← Семетей

Токтосарттын саткындыгы, Коңурбайдын чабуулу

Хан Манас ага калтырган, Кастыгы күчөп карарды. Кербендерден кеп угуп, Кеменгер Манас эркеси Кеңколдо жатат — деп угуп, Соодагерден кеп угуп, Султан Манас тукуму, Сонундап жатат — деп угуп. Баргандардан кеп угуп, Баатыр Манас тукуму, Падыша болду — деп угуп. Чынкожо менен Толтойду, Семетей сойду — деп угуп. Акундун кызы Чүрөктү, Семетей алды — деп угуп. Семетейдин калтырбай, Теги жайын бүт угуп. Жин ургандай кутуруп, Батпай бугу тутулуп. Алгараны мойундап, Көк кутусун койундап. Күн батыш көздөй жөнөдү, Куйтулук менен кулуңдап. “Беш-Балыкка барсам — деп, Анын жолун чалсам — деп. Анда кербен көп өтөт, Аныктап кабар алсам — деп. Соодагерди тапсам — деп, Сатып аны алсам — деп. Семетейге жиберип, Сырына анын кансам” — деп, Алгара менен чайпалып, Каспанда жаткан залкайып, Келе жатат Коңурбай Кербезденип чалкайып. Кара чоктуу калмакка, Калка болгон, чоң төрө. Кызыл чок кытай журтуна, Арка болгон, чоң төрө. Баштан жүргөн камынып, “Ылат-манат колдо” — деп, — Ырас ага жалынып. Арам өлгөн кутургур, Атырайган түгөнгүр. Ач арстандай чамынып, Чарайнасын тартынып. Ок, дарысын артынып. Ополдой болгон түгөнгүр, Кара тоо башын айланып, Каары катуу чоң баатыр, Бешбалык келди шайланып. Бешбалыкта жүргөндө, Улуктук өкүм сүргөндө, Утур чыкты Токтосарт, Ошол кезде бир күндө, Кең Кашкардын четинен, Артыш деген жеринен. Аралап жүрсө эркинче, Жети кыраан элинен. Тоскоолу жок сарт эле, Коңурбайдын алдынан, Чыгып калды шарт эле. Хан Коңур келип көрүшүп, Амандашып турушуп. Айабай кеңеш кылышып, Акылдашып олтуруп, Хан Коңурбай кеп айтат: — Ой, Токтосарт — деп айтат. Кабылан Манас өлгөнү, Сен бардыңбы айлына? Жети кыраан жер толгон, Жетөө менен дос болгон, Жетик тууган эр элең. Ачык жолуң шар болгон, Асманда жылдыз боз элен, Манас менен дос элен. Ар кайда барсаң жолуң шар, Соодагерден ыктуу элең Кайда жүрсөң шашпаган, Мына ушундай мыкты элен,. Бээжинге келсең жол ачык, Бараңга барсаң тоспогон, Жапанга барсаң. тийбеген, Кыргызга барсаң, сыйлаган, Кылымда сендей болбогон. Ушул сапар бир кызмат, Кылып берсең — деп турам. Бээжинде жатып кеп уктум, Пейлимди салып бек уктум. Манастын уулу Семетей, Бекер жатат — деп уктум. Сонун кепти дагы уктум, Соолуп калган Семетей, Сонун жатат — деп уктум. Атасы Манас элимди, Алганы келип башында, Өлтүрсөм деймин ошону, Көп өөрчүтпөй жашында. Кылганын ойлоп кыргыздын, Кыйналып турам азыр да! Семетейге барып кел, Өзүң кабар алып кел. Кыштай жүрүп Таласта, Жазында кайтып жанып кел. Өзүңдү күтүп жатайын, Камданып турса Семетей, Катышпай ага кайтайын. Камсыз болсо Семетей, Как төбөдөн басайын. Токтосарт анда кеп айтат: — Бара албаймын — деп айтат. Антташып койгон дос элем, Акыретке барганда, Анда кантем — деп айтат. Коңурбай анда кеп айтат: — Койгун, Токо, — деп айтат. Сенин ачык, жолун шар, Мусулмандык каадаңда, Бата деген ишиң бар. Бата кылып, өзүң бар, Баарынын жайын билесиң Айтып кабар өзүң сал. Барар болсоң алыска, Жарар болсоң. намыска, Алтымыш нарды комдойун, Айры өркөчтөн кошпойун. Ком жыгачы баары жез, Сарамжалың болсун тез. Сага салган бир кеңеш. Алып барчу кишинин, Аш-азыгы өзүмдөн. Алтын, күмүш, каухарды Айабаймын өзүңөн. Кош көрбөсө көңүлүң, Казынадан соода алгын. Торгун, жибек, далымбу, Аркагы жибек кырмызы, Асылдан тандап сен алгын. Бирин тандан өзүң ал, Андан кийин жолго сал. Соода кылып барарсын, Семетейди табарсың. Жолго чыгар күнүңдө, Учурашып жанарсың. Нардын кебин укканда, Алтын, күмүш, гезмалдын, Алардын аты чыкканда, Бармакчы болду Токтосарт. Сегиз күнү күтүнүп, Кемкерчисин бүтүрүп. Сакалы ылдый көгөртүп, Насыбайын түкүрүп. Жол кереги бүтүптүр, Аттанар кези жетиптир, Эми Токоң нетиптир? “Алтын менен күмүштүн, Абалтан наркы окшош — деп, Гезмал алсам, баа кошсом, Баары жерде өтөт” — деп. Арбын алып гезмалдан, Эртең, менен Токтосарт, Хан Коңурбай баатырга, Кирип барса басып шарт. Топтоголок камырды, Топ табакка толтурган. Чөптү кошуп чөкүлөп, Коңурбай жеп олтурган. Кирери менен тамактын, Мурунга жыты өрдөгөн. Айран калды Токтосарт, Ал өңдөнгөн тамакты, Андан мурда көрбөгөн. Ашпоздору белен деп, Ага да сунду табагын. Алганча Токоң сурады: — Бул эмине тамагың? Хан Коңурбай кеп айтат. — Жегин муну — деп айтат, Уксаң, Током, бул өзү, Индыстандан келиптир, Чочбара деген аш экен, Бул тамакты жасоого, Бешбалыктык маш экен. Бүгүн көрдүм мен — деди, Тойгуча сиз да жең, — деди Жешип булар тамакты, Бошотушуп айакты. Ат мактоого барышты, Коңурбай менен Токтосарт, Бир акырга байланган, Алгара менен качырга, Атайлап көзүн салышты. Атайын көргөн бу качыр, Өзү мада куу качыр. Чечип аны Коңурбай: — Сырын билсең Токтобай, Сын аты болот кербендин, Сүйгөндүктөн дос санап, Чын сүйүп сага бергеним. Качырым бердим алгының, Үстү сылык жаныбар, Жолго минип баргының. Аман барсаң Кеңколго, Кайра тартсаң чоң, жолго. Пайдасы тийет ошондо. Бешбалык менен Таластын. Арасы алыс, жер ыраак, Минсең өзүң чарчабай, Алып келет кар кылбай. Кара топо, баткак суу, Оонатып алсаң, сууту ошо. Сегиз күнгө барбастан, Алты күнгө калбастан, Жеткизет сени как ошо. Алгарамдан өөдө эле, Өзү кичик мал үчүн, Начарлык жери ошо эле. Камынып жатса Семетей, Камынбай жатсын кенебей. Кандай болсун, Токтосарт, Кабар бергин кечикпей. Токтосарт менен Коңурбай, Кол алышып бекемдеп. Жөнөп кетти кайран сарт, “Семетейге жетем” — деп. Катарлап нарды чиркетип, Уланбайдан жөнөгөн. Сайапу менен Дабанчын, Карашаар, Көрлүүдөн, Катар өтүп Токтосарт, Башабегин өрдөгөн. Күчөр менен Кызылды, Катар басып ушуну. Бай менен басып Аксууну, Артып Ачал тумшукту, Чоң Кашкарга түштү эми. Чоң Кашкар жери кең эле, Токтосартка караштуу, Жыйырма төрт дүкөн бар эле. Бар дүкөнү жык толгон, Ичи бүткүл мал эле. Мал-пулдарын эсептеп, Андан нары өттү эле. Эркечтамды кылаалап, Улуучат менен аралап,: Сымкана мекен кыдырып, Анжыйан, Кокон, Маргалаң, Аманшоро, Наманген, Аралап өттү бул элден. Алты ай кыштай жол басып, Чын курандын айында, Чоң Таласка ал келген. Чогулган экен ал жерге, Бүткүл ногой жан пендең. Жайлоону карай бет алып, Көчкөнү жаткан кези экен. Токтосарттын чыкканы, Суусамыр деген бел экен. Аны Кашкар жолу дээр экен. Алыстан келген Токтосарт, Белге чыгып ошол кез, Турнабай алып колуна, Туш келтирип Семеңдин, Жыйылган айыл тобуна. : Караса Токоң алыстан, Калкылдап ногой толуптур. Кара кыргыз калың журт, Каршы-терши конуптур. Ашып түшүп жолунан, Орун алды Токтосарт, Аккан суунун бойунан. Кат жазып киши жиберди, Канкор Семей баатырга. Кара кыргыз көп журтка, Хан болуп жаткан капырга. Кат алпарган бир киши, Элчи катты алпарат. Сактаган эшик сакчысы, Семетейди табышты, Алыстан келген кишинин, Кабарын айтып барышты. Буйрук болуп ханынан, Келген катты алышты. Өзү молдо шар экен, Семетей жайы ал экен. Катты ачып окуса, Каңгайдан келген элчи эмес, Же кайгуулдан келген ченчи эмес. Соодагердин аты бар, Жазган салам каты бар. “Каныкей менен Бакайды, Чакырып алып келгин” — деп, Буйрук кылды байагы, Хан Семетей жашыңар. Бакай менен Канышты, Баштап келди баргандар. Семетей айтты кат жайын, Салам айтып жазганын. Кабылан Бакай камынып: — Ой, Семетей баатырым, Асманда жылдыз боз эле, Салам жазган Токтосарт, Атаң Манас көкжалга, Акыреттик дос эле. Жети кыраан болгонго, Ал Токомду жиберип, Уруштуу күнү керек — деп, Нерсе керек алчу эле. Кашкардын үстүн Артыштан, Карманган ал досу эле. Жети кыраан болгонго, Аралап Токоң жойлогон, Тосуп киши койбогон, Токоңдун жайы бул эле. Түгөнгүс дүйнө зар менен, Жоо жарагын эң кенен. Көргөзбөй каткан башкага, Атаң Манас ал берен, Ушул Токтосарт менен, Көөнүн тапсаң, муну сен, Таап берет баарын тең. Каныкей кошуп кеп сүйлөйт: — Жалгызым, Семең, — деп сүйлөйт. Атаң көзү барында, Кыргын салган Кырымга, Уруш салган Урумга. Кызылкыйа бел ашкан, Кытайды барып бир чапкан. Ойурма артуу бел ашкан, Орусту барып бир чапкан, Түгөнгүс олжо мал тапкан. Жети кыраан болгонго, Жеткилең, атан жойлоду. Англис менен баранга, Барбагандай болжолу. Өзү барбай хан атаң Токтосартты жойлотту. Сан дүйнөнү топтотту, Алдырып келген дүйнөсүн, Асыл буйум буруудан, Каттырып койгон ошону. Атаңдан артып баратат, Азыркы сенин дүмөгүн. Аман болсоң, жалгызым, Өлгөнчө доор сүрөсүң. Токтосартты тосуп ал, Кызыгын анын көрөсүң! Бакай менен Каныкей, Жайын айтты Токоңдун. Кол куушуруп алдына, Бармак болуп ошонун. “Алты сан кара, көп ногой, Кара кыргыз элине, Эр бүлөсү калбастан, Келсин баары” — деди эле. Суусамыр менен Коргондун, Орто жери үч күндүк, Көчүп барчу жол эле. Семетей колу арыштуу, Мына ушундай чоң эле. Ойноктогон түгөнгүр, Ойуна келген иш үчүн, Алыстан келген атайлап, Айтылуу тиги киши үчүн. Кызмат кылат экен деп, Кыйалын тапсак биз үчүн. Кычырып келген кыргызды, Коо кылып жолго тизиптир. Өйүз-бүйүз турган эл, Үч күндүк жерге жетиптир. Хандын кызы Каныкей, Касиеттүү жан эле. Ал Каныкей жасаган, Атасы Манас олтурчу, Бир килеми бар эле. Жер жүзүндө кымылдап, Ачып канат ирмеген. Чоң, кичине дебестен, Бирден жүнүн ылгаган. Жыйналган ошол жүндөрдөн, Токулган ушул чоң килем, Артык эле кыйладан. Алдырып келип килемди, Кепичин буттан чечтирбей, Таманын жерге тийгизбей, Алып келди Токоңду, Манастын жогун билгизбей. Урматына кыргыздын, Токтосарт жашын имерди. Үн жетер жерге келгенде, Өкүрүп Токоң жиберди. Өзү баатыр, сом даалы, Бойу узун далдагай, Кара сакал, бото көз, Бакырып келет Токтосарт, “Баатырым” — деп, үн баспай. Каныкейдин үйүнө, Алып келип түшүрдү. Урмат кылып Семетей, Токоң жакшы күтүлдү. Токтосарт куран окуду, Калың кыргыз кол жайып, Батасы тийсин мунун — деп, Баатырга карай жол алып. Бата дуба бүткөн соң, Токтосарт чыгып талаага, Ак чатырын тиктирди, Семетейдин айлына. “Кабылан Манас досумдун, Казаасы жетти каапырдан, Хан Коңурбай баатырдан. Кантип келип бата окуйм, Качып жүрсө Каныкей. Эр жеткен соң сен өзүң, Эми келдим, Семетей, Айаш атаң токтоду, Арамдык жок кенедей. Ачык айткын сырыңды, Ал кылып берем берелдей. Анда Семең, муну айтат, Агартып тишин кылайтат: — Атам өлдү, мен калдым, Тентип кетип Букарга, Он эки жыл сандалдым. Кайта келип чоңойуп, Касиеттүү атамдын, Салган ордо, сайган бак, Сапырылып кетерде, Салышып жүрүп колго алдым. Асылым атам барында, Бел куда болгон Чүрөктү, Чынкожо менен Толтойдон, Талашып намыс мен алдым. Жез кемпирдин жети уулун, Хан көтөрдүм ал элге. Алп Жамгырчы, хан Бакай, Карып калган кезинде, Кар болбой үйдө жатсын — деп, Гүлчоро менен Канчоро, Хан көтөрдүм бу жерге. Атам айкөл барында, Бир жүрүпсүз жанында. Жабдыгы менен зарларын, Айаш атаң билет — деп, Жайын уктум анын да. Камсыз болом — деп — турам, Абаке, сенин барыңда. Ала көөдөн Семетей, Арамдыгын элебей. Айтып берди бар сырын, Токтосартка ченебей! Токтосарт туруп ордунан, Олтурган көрпө соорундан: “Айланайын, Семетей, Жарабаган кепти айтпай, Жалганы жок чынды айттың. Жашырбастан чунагым, Ичиндеги сырды айттың. Атайын издеп алыстан, Ат арытып келгенге, Абалыңды сен айттың. Кер сары болгон абаңдын, Кетирип шайын муңайттың! Өлгөнү чын атандын, Көмгөнү чын энеңдин. Он эки жылда чоңойдуң, Тентип жүрүп, береним. Атайын бата окууга, Арстаным жоктоп Манасты, Агып жашым мен келдим. Муну айтып Токтосарт, Көзүнүн жашы бурчактайт. Сагынышкан немедей, Сакалы ылдый жаш кетип, Ыйлаган болуп солкулдайт. Жанындагы жоолугун, Сууруп алды колуна. Белендеп койгон башынан, Мыйаздын чылап суусуна. Болбосо мунун боору таш, Көзүнөн чыкпайт андай жаш. Мейитип сөзгө калп ыйлап, Токтосарт күрс-күрс жөтөлдү. Билдирбестен сыр алып, Семетей көөнүн көтөрдү. Туйгун экен Токтосарт, Күнүгө чыгып талаага, Ар бир жердин бетинен, Атасынын көп дүйнө, Тапшыра берди четинен, Мурун өзү бекиткен. Кырк күн өтүп арадан, Кыргыз эли чубуруп, Айдап малын чогултуп, Жайлоого көчүп жөнөдү. Ак калпак кыргыз ал кезде, Анык толгон кези экен. Кара малды санга албай, Каркып толгон кези экен. Жамгырчы, Бакай, Каныкей Самаркандын сыртына, Көчтү Белсаз, Кырчынга. “Жайлоого чыксак түтөк — деп, Күздөөдө чымын күчөйт” — деп. Чай кайнатып, бал чайкап, Ортобөксө, Белсазда, Жатат экен ушунда. Аз болгондо миң киши, Айтканынан чыкпаган, Алып калат Семетей. Бойунда бар катын жок, Жаш баладан такыр жок. Жалпайтып тиккен чатыр жок, Жагалданган сайрандап, Жалганда мындай баатыр жок. Келин менен уулдан, Сөөктөрүндө мууну жок. Сөөлөтүндө Семеңдин, Сөз кыларга буруу жок. Кийерге кийим олпок жок, Атарга мылтык, жаасы жок. Сайарга найза жана жок, Чабарга балта, кылыч жок. Жыйналуу жатат тетиги, Сыр коргондун ичинде, Жоо жарагы бары топ. Кастарлап минген Буурулду, Жайлоого салып жиберген. Тандап калган коңшусу, Кара кыргыз көп элден, Кырк келинчек, кырк уулду, Коңшу кылып имерген. Жибек менен чынжырдан, Жыйып аркан салдырган, Селкинчек тээп жатышкан. Өйүз-бүйүз коо кылып, Айылды сонун кондурган. Сыр коргондун оозүнда, Чачыкейдин үйү бар. Тармалсаздын бойунда, Айчүрөктүн үйү бар. Ортосунда эки үйдүн, Кырк жигиттин айлы бар. Тунгуч курсак байталдан, Ылгап кыркты ал алган. Сексенди бөлүп саандан, Санаты артык жаандан, Асманга үркөр чыкканча, Кымызына ал канган. Козголуп үркөр болгондо, Чоң казанга кайнатып, Тарттырат арак ошондо. Саанчы менен бакмачы, Келбейт жакын айылга. Кара кыргыз элде жок, Кенедей кайгы баарында. Токтосарт бирге короолош, Ошентип жаткан чагында. Айчүрөктүн үйүнөн, Алып Семең жылган жок. Чачыкейдин үйүнө, Жыла басып барган жок. Токтосарттай “абадан”, Аслы күмөн кылган жок. Жайлоого кыргыз кеткенде, Жакада Семең бир өзү, Калгандыгын билгенде, Токтосарт андан суранат, “Кайтайын” — деп элиме. Алтымыш нарды айдатып, Айабай малды жүктөтүп. “Жыртышы — деп — досуңдун”. Буулумдарды бүктөтүп. Кара кыргак, ак күбөң, Канча кымбат асылды, Катарлап баарын койдурду. Кайдан алган Семетей, Көргөн киши таң калды. Жети кыраан болгон журт, Жер жүзүнө толгон журт. Жеткилең Манас тукуму, Жетик кылган ушуну. Өрттөнгөн Манас тукуму, Өткүр кылган ушуну, Дем албай келип меймандар, Берип жатат баарынан. Алып келген алтоо бар, Алып кетчү жетөө бар. Жүктөп келген жетөө бар, Кийип кетчүү бирөө бар. Жети кыраан ичинде, Болгон экен жолу шар. Такыр асыл буйумду, Табылган дүйнө мамыңдай. Алдына койгон Токондун, Хан Семетей жайма-жай. Анда Токоң кеп айтат: — Кабылан Манас тукуму, Каңкорум укчу — деп айтат. Айкөлүм Манас барында, Айаш атаң жанында, Жашырбаган кабылан, Ойлогонун акылда. Катпаймын дүйнөм айап мен, Баатырдын уулу Семеңден. Керектүүңдү такыр айт, Кем-керчиңди койбой айт. Үйгө эле эмес талаага, Чатак кылса чуу салчу, Жети кыраан балага, Ылайыктуу нерсеңди айт. Арсаңдап күлүп Семетей, Агартып тишин кылайтат: — Айланайын, абаке, Азелде асыл буйумдан, Кара чай чыгат кытайдан. Макошан деген аты бар, Дүнүйөдө даңкы бар. Жети кыраан элине, Жетсе анын баркы бар. Табылса жүздөн ар айда, Берип турсаң кандай ал? Муну угуп кумсаңдап, Кабагын бүркөп муңайып, Капаланып сурданып, Муруту кетип кырданып, Булкунуп Токоң муну айтат: — Букарга барып чоң болуп, Иранда жүрүп кор болуп. Көзүң кичик болупсуң, Жетим өсүп чоңойуп! Жүз каптал деген эмине? Элүү киши чакырсаң, Түгөнүп калат бир демде! Эшигиңдин алдына, Ай сайын келет бир миңден, Бир тыйын сенден албаймын, Күдөрүң үзбө сен менден! Мактанган жок Токтосарт, Баарысы ырас бул сөзү, Кең Кашкардын коосунда, Биринде ондон олтурган, Ичин малга толтурган, Жыйырма төрт дүкөнү, Келе берет ошондон. Кербенчи жолдон кетеби, Бере берсе Токтосарт, Бербейби Семең нечени? Бааша кылган сооданын, Пайдасын Токоң билгени. Ал өңдөнүп баашалар, Талашып баасын жүрөбү? Уйалгандан Семетей, Унчукпады, тим болду, Алтымыш нарга мал артып, Алтын, күмүш дагы артып, Жаңыдан кылып достукту, Семетейге кол артып. Жетелетип төөлөрүн, Токто абаң чыкты жол тартып. Суусамырдын белине, Семетей келди узатып. Коштошуп булар бөлүндү, Кучакташып кол тартып. Ашып түштү белести, Суусамырдын ашуусун, Кашкардын жолу демекти. Кашкарды көздөй бет алып, Кыргыздан Токоң, чет алып. Агып жаткан дайра бар, Нуркаптын суусу дечү эле. Алтымыш нарга бир башчы, Элинен ылгап чыгарды, Тапшырып иштин баарысын. “Үргөнүчтөн кечип өткүн — деп, Чынаачага жеткин — деп. Карачы менен Пышабур, Аралап Ооган кеткин — деп. Индыстанга баргын — деп, Киргит, Дөбөбел ашуу, Кайра айланып жигиттер, Каргалыкка келгин — деп. Кундуз, маржан, жакуттан, Булгун, кемчет асылдан, Мой менен таштын баарынан, Жүктөп келгин абыдан. Жеркендин жери өзү туз, Хотендин жери кеңири, Сагынбагын, төөчүлөр, Түндүк жактан элиңди. Кат жиберем бир кезде, Как ошондо келгин — деп. Пайда менен зыйаны, Канчалык болуп кетсе да, Кайгым жок анда менин” — деп. Төөчүлөрдү түштүккө, Түздөп жолго салыптыр. Токтосарттын колунда, Куу качыры калыптыр. Коңурбай берген куу качыр, Өзү тулпар бул качыр. Кумтуланып сыртынан, Капшыра байлап белбоосун, Жайып Токоң келатат, Куу качырдын ал оозун. Сызып кетсе куу качыр, Сырттын шамал, желиндей. Сызып келет Токтосарт, Жалгыздык кылып эринбей. Чалчык кара суу келсе, Чаңдаган кара шор болсо, Күл төгүлгөн жер болсо, Күртүлдөгөн шор болсо, Токумун алып үстүнөн, Токтоп Токоң оонатат, Чөп чалдырбай качырга, Нан жедирип баратат. Жайнап көзү алактап, Канаттуу менен жарышып, Калдайып Токоң, баратат. Алдына минген Куу качыр, Ал Токоңо жарашат. Наманген менен Коконду, Анжиан менен Улуу-Чат, Аралап Токоң сабалап, Учкан куштай баратат. Минген жорго качыры, Жери майда адыры. Артыш, Маралбашыдан, Тумшук менен Чыландан, Айкөл, Аксуу, Байлардан, Жам, Кызыл, Күчөр калаадан, Башабегим, Көрлүдөн, Карашаар, Дабанчын, Сайапу кумдуу шорунан, Салып жүрүп олтуруп, Уланбай да эшиктен, Жамбылга кирчү тешиктен, Барып кирди Токтосарт. Сакчылар эшик карашкан, Токтосартты тоскон жок (Минген качыр таанымал, Ал Токоңдо жарашкан.) Алоокенин чоң уулу, Атактуу баатыр эр Коңур, Намыс үчүн жаралган. Токтосарт келди дегенде, Айтып кабар бергенде, “Азыр мында келсин” — деп, Жиберди киши бир демде. Алыстан келген Токтосарт, Түшпөй качыр үстүнөн, Барып түштү бир үйгө. Чычаң сөөгү коройуп, Эти кетип жооруптур, Олтура албай Токто абаң, Кыйшалактап туруптур. Кылчайа карап келгенге, Кепти мындай уруптур: “Коңур болбой комур бол, Калдай болбой катып кал! Кыргызың менен кырылып, Баарың жерге батып кал! Семетей менен чирип кал, Качырын менен куруп кал! Араң келдим алыстан, Кутулдумбу карыздан?! Токтосарт атка конгону, Соодагер өзүм болгону, Мындай кордук болбоду. Айткан сөздү кылам — деп, Чычаң сөөгүм коройду, Чыгып башка соройду. Жаталбай атам моминтип, Мындай кордук болорбу?” — Деп, ошентип Токтосарт, Жатып алды коңулга. Кабарга келген кишиси, Барып айтты Коңурга. “Жай алып Током жатсын” — деп, Жайына койуп ушунда. Алдына келди чоң Коңур, Күн чыгыштын тушунда. Күркүрөп Коңур киргенде, Козголбой Токоң ордунда. Колун сунуп көрүшүп, Эсен сөзүн сурашып, Эрмектешип бир далай, Алтындан зембил көтөрүп, Он эки желдет, бир малай. Олтургузуп Токоңду, Алып кетти борборго, Зыйнатын кылып жайма-жай. Кебин айтты эми ал, Оро-пара бет маңдай: — Бардым, баатыр эр Коңур, Барсам өзүм, жатыптыр Семетей деген оңбогур. Эли көчтү калбастан, Эркин жайлоо салкынга. Семетей калды кырк үйлүү, Салынган коргон алкымда. Сулуунун баарын калтырды, Канчасы болсо калкында. Эр жигит деген ыктуудан, Ойунга мыкты шыктуудан, Ылгап калды кырк киши. Айчүрөктүн ордосу, Айылдын берки башында, Окчун экен бир иши. Бир жарым ай мен турдум, Чачыкейдин үйүнө, Жок экен анын кириши. Найза, кылыч, жабдыктар, Ок өтпөс кийим олпоктор, Коргондо экен жыйылуу. Колунда жок кийими, Эсиргени Семеңдин, Мына ушундан билинди. Селкинчек салып айылга, Эч нерсе албай ойуна, Бейкамдыгын мындан бил, Тайбуурул жок колунда. Жамандык мага болот — деп, Эч нерсе албай ойуна, Жылкыдан тандап жүз байтал, Алып калды сойууга. Качан барсаң сен Коңур, Канкорду бекер табасың. Кандуу душман канкордон, Капкачанкы кегиңди, Өз билгенче аласың. Убара болбой башкага, Айчүрөктүн үйүнөн, Ар качан барсаң табасың. Эндегей жаткан эренди, Элебей жаткан беренди, Ээн үйдөн табасын. Эрмектешсең, канкорго, Эриккен суусун канасың. — Деп, ошентип Токтосарт, Көргөнүн айтты баарын жат. Хан Коңурбай кеп баштап: — Алып баргын Кеңколго, Азыр, Током, — деп баштап. Жыгылса душман меники, Жыйылса олжо сеники. Эңкейсе душман меники, Элинде олжо сеники. Эзелтен берки көп пайдаң?, Алсаң келди эмики. Бабырап Током күүлөнүп, Баштады кебин сүйлөнүп: Бадирек, Коңур, оңбойсуң, Минтип жүрсөң сойлойсуң. Пайда таппай темтеңдеп, Басып жүргөн ойлойсуң. Жер жүзүндө жаралган, Жети кыраан элинде, Кээси кургак, кээси суу, Күн көргөн адам жеринде. Алтын, күмүш, зарым бар, Кайсы жерге мен барсам, Сага окшогон ханым бар. Барбасам да кол баштап, Мага пайда табылар! Чычаң сөөгүм коройуп, Чыгып калды соройуп. Олтуралбай тик туруп, Жатып калдым торойуп. Баштап барар колуңду, Байкачы, кайсы алым бар? Алп Коңур тилиң алам — деп, Адамзаттан болдум кар! Асили адам кор болсо, Айабайт экен падыша. Менин жаным кыйналды, Сага болсо тамаша. Эндегей экен Семетей, Барганыма жараша. Мага зыйан, пайда жок, Бириңди бириң чапсаң да. Өлбөсөм жыргап жүрөмүн, Өзүм батар жер калса! — Деп, ушинтип Токтосарт, Эр Коңурга айтканы. Кабыл алып айтканын, Хан Коңур кайра тартканы. Мындай болду уксаңыз, Камынып анын жатканы. Мурунку кытай өнөрүн, Ал кезде пенде көргөнбү? Өкүмүнө кишинин, От түтүнү көнгөнбү? Топодон салган мунар бар, Ичинде ийри жол менен, Үстүнөн чыгар иши бар. Оргуштап көккө созулган, Жаккан оттун ышы бар. Эсен хан менен Коңурбай, Ал түтүндү жумшашып, Кабарлашар белги бар. Кишиден кабар жумшабай, Түтүндөн белги жибериш, Салты экен баштатан, Коңурбайдын жерлиги ал. Түтүндөн кабар салыптыр, Түп Бейжинде Эсенхан, Ошондон кабар алыптыр. Коңурбайдын айтканы, Куп болбой качан калыптыр? Каардуу баатыр эрлерди, Кайраты толук шерлерди. Калдай менен бектерди, Калк башкарган эрлерди. Калтырбай баарын Бейжинге, Жыйнап келип Эсенхан, Эр Коңурга жиберди. Отуз эки алпы бар, Эр Коңурбай зор калча, Ошончолук салты бар. Кармашчу жоону көргөндө, Калтылдап кайдан тартынар? Касташканды кыйраткан, Катын, кызын ыйлаткан. Кармашарга жоо болсо, Канын төгүп сулаткан. Бээжинде жатып Эсенхан, Куру койбой түнөөнү, Бейжинден аскер чубаткан. Эр Коңур мындай тапшырган: — Бүгүн аскер жаткан жер, Эртең бекер калбасын. Бээжинге пенде калтырбай, Менден кабар болгуча, Бер жакты көздөй айдасын. Мен кеттим ыраак батышка, Эми калган иштерди, Ханым Эсен жайласын! Баштап алып баатырын, Жанынан тойгон жакырын. Семетей көздөй жол тартты, Алп Коңурбай капырың. Эр Коңурбай жүргөн кез, Эрте жайдын баш жагы, Айагы экен Кулжанын, Ай эсеби баштагы. Отуз эки алп менен, Арбын аскер баштады. Жанында жүргөн жакырлар, Жай билген канча капыр бар. Кар жааса аттын башына, Куйругуна күн тамбайт. Мына ушундай баатырлар, Баскан жери Коңурдун, Чыгыштан батыш созулган. Жерден туман оргуса, Булутка чыгып кошулган. Ар качандан бир качан, Аркыраган шамал, жел, Кыбыла жактан созулган. Кыбыла жаккы кырчоодон, Кылайтып булут кетирбей, Сыдырым шамал, желаргы, Астынан утур салганы. Калмак, кытай аралаш, Айдап калың кошунду, Кеңколго жөнөп алганы. Эки күнү жол жүрүп, Күнү-түнү болгондо, Бээ саамга күндү койдуруп, Батышка киши бастырбай, Айдап жүргөн кошунун, Өрүүн кылып жаткырбай. Чыгышты көздөй басканды, “Чын эле жолуң шар — деди. Кандай барсаң андай бар, Кай жерде болсо жумушун, Калтырбай баарын бүтөп ал. Күн батышка баспа — деп, Күүгүмдө өтүп кетпесин, Күлдү кытай байка” — деп. Кытай түмөн кыргыздын, Арасы жаман бузулду. Адам уулу болгондун, Айласы минтип кысылды. Баштап алып кытайды, Алп Коңурбай сызылды! Жайдын ысык күнүндө, Теклимекен чөлүндө, Суусу какшып соолуган, Ным калбаган көлүндө, Күзгө жакын барыптыр, Суусамырдын белине. “Жайчыларың келгин — деп, Жаадырып күндү бергин — деп. Шабырап жамгыр куйсун — деп, Жели жок болсун билсең — деп. Жерге жамгыр куйсун” — деп. Кылайып булут калбасын, Жаап күнү ачылса, Асманда булут чачылса, Сөзүн бурар киши жок, Ал Коңурбай баатырга. Нескара деген бар экен, Эл башкарган хан экен. Коңурбайга курбалдаш, Өзү баатыр жан экен. Тору айгыр менен алкылдап, Тоодой болгон Нескара, Алп Коңурбай кошуна, Жетип келди жакындап: — Ээ, Коңурбай, не болдуң? Эсиң кайда жоголдуң? Кокуй күн, Коңур, не болду? Кетирип колдун айласын, Кордуктуу күнгө не койдуң?! Кошунуң кытай эл болсо, Кошулган калмак бар болсо. Алдында ашуу бел болсо, Ак чалмалуу жер болсо. Буту ичке, колу узун, Аргымак жайы ал болсо. Айнектей талаа түздөрдө, Айкындан өскөн эл болсо. Күн жаадырып бел аш — деп, Болобу, баатыр, кеп ушу?! Нескара кебин укканы, Эр Коңурбай баатырдын, Күнгүрөп үнү чыкканы: — Зор Мурадил, кайда — деп, Чоңдоруңдан калба — деп. Эр Мурадил, кайда — деп, Эрлериңден калба — деп. Нескара баатыр келиптир, Эли-журттан кайгы жеп. — Байкаңарчы, баатырлар, Айтайын сөздү дагы — деп. Кекенип келдиң Кеңколго, Кыргыздан кыраан Семетей, Кыйратабыз аны — деп. Адамзат жаралып, Жер жүзүнө таралып. Акылы толуп адамдар, Орун кылып, шаар салып. Периге пенде кошулуп, Бээжиндин шаарын күтүнгөн. Отуз беш кылым алдында, Ошол шаарды бүтүргөн. Ошонун ачып эшигин, Ойротто пенде кирбеген. Кыргыздын кирди Манасы, Кызыңды алды карачы! Тартып алды шаарыңды, Талкалады баарыңды. Койбой бузду шаарыңды, Куп жүдөттү баарыңды! Кол куушурган кутулду, Каны суудай жошулуп, Кордукту көргөн кыргыздан, Кытай, калмак кошулуп. Калмак менен кытайдын, Канын төктү кыргыздар. Орус менен оогандын, Шаарын бузду кыргыздар. Ат жетер жерге жан койбой, Баарын бузду кыргыздар. Өткөн күндү ойлодум, Жетчү кезди болжодум. Кеңколго келип калдык го, Уккан кепте болжолун. Кашкардын жолу кең деген, Кашкар жактан барганда, Ашып түшчү Таласка, Суусамыр деген бел деген. Суусамырдын бели ушу, Кыргыз деген эл ушу. Калың кыргыз башкарган, Хан Семетей эр ушу. Айдалып жүрүп калың журт, Келген жери мына ушу. Абайлагын, арстандар, Айта турган кеп ушу. Бакай бар кыргыз элинде, Баспаган жери калбаган, Дүнүйөнүн жээгинде. Белине таңуу медери, Бул кыргыздын элине. Кабылан Бакай билет — деп, Канча күндөн бер жакка, Калдайтып туман түшүрбөй, Кыбыладан булутту, Кураштырдым үзүлтпөй. Бүгүн келдиң Кенколго, Келгениң алыс жер болсо. Кегиңди алар кезиң го, Кеңири кыргыз эл болсо. Беттешериң баатырлар, Айкөлдүн уулу шер болсо. Көрбөгөнмүн, уккан кеп, Кыдырып жүргөн жер жүзүн, Соодагерден чыккан кеп. Алтайдын айак жагында, Күнөстүү күңгөй бетинде, Андан кала бергенде, Чоң Кеңколдун ичинде, Калдыркан ала жалбырак, Ат туйагы тийгенде, Жез дообулбастай шаңгырап, Уну катуу угулат, Ошол чөптөн үн чыгат. Эми жатам ой кылып, Эл туйгузбай алсак — деп. Эр Семетей сардарды, Ошол чөптү жашытып, Андан кийин барсакпы? Эр Коңур кебин укканы, Эч текеден кабарсыз, Элинен булар чыкканы. Бул кабарды укканда, Өлүмдү кабыл алышы. Өлөбүз — деп баарысы, Кырылып кетсек баарыбыз, Кызыталак Коңурдун, Тийет — деп — кимге намысы. Куушурулуп далысы, Куп жүдөдү баарысы, Өңүнүн чыгып сарысы. Өлүм бизге чукул — деп, Бузулуп өңү калышты. Алдыртан бизге сөз кылып, Угузбаптыр, бадирек. Барабыз деп Кеңколго, Туйгузбаптыр бадирек. Башкарбаган Коңурдун, Башынан ойун ким билет? Аттарын кылдап минишип, Кабаттап темир кийишип. Калкандарын кармашып, Кылычтарын кайрашып. Айбалтаны эгешип, Найзанын учун бүлөшүп. Басып түштү Кеңколго, Басалек мойнок бел ашып. Айдын он беш кези экен, Асмандан тиет жарык ай, Капкайдан бери көрүнүп, Кен-Колдун ичи түз экен. Ат арытып, тон тозуп, Азаптуу калча эр Коңур, Кеңколго жеткен кези экен. Келе жатат Коңурбай, Аркасында миң сандап, Калың аскер колу бар. Түп Бейжинде кытайдын, Уругун төккөн кору бар. Катылышкан кытайга, Кандай пенде болсо да, Маңдайыңда шору бар. Дүйнөнүн көбүн ал ээлейт, Бастырбай койсо жолу тар. Албан түркүн эли бар, Атактуу Бейжин шаары бар. Калмагы бар, сарты бар, Канча түрдүү калкы бар. Хайнан деген жери бар, Кайнаган кытай эли бар. Ал Хайнанды ээлеген, Канаттуунун кени бар. Ошондон бери карата, Айдалып келген чени бар. Урум менен кытайдын, Ортосунда бели бар. Амирдин улуу чоң суусу, Чек ортосу жери бар. Бир чекеси кытайдын, Мына ушу жерде дагы бар. Калмагы көп айакта, Кара кытай калкы көп, Дүнүйөгө дүң кылып, Кабар берип калтырбай, Айдаган экен быйакка. Шаңданган Жолой баатыр бар, Сандаган кытай капырлар. Дүнүйөнүн төрт бурчун, Тең жарымын ээлеген, Түгөнгүс кытай эли бар. Ошо колдун үстүндө, Отуз эки алпы бар. Ошончо кошун кол жыйнап, Ат арытып, жан кыйнап. Адамдан асыл эр Коңур, Таласка келген чагы бар. Коңур ашкан Суусамыр, Которулуп кеткен жок, Ушу бүгүн дагы бар. Байыркынын жомогун, Байкап барың билип ал. Көптүгүн көрсөң кытайдын, Жан сактабай калган журт, Казып көргө кирип ал. Эрегишип келген жоо, Эр Манастын уулу ал. Келе берсин Кеңколго, Кежебе курсак тулпарлар. Кекейте тартып чоң жолдо, Кепти жеткен башкага, Келели эми Кеңколго. Манастан калган коргону, Башкарып өзү чоң болуп,