Кете берсек биз качып, Атактуу айкөл Манастын, Арбагы уруп кетпейби? Кусуру урса алты урук, Түбүбүзгө жетпейби? Алты уруктун эли элек, Шүкүрлүү сындуу жерди ээлеп, Коромжу менен Калдуубет, Баса келди тебелеп. Арты-артынан ээрчишип, Ат арыта чаптык биз, Манастан урпак бар болсо, Жеңип берер бекен деп. Карыган сенин ата-энең, Менин эки жаш балам, Айалың менен сен эки, Алганым менен мен эки, Санаты сегиз жан болдук, Неге мынча зар болдук? Коросон барып кул болуп, Кордуктан башың муң болуп, Жедигер барып уул болуп, Антип жүрсөк болорбу? Ала качып келдиң деп, Ата-эне баланы, Кудай албай койорбу?