Айлакер экен адам, деп, Амалын өзүм табам, деп, Калдайган канча киши, деп, Карааны тайган ити, деп, Иттерин албай алдында, Өзүн сайыш бу бир кеп. Найзаны таштап жиберип, Камчыны кармап имерип, Калкатайга сайдырбай, Жандап өтүп бурулуп, Ажылдаган төрт итти, Катар шилтеп жиберди. Сомбилек чапкан булдурсун, Иттерди кайдан оңдурсун, Экөө жерге бүктөлүп, Экөө качып жөнөдү, Кара жанга күч келип. Камчыны койуп ордуна, Найзасын кармап колуна, Кадайын деп найзаны, Калкатайдын бооруна, Калкатай жаман ачынып, Иттеринин жогуна, Беттешкен далай эрди алган, Бет алган жакка чуу салган, Белдүүнүн бири Калкатай, Жалтанып койбойт баладан, Жалмайын деп баланы, Кыргызды чапсам деп ойлойт, Калган болсо чаласы. Тура калып Калкатай, Баланын дайнын сурады: — Адырдан чыккан суу жаман, Элөөсүз келген жоо жаман, Эңдирип жоого сайдырбай, Мен келемин көп заман, Кайдан келген чунаксың, Муштумдай болуп сен, балам? Менин иним эмес баламдан, Жашың кичи көрүнөт, Жалтайбай мага катышсаң, Жаш чакта каның төгүлөт. Дайныңды айтчы жашырбай, Жумарбек, сени ким билет? Жалтанбай келдиң сен мага, Баатырдык жолун белгилеп. Каргадай бала кездешсе, Жалындап күйөт эт жүрөк. Токтоно калып Сомбилек: — Сөзгө келбей башында, Сурданып кирдиң кеңгиреп, Иттериңден айрылып, Калдыңбы эми эндиреп? Каадалуу киши кептенип, Кеп сурайсын сен ким деп, Атамды айтсам жашырбай, Бүткүл дүйнө эл билет. Түп атам Манас шер экен, Беттешкен пенде кем экен, Угушумча Бейжинге, Пенде барбас жер экен, Манжуга барып кол салып, Бейжинди алган дейт экен. Шердин уулу Семетей, Атасынан кем бекен? Нечен баатыр кекейип, Келип көргөн жеңбеген, Жеңилбеген Семетей, Жер жүзүндө пендеден, Семетейден Сейитек, Он экиде эр жеңген, Жетисуунун элинде, Болгон эмес пенде тең, Канчоро менен Кыязды, Катары менен сойлоткон, Кан ичме чыккан пендеден. Сейтектен Кененим, Тирүү киши бүт билет, Жалаңгыч Сарык дегенин. Тогузунда жоо жеңген, Күн батышта жети дөө, Жерге сыйбай мен деген, Кара деңиз суу кечкен, Жөйрөндү сойуп тил жеген, Өз-жатыңды билбеген, Кимге-кимдер чоң чыкса, Куйкалап аны жиберген, Кененимден Сейитим, Күн батыш тарткан кейишин. Керкиттин ханы Сулаймат, Карадөөнүн кенжеси, Барча дөөлөр биригип, Кармашып алы келбеди. Шукшурма менен Суктанма, Акым, Шакым балдары, Карала аттуу калча бар, Андай дөөдөн калча бар, Кызыл кумда беттешип, Кыйамат кетти канча хан, Сан-санаксыз кырылып, Түгөнүп кетти канча жан. Кызыл кумда баш кести, Кызыл дайра кан кечти. Сулаймат баштап жети дөө, Баары өлүп түгөндү. Сулууну алды Кылжыке, Алып келди элине, Армансыз болбой жан өтпөйт, Алдамчы жалган дүйнөдө. Өлүп кетти Сейитим, Жыйырма эки жашында. Бойунда калды Кылжыке, Эркек эгиз төрөптүр, Ак калпак кыргыз элинде, Асылбача, Бекбача, Канча түмөн кол келсе, Кайгырбаган эч канча. Асыл абам тукумсуз, Бекбача атам өлүптүр, Мен Сомбилек туулуп. Бекбачанын уулумун, Ак калпак кыргыз муунумун. Беттешкен жоого муң салам, Кектесем кесип баш алам, Айкөл шер Манас түп атам, Өзүмдүн атам Бекбача, Ата-бабам салты ошол, Калкатай өзүң сен канча? Шамалга учкан телпектеп, Мен ойлоймун камгакча, Жетим болуп Семетей, Мурас болду биздерге, Ошондон бери карата, Калдуубетиң баш болуп, Кыргызга келсең кас болуп, Бөлмөкчү болуп кыргызды, Чар тарапка тарата. Калдаңдаган Каманчы, Көрдүңбү көзүң жаманды? Кайыл болуп келдиңби, Кара башка ажалды? Өлүгүн алган адам жок, Тоңкойуп жатат карачы, Өрөпкүтпөй өпкөңдү, Мен басайын санааңды. Байкап угуп түп жайын: “Он бештеги баланын, Кесип башын алайын, Толкундаган бейитти, Тос топурак кылайын”. Кетенчиктеп акырын, Атын күүлөп качырды, Арамзада капырың, Үнү ачуу, өңү заар, Тулку бойго толуп каар, Булгады чындап найзасын, Алпазын мунун байкагын. Бу белгиси келгенде, Мен-мен деген бендени, Томолотуп өтүүчү, Тоодой болгон канчасын. Киргин суудай сүрдөндү, Борошо жаандай түрдөндү, Манастын уулу дегенде, Жан айабай тийди эле, Ылдамдата теминип, Калдаңдап өпкө демигип, Кайра тартпас каар менен, Чагуучу жылан заар менен, Укканына теригип, Качырып кирди желигип, Маңгыттардын Калкатай, Өлүмдөн качып баш тартпай, Найзасын ыргап имерди, Оро-пара чунакты, Бөйрөккө муштап жиберди. Анык билгин ушуну, Ал Манастын тукуму, Найзанын учу жетээрде, Кийген темир күрөөкө, Көзөп өтүп кетерде, Он бештеги ойулгур, Ойноп турбайт бекерге, Жанына аса байлаган, Найза кагар балтаны, Камынып колго кармаган, Найзасын кагып жиберип, Ылачындай кайран жаш, Чоң балтаны имерип, Найзасы каңгып кеткенде, Калдалаңдап Калкатай, Жандап өтөөр кездерде, Оро-пара кез келди, Ойрон болгон Сомбилек, Мас болгон нардай эстенди. Кобо калды Сомбилек, Үзөңгүгө тамандап, Колтугун өөдө чойуптур, Тоодой болгон маңгытты, Төбөдөн ары койуптур, Томуктай болгон баладан, Калганы жок жан аман. Төбөсү менен тик түшүп, Топурак тиштеп бүк түшүп, Жер кучактап жан берди, Он сегизден экөө өлдү, Бири жана келгени, Калдуубеттей улугу, Барабанын кактырып, Урушпай кайра кел, деди. Калдайып аскер эл жатты, Калдуубет баштап эр жатты, Баатырдын уулу Сомбилек, Жалын көздүү таш жүрөк, Отко койуп кара атты, Чырым албай таң атты, Аргымагын чалдырып, Жоо жарагын шай кылып: “Үч күнгө жоону жеткирбей, Түгөтөйүн жам кылып, Өчөшүп келген маңгыттын, Кошо келген таңгыттын, Өрөпкүгөн жүрөгүн, Өрт өчкөндөй басайын, Тынч жаткан элге чуу салган, Колуна берип сазайын, Бутун сунуп жатканын, Уйкусун мунун ачайын.” Таң агарган мезгилде, Ойлонгону эсинде, Кабаттап темир тон кийип, Кара кашка ат минип, Калдайта калкан ат минип, Арбагың мени колдо, деп, Айкөл шерге жалынып, Шаңдан чыгып көрүндү, Кирген нардай чамынып, Караанын көрдү Калдуубет, Кайкаңда турат Сомбилек, Уйадан ушчу бүркүттөй, Эргип турат ошол кез, Келбети сонун көрүмдүү, Бекбачадан кем эмес, Сомбилекти көргөндө, Кан болуп жүрөк эзилет, Ойроттун баары бириксе, Оморулар бел эмес. “Карылардан калгандан, Көп жашаган жандардан, Угуп жүргөн укмуш кеп, Өлгөн сайын өрчүгөн, Өткүр Манас уулу деп, Түгөгөн сайын түтөгөн, Түптүү Манас уулу, деп, Жалганы жок чын экен, Мен укканым ушул кеп, Эркине элди жөн койуп, Эрден экөө бүктөлдү, Айласын таппай болобу, Аманат жанга күч келди. Жабылалы ат койуп, Аламандап бат койуп, Эбине келсе Сомбилек, Эренин кармап алалы, Ээсиз калат кыргыздар, Эбин анан табалы, Карматпаса Сомбилек, Калкына чабуул койолу, Бир кишиден жалтанып, Кайра кетсем болобу? Кетсе кетсин мейли деп, Сомбилек бала ойлойбу?” Элине айтат Калдуубет: — Эрдемсинбе баатыр, деп, Тайгак кыйа тар жолдо, Татаалда калдык такыр, — деп, Жан кайтарып бой салбай, Четтеп берсе Сомбилек, Көптү көрүп калтаарып, Коркуп калса эт жүрөк, Туш-тушунан кирели, Баатырлыгын билели, Кармап алып бу кулду Кара боорун тилели. Шилисинен тешели, Ичегисин эшели. Кара аскер калсын бул жерде, Он алты баатыр мен баштап, Төрт бөлүнүп тийели. Бирден-бирден жиберип, Өлтүртүп койуп силерди, Карап турсам түнөрүп, Жалгыз калсам маа кийин, Калдуубет айтып болгондо, Он алты эрдин тогузу, Ороолонуп күүлөндү: — Айабагын Калдуубет, Бирден жибер биздерди, Көрүп туруп байкадык, Каманчы менен Калкатай, Элөөсүз өлгөн иттерди, Ар качандан бир качан, Бел кыласың аларды, Көзүңө илбей жүрөсүң, Бизге окшогон балбанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.