Эрдик кылсаң сен Толтой, Кезектешип келерсиң, Кезекти мурда берерсиң. Коркуп калса жүрөгүң, Мен өзүм туруп беремин! Канчоро кебин укканда, Кара тоодой Толтойдун, Каары катуу кармады. Калканды кармап колуна, Түпөгүн такап найзанын, Акканкынын бооруна, Айбат менен турду эле. Жазганган жок Канчоро, Жааган күндөй карарып, Жан айабай урду эле. Баатыр экен ал Толтой, Кыймыл этпей, кыңк этпей, Ээрден ооп, былк этпей, Суркойондун үстүндө, Сомдоп койгон түркүктөй, Солк этпестен турду эле. Өтө түшүп Канчоро, Каралат оозун бурду эле. Козголуп Толтой болгуча, Кош колдоп жана урду эле. Мындайда карап турчу эмес, Эгеште эки чапчу эмес. Эки чабыш жеткенде, Үч чабышка турчу экен. Жана айланып Канчоро, Жан айабай бакырып, “Манастап” ураан чакырып. Толтойго жетип барганда, Карала ат тура калганда, Үзөңгүгө тамандап, Ээрдин тиштеп качырып, Катуу чапты жапшырып. Жедигердин Толтойун, Жиберейин — деп — азыр, Жер алдына тапшырып. Мына ошентип жана да, Как төбөгө салганда, Калбоочудай көрүндү, Толтой тирүү жалганда. Ачылып көзү жумулуп, Нымыгып бойу жуурулуп. Алдындагы Суркойон, Чаңдан чыкты суурулуп. Алла насип кылган ат, Так өзүнө буйуруп. Алып чыкты Суркойон, Арасынан бой уруп. Жан айабай Канчоро, Жаман чапкан болсо да, — Саламат чыкты эр Толтой. Чабууга ага кез келип, Бир чапканда чорону, Карала ат чыкты бош желип. Канчорого карабай, Карала атты кармоого, Толтой кетти желигип. Балааны башка салганда, Жалпайып жатып калганда. Алдынан чыгып Гүлчоро, Чоң Буурулга камчы уруп, “А дүйнө кеткен атамдын, Арбагы азыр колдо” — деп, Канчорону кутказып, Алуу учун бой уруп. Салып бара жатканда, Алдына кирип Карала ат, Алактап качып алыптыр. Арт жагынан салактап, Толтой кууп калыптыр. Утур келген Карала ат, Чылбыры колго тийгени. Жетелеп алып, дуу койуп, Канчоронун жанына, Салып жетип кирди эле: — Канчоро, аман барсынбы, Сак-саламат калдынбы? Зардалым баатыр, барсыңбы, Залкайып аман калдыңбы? Канчоро туруп муну айтат, Кыйраган найза сабынын, Уңгусуна тайанып: “Кетип кала жаздадым, Толтойдон тоодой балта жеп, Акыреттен жай алып!” Каралды болуп Гүлчоро, Каралатты карматты, Канчорого: “Мингин” — деп. Ал аңгыча айкырып, Алп Толтой баатырың, Аларды келди бастырып. Ат дүбүртүн укканда, Айгай сүрөөн чыкканда. Алмамбет уулу Гүлчоро, Алдынан тосуп чыкты эми. Гүлчоронун көгөргөн, Ачуусунан түн безип, Кайратынан карарган, Кара бойдон тер кетип. Эки көзү от жанган, Ирмебей кирпик таш тешип. Бастырганда атынан, Кара куйун, чаң чыгып. Аркасынан эрендин, Айдар кара жал чыгып. Эки жолборс кабышып, Карсылдап тиши ал чыгып. Жылаңач кызыл дубана, Чылбырынан жетелеп, Кызыр болуп жолдошу, Кылып кызмат энтелеп. Эки түгөй сур бөжөк, Үзөңгүгө асылып. Отуздан кулжа оң солдо, Жандай чуркап басылып. Боз ала чаар чоң жылан Гүлүстөндүн куруна, Үч оролуп алыптыр. Колдоочусу Манастын, Баары колдоп калыптыр. Аккула минген аты бар, Арстан Манас салты бар. Ал чорону жетелеп, Жандап алган чагы бар. Колдоочусу чоронун, Айтыла элек дагы бар. Олуйа Кошой жанында, Эки окшош сулуу кыз, Кол куушуруп алдында. Анын аркы жагында, Алмамбет, Чубак эки шер, Жаандан ашкан кеменгер. Сыргак болуп жолдошу, Көрүнө чыкты колдоочу. Көп экен — деп — жазганып Көсөм Толтой качкан жок. Жаш баланын жанына, Жабыркатып салды от. Тосуп чыгып алдынан, Баатыр Толтой атып топ. Керип, чойуп жаа тартып, Мылтык кезеп, ок атып. Аз келгенсип анысы, Сундуруп найза чунайтып. “Чоросун сайып нетейин, Семетейди Буурулдан, Көмө сайып кетейин. Аңтара сайып кулатып, Чынкожо өчүн алайын. Акундун кызы Чүрөктү, Тартып алып жанайын. Баатырсынган канкордун, Башын кесип чалайын. Кайра кетпей бул бойдон, Кеңколго чейин барайын. Баабедини колдогон, Баланын башын кесейин. Чымырканган Семеңдин, Чын түбүнө жетейин. Антымды ушул кылбасам, Адам болбой кетейин!” — Деп, ойлонуп эр Толтой, Кор болом — деп — ойлобой. Комсоо көрүп баланы, Колдобой пири койгондой. Качырып Толтой жөнөдү, Маңдайлашып калганда, Колдоочуну көргөндө, Апкаарып алар сүрүнөн, Жүрөгү чыгып өлбөдү. Алдындагы Суркоен, Ооздук тиштеп, көз жайнап. Ооздукка кошо тил чайнап, Ала качып алкылдап, Жаалы кетип шалкылдап. Төрт айактан чыккан от, Чакмак таштай жаркылдап. Учкан куштай закымдап, Урган таштай зыркырап. Гүлчорого эр Толтой, Жетип барды жакындап. Чабайын — деп — баланы, Аманат жандын жайын таап. Каршы алдына барганда, Качырып найза сайганда, Кимдер кайрат кыла алат, Бул өңдөнгөн балбанга? Балбандыгы бар Толтой, Баатыр, күчтүү, шер Толтой. Жалгыз турса карааны, Сан миң кара көп колдой. Гүлчоро андан кем эмес, Өзүн тууган акжолтой. Көк найзаны көрсөтүп, Күркүрөтө сунду эле. Томуктай кызыл баланы, Көөдөндөн нары урду эле, Күркүрөгөн эр Толтой, Өтө берип турду эле. Чылбыр бойу ыраакка, Учуп барып түштү эле. Багыштын уулу эр Толтой, Мына ушундай күчтүү эле. Гүлчоро баатыр өзү жаш, Атка кыйын, минет маш. Сайган найза тарткыча, Кармап атты алгыча, Карала атты койгулап, Канчоро барды аңгыча. Жандай чуркап атына, Гүлчоро минди жабыша. “Шай колдогон атакем, Кубат бер — деп — өзүмө”, Коморуп найза алды эле. Тоодой толкун шары бар, Толтойго жазбай салды эле. Көк түпөк кызыл найзасын, Көөдөнгө сайып мылгытып, Көмө саймак нээтинде, Эр Толтойду ыргытып. Баатыр Толтой былк этпей, Ээрден көчүк кылт этпей. Эчтемени элебей, Эрдиги артык кенебей. Канчоро келип капталдан, А, дагы найза урду эле. Бит чакканча көрбөстөн, Кайкайып карап турду эле. Эки бала көгөрүп, Эки найза өңөрүп. Бири тартып, бири сайып, Экөө бирдей тең сайып. Кетти айласы Толтойдун, Ачылып оозу ырсайып. Эки чоро баладан, Эми Толтой нетиптир, Чочуп жаны Толтойдун, Толгонууга жетиптир. Ал аңгыча артынан, Актелки менен аргытып, Качырып катуу каргытып. Ашыккандан Семетей, Артынан жөнөп калганы. Оорлоп аны Актелки, Самагандай баспады. Олбуй-солбуй камчы уруп Семетей жаман шашканы: — Катыгүн, чором, неттиң — деп, Кайратың кайда кетти?! — деп Алыстан Семең айтканы, Семетей үнүн укканда, Толтойдун эси чыкканы. Шашып калган Толтойго, Гүлчоро найза урганы. Эрен тууган Толтой да, Кайрып найза булгады. Бой бербестен Гүлчоро, Толтойдун урган найзасын, Улай учтан кармады. Кармаганда найзаны, Куту качкан Толтойдун, Колунан сууруп алганы. Айтылып калды ушундай, Гүлчоронун жомогу. Урпактарга эрдигин, Угузбасак болобу? Найзасы колдон кеткенде, Чын ажалы жеткенде. Качып берди Толтойуң, Каны агарын сезгенде. Тороп алдын тогошор, Толтойдо эми каруу жок, Эрен Гүлүс Толтойдун, Эрдигине салды от. Кагыша албай кайрылып, Эрдигинен айрылып. Куру кол калып эр Толтой, Кор болуп жаман шер Толтой, Атынын башын буруптур, Айабай камчы уруптур. Балта алар шайы жок, Башка чабар алы жок. Үч беренге өкүргөн, Далбас урар дайны жок. Кылыч сууруп кынынан, Кырчылдашар чагы жок. Мылтык чоктоп, ок атар, Милтесинде дары жок. Колундагы найзасын, Сууруп алган немеңдин, Үрөйүн көрүп берендин, Оролмо тоону бет алып, Суркойон куйрук булгалап, Булактап качып жөнөдү. Кабылан Толтой качканын, Калкынын баары көргөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.