← Сомбилек 2/7

Маңгыт тургай каңкайлык, Калбай баары келсе да, Жазганбай тийчү мен бармын. Кол салып келген Калдуубет, Кардын жайа сайамын, Кыйгылың ичип жата бер, Кызыл кан агып жошулчу, Кысталышка барамын, Кырк миң колу болсо да, Кыргын салбай калбаймын, Ал Калдыктын Калдуубет, Бучкагыма албаймын! Деп Сомбилек айтканда, Көрүп турган көпчүлүк: — Мындайын билсек башында, Тулпардан калган туйакты, Биз албайбызбы санаага, Мурун көрүп билишсек, Күнтоого жеткен нойгуттар, Кетпейт эле алар да. Деп суктанып карашат, Сугу түшүп балага. Күдүңдөшүп аркада: — Келерин болжоп күн санап, Келгенче бала туралы. Жеңдирип койсо Сомбилек, Калдуубеттей караанга, Катын менен баланы, Алыбыз келсе аларбыз, Алыбыз келбей баратса, «Бала белде калат, — деп Катын жолдо калат» — деп, Эл макалы ушу го, Биз кетербиз ар кайда. Жеңип келсе Сомбилек, Айкөл Манас баатырын, Күмбөзүнө баралы, Арбагын эбеп-жөлө, деп, Түлөө кылып алалы, Алакан жайып кол ачып, Куран окуп жаналы, Ак калпак кыргыз көп алаш, Айал-эркек дебестен, Калбай такыр баралы, Биз ошентип басалы, Көөдөндөгү санааны, Ойлонуп эми маминтип, Бастырып кетти Сомбилек, Кара кашка ат минип. Аттанган жерин баланын, Байкап уккун байанын, Коргонунан жөнөдү, Баатыр Манас бабаңын, Өз колу менен сайган бак. Карыйа Бакай абаңын. Касиеттүү Алмамбет, Каалап коргон салдырган, Жактырган жери ал экен, Айкөл шердин коргону, Айтканынча бар экен. Кылымдар бойу аты өчпөй, Айтылып келген кеп экен, Башчысы өлсө бир элдин, Калгандарга жем экен, Ээрчип баскан пенде жок, Эрбеңдеген Сомбилек, Жалгыз кеткен кеп экен. Жөлөңкөнү бастырып, Бото мойнок бел экен, Караанын көрүп баланын, Жактырып турган жер экен, Кайкайып Талас жык толуп, Карап турган эл экен, Кыжы-кыйма кыжылдап, Кыз-келиндин кени экен, Кара кашка мингени, Кай тулпардан кем экен. Казан каптай кара чым, Каңтарылып калыптыр, Эшик эндүү эчен таш, Аңтарылып келиптир. Топурак учуп жер чаңдап, Карааны толук баатыр деп, Карап турат эл чардап, Көзү көрбөй уккандар, Оорагын айтып көп даңктап, Алмалуу булак, шумкар таш, Ашып түшүп ыкчамдап. Көкжал шердин күмбөзгө, Кирип барды жакындап, Көрбөсө да Сомбилек, Көрүп жүргөн кишидей. Билбесе да Сомбилек, Билип жүргөн кишидей, Тай чабымча калганда, Карап турган киши жок, Каран дүйнө жалганда, Аттан түшүп акырын, Атакелеп бакырып, Айкөл төрө Манастын, Атынан айтпай чакырып, Жетим өскөн чунактын, Сыйрылып ичи ачынып, Алдында өткөн нечендер, Ат-атынан айтылып: — Алмамбет, Чубак - эки шер, Эмгектүү кыргыз эл үчүн, Мен жетимге жардам бер. Арстан Сыргак, Ажыбай, Арбагың тирүү азыр бар, Азаптуу болдум жаш кезде, Алсызыңа көзүң сал. Олуйа Кошой, Музбурчак, Армандуу мендей жетимге, Жардамыңды кылып бак. Тениң калып башың жок, Айдаркандын эр Көкчө, Сендей өлүм болгон жок, Өткөндөр сени санасам, Ачкан курсак болот ток, Кыргыз баштап кырк арстан, Кыргыздан чыккан кыйын шок, Кызыл жолборс барында, Кылымдын алы келген жок - Адамдан ашкан илгер, Айтылуу Бакай кеменгер, Аркаңда бүгүн мен жалгыз, Амалыңдан мага бер. Байыркылар кеп айткан, Батадан бүткөн деп айткан, Ак калпак элдин аркасы, Аскар тоодой Семетей, Кыргызга келип кыйын иш, Кыйналып турам ченебей. Ак ниет Гүлүс абамды, Унутам кантип аларды? Билесиңер абалын, Сомбилектей балаңын, Өзү билет жараткан, Пайда менен залалын. Жетимдиктин айынан, Ата-энемдин жогунан, Ымыркай кезде айрылдым, Ак калпак кыргыз тобунан. Киндик кесип кир жууган, Чоңойбодум Таласта, Ээрчитип элди барбадым, Арбагын тайып Манаска: Карасы ким, агы ким? Элдин жайын билбедим. Азып жүрүп ылам да, Кечээ болду келгеним. Кайгысын көрүп элимдин, Капалуу көңүл зилдедим, Ата-энем өткөн жер, Ой-тоосун такыр көрбөдүм, Кеңколго эки коно албай, Келген жоого жөнөдүм, Маңдайга бүткөн шор болсо, Баш тартпастан көрөйүн, Ак калпак кыргыз эл үчүн, Ажалым жетсе өлөйүн. Айалдан чыккан акылман, Ааламга дайын таанылган, Ак олпок өңдөп кийгизген, Камдагай иштеп тиккизген, Кылым дүйнө бетине, Кыйындыгын билгизген, Чыныгы Манас арстанга, Чыгышты карай басканда, Белек берип жандарга, Калпак берип калганга, Ай-ааламга даң кылып, Ак калпак кыргыз дегизген, Атайын кылам көп үмүт, Ал Каныкей энемден. Асманда учса канаттуу, Ар кандай иште санаттуу, Жашы кыркка чыккынча, Семетей сактап олтурган, Арбагын сыйлап Манастын, Жерим деген Таласты, Элим деген алашты, Чынкожо, Толтой барганда, Намысына талашты, Семетей издеп учуптур, Айга кагып канатты, Адашканым табам деп, Ашкере кылып талапты, Семетейди алпарып, Касташкан жоосун каратты, Он эки түмөн кол экен, Жай-жайына таратты, Эрдемсиген душманга, Ар санааны санатты, Жетисуу толгон жедигер, Кыргыздын көзүн каратты, Чынкожо менен Толтойдон, Чыркырап укмуш кан акты. Чыккынчы болуп Канчоро, Кыйаз душман чыкканда, Далысынан кестирип, Күлчоро майып болгондо, Айбалта тийип башына, Көмгөнүн көрбөй тирүү жан, Семетей кайып болгондо, Айдай энем Чүрөктү, Кыйаз олжо алганда, Акылынан азбаган, Арыпты арбын баштаган, Курсактагы баласын, Туубай үч жыл сактаган, Гүлчорону сакайткан, Сейитекти чоңойткон, Арамзада Кыйазды, Алдап жүрүп торойткон, Канчорону какшаткан, Чачыкейди боздоткон, Эркиндикке чыгарган, Каныкей менен Бакайды, Карыларды окшошкон. Өчүгүшкөн кишини, Өлтүрбөстөн койбогон, Айчүрөктөй энемди, Жатсам-копсом ойлоном, Кыйналып кыргыз эл турат, Жаш чырпыктай толгоном. Шер Сейитек Кененим, Кыйналсам Медет береним, Ойротто жок Сейитим, Опсуз жаман кысталып, Ыйлап турат жетимиң. Асыл атам эр экен, Эр турмайлык шер экен, Кыргызыңа кызмат кыл, Урпагым менин дээр бекен. Атамдын аты Бекбача, Ааламды каптап сел келсе, Айбыкпаган көп анча, Көзүрлүгүң көрсөткөн, Өчүгүшкөн көп ханга. Тийишпесе тийбеген, Өзү келип тийгенге, Тартынышты билбеген, Түп атабыз Манастан, Бизге калган нарк экен, Жетим калып Семетей, Андан кийин калганда, Азыркысы биздерге, Ата мурас салт экен. Ак калпак кыргыз элде жок, Айтылуу Талас жерде жок, Азып жүрүп мен келсем, Кыргызымда жыргал жок, Өзөгүмдөн өрт болуп, Боорум кызыл болду чок. Уруксат кылып жол берсең, Хан калдыктын Калдуубет, Тартынып калар жерим жок! Деп Сомбилек муңканып, Көзүнүн жашын ыргылтып, Төгүп турган кезинде, Нишан болду күмбөздөн, Таалайы артык жетимге, Күңгүрөнгөн үн чыкты, Күн бешимге жеткенде. Көзүнүн жашы сан талаа, Ыйлап турган жаш бала, Көөнү толуп аттанды, Сүйүнгөндөн шаттана. Өрөпкүгөн от жүрөк, Эрен бала Сомбилек, Батыш жакты бетке алып, Басташкан жоону эске алып, Качканын көрүп кыргыздын, Көзүнөн жалын от жанып, Уйкусу качты баатырдын, Жумулбай көзү чакчайып, Көөдөнү кургап тил катып, Ээрдин жалап тамшанып, Каарын салып кумсарып, Кабагын ачпай сумсайып, Эки жагын каранып, Эр жүрөк артык жаралып, Алп Бозойдон укканы, Көз алдында саналып, Кетип барат жол менен, Адырмак кара тоо менен, Артуу-артуу бел менен, Агыны терең коо менен, Акактап жаткан шор менен, Заңгыраган зоо менен, Чаңкап жаткан чөл менен, Арбытып он күн жол жүрдү, Кара кашка ат менен, Бара жатат Сомбилек, Залкар санаа ой менен. Алдынан чыкты Калдуубет, Алтымыш миң кол менен, Ошол колдун ичинде, Он сегиз балбан зор менен.