← Сомбилек 3/4

— Бириң кары, бириң жаш, Келесиң кайдан эки баш? Арыган кары экенсиң, Шашылып барып бир жакка, Кайткан кары белемсиң. Самаган жерге жете албай, Күнү-түнү бир тынчып, Ат өргүтүп эс албай, Жүргөн киши экенсиң, Кай тарапка барасың? Карыйам, кебиң саласың. Карышкыр жүрөт ээрчитип, Башыктырып баласын, Дайынын айткын угайын, Кыргыз жери Таластын, Кыйноосун тарткан экенбиз, Кыйамында Манастын. Оогандын Кабыл шаарынан, Мен Бакдөөлөт келатам, Түркмөндөн барып кыз алам, Тынымкандай уз алам, Кабарын угуп сулуунун, Алсамбы деп баратам, Ооганды карай кетерде, Таластан барып өч алам, Кызыталак кыргыздын, Бооз катынын жарбасам, Чытырап кооз кийинген, Кыздарын олжо кылбасам, Сүттүүсү менен сүрөгүн, Сүрүп малын айдатам. Угушумча нечен жыл, Козголбой кыргыз келаткан, Кылымдан бешөө артынан, Өтүп кетип бараткан, Баарыбыз адам баласы, Манасты кандай жараткан? Чыныңды айткын жашырбай, Чын сурадым, абышкам, Жайыңды айтып билдиргин. Жаныңдакы жаш балаң, Эр көкүрөк, сом далы, Балбан болчу бала экен, Кызыгышса кан иччү, Жакыр болчу жан экен, Басканында жер чаңдап, Такыр болчу бала экен. Кененимди кармаса, Кебез тоочо бар экен, Каарына алса бул бала, Так Үргөнчтөй шар экен. Кабарын толук айткының, Кайсы элдин жашы экен? Ачык айта кеткиниң, Атасы мунун ким экен? Бирге турган Сомбилек, Абыкеге кеп бербейт, Таласты чабам дегени, Сомбилекке эп келбейт. Ойунда турат Сомбилек, Ажалы мунун жеткен, дейт. Ошондо айтат Сомбилек: — Белдүүсүнүп, Бакдөөлөт, Мен оогандан келдим, деп, Аларым сулуу кыз, дедиң, Таласты неге издедиң? Талаарым түркмөн журт, дедиң? Манасты неге эстедиң? Бараарың түркмөн журт болсо, Аларың сулуу кыз болсо, Душманым качып колумдан, Кууп келем мен болсо. Кабарга барган жан экен, Абышка жайы ал экен, Айтсам сага түп жайым, Мен Манастан калган бала экем. Кеп сураган карыйаң, Абыке деген чал экен, Сен алычу Тынымкан, Алуучу эри бар экен. Коросондо Коромжу, Сулууну берсең алам, деп, Тынымканды бербесең, Түп көтөрө чабам, деп, Коркутуптур бул журтту, Алычу эри ал экен. Коромжунун кабарын, Мага барып айтмакка, Абыке кетип бараткан, Жолугуп калды талаада, Калдуубетти качырып, Артынан кууп келатсам. Таласка барбай жаткын, деп, Издеп барчууң менмин, деп, Кайта алып келатам, Жерим Талас дегенде, Элим алаш дегенде, Кабарга барган Абыке, Алып келдим дегенде, Элебей турган Бакдөөлөт: — Токтой турчу, бала, — деп, Токтоло калып мындай дейт, Каарымды көрбөй апкаарып, Кайып кетип жатасың... — Атамдын аты Бекбача, Өзүмдүн атым Сомбилек, Оозуңа келип тыгылып, Укканыңды унутуп, Апкаарыпсың эт жүрөк, Түп атам Манас айкөл шер, Сен унутар киши эмес. Айтканың билбей унутуп, Эсиң чыгып, уу жутуп, Анталаган экенсиң, Тайны жок айткан кебиңдин, Тамталаган экенсиң, Оогандын элин билем, деп, Далбаңдаган экенсиң, Кара күчкө калп эле, Калдаңдаган экенсиң, Кайсы экениң белгисиз, Дардаңдаган экенсиң, Кыз алам, деп ашыгып, Салбаңдаган экенсиң, Камыш эмес жекенсиң, Кыз алам, деп ашыгып, Бекер келген экенсиң, Кыз алам деп оогандан, Аттаныпсың анталап. Менин да бар ойумда, Тынымкандай сулуу алмак, Өткөн өчүң бар беле, Таласка барып чуу салмак? Барамын деп Таласка, Чет келип иши Манаска, Калдуубет качып жоголуп, Менин ойума бармак, Абыке айтты бүт баарын, Жолумдан мага учурап, Коромжу келип жатыптыр, Коркутуп элди ал камап. Биз үчөөбүз, кыз жалгыз, Бак-таалайга салышып, Бирөөбүз кызды аларбыз, Тынч жаткан элди коркутуп, Кара калпак элине, Эминеге барабыз? Айтып барсын кабарды, Абыке биздин агабыз, Коромжу келсин бул жерге, Ким жеңилет, ким жеңет, Андан кийин барарбыз. Үчөөбүздүн үч башка, Ээрчишпеген санаабыз, Кимге багы жар болсо, Кызды ошол аларбыз, Кабарын уккан сулууну, Сүйүп моокум канарбыз. Коромжу барсаң канетет, Абыке калыс ага сиз? Камынып келсин Коромжу, Бейкам келдим дебесин, Коромжу менен Бакдөөлөт, Кошулуп экөө бириксин, Жалгыздан жүрүп алдырып, Арманда калдык дебесин. Чамасы келип чарк жетпей, Чамыккансып баратса, Калдуубетти келсин деп, Айттырып киши жиберсин. Сулуу кыз тапкан элиңер, Эл башкарган ханыңар, Кызыксаңар урушка, Тамашага келиңер. Келбесе калсын башкасы, Абыке аба, өзүң кел. Кабарга келген абамсың, Бакдөөлөт менен Коромжу, Кол кармашып бириксин. Арбагы Манас жар болсо, Коркпой туруп алармын, Олжоңду каалап аларсың, Элиңе барган кезиңде, Менин атым Сомбилек, Манастын уулу келди, деп, Элиңе айта барарсың, Тынымкан уксун атымды, Чыгарсын ичтен дартыны. Койбоймун тирүү эл билсин, Коркутуп элди жан баккан, Коржоңдогон Коромжу, Эл бүлүнткөн жакырды. Коромжу өлсө жан тынбайт, Койгулашып салышпай, Бакдөөлөт карап бул турбайт, Кабар укса Калдуубет, Мен алам, деп бел байлайт, Корптой туруп үчөөнү, Сомбилек уулуң тең жайлайт. Ошончолук болбосом, Укпай туруп түркмөндүк, Эмне үчүн бел байлайт? Кара калпак, өзүбек, Кабарымды уккан жок, Коромжу келип коржоңдоп, Элге бүлүк салды чок. Тажик, калча элдери, Манастан урпак бардыгы, Булар такыр билбеди, Күч келгенде жанына, Көзү менен көрбөгөн, Кулагы угуп билбеген, Жок ишке сизди жиберди, Бар болуп Манас тукуму, Жок болду элдин күмөнү. Ишенгени чын болсо, Бак-таалайым бар болсо, Арбагы Манас колдосо, Коромжу менен Бакдөөлөт, Колдору отуз миңден бар, Коркуп кетип Сомбилек, Кол сурады дебесең, Колбутуп айдап олжоңду ал. Мактаныптыр дебесин, Көзү менен көрүшсүн, Тийер болсо керегим, Кызга сөйкө салгамын, Алтымыш миң ат болсун, Ошол болсун бергеним. Керт башыңа Абыке, Авазирлик сыймыкты, Дал өзүңө беремин, Тийер болсо Тынымкан, Ала келгин белегин. Бакдөөлөт менен Коромжу, Жеңип алсам бул экөөн, Тынымкандын ойунда, Эч болбосун жок күмөн, Тийбес болсо Тынымкан, Душманыңдан куткардым, Зордоп тийгин дебеймин. Айдай жаркын нур бетин, Өмүрлөшүп кошулсам, Тынымкандын көрөйүн, Айтканымды кылбасам, Адам болбой өлөйүн. Көп кечикпей күн өтүп, Калдуубеттин каарынан, Бараң менен шаңкайды, Андай эчен канчаны, Кулданып алган калчаны, Ажыратып алайын, Атамдын кылып нускасын, Улайын учу кыскасын, Кемтигине курайын, Кеп билгенден сурайын, Кейишти тарткан ким болсо, Керегине жарайын, Буларды салып жолуна, Көп кечикпей барайын. Башка иши жок болуп, Оогандан келсе Бакдөөлөт, Кыз үчүн келсең козголуп, Талашпай сага кыз берип, Жакшылашып калайын. Бар болсо кегиң Манаста, Бармакчы болсоң Таласка, Кебиңди айтчы, Бакдөөлөт, Түп сырыңды угайын. Бакдөөлөт турду оолугуп, Күрсүлдөп сүйлөп буулугуп: — Манастын уулу Сомбилек, Байатан айткан кебиңден, Коркуп кетчү мен эмес. Ооганга барып кол салбай, Орто жерге жол салбай, Манасың бекер жүрчү эмес, Түп атамды алыптыр, Түйшүктү Манас салыптыр, Аз келгенсип анысы, Оогандан жалгыз кыз чыкса, Айчүрөктөй уз чыкса, Чынкожо менен Толтойдон, Семетей тартып алыптыр, Жашырып жабар жериң жок, Барлык элге аныктыр. Тынымкан сулуу чыкты, деп, Кулагым укту ыраактан, Ал үчүн келдим түркмөнгө, Аты чыккан кызды алам, Атайын барам Таласка, Атамдан берки өчтү алам. Күң кыламын кыздарын, Кул кыламын уланын, Колбутуп айдап жөнөйүн, Корооңо койбой бар малың. Чабалы болсо таштаймын, Айткандан кайра тартпаймын, Кемпир менен чалдарың, Кесип башын таштаймын.