Келе жаткан кези экен, Оролуп кара тоо менен, Кыргызды талап алам, деп Ширин кыйал ой менен. Көгөнүн теңдеп арттырып, Комдолуу нарча төө менен, Ээрчитип кулун бээ минген, Унаасы жок жөө жүргөн, Тайагы бар жөө менен, Уй айдамак, кой алмак, Жөлөнбөй боорго өөн менен, Жылкы айдамак канчасы, Четинден алган укурук, Кыргызды чаап алгандай, Кынына баптай кутуруп, Калдуубет биздин баатыр, деп, Катышкан өлүп жатыр, деп, Шилекейи чубуруп, Ач көз маңгыт элин көр, Сары суу ооздон куйулуп, Алдасташып келатыр, Ач бөрүдөй жутунуп, Чапаны жок жупуну, Жылаңач келген нечени, Кыргыздан алып кийем, деп, Этегин тетир кумтунуп. Тебетей жок жылаңбаш, Кулагы үшүп барсайып, Келе жатат канча жан, Кем-керчи бүтөп алам, деп Кеңири жаткан кыргыздан. Аттанаарда Калдуубет, Элине айтып угузган. — Абайлап ук калың журт, Аттанамын мен мындан, Дүйнөсү көп кыргызда, Чачылбай келген мурунтан. Манасы тирүү барында, Он төрт хан эли жанында, Бейжинге беттеп кол салган, Беш ашуу менен жол салган, Кыз баштаган, алтын-зар, Алгандыгы угулган. Семетей элде барында, Кыргызга ээлик чагында, Мадыкөл менин түп атам, Тактасынан кулаткан, Кыз-келинин ыйлаткан, Бараң менен шаңкайга, Бар дүйнөсүн тараткан, Кара малды көзгө илбей, Тулпардан кыркты жыйнаткан, Олжо деп багыш сураса, Тобун бузбай ага айткан. Кыргыздын кылган иштерин, Укмуштан сурап келатам. Өз кылганын аа кылам, Таластын тарпын чыгарам. Адырдан малын жыйдырам, Ак калпак кыргыз эл кайда, Ат айабай кыдырам. Талан кылам Таласын, Талкалатам күмбөзүн, Таалайлуу деген Манастын. Кеңколдун атын өчүрөм, Келберсиген кыргызды, Тым-тыракай көчүрөм, Кылган ишин башына, Кыймылдатпай жеткирем, Кылчайып карап кыңк этсе, Бирин койбой өлтүрөм. Кырк уруу кыргыз эл деген, Кылымдан атын өчүрөм, Жердин бетин чаңдатам, Уккан элге даңдатам, Айтканымдай кылбасам, Жексен болсун жер менен, Угулбай элге даңазам. Кыргыздын элин таратсам, Кылым элге угулсун, Кыргызга кылган тамашам. Үйүмдө жатып моңгулга, Кабар айтпай кытайга, Калгандар менен жарашам, Манжу, моңгул болгон журт, Коросон, испан, оогандык – Баары уксун кош болуп, Чалкалап басам мен анда, Жагалданып оштонуп. Ат минбей жүргөн өзү жөө, Жору куйрук кызыл алп, Жети дөө ага кошулуп, Кененимдин колунан, Күн батыштын чоңдору, Каны агыптыр жошулуп, Жети дөөнүн балдары, Атасынын кегин кууп, Кабаттап кийген соотторун, Темир менен белин бууп, Сейитимге беттешкен, Кызыл кумда чогулуп, Баарысын кырган Сейитим, Кылычтын канын куйултуп, Айдап ийген калганын, Жер-жерине чубуртуп, Көөнү ачылсын чайыттай, Баары кабар угушуп. Таласты талап алганда, Талкан кылып күмбөзүн, Талкалатып салганда, Батыш, чыгыш, түштүктөн, Калбай келет чогулуп, Кошоматка кой сойот, Кол куушуруп олтуруп, Корооңо кайкап кой толот, Аралап адам өтө албайт, Төрт түлүк малың котолоп. Сандыгыңа пул толот, Кийгендери шай болот, Ичкениң кара чаң болот. Кемтигиң жок колуңда, Керектүү нерсең бар болот. Кушумду салган кутуруп, Ойноп алгын эл-журтум, Көбүң маңгыт элисиң, Ичиңде таңгыт уруу бар, Моңгул, маңгыт, таңгыт деп, Атагың элге угулар. Калдуубет аман турганда, Эминеден кемиң бар, Кыргызда киши калган жок, Беттешип менден кек алар, Калдуубет атка конгондо, Он тогузда аттандым, Чамбыл менен Ташкендин, Арасында чуу салдым, Кара калпак, түркмөндү, Катары менен колго алдым, Багдат менен Мисирди, Майтардым анын мизини, Эч кимиси бузалбай, Башкаргамын ишимди, Испан менен иранды, Айдадым койдой буларды. Беттешип бирөө чыккан жок, Мен-мен деген булардан, Бүгүн барып алардан, Кегимди алсам кыргыздан, Калдуубет менин алдыма, Келбөөчүлөр жок чыгар, Байкасам ушул ааламдан, Баш бербесе кытайга, Кошуун курап мен барам, Караанымды көргөндө, Жүрөгү чыгып өлөрдө, Кара кытай калдаңдап, Жүгүрөт манжу дардаңдап, Сүйүнөт моңгул барбаңдап, Шибе, солон, казактар, Калкалайт башын мааналап, Баш койот уккан баарысы, Кыргызды алсам мен талап. Тетиги кыргыз Таласта, Өлүп кеткен Манасча, Мурункудай кыргыздар, Намыстын жолун талашса, Саадагын асып соот кийип, Самсалап мага жанашса, Бооз катынын жарамын, Бойдок кылам уланын, Боздотомун жубанын, Порумун бузам булардын. Боз уланын кул кылам, Боздотуп кызын күң кылам, Абышка менен кемпирге, Ай тийбеген түн кылам! Деп айтып элге угузуп, Аттанган экен айлынан, Оролмо тоодо келатса, Сомбилек чыкты алдынан. Калдуубет маңгыт армансыз, Алты жылы камынган, Отуз беште чамасы, Чыккан жашы бул наадан, Алды жагын караса, Көзүн ачып бул каман, Жарым күндүк аскердин, Алдында жалгыз келаткан, Алоолонгон чаң көрүп, Келаткан жалгыз жан көрүп, Санаасын санга миң бөлүп, Тура калып токтолот, «Алдымдан кыргыз жиберген, Элчиби», деп ойлобойт, Кайгуулга келген жол тосуп, Чейчиби деп ойлонуп, Калдуубет антип турганда, Калкында канча шылуун бар, Качырганын куткарбас, Каманчы деген тыңы бар, Каманчынын кадымтен, Арылбаган чыры бар, Калдуубетке Каманчы, Карап туруп алчу эмес, Шектүү күмөн иш болсо, Каманчынын алдында, Башка киши барчу эмес, Каманчы элден бөлүнүп, Караанду толук көрүнүп, Келе жаткан балага, Салуучудай чоң түпшүк. Мингени тору Тобурчак, Тополоңдоп жер чаңдап, Токтоо кылбай келатат, Уй букадай дардаңдап. Кара ниет Каманчы, Хан салты менен кээри жок, Каршылашкан ким болсо, Ат сураган жери жок. Өз бойуна ишенет, Өлүп кетсем мейли дейт, Калдуубет бар көөнү ток, Көмө сайган далайды, Өзү күчтүү колу шок, Куу найза алды колуна, Салычу бүлүк далайга, Карааны тоодой көрүнүп, Ак койуп келет талаада, Караанын көрүп Сомбилек, Кара көздөн от күйөт, Ачуусуна чыдабай, Кара бойу титиреп, Жалт-жалт карап тиктенип, Аманат жанга күч келип, Колунда бар чоң найза, Качырып кирди күүлөнүп, Ат сурабайт Каманчы, Жамандыгын карачы. Мындайды мурун көрө элек, Сурабайт атын Сомбилек, Барган сайын жалындап, Өрчүп барат эт жүрөк, Жаш балапан чунакты, Жагында түгү саксайып, Ачууланган арстаның, Ирмебей кирпик чакчайып, Андан мурун көрө элек, Жоо качырып эр Сейит. Найзасын кагып ийе албайт, Каманчы менен тең сайып, “Мен сайган тирүү калбайт” деп, Каманчы карайт кылчайып. “Мени шылдың кылды” деп, Сомбилек кирди чыңданып, Кимиси баатыр, кими шер? Билинмек болду ылганып. Каарданган Сомбилек, Капталга найза батырды, Каманчы шорун катырды, Мен-менсиген чочкону, Кара жерге капшырды, Канын суудай агызып, Ал дүйнөгө тапшырды. Каманчы өлдү эл көрдү, Кайраты андан канча өөдө, Калкатай деген жөнөдү. Минген аты Каракөк, Мындан мурун сайышта, Өлтүргөнү өтө көп, Же Ашырбай чынын айтканда, Калдуубеттен калгандан, Кабыз эти өөдөрөк. Качырган балбан Калкатай, Сомбилек көзгө камгактай, Маңгыттар байкап караса, Каршылашкан Сомбилек, Басуучу жолу тайгактай, Жаш бала өлүп кетер, деп Көзү ачык кетет бекер, деп Каманчы кунун кубам, деп Калкатай кирди кекерлеп. Күчтүү найза сомдуруп, Күркүрөгөн үн чыгып, Күүсү кулак тундуруп, Тоголотом деп келет, Томуктай болгон баланы, Найза менен бир уруп. Алдында келген эрди алып, Эрдемсип калган Сомбилек, Туралбайт эми айанып, Кара тоодой Калкатай, Качырып кирди Сомбилек, Чоң экен деп жазганбай, Келе жаткан чоң маңгыт, Өзү амалкөй неме экен, Алдап көнгөн жоо алып, Эрчиткени төрт тайган, Иттери атты такымдап, Алаксытып эр сайган. Иттери камап жөнөдү, Калкатайдын амалын, Сомбилек ачык көргөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.