← Сомбилек 1/4

Эсирген Бакдөөлөттүн жер кабышы

Өткөндөр өкүм берди, деп, Жетимдиктен кутулдум, Оролума келдим, деп, Батышты карай жөнөдү, Басташар жоосун белгилеп, Арада эчен конуптур, Таалайы артык жетимге, Дагы жумуш болуптур Жумуштун жайын угуптур. Өзү кары аксакал, Учурады бир адам, Салам айтып кол бербей, Ким болосуң дебей, Айалдабай Сомбилек, Катуу барат ченебей. Жолуккан кары кеп айтат: Тура тур балам, — деп, айтат, Ат сурашып кеп угуп, Андан кийин кетели, Жолубузга бөлүнүп, Ичеги-бооруң эзилет, Ажарлуу жүзүң көрүнүп. Кайсы жактан келесин? Кайсы жакка барасың? Билесиңби кабарын, Айкөл Манас жердеген, Айтылуу жери Таласын? Карыйадан кеп угуп, Таластын аты чыкканда, Тура калды бурулуп: — Ассалама алейкум, Жолуңуз болсун карыйа, Не жумуштан барасыз, Сурумжалдап Таласка? Жердээр деп жүрөм Таласты, Оорагын билем башынан, О дүйнө кеткен Манасты. Таластан келдим бул жерге, Бармакчы болуп жөнөдүм, Батышта маңгыт элдерге. Сомбилек мындай дегенде, Алсыраган аксакал, Алдырап кебин баштаган: — Алейкум салам, жаш бала, Тура турчу аз гана, Желе-жорто келайтам, Жетем деп качан Таласка, Көрбөгөмүн Таласты, Көп укканмын элдерден, Ээлеген ээси Манасты. Мен карыны сурасаң, Кара калпак элинен, Шүкүрлүүнүн тоосунан, Мында араң келдим мен. Шүкүрлүү бизге жер эле, Алты уруу эл эле, Кара калпак, түркмөндүк, Тажик, калча дээр эле, Жүржүт менен жуда бар, Алты уруусу ал эле, Алты урууну башкарган, Карманап менен Карадөө, Ага-ини неме эле, Карадөөдөн тукум жок, Орунсуз экен дүйнө шок, Карманаптын алганы, Хан Жакыптын Кардыгач, Ал Манаска эже эле, Кардыгач менен хан Манас, Жатындаш тууган деди эле, Түшчү, балам, бул жерге, Айалдагын бир демге. Ат чалдырып алалы, Айтышып кепке каналы, Суусун ичип алалы, Сурашып кепке каналы. Аттан түшө калышты, Отко койо салышты. Калдалаңдап карыйаң, Чаначын чечип жанынан, Жан айагы бар экен, Кошо кармап сабынан, Чаначынан кымызын, Баса койуп абыдан, “Тамак берсең кишиге, Өзүң ичип бер” деген, Өткөндөрдүн кеби экен, Бул айтканы эп экен, Сапты айактап кымызын, Каргыта жутуп жиберип, Чаначтын оозун имерип, Мелтилдете толтуруп, Ичкин, балам, ичкин, деп, Дембелеп бешти ичирип, Курсактын ишин бүтүрүп, Кардын сылап абышка, Улутунуп үшкүрүп: — Эми, балам, менден ук, Менден уксаң бейлеп ук, Карманаптын урпагы, Үзүлбөй келди бар дагы, Шай колдогон Манастын, Колдогон белем арбагы. Бүгүн бар уулдун алы жок, Кызы сулуу Тынымкан, Бендеден андай деги жок. Отуз кызга баш эле, Он төрттө өзү жаш эле. Башынан калган нарк экен, Сулууга ар ким кас экен. “Коросондон келдим, — дейт, Коромжу атым билгин, — дейт Алты уруктун айлы сен, Тынымканды бергин, — дейт, Бербес болсоң Тынымкан, Беттешер жерге келгин” – дейт. Тартууга берсең мал албайт, Алтын берсең зар албайт, Суйкайган эчен кыз бердик, Тынымкан дейт, аны албайт, Күндө бирден жаңылап, Салык алып эл кыйнайт. “Коросонго бергенче, Мени өлтүрүп койгун” –деп, Тынымкандай кыз ыйлайт, Коромжудан кысталдык, Кол сунганын бере албай, Эл чогулуп кеңешти, Кеңеш болду ар кандай. Ар жерде кары элдер бар, Акыл тапты олтуруп, Ак сакалдуу карылар: “Ак калпак кыргыз алашка, Аттанып бириң барыңар, Айкөлдөн урпак бар болсо, Башына сыймык бак консо, Алып келе калыңар, Кыргыздан айла болбосо, Келбес бекен алыңар, Таласка барып келгенче, Коромжуга жок жерден, Бир шылтоону табыңар”. Акылды антип эл тапты, Айтылуу Талас жер тапты. Абыке барып келгин, деп, Шайлап мени атказды. Улуу-кичүү – баарыдан, Учураган адамдан, Сурамжалдап келатам, Калтырбай кепти мен айтам. Таластан келдим мен дедиң, Ачык айтып маа бергин, Таластын чоңу ким болот? Дайынын анык билейин, Баш кишисин айтып бер, Жооптошуп келейин. Басташар барбы душманга, Барганыма жараса? Убара болуп атайын, Белдүү баатыр эр болсо, Баштап алып кайтайын. Абышка айтып токтолду, Коромжу атын укканда, Кайран бала шоктонду, Тынымкан сулуу, дегенде, Жүрөгү жалын чок болду, Баатырдын уулу Сомбилек, Сөзүн баштап козголду: — Чоң атабыз карыйа, Жолугуштук талаада, Бар сырың айткын жашырбай, Мендей жүргөн балага. Чокчоңдогон Коромжу, Сомбилек бала мен бармын, Чукуп көзүн аларга. Түп атабыз эр Манас, Жерибиз Кеңкол, чоң Талас, Калдуубет барды маңгыттан, Алмакчы болуп эл талап, Беттешип чыктым мен ага, Бейпайды салдым аларга, Келгенине кайгырып, Уктабай калды бушманда. Беттештик алты күнчөлүк, Алты күндүк сайышыш, Калдуубетке күч келип, Качып кетти элине, Кайта кетти жерине, Аркасынан баратам, Азабын колго берүүгө, Атамдын аты Бекбача, Таласка тепсеп келгенге, Мен боломун чоң капа, Угуп алып Абыке, Күлгөн болуп калп эле: — Бардыбы сага Калдуубет? Калдуубет качты дегениң, Жарабаган бул бир кеп. Күн батыштын тарабын, Күндө уулаган Калдуубет, Күндө тыным алдырбай, Түндө уулаган Калдуубет, Иран, Багдат биригип, Алы келбей кан сийип, Эл чуулдаган Калдуубет, Жан жүрбөстүн кумунда, Шер койбогон Калдуубет, Түштүк менен батышка, Эр койбогон Калдуубет, Менден качты дегениң, Киши угаар кеп эмес, Жумуру баш айры төш, Адам уулу тең келбес. Кең далылуу Калдуубет, Жылда келет биздерге, Келбейт өзү дегеле, Жылкычы, койчу кем таалай, Келет биздин элдерге, Алдырайбыз делдеңдеп, Айанбай мал-пул берерге. Кантип аны качырдың, Муштумдай бала сен эле, Алдындагы кеңеште, Коромжуга бербеске, Калдуубетке бармакбыз, Коромжуну өлтүртүп, Кутулуп андан калмакбыз. Пейли бузук Калдуубет, Ал кишинин этин жейт, Айбан мүнөз чочкого, Тынымканды кыйалбай, Таласка бастык паана издеп, Угуп жүргөн кеп үчүн, Калдуубет качты дегенге, Ишенбеди Абыке. Абыкеден кеп угуп, Тынымкан сулуу, деп угуп, “Коромжу келип коркутуп, Койуптур элди куурултуп, Калдуубет качты дегенге, Ишенбеди Абыке” Сомбилек айтат ошондо: — Кебимди уккун Абыке, Ат арытып тон тозуп, Атайын келдиң бул жерге, Дайнымды абдан угуп ал, Андан кийин жолго сал. Түп атам Манас зор өткөн, Беттешкен пенде жок өткөн, Бей ажал өлбөс Семетей, Белдүү туулуп чоң өткөн. Семетей уулу Сейитек, Ат көтөргүс дөө өткөн, Жыйырма бештен ашканда, Ат мине албай жөө өткөн, Сейитектен Кененим, Жалаңгыч сарык дегениң, Эр Кененим зор өткөн. Кененимден Сейити, Кекенишкен душманга, Салып келген кейишти. Кең керкитте Сулайман, Жети дөө уулу биригип, Калбаган жанын соогалап. Кармашкан жоого башында, Окко учуп өлүптүр, Жыйырма эки жашында, Сейитиден эгиз уул, Асылбача, Бекбача, Алысбача өлүптүр, Жыйырма беште жашында. Иниси калып Бекбача, Душманга салган көп жапа. Ат изин адам салбаган, Ата конуш Таласка, Уккан айран калгандай, Бекбачанын ишине, Барып келген деп айтат, Дөө, перинин ичинде, Жеңилбептир өлгөнчө, Жер жүзүндө кишиге, Акыл менен иш кылган, Кырк төрттүн ашын берем, деп, Ай-ааламды бүт жыйган, Кабар уккан барлык жан, Калбай келген ар кайдан, Кыргызды талап алсак, деп, Ойунда кастык балардан. Келген элди жаткырып, Майга чылап бактырып, Байгеге атты чаптырып, Токсон бешти бир сойгон, Мырзабекти баш кылып, Кыйа карап койгондун, Эки көзүн жаш кылып, Жараткан экен кудурет, Эрибес боорун таш кылып, Өлүп кеткен уу ичип, Койнунда катын кас кылып. Кыз катындан мен туулдум, Атымды уксаң Сомбилек.