← Сомбилек 4/6

Айлабызды таба албай, Биз калыпбыз темтелеп, Былк этпей калды жөлөсөм, Байтерек өлүп бул кетет, Чылбырдан салып боолукту, Чыныгы ажал маа жетет. Караан болуп Байтерек, Кирпик ирмеп көз тиктеп, Өлбөй өөдө болорбу? Жер болбосо жан таштап, Бозала кылып койорбу? Эрлердин көрүп эрмегин, Эрмек эмес чинин да, Эл үчүн тарткан эмгегин, Көрөөр күнүм болорбу? Манастын уулу Сомбилек, Бала жолборс шер менен, Жүрөр күнүм болорбу? Калдуубет менен Коромжу, Катар сайып эрди алса, Какшатып экөөн тең алса, Мага олжо бергин, деп, Сурар күнүм болорбу? Жакасынан жармашып, Этегине эрмешип, Эренди ээрчип артынан, Анан көөнүм толорбу? Аркамда жалгыз уулум бар, Алты жашар Алтынбай, Көрөөр күнүм болорбу? Туурумду ээлер тунжурду, Тумшугу жок кургурду, Сүйөөр күнүм болорбу? Кыз сулуусу Тынымкан, Кыргыздан чыккан кырааны, Алмак болуп той болсо, Кирип –чыгып аралаш, Аларга болуп санаалаш, Жүрөр күнүм болорбу? Кийин алган кыз катын, Өзүм турган жеримде, Айылымдан чыккан өз катын, Кештелүү жууркан, ак шейшеп, Төрөр күнүм болорбу? Аман-эсен ааламда, Көргөнүмдү кеп салып, Жүрөр күнүм болорбу? Баатырдын уулу Сомбилек, Аркасы менен ыраатын, Сүрөр күнүм болорбу?” Өңү эмес, түшү эмес, Кысталганда Абыке, Далай кепти сүйлөдү. Кобурап айтып токтолду, Не дегенин билбеди, Кыйналгандан чалыңдын, Маңдайы мунун тердеди, Жөлөп турган Байтерек, Тилге кайта келгени. Абыкени бир карап: — Түшүмдө көрдүм мен, — деди, Ак сакалдуу бир киши, Саптуу айак менен бир кымыз, Экөөбүзгө бергени. Абыке мурун сен ичтиң, Сенден кийим мен ичтим. Ичип болуп эс алдым, Ачкалыктан өлмөкмүн, Өлбөй тирүү мен калдым, Мени менен тең ичип, Абыке тирүү сен калдың. Кымызды бизге бергенде. Бизге айткан кептери, Унутулбай эсимде: “Мурун ичти Абыке, Авазир болот элиңе. Кийин ичтиң, Байтерек, Бий болосун сен элге”. Тилим тийип күпүрлөп, Мен кылмышкер болупмун, Сомбилек сындуу эренге. Аркасынан жүрөлү, Манастын уулу беренге. Айтса-айтпаса Абыке, Ачкан карын ток болду, Аш кайгысы жок болду, Сомбилекти караса, Турган экен ордунан, Оңдонуп тонун кумтунуп, Кыпкызыл өңү нур толуп, Туулга башта мултуйуп, Семириптир Сомбилек, Бордогондой тултуйуп. Жолборсу жок, шери жок, Көрүнгөндүн бири жок, Абыке менен Байтерек, Калды булар кошулуп. Абыке анда кеп айтат: — Айланайын Сомбилек, Агаңдан уккун, — деп айтат, Оролмонун ач белде, Карбаластап Байтерек, Учурап калды биздерге, Элөөсүз көөмөй көмөскө, Кире берме бир жерде. Байаның айттым мен сенин, Бул бала укту бар кебим. Байкабай калган экенмин, Баатырым, сенин кеткениң, Акыл көрдүм ал кезде, Байтеректин кептерин, Кеп тыңшаймын деп туруп, Өксүп калган кездерим, Аркаңдан аттын изин кууп, Арстаным сага жетпедим. Учурап калдык белесте, Уктап жаткан жериңде, Токтобостон жөнөдүк, Ашып белди кетүүгө. Белге чыгып болдук тел, Алды жактан биз көрдүк, Кандан аккан кыйан сел, Коркунчудан көөн айнып, Суудай агып басты тер, Кулак-мээни тундуруп, Калдуубет менен Коромжу, Койгулашкан эки эр. Келер айла болбоду, Келели десек жаныңа, Тегеректеп алыптыр, Эки жолборс, жалдуу шер, Каркыралуу Кызылкыз, Карап турат башыңда, Калтаарып жүрөк энтелеп, Атыңызды бир бала, Откозуп жүрөт жетелеп, Ачкалыктан Байтерек, Чыдай албай жыгылды, Көз алдыма келтирди, Канча заман кылымды. Санаам санда көөнүм миң, Акылдан аздым жүрөк кир. Айласыз турган кезимде, Абыкең айткан сөзүм бил. Эси ооган Байтерек, Тура калды селт этип, Мени карап кылчайып, Күлүп ийип, мулт этип. Түшүмдө көрдүм бир иш, дейт, Сапты айакка толтурган, Экөөбүз кымыз ичтик, дейт. Кымыз берген айтты, дейт, Андан кийин кайтты, дейт. “Абыке болот авазир, Сен болосуң бийи” дейт. Байтерек көргөн түш үчүн, Оңунан келчү иш үчүн, Кардыбыз тойуп кампайып, Калыптырбыз аны үчүн. Бизден бетер сен дагы, Турупсуң баатыр ойгонуп, Кандай айтат акыл, деп, Биз турабыз ойлонуп. Учурадык өзүңө, Бара жатып жол кошуп. Кошулгандан бер жакка, Кош болор кепти көп айттың, Кур кептен бизге айтпадың, Көзүм көргөн иштерди, Калтырбай баатыр саа айттым. Абыке кебин укканда, Күлүмсүрөп күлбөгөн, Күлгөнүн булар көрбөгөн, Күйгүлтүктүү кара көк, (Ал кездеги кыргыздын, Өңү сары, көзү көк, Баш аламан тайны жок, Айта бербейт сөздү көп) Оттон атын алдырып, Ооздугун салдырып, Жоо жарагын жам кылып, Мингени кара кашканы, Чылбырынан алганы. Кездешкен жоого бармакка, Кесиреттүү Сомбилек, Үзөңгүгө бут салды. Кесир эмей неткени, Кекенишкен жоо турса, Күнү-түн уктап кеткени. Кара көк эмей неткени, Карсылдашкан жоо турса, Кадигине албастан, Камыкпай уктап кеткени. Коромжу менен Калдуубет, Ортого койуп кеңеш кеп: “Тамактанып алсак” — деп, Ажырашып кеткени, Жаңы аттанган Сомбилек, Ошондой жакка кез келди. Капталдап басып калкайып, Карааны тоодой залкайып, Кара кашка мингени, Кең соорусу даңкайып, Кармаса найза койкойуп, Он беште чунак болкойуп, Этек жеңин кумтунуп, Жалаңгыч сары кептенип, Ойноп турат кутуруп. Олуйасы баатырдын, Бирге жүрөт жанында, Көрүнүп койот Гүлүстөн, Кысталышкан чабышта. Жаны ачыган кези экен, Калдуубет менен Коромжу, Коркутуп экөөн барышка, Сийдиги агып бүркүрөп, Байтерек менен абышка, Барып көргөн кеп эмес, Мындан мурун чабышка, Барбайбыз деп айталбай, Кыжалат болот барышта. Кыйалын билди Сомбилек, Кыйналды коркуп экөө, деп: — Калдуубет менен Коромжу, Тамактанып келгенче, Азыгың камдап берейин, Жатып тургун экөөң деп, Беттеп басты Кадууга. Элүүчө аркар жатыптыр, Бер жагында адырда, Кулжасы курбу ташында, Куланы жатат астында, Аркар, кулжа, куландан, Ачып көздү жумгунча, Элүүсүн атты булардан, Абыке менен Байтерек, Көрүп туруп кубанган. — Байтерек менен Абыке, Жеп жаткан тамак мынаке, Эриксеңер эрмекке, Чыккыла тиги белеске, Калдуубет менен Коромжу, Катар сайып экөөнү, Мен жараймын керекке, Сен авазир болосуң, Абыке, берем белекке. Бузамын деп бирликти, Байтерек нечен кийликти, Аткарчудай кейпи бар, Колуна тийсе бийликти. Талаада берип меңсепти, Таштап койуп аларды, Бастырып баатыр эр кетти: — Барганың менен мени ээрчип, Баатырлык уруш башталат, Алай-дүлөй карсылдак, Бака-шака тарсылдак, Чака-чука барсылдак, Баралбайсың ал жерге, Баш калкалап мында жат! Бет алып басты ал жакка, Калдуубет менен Коромжу, Белдүүлөр жаткан эл жакка. Кырдан чыгып караса, Кылайган жерде адам жок, Же кыймылдаган караан жок. Жер упурап жыртылган, Чаңдаган жер топурак, Эңиш тарта бастырып, Эл жүргөн жерге келгени, Эрмек үчүн айтылат, Элден чыккан эрлери. “Калдуубет менен Коромжу, Жакырлар кайда кеткен?” –деп, Жаны ачыган Сомбилек, Жакын жерден жетсем, деп, Эңиш тартып керүүлөп, Келе жаткан эрди көр, Адам айран калуучу, Ар бир сонун ишти көр, Хандын баары калдаңдап, Мурду көөп барбаңдап, Талашып жаткан Тынымкан, Таалайы артык кызды көр. Коромжу келет дегенде, Коркуп кетип ор казган, Күйүмдүү сулуу Тынымкан, Көрсөтпөй эли сактаган. Билип баса жаткандай, Коромжу түшүп кол жаткан. Бу жерден кызды көрбөгөн, Капчыгай кууш, суусу шар, Суу ичинен жол ачкан, Өтө бийик мейкин тоо, Көрүнөт көзгө көк асман. Алдыңкы жерге көрүнөө, Кабардар кыздар бар жактан, Кыздар турган үңкүрдүн, Оозу жибек тор тарткан. Кобур-собур үн чыкпай, Кулак тынчып калганы, Үч күн болуп бараткан, Кеп баштады Тынымкан: — Курдаш кыздар мен айтам, Чоңдор кетип эл тынчып, Сел каптабай жер тынчып, Жел каптабай үйдү ыргап, Калайык калың эл жыргап, Калган чагы болгон бейм. Тордун барып түбүнө, Элдин жайын көрсөк бейм. Оң чекеде суусар бөрк, Жанында бар он беш кыз, Тынымкан мындай айтканда, Ач кыйкырык айбат жок, Жымжыртчылык басканда, Вазир кызы жөнөдү, Талаадан кабар тапканга, Не көрүнсө көзүнө, Тынымканга айтарга. Вазир кызы басканча, Уктап кетти Тынымкан. Мындай кызык уйкуда, Түшүндө көрдү бир ишти, Күлүмсүрөп муңайды, Түш көргөнүн билишти. Ойгонуп көзүн ачканда, Суу барбы алып келгин, деп, Чоросуна айтканда, Колу-жүзүн жуунуп, (Тынымкандай таза эмес, Бендеден бенде туулуп) Тактысына олтурду, Тал жибек белин буунуп. Авазир кызы Бек серек, Анчалыгы болбосо, Авазирлик не керек? — Ханыбыз биздин Тынымкан, Кабарың уккан жер бети, Калбай сизди талашкан, Карсылдашып нечен дөө, Калкандары жарылган, Канчасына капташып, Капилет өлүм табылган. Сени издеп эр келген, Кем-керчи жок камданып, Телегейи тең келген. Билеги жоон балбандан, Бири миңден алгандан, Кайкатып калың эл сурап, Жаңсанып жаагы талгандан, Андай хандан канчасы, Кызматын кылган залдардан, Калдуубет менен Коромжу, Капташып турат андайдан, Оогандын ханы Бакдөөлөт, Талашып сени келет, деп, Үчөө келип жатканда, Элге кыйын болот, деп, Манастын болсо тукуму, Эрди койбой жеңет, деп, Толкуган кыйан селдерди, Токтотуп аны берет, деп, Жердин бети жайнаган, Жык толгон баатыр келсе да, Жыпжылма кылып терет, деп, Ар качан Манас урпагы, Кысталган элге керек, деп, Кыйналганын элдердин, Кулагы угуп билсе эле, Кылчаңдабай келет, деп, Ата даңкын кубалап, Башка жерге бергенче, Дал ошого берсек, деп, Абыкени биздин эл, Барып кел деп Таласка, Көрүнүп кел деп сыйынып, Арбагы азыр Манаска, Атайлап ага жиберет. Келе турган кишинин, Аты эмес кабарын, Барбы, жокпу ал жайын, Аны толук биле элек. Кечикти деп Абыке, Аркасынан чаптырды, Байтеректи дембелеп. Кымбат баа жан элең, Сыйкырың сиңдим, бар элең, Капкачандан бер жакка, Алда кандай болор деп, Кайгыңды тартып зар элең, Өзүмдү таштап унутуп, Сени эстеген жан элем. Туралбай мында желдедим, Тордон карап жер бетин, Кабар алып келмекмин, Кандай көрсөм билгеним, Сага айтып бермекмин. Келет элем эмгиче, Сен уктадың аңчыга. Ойгонуп калса кана, деп, Мында болбой уйат, деп, Басалбай карап тургамын. Бар десең барып келейин, Буйругуң эки кылбайым. Авазир кыз токтолду, Көргөн түшүн айтмакка, Тынымкан сулуу октолду. Акылда түшү жоктолуп, Сүйлөбөй кыйла токтолуп, Көзүн сүзүп, каш серпип, Айтуучудай окшонуп: — Турабыз мында он беш кыз, Ата-энебиз асырайт, Алты уруктун кызыбыз. Бириңден бириң өөдөсүп, Кете турган жериң жок, Барыңар байкап угуңуз, Жастыктанып жатпадым, Уйкунун даамын татпадым, Жумулуп кирпик кеткенде, Мен түш көрө баштадым. Көөнүмдөн менин кетпеди, Биздин элди үч жактан, Каптап кыйан кеткени, Эки сел келип кошулду, Бирөө агып жетпеди, Бир суунун бети бир башка, Айран калдым мен буга. Асмандан келди кара куш, Карааны мага болду туш, Канатын ийип куушуруп, Катуу кирди ушул куш. Канатын серпип какканда, Как кыйанды чапканда, Какшып соолуп калганы,