← Семетей 1/5

Гүлчоронун чалгыны

Салдырган муну болжолу. Бузулган эмес чекеси, Аталып коргон болгону. Тоодон тоого кыдыртып, Албарстан кенди алдырган. Чабуучу метин, чотторун, Ал албарска малдырган. Тегереги кырк кулач, Жерди казып ойдурган. Кыналтып таштан кыш кылып, Казган жерин толтурган. Борпоң, ташты күйгүзүп, Аки менен бор кылган. Аралаштырып ошого, Сайдын көпкөк кумунан, Ылай салган ортого, Жуурутуп келип ушундан. Калыңдыгы коргондун, Жыйырма кулач төш жары, Бийиктиги коргондун, Отуз беш кулач төш жары. Бузуп пенде өтпөгөн, Мына ушундай салганы, Талаада аткан кайыптан, Аңга түшкөн арыктан. Согумга сойгон бододон, Тарамыш болгон жеринен, Калтырбай баарын жыйнаган. Күнгө жайып кургатып, Тегирменге тарттырып, Тарамышты ун кылган. Сырештен желим алдырып, Чарага куйуп чалдырып, Сыртына шыбак тарттырып, Салакасын арттырып. Отуз түрдүү сырдатып, Булуңдарын кырдатып. Бенденин баары чогулса, “Бир топурак чыкпайт” — деп. Көргөндүн баары сындашып. Атадан калган коргонду, Жамакчылар ырдашып. Айкөлдөн калган ал коргон, Семетей баатыр ээ болгон. Келин-кыздын ичинде, Кеңколдо жаткан кенебей, Жер жүзүндө душманды, Бучкагына теңебей. Кайтартып аскер тышынан, Каратып койгон немедей. Ушундай бейкут бир күнү, Айчүрөк туруп кеп айтат: — Ардактуу, төрөм, — деп айтат. Алганың сенин Чачыкей, Эрке катын дечү эле. Эркелиги чын эле. Эшиктен кирсе эндиреп, Садага кагып, бээ сойгон, Көз менен көргөн кеп эле. Мени алып келгени, Жолобос болдуң теги эле, Барып келгин баатыр, — деп, Ар качандан бир качан, Акылы жетик кайран уз, Айтты кебин түздөн-түз. Элирген кайран эр Семең, Эркектик кылса коржоңдоп, Жемелеп тилдеп таштоочу. Желигип калса кокустан, Желбегей жолду баштоочу. Эрдик кылса көгөрүп, Наспай тартып жөтөлүп, Басып үйдөн чыкчу эмес, Жаздыктан башын көтөрүп. Эми келген кези экен, Айчүрөктөн кеп келип. Ал Семеңдей баатырга, Айткан сөзү эп келип. Айчүрөктүн айтканын, Кабыл алам деп келип. Чачыкейдин үйүнө, Жаткан экен ал келип. Жай алып баатыр жатыптыр, Чачыкейди бооруна, Жапшыра бекем басыптыр. Кылычты кынга катыптыр, Кызматы журттан ашыптыр. Түн ортосу болгуча, Терин абдан чачыптыр. Муздак сууга киринип, Чыйрыгып бойу калтырап, Чын уйкуга батыптыр. Алкымдагы айылда, Айчүрөк иши дайын да. Жатса келбей уйкусу, Абдан батты кайгыга. Кара тер бойдон сызылып, Бул өңдөнгөн ысыкта. Камыгып көөнү бузулуп, Таноосунан дем чыкпай, Көкүрөгү кысылып. Асмандан тийген ай жарык, Чырак үйдө жагылып, Үйдүн ичи жапжарык. Күндүзгүдөй жарылып, Жата албастан Айчүрөк, Жаратканга жалынып. Кайра байлап сарпоштоп, Башына жоолук салынып. “Тим эле туруп үйүмдө, Кандай болуп калдым” — деп, Акыл ойлоп камыгып. Байкал көрсө Айчүрөк, Башкача ысык дем келет, Эр таноосу өңдөнөт, Ат буусундай көрүнөт. Баатыр Семең канкордун, Басташкан жери көп эле, Кол арткан жери жок эле, Кошун келип калганбы? Аскер курап, кол жайкап, Душман келип калганбы? Байрак сайып, туу тиктеп, Баатыр келип калганбы? Байыркыны эске алып, Балбан келип калганбы? Баары журтка кайгыны, Салган келип калганбы? Балбан, калкы аралаш, Баарын бирдей башкарган, Сардар келип калганбы? Атышканын мант кылган, Алптан келип калганбы? Же болбосо Айчүрөк, Ойлогонуң жалганбы? Айалдык кылып ашыкпай, Жүк бурчунда абдыра, Оозун ачып Айчүрөк, Аккуу кебин алыптыр. Алтын үстөл, керебет, Үстүнө жайа салыптыр. Үстүнө кийди куу кебин, Өзүнөн башка киши жок, Ким билет мунун кийгенин? Курч бычагын колго алып, Кыйгач кармап көтөрүп, Асталай басып Айчүрөк, Капшытына келиптир. Жара тартып чий, туурдук, Шыкаалап көзүн салыптыр. Басып келип тешикке, Көз жиберсе эшикке, Сопол куйрук, сом туйак, Сонун иштер эшикте. Ашыгып Чүрөк кеткени, Ашыкпаса неткени? Чамгарактын үстүнө, Урулуп чыгып чабактай, Түндүк жабуу кийизин, Тулга кылып жамынып Көз жиберип караса, Түрү суук келген жоо, Кытайлыгы таанылып. Алдында турган Айчүрөк, Куу кебин кийди камынып. Он эки түрлүү сүрөткө, Ойунча Чүрөк кирет, дейт. Аккуу болуп учкандан, Андан башка сүрөтүн, Адам уулу билбейт, дейт. Кандай сүрөт кирди экен, Муну, кандай адам билди экен? Айтор, аралап чыгып аскерден, Абайлап көзүн жиберсе, Артына анын көз жетпейт. Ашыгышта айтууга, Ал жумушка сөз жетпейт. Айыл жакты бет алса, Айыл аруу, жол ачык. Жалгыз үйүн Чүрөктүн, Курчаган аскер кол алып. Түлкүдөй изин жашырып, Кындырдай бели бүгүлүп, Тулпардай чачы шүйүлүп. Басканын адам билбеген Оолжуган Айчүрөк, Ордону карай жүгүрүп. Ордого жете барыптыр, Ордого башын салыптыр. Көз жиберип караса, Кебезден кылган пахтада, Керебет алтын тактада, Тектирде жаткан кулжадай, Эжеси менен төрөсү, Мойун алышып калыптыр! Булаакы өскөн Чачыкей, Түндүгүн тартып чүмкөбөй. Же кайра тартып ачпастан, Жаткан экен ушундай Асмандан тийип ай жарык Май куйуп, билик салбаган. Үйүндө чырак ал жарып, Ийне түшсө жалтылдып, Үйдүн ичи жапжарык. Керебеттин жанына, Басып Чүрөк ал барып. Төрөсү канкор Семеңди, Кенебеген немеңди, Керебетте уктаган, Келберсиген эренди, Ойготойун деп ойлоп, Колун сунуп баратып, Ойуна Чүрөк бул келди. Кыйаматка барганда, Кудай казы болгондо Пайгамбар шапат кылганда, Эрдин көөнүн оорутса, Күнөө деген катынга. «Жоо келди» — деп — ойготсом, Түйшүк тарткан төрөм го, Көөнү калар ошондо”. Ичкелик кылып сөз кылбай, Кылчайып артын карады. Кара таандай калкылдап, Айчүрөктүн ордосун, Камап калмак калганы. Кайраттанып Айчүрөк, Канкоруна барганы. Кылса да канча кайратты, Дагы ойгото албады. Эки кирип элеңдеп, Үчүнчүгө калганы, Ойуна муну алганы. Букардын кеңир жеринде, Каракандын элинде, Эжем менен канкорум, Чүкө ойногон кезинде, Таа конуп калса сакасы, Таталакай деп айтып, Талашып алып кетчү эле, Талабына жетчү эле, Тамашага батчу эле. Ойготойун эжемди, Эжем өзү ойготор, Эл башкарган эренди. Чачыкейдин жанына, Басып Чүрөк келгени. Ачылуу жаткан колунун, Билегинен кармады. Ойготойун муну — деп, Тартып бери калганы. Уктабай жаткан Чачыкей, Кирген менен чыкканын, Билип жаткан Чачыкей. Аркырап уруш салганы, Ар деп беттен алганы: — Чын үч айга толгондо, Жибересиң төрөңдү. Чыдабастан бир түнү, Үч ирет келип үстүмө, Уруптур кудай төбөңдү! Уйалбастан ойготуп, Келесиңби сен — деди? Эр сурап, төрөм чуу кылып, Бардымбы сага мен? — деди. Айтканын Чүрөк элебей: — Сен жатасың, эжеке, Эч нерсени кенебей, Төрөңдүн көзү бар болсо, Талашабыз экөөбүз, Айрылып калсак төрөдөн, Тамашаны көрөбүз, Ар жорукка көнөбүз! Эр талашты койуп тур, Асылым, эжем, угуп тур. Семетей өлсө кокустан, Кымыз ичкен суусунга, Кызыл шайы бутунда, Багалеги балпаңдап, Кең кийген кыргыз журтунда, Бир күндө жүздөн эр чыгат, Арачы киши көп чыгат Тийгиниң — деп — ушуга. Ошол күндү көргөнчө, Айла кылып багалы, Бөөдө арман өлгөнчө! Кошун келип кол жайкап, Коргонду басты, билбейсиң, Кой, эжеке, бери кел, Камап жаткан те көптү, Эжеке, сен ким дейсиң? — Деп, ошентип Айчүрөк, Колунан кармап тарты эле, Коркпогондо неткени, Корооңдо кошун дегенде. Козголуп жүрөк кеткени. Үстү көйнөк дамбалсыз, Эсинен чыгып чечкени, Кооп басып жөнөдү. Баш жагында чатылуу, Желек кийим асылуу.