“Падышабыз качты — деп, Баш кишибиз өлдү — деп. Ким бет келип чыга алат, Бул өңдөнгөн эрге — деп? — Кары-жашы биригип, Кайталы эми жерге” — деп. Жедигер качты чубуруп, Эр Толтойдун артынан, Чоро кетти буулугуп. Канчородой баатырдын, Каары жаман ашыптыр, Алдындагы атына, Айабай камчы басыптыр. Тоссо калың жедигер, Токтоо берип болбоду. Караңгыда бөрүдөй, Качкан элди сойгону. Кылычтан каны тамчылап, Кызыл ала чаң чыгат. Канчоронун каарына, Калар эмес жан чыдап. Эңкейиште эр сайып, Экөөнү бирдей тең сайып. Жүзүн сайып жүдөтүп, Миңин сайып түгөтүп. Таамай миңге толгондо, Бирден оңко тургузуп. Карала атты камчылап, Калктын ичин чулгутуп, Канжардын мизи калбады, Кылычын сууруп алганы. Кыйындын баарын кыйратып, Кыргынды катуу салганы. Ошол үчүн булардын, Айтылып калды дастаны. Канчоро менен Гүлчоро, Кан ичме атка калганы. Кылычта миз калбады, Найзада уч калбады. Такыр тайак сыйактуу,: Дайар сойул болуптур. Такат кылбай ачууга, Такыр элди сойуптур. Жедигер ичи бузулуп, Жез кемпирдин жети уулу, Чорого жардам болуптур. Жедигердин элинен, “Манастап” ураан чуу чыкты. Жедигерден бөлүнүп, Жети баатыр уул чыкты. Жеринде булар эр экен, Теңдеши жок шер экен. Толтойдун көзү жоголсо, Журт башкарат дээр экен. Мурунтан кыргыз элдери, Бирин бири кайсашып, Ыркы кетип ыдырап, Алсызды алдуу айсашып, Кырылып келген кеп экен. Жетисуу кетер жери жок, Эл кайгысы көп эле. Жез кемпирдин жети уулу, Өз жеринде шок эле. Бөлүнүп булар чыкканда, Эл токтоду тим эле. Камандай бойун күүлөшүп, Канчоро менен сүйлөшүп. Колду жайлап түшүрдү, Колдун ишин бүтүрдү Элди жайлап түшүрдү, Элдин ишин бүтүрдү. Качып кеткен байагы, Эр Толтойдон түңүлдү. Элдин баары зыркырап, “Кошулуп кетер бекен” — деп, Эр Толтойго чуркурап. Кызматын көргөн Толтойдун, Кыйланын жашы чубурат. Сыйынышып кудайга, Жыйылышып эл турат. Жез кемпирдин жети уулу, Жедигер элин башкарат, Андан мурда Семетей, Жерин качан көрүптүр? Барбай туруп ал жерге, Элин качан көрүптүр? Жетисууну жети айрып, Жез кемпирдин жети уулун, Хан көтөрүп койуптур. Толтойдон үмүт кылышып, Кыйлалары туруптур. Толтойдун качып кеткенин, Кара бет Чүрөк баш болуп, Катын-кыз баары угуптур. Кайра качкан эр Толтой, Байланган башы шер Толтой. Баладан качып баратып: “Жердин, суунун Желпиниш, Ошого качып кетсемби? Жалгызкөздөй баатырга, Арзымды айтып жетсемби? Алатоо башын кыдырып, Анжийан кирип кетсемби? Айланып тоонун этегин, Ташкенден ашып жол басып, Аралап токой, бел ашып, Индыстан кирип кетсемби? Куткарбаса түгөнгүр, Деңизге кирип кетсемби? Бээжинге кетчү беш жолго, Аны көздөй качсамбы? Белдүү Коңур калчага, Арыз, абалым айтсамбы? Алдымдагы Суркойон, Ал калчага тартсамбы? Кайра айланып жетсемби, Кашкарга кирип кетсемби? Калтырбады айакка, Каршылашчу бектерди”. — Деп, ошентип ойунда, Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланта санады, Бараарга жер таппады. Эрдигинен ажырап, Акылынан шашканы. Акырында Толтойуң, Акун хан көздөй качканы. Өөдө-өөдө жер келсе, Өксүтүп кетет Суркойон, Эңиш ылдый жер келсе, Эми жетет, Тайбуурул. Капталы катуу жер келсе, Караансыз кетет, Суркойон. Кара шагыл кум келсе, Анда жетет, Тайбуурул. Тоонун баары бүттү эле, Түз талаага түштү эле. Акун хан жакшы киши эле, Тоодой Толтой баатырдын, Ойуна ушул түштү эле: “Арачалап койор — деп, Алы келсе сурар — деп, Сураганга бербесе, Сөөгүмдү жууп көмөр” — деп. Жумган көзүн ачпастан, Ойлогондон кайтпастан, Акун хан көздөй качты эле. Аркасынан удаалаш, Кууп келет куткарбай, Алмамбет уулу ач арстан. Асмандап учуп Айчүрөк, Аларды көрүп алыптыр. Желпинген келин-кыздарга, Жетип кабар салыптыр: “Жалпы кыздар тургула, Жол бойуна баргыла, Жолун тосуп калгыла. Качып келет хан Толтой, Аны шылдың кылгыла!” Жоодурашкан келин-кыз, Жол бойуна барыптыр. Там башына чыгышып, Тамаша кебин кылышып, Кыңшылашып күлүшүп, Кыналыша турушуп. Кыйа тартып ортодон, Өтүп Толтой кетерде, Каткырышып катын-кыз, Катуу кылды келеке: — Топоңдоп Толтой качпай кал, Тоомун — деп — элге айтпай кал! Какшаттың эле калкты, Кара жерге батпай кал! Серектеп атың чаппай кал, Гүлчородон качпай кал! Кирпидей эми түйүлүп, Кирээрге тешик таппай кал! Хан жездебиз Семетей, Каныңды кечер эр эмес. Карааның тоодой болсо да, Семетейге тең эмес. Капырай, Толтой, не болдуң, Кайраттан тайып жер болдуң. Гүлчородон жеңилип, Эмнеңе эми шер болдуң?! Кыздардын кебин укканда, Толтой калып пушманга. Айабай жаман арданып, Келеке, шылдың укканга. Оңолуп артын караса, Чоң ополдой эр эмес, Ал Семетей теги эмес, Эми билип эр Толтой, Оңдоп атын бурду эми, Оро-пара турду эми, Кайрып атын бурду эми, Карап артын турду эми. Каба кармап сабынан, Кылычын сууруп кабынан. Урушууга шайланды, Кечип кара жанынан. Жете келген Гүлчоро, “Токтогун” — деп бакырды. Намыстанып Толтой да, Гүлчорону качырды. Маңдайлаша калышып, Кылычташып чабышып. Кылычтын баарын кыйратып, Балтаны колго алышып. Балта менен салышып, Балтанын сабын сындырып, Найзаны колго алышып. Күркүрөтө сунушуп, Муштап найза урушуп. Тийгизбей найза кагышып, Тик качырып сайышып. Беттешип булар жанышып, Бакырышып кыйкырып, Баатырлар найза сайышып. Колдо жарак бүткөндө, Которуп жарак алышып. Жарактын баарын сулатып, Ок өтпөс олпок тондордун, Жип аркагын булатып. Тополоң, жерди чаң кылып, Дөңсөө жерди түз кылып. Ойдуң жерди дөң кылып, Кезектешип турушуп, Кезек менен урушуп. Кездемдин боосун чубалтып, Кезенип найза чунайтып. Кез келген жан корккундай, Кыйкырса кулак тундуруп. Уйуткан темир чойунбаш, Алты канат үйдөй бар. Үшкүрүп бекем кармашып, Ырайым шапкат анда жок, Өлүм жагын карашып. Күзгү кирген букадай, Ирмебей кирпик марашып. Азаматтар тынбастан, Бирин бири карашып. Тамаша кылып тургандар, Түңүлдү жандан жадашып. Күнү-түнү дем албай, Оодарышып жанашып. Жакасынан кармашып, Бардык күчүн арнашып. Баатырлар уруш салыптыр, Баары журт айран калыптыр. Жакалашты бир кезде, Жанаша атын бурушуп. Тарткылашып тырышып, Колдорунан чойушуп, Акактап булар солушуп. Айанбастан эңишип, Үзөңгүлөп тебишип, Ажырап кайра келишип, Аттары менен демитип. Аттары солуп жүрө албай, Тизеден жерге батканда, Жарагын таштап талаага, Бет алыша басканда. Олпокторду чечишип, Чукулдашып келишип. Кемерди сала беришип, Батмандап бекем кармашып, Бардык күчүн арнашып. Орто белден алышып, Салмак салып тырышып. Көтөрүлбөй тайышып, Көпкөк болуп демигип, Сызылды бойдон тер кетип. Жуурулуп эттен суу агып, Тумандап көзү тунарып, Булак болуп суу агып. Жарадар болгон эр Толтой, Жаман уруш салганы. Чыдай албай Гүлчоро, Чыгуучудай далдалы. Жалжылдап жаны карарды, Сурданып өңү агарды. Оң чекеде кыйшайып, Баса кийген кундуз бөрк, Басып келди ошондо, Падыша кызы Айчүрөк: — Бала жолборс не болдуң? Кайратың кайда жоголду?! Аны укканда Гүлчоро, Арданып катуу чыйралып, Далысынан суу чыгып, Оозунан көбүк, буу чыгып. Каарынан катуу Гүлчоро, Катын-кыздан чуу чыгып. Келиндин баары эндиреп, Кыздардын баары кылактап, Кырмызы көйнөк буластап, Кыйкырыгы таш жарып, Гүлчоро кирди кайтадан, Бакырыгы баш жарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.