Түпсүз дүйнө экенин, Көрсөтөлү көзүнө, Сомбилектей баланын, Эркибизге жөн койгун, Бирден-бирден баралы. Жибербей сен койгондо, Эрдик атты өчүрүп, Жоготосуң чак алы. Тобубуз менен киргизип, Карматып алып сен аны, Кыйалыңда ал экен, Балбандык атты алгалы. Арасында бири бар, Аты Мөндүр билип ал, Жалганы бар, чыны бар, Өз элинде жүргөндө, Ойноп-күлгөн күндөрдө, Каманчы менен Калкатай, Коркутуп келген жини бар, Курт өлтүрө сүйлөгөн, Жыландан заар тили бар, — Ушул күчүм барында, Сомбилек мага тең эмес, Каманчы менен Калкатай, Сулаткамын экөөнү, Сомбилек андан эр эмес, Айтып болуп мөндүрү, Ойуна албайт өлүмдү, Чөмөрүп туулга томпойуп, Туурасы жоон, бойу пас, Оройу суук култуйуп, Сакалы жок ээгинде, Караса башка мултуйуп, Түк чыкпаган дегеле, Эки бети тултуйуп, Аркасын карай бурулуп, Баш бербеди жулунуп. Бөлүндү элден маңдайга, Жалгыздан чыкты майданга, Карап турбай Сомбилек, Жолборс жүрөк мындайда. Кара кашка ат менен, Каадалуу баатыр салт менен, Бастырганы бөлөкчө, Байкаса эрдик нарк менен, Ойноо бала чунагың, Ойнотуп минген тулпарын, Отуз эки ат машы, Орто жерде көрсөттү, Кыйындыгын кызматын, Көргөндөргө өткөздү. Маңгыттан чыккан балбанда, Өнөрү жок андайда, Элкиндеп келген Мөндүрдүн, Кортоңдогон өлгүрдүн, Көмө сайам, деп келген, Баланын көрдү өнөрүн, Ойлобой Мөндүр өлөрүн, Камчылап атын чу койду, Тартынбай Мөндүр түз барып, Күчү менен сурданып, Колуна кылыч курчту алып, Буттап темир курчанып: “Кылыч менен чабам, деп, Кыргыздан келген баланын, Кыйамын эми табам деп, Жаш баланы жеңбесем, Боломун качан адам, — деп, Колумда болот жарагым, Куткарбайым аны” — деп, Жалтылдаган кылычы, Жалаңгычтай Мөндүрдүн, Жан айабай чабышы. Мөндүр менен Сомбилек, Айкын түздө табышты, Күлүктөрүн чуратып, Күчүн-күчкө улашып, Карап турган көпчүлүк, Басылбай үнү чуулашып, Эрикпестен сайышты, Эки күнү салышты, Ала алган жок бир-бирин, Аңтарып аттап сулатып, “Мөндүрүм мыкты экен” — деп, Калдуубет турат кубанып, Эки күнү урушуп, Жан айабай жулушуп, Каны качып Сомбилек, Кайгыдан өңү кубарып, Кыргыздан келген Кара көк, Камыгып ичтен муңайып: “Эңшере сайып жеңе албай, Эки күн жүрүш кайсы кеп? Элимди кантип багамын? Кегимди кантип аламын?» Бир кишиге эки күн, Беттешкенге кайгы жеп, Өрт жалындап жүрөгү, Эрте өлгөн жанмын, деп, Өчөшүп кирди мейли, деп, Кызыгып турат чоң Мөндүр, “Кыйамына келер, деп Сайдырбайын найза жеп, Мен сайайын аны, деп, Өткөрө берип алдыма, Өрттөнгүрдү сайсам” – деп, Аны ойлоп Мөндүр алыптыр, Шум кыйалы Мөндүрдүн, Сомбилек билип калыптыр. Кабызет Мөндүр кылган кеп, Качырып жетти Сомбилек, Кыйалына Мөндүрдүн, Кыргыздын уулу койобу, Кыйамына келтирип, Кый сүбөөгө бир койду. Баатырдан найза жеткени, Жетпегенде неткени, Карааны капка чоң Мөндүр, Камгактай учуп кетти эми. Буудан туулган чунагың, Мунун башын кести эми. Кылчайып артын карабай, Кылычын майлап жайма-жай, Маңгыттын жолу байланды, Бастырып бирөө бара албай. Мөндүргө жакын жамгыры, Бар кайратын жам кылды, Узун бойлуу кең далы, Тоодой чочко бастырды. — Сайар болсоң болгун, деп, Сайбас болсоң койгун, — деп, Калдуубет муну шаштырды. — Барбагын десем тил албай, Тогузуң мойнуң толгодуң, Барган менен Мөндүрдүн, Сомбилек алды томпойун. Тилимди алсаң сен барба, Өлүм ачык барганда. Тил албасаң, бара бер, Барыңарды батырат, Боору жазы кара жер, Ээленбей, Жамгыр, жөн тургун, Бул нөөмөттү мага бер, Калдуубет элге каранмын, Кардын жарып от алып, Жара сайып келейин, Мен-менсинген баланын! Угуп Жамгыр көгөрдү, Оолугуп чочко жөнөдү, Ойуна албайт арамдар, Оодарылса өлөрдү. Бала баатыр кекенди, Алп Манастын тукуму, Ойлоп көрчү бекерби? Кайратын бала жам кыла, Акыл ойлоп кам кыла, Оолуктурбай Жамгырды, Ортодо башын кесерди, Оолугуп Жамгыр жеткени, Оодара сайыш ой менен, Ортодо турган беренди. “Найза сайды өлгөндөр, Сайдырбай бала койду, — деп Найзанын иши болду, — деп, Баарысын бала сойду деп, Байкадым баарын мен Жамгыр, Өлгөндөрдөн мен баатыр” Эшик эңдүү балтаны, Эптей кармап алганы, Эбин эми табам деп, Эмгектен нары салганы, Тийгизбестен балтаны, Жалтайбаган Сомбилек, Мизинен улай кармады, Кармады балта темирин, Күч берген кубат теңирим, Сууруп алды колунан, Жамгыр өңдүү сеңирдин. Чоңдугу анын сеңирдей, Баатырдын уулу жаш арстан, Тартып алды илинбей, Сабынан оңдоп кармады, Кайратын колго жыйнады, Жамгыр карап турбады, Колуна алды найзаны. Камынып найза сайганча, Өзүңдүн чапкан балтаң, деп, Чокудан ары бир салды. Баатырдан балта жеткени, Тилсиз темир, өткүр курч, Өзүмдүн ээм дебеди, Балакет Жамгыр бул маңгыт, Байкоосуз өлүп кетти эми. Калдуубет тилин албады, Өлүмдөн коркуп баш тартып, Калгандар карап турбады, Бөтөмө деген бар экен, Бөлөкчө башка жан экен, Ханынан качан суранды, Бөлүнүп элден дууланды, Асманды тиктеп алайып, Чаначтан бетер чанайып, Асман-жердин арасын, Оп тартчудай ооз ачып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Бетинде түгү бириндеп, Бузулуп өңү карарып, Уйуткан чойун чокморду, Колуна кармап сурданып, Аты кула кара жал, Айбаттанып бараткан, Адам коркот чочкодон, Алдынан утур караштан, Сомбилек эми өлдү — деп, Маңгыттар мындай санашкан. Жан алуучу жапанда, Ач карышкыр түрдөнүп, Бузулуп өңү Бөтөнө, Албан-албан сүрдөнүп, Жыгачтар коркуп дирилдеп, Кашы менен кирпиги, Тал-тал болуп бириндеп: — Келдым мен сага Бөтөмө, Сомбилек эми өлдүң, — деп, Сенин атың Сомбилек, Менин баатырлыгым эл билет, Үч-төрттү жеңип алганда, Кеңкийесиң зеңгиреп, Коркуп өңүң бузулду, Бөтөмө мага келди, деп. Карачы мени Сомбилек, Эрдигимди белгилеп. А, дүйнөгө барасың, Ашыгып турган баласың, Алдында өлгөн төртөөнүн, Эсебин сенден аламын, Сени менен жөн болбой, Кыргызыңа барамын. Жыласыңды чыгарып, Жыпжылма кылам Таласың. Кылымдар бойу бузулбай, Кыргыздын эли келди, деп Бүткүл дүйнө жер бетин, Бөлүндү кылдың санаасын, Атын элдин өчүрөм, Айтылып келген Манасың. Өзүм кандай, ат кандай, Абайлап мени карагын! Колуна алды айтканча, Чабуучу чокмор тайагын. Манастын уулу чунагың, Бабыраган маңгыттан, Баш тартып кайдан айансын. Көп кишинин бири деп, Ойлойсуңбу маңгыттар? Улам бириң мактанып, Жалганды жаман айтканга, Тойбойсуңбу маңгыттар? Кыйган жыгач кептенип, Кыйырыңды бузбай төш-төштө, Сойлойсуңбу маңгыттар? Алдыңдакы өлгөнчө, Өлбөй тирүү турганың, Мактанучу кебиңди, Ойлойсуңбу, маңгыттар? Бириң эмес миңиң кел, Атам Манас болгон соң, Коркпоймун сенден жалгызмын. Ааламда далай эр өткөн, Үрүстөм дастан деги өткөн, Бүт дүйнөнү таңдантып, Атын уккан адамды, Апкаарытып жадатып, Атам Манас өңдөнүп, Ойлочу, кандай пенде өткөн? Бирден эмес бештен кел, Бириңе бириң жеткирбей, Көмөлөтүп түгөтөм! Чокморуң күүлөп болбойсуң, Чоку талаш бир койсом, Томолонуп жаш бала, Жок болот деп ойлойсуң, Алдыңда өлдү төрт маңгыт, Катарында сойлойсуң! Сомбилектен кеп угуп, Ат көтөргүс жеме угуп, Өлтүрө чапсам экен, деп, Бөтөмө кирди дем уруп. Күүлөгөн колдо чойун баш, Жаның барда Сомбилек, Дүйнө менен амандаш! Деп ошентип Бөтөмө, Качырып кетип баратат. Сомбилек анда ойлонду: “Атам Манас баатырды, Мактадым далай болжолду, Ушуну менен чокчоңдоп, Чабышып жүрсөм болорбу? Арбагың менен жардам бер, Жаныма менин ким келээр?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.