Келини менен жубаның, Кейишке башың саламын. Май жебейт ити деп угам, Эл кыдырып кыргызга, Күндүк тамак суратам, Моңгул, кытай, манжуга, Кабар салып мен айтам, Кектүүлөр келсе соога деп, Куру кетпей мына деп, Кыргызды бөлүп таратам, Жаным тирүү турганда, Жалпы алашты каратам, Жагалданып мактанып, Жабырадың сен, балам. Катарда киши кептентип, Кармашып жеңдиң муну, деп, Калган элге уйалбай, Кай бетим менен мен айтам? Сен эмес, бала, тетиги, Коросондук Коромжу, Кошуп аны дагы алам, Укпагамын мурунтан, Мактадыңар байатан, Калдуубетти мен угам. Калкка кара санаган, Кара нээт неме окшойт, Калтырбай аны дагы алам, Манжу, моңгул, кытайга, Кучакташып кол артам, Аралашпыз кашкарга, Карабайбыз башкага, Кыр кез деген кезегиң, Келтирейин башыңа, Жаныңдан тойгон экенсиң, Он төрт - он беш жашыңда! Айтып болуп Бакдөөлөт, Кан ичме жинди кара нээт, Опколжуп кирди качыра, Беттештирбей алам, дейт, Өпкөгө найза батыра, Бакдөөлөттүн жөлөгү, Жайнаган отуз миң аскер. Сомбилектин жанында, Аксакалдуу Абыке, Сомбилек менен Бакдөөлөт, Баштап кетти урушту, Ойлоп көргөн кишиге, Оңой эмес жумуш бу. Оодарылып кетчүдөй, Каран калган курган жер, Айран кылат аптыгып, Көзү муну көргөн эл. Бакдөөлөттүн аскери, Баатырына ишенет, Жалгыз караан бир четте, Абыкеге күч келет, Оңдоп кармап камчысын, Улам ээрдин тиштенет: Тирүү эмесмин өлдүм, — дейт, Жолу каткан балага, Жолугуп кайдан келдим? – дейт. Баргын деген Таласка, Кара калпак элдерин, Калгандын баарын жемелейт, Талаада тилдейт Абыке, Анын тилдегенин эл билбейт, Одураңдап Бакдөөлөт, Оройу суук бул дөбөт, Өжөр бала Сомбилек, Ого бетер көгөрөт, Бакдөөлөт менен Сомбилек – Баатырлар найза өңөрөт, Басташкан баатыр эки дөө, Баары аскер аттан түшкөн жөө, Баш аламан сайышып, Бакырышат бул экөө, Отуз жашта Бакдөөлөт, Он бештен жашы аша элек, Ойротто жок Сомбилек, Көрүп турган көпчүлүк, Баатырлыгын белгилеп: “Көрбөгөн киши укканбыз, Бекбачадан кем эмес, Бели катуу бала экен, Берен болчу жан экен. Бараалына келгенде, Басташып келсе бар бенде, Беш тараптан жоо сайса, Беш катарлап кол сайса, Козголуп койбос кара таш, Салмагы тоодой бар экен.” Карап турган оогандык, Ойлонгону ал экен, Жанагы келген Абыке, Бекбачаны сайышта, Бир катар көргөн жан экен. “Айткан эле Сомбилек, Бекбача менин атам, деп, Калп аралаш кеп айтпай, Айткан экен чынды” — деп, Күлүп ийет кээ-кээде, Көзүн ирмеп жымыңдап, Баракелде бали деп, “Манастын уулу Сомбилек, Сайышып көрдүм болду, — деп, Өлсөм мейли карганда, Баатырдын көрбөй сайышын, Өлгөнчөктү арманда. Арбагың Манас жардам кыл, Сомбилектей балаңа. Бакдөөлөттү жеңди деп, Коржоңдогон Коромжу, Кыр көрсөтүп барарга, Барлык киши талашкан, Тынымкандай сулууга, Баланы мактап барайын, Кара калпак элиме, Бар кебимди салайын”. Эрдигин таанып Абыке, Эрбеңдеген баланын, Айтар кебин тизмектеп, Ойлонуп турат Абыке, Элине айтар саламын. Чактап болду Сомбилек, Бакдөөлөттүн абалын, Бири отузда, бири он беш, Ошол экөөн карагын. Тоодой болгон Бакдөөлөт, Томуктай бала Сомбилек, Койгулаша келгенде, Окшош экөө тең жүрөт, Карсылдаша кеткенде, Найзадан жалын от күйөт, Кимиси баатыр ким коркок, Карап турган эл билет. Ондон ура сайышып, Өжөрлөнүп тайышып, Өчөшүп турат бул экөө, Бир-бирине кайышып. Өтпөй найза калганда, Балта менен чабышып, Сомдогон темир балта курч, Байкап турат калган журт, Куйкалары куйушуп, Чындап ачуу келгенде, Маңдай тери бырышып, Күн-түнү жок бир тынбай, Келе жатат жулушуп, Бадана томдор жыртылып, Байкаганга бир шумдук. Темир кылбай чыдаштык, Темирден болуп катураак, Чылгый эттер чыдашып, Чойундар кылбай чыдаштык, Чойундан сөөктөр катураак, Тоготпой булар чыдашып, Барган сайын чыңдалып, Тарамышы чыйралып, Бакырыгы баш жарып, Кыйкырыгы таш жарып, Жердин бети солкулдап, Оодарыла тас калып, Оруп жыйып алчудай, Оодара сайып салчудай, Одураңдап Бакдөөлөт, Айабай ачуу келгенде, Анын бетин ким көрөт. Кайратына карк толуп, Согончок менен теминип, Каарданып кирди ат койуп. Кармаган найза ак түпөк, Орто тоодой зоңкойуп, Оогандын ханы Бакдөөлөт, Бу белгиси келүчү, Бул белгиси келгенде, Билиндирбей миң колду, Бир демде кырып ийчү. Найзасын сайса караташ, Как жарылып кетүүчү, Дөбөдөй болгон неченди, Илип алып найзага, Бастырган бойдон келичү, Канча сапар эр сайган, Калкы муну билүүчү. Оогандар турат белгилеп: “Бакдөөлөттүн кадимки, Каары-күчү келди, — деп, Сомбилек эми жок болот, Кара жерди кучактап, Бул жалгандан кетти” – деп. Жаны ачыган Сомбилек, Жарак албай колуна, (Жаш беренди ким билет, Эмине бар ойунда), Тиктеп турат баатырың, Тиштенип ээрдин бекемдеп. Ойунда келет Бакдөөлөт, Омкоро сайып өтөм, деп. Найзанын учу жеткени, Ирмебей тиктеп кирпигин, Улай кармап алды эми, Сабын кармап Бакдөөлөт, Учун кармап Сомбилек, Байыркы өткөн эрлердин, Баатырлыгын ким билет, Ушундай жерде көрөбүз, Эрдигин анын белгилеп. Көргөндөр айткан кеп экен, Үзүлүп найза кетти, деп. Найзасы сынып кол чолок, Бакдөөлөт калды томолок, Сомбилек минген кара аты, Алчактай басып жорголоп, Эңкейип баатыр Сомбилек, Түп этектен алганы, Көкбөрү тартчу улактай, Үзөңгү боого салганы Ошол өңдүү иши болсо, Бакдөөлөт туруп алабы? Бул этектен алыптыр, Үзөңгү боого салыптыр, Капталда калды кабышып, Кандырга атты салышып, Буттарында үзөңгү, Карсылдашып кагышып Чымдуу жерди аңтарып, Дөмөр башты каңтарып, Ойулуп кетчү немедей, Саз солкулдап аз калып, Тизгин колдо бош эмес, Жүрөргө атты башкарып, Жыгылды баатыр Бакдөөлөт, Эңиш карай баштанып, Үзүлүп кетти этеги, Бакдөөлөттүн сур аты, Ойноп качып кеткени, Атты кармап алам, деп, Сомбилек кууп жетпеди, Кылчайып артын караса, Бакдөөлөт кооп кеткени. Оогандан ону келиптир, Токулуу тулпар бериптир, Эрдемсиген Бакдөөлөт, Жер тайанып жыгылып, Ичинен жалын от күйөт, Арданганы аттан чоң, Айабай ачуу келиптир, Кордонгону койдон чоң, Куп ачуусу келиптир, Туулгасын кийип тултуйуп, Туурасы жоон култуйуп, Каарданып Бакдөөлөт, Карманып балта көгөрүп, Кунан уйдай балтасын, Алдына туура өңөрүп, Оңой эмес Бакдөөлөт, Өзүңдөй нечен эр өлүп, Уйалгандан Бакдөөлөт, Чыдамы кетип жаладан, Тоңкойуп аттан жыгылып, Томуктай болгон баладан, Өңөрүп алган балтасын, Колтугун чойуп көтөрүп, Күч келгенде жанына, Күрс дегенче жөтөлүп, Үзөңгүгө тамандап, Кобо калып Бакдөөлөт, Балтасын шилтеп калганы, Баатыр бала Сомбилек Балтасын башка тийгизбей, Кар жиликтин булчуңга, Качырып найза сайганы, Булчуң эти булунуп Жаткан иттей булчуң эт, Ыргып кетти чулуйуп, Колундакы балтасы, Жерге түшүп дулуйуп, Буудан бала Сомбилек, Чаңдан чыкты суурулуп, Томолотту атынан, Тоодой болгон чочкону, Найза менен бир уруп. Бакдөөлөт ишин бүтүрдү, Көмөрүп аттан түшүрдү, Ойлоно калды Сомбилек, Көрсүн деп ооган күчүмдү, Далыдан ары муштады, Айбалкайдын сөөгүнөн, Найзанын учу кылтайды. Илип алып найзага, Майдандан кайта басканы, Карап турган оогандык, Калбай баары качканы. — Качпаган ооган калкы, — деп, Кырыласың жалпы, — деп, Мен Сомбилек жаш бала, Жаңы чыккан баатыр, — деп, Түп атамдан мага нарк – Өчөшкөндөн кан ичмек. Барганым жок ооганга, Душман бар деп мен издеп, Кара калпак элине, Келипсиңер кыз издеп, Угуп турдуң баарыңар, Ханыңа айттым жакшы кеп. Тил албады Бакдөөлөт, Баланын алы канча, деп, Ханыңды сайып кулаттым, Калганыңа катылып, Мен эмесмин кара нээт, Найзаңды кармап колуңа, Мылтыгын асып жонуңа, Кылычың байлап жаныңа, Тонуңду чечпей кийе кет, Кеңдигимди биле кет, Кек издеп, аскер келбеди, Айдап келген Бакдөөлөт, Аттарыңды мине кет, Барлык нерсең өзүңкү, Кереги жок биздерге. Жолдоку элге катышпа, Кеңчилдик ошол сиздерге. Бүгүндөн баштап оогандан, Уламадан улайым, Укмуштуудан сурайым, Ушул турган силерден, Укмуш укса кулагым. Бүт баарыңды кырамын! Бакдөөлөттүн урушка, Кийген тону бул экен, Минген аты канча эле, Жашырбай да, жаптай да, Алып келгин бул жерге, (Бакдөөлөттүн ардактап, Минген алты тулпарын, Жоо кийими, жарагын, Калтырбай алды бүт баарын) — Эми турбай, оогандык, Элиңди карай чубагын, Менин айткан кебимди, Унутпай уксун кулагың, Абыкеге Сомбилек, Мынабу алты тулпарды, Ар биринин бир миңден, Жылкычалык баасы бар, Тандап туруп Абыке, Жаратып туруп бирин ал, Шалпылдатпай атыңды, Жагалдантып минип ал, Ала барып бешөөнү, Кара калпак болсоң да, Тынымканга сөйкө сал. Бакдөөлөттүн кийимин, Олжосуна алышты, Артып алып атына, Бастырып кетип калышты. — Чапчаңдата бастырып, Кийликпей жолго салалык, Коромжудан кегиңди, Алып берет балаңыз, Карындашың Тынымкан, Эми тапкан олжону, Калыңына алыңыз. Карап турат көзүңүз, Айтып келген өзүңүз. Коромжу колу отуз миң, Бакдөөлөттүн ат-тонун, Көрүп көөнү болсун кир. Жүр, абаке, жүргүн, — деп, Жүрүп кетти Сомбилек. Суурулган Сурча тулпарды, Минип кетти Сомбилек, Муну мындай таштайлы, Сомбилектин Шүкүрлүү, Барганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.