← Семетей 6/6

Ал аңгыча көрүнүп, Семетей келет алыстан, Түңүлдү Толтой эми чын, Жаны аман калыштан. “Акун ханга баргызбай, Ажалым менин жетеби? Алдыман чыкпай арачы, Амалым менин кетеби? Балакеттүү Гүлчоро, Башымды менин кесеби?!” Муну ойлонуп Толтойдун, Акылы баштан кеткени, Кетпегенде неткени? Колу бошоп шалдырап, Дарманы кетип далдырап. “Канкордун уулу Семетей, Капталга канжар урбасын, Бөөдө майып кылбасын. Өпкөмдү сууруп албасын, Бүтүп күнүм калбасын!” ; Кыйалында муну ойлоп, Калчылдап калды эр Толтой. Кача турган баштанып, Бултаңдап калды шер Толтой. Аны Гүлүс билди эле, Эки буттун ортого, Эрен чалып кирди эле. Чаткайактан көтөрүп, Чалкасынан урду эле. Чабандес тууган чунагы?, Чалкадан түшкөн Толтойдун, Көөдөнүнө минди эле. Так ошол кез Семетей: — Койгун, чором, койгун — деп, Айтып келет далай кеп. — Барып сурап калсам — деп, Жетпей келет Айчүрөк. Айчүрөк менен Семетей, Алыстан жетип келгиче, “Койгун, баатыр кечкиниң” Сурадык канын дегиче”, Сууруп алып шамшарды, Ооз омуртка айдарга, Оңдоп кармап имерди. Опол тоодой Толтойду, О дүйнө көздөй жиберди. Канжардап чоро сойгондо, Канын ичип тойгондо, Канкор келип ошондо: “Кайраным, Толтой — деп — өксүп, Жолборсу келип бек өксүп. Жолдошум, Толтой — деп — өксүп, Өлтүрбөй турган эр эле, Өчтүү кылдың, Гүлчоро! Кетирбей турган эр эле, Кектүү кылдын, Гүлчоро! Жалгыз ооз жайын сурабай, Жалкы билдиң, Гүлчоро! Жамандыгы жок эле, Жайын билбей, Гүлчоро, Жаштыгыңа жеңдирип, Жанын кыйып бекерге, Жай таптырдың, Гүлчоро! Чынкожо бузуп байкушту, Булганып калган кеп эле. Караан болуп калкыма, Калганы тирүү эп эле! Жакыны эле Багыш хан, Атам айкөл Манастын. Жедигер элиң, калын, журт, Жериңди качан талаштым? Шайтандын кирип тилине, Сырттаным, неге адаштың? Өкүнгөн менен Толтойду, Тирилтип алар айла жок. Жаш Гүлчоро баланы, Жекиген менен пайда жок”. Атагы артык эр Семең, Артынан камды көргөнү, Ак кепиндеп жуудуруп, Ак шайы менен буудуруп, Артыкча кылып зыйнатын, “Агам — деп — өзү көмгөнү. Өлбөй тирүү мен турсам, Көкөтөйдөн ашырам. Көбүрөөк болот тамаша, Көкө абамдын ашынан. Быйыл туруп келер күз, Ошондон тартып камынам”. — Деп, ошентип Семетей, Бек кайгырды баатырга. Күңгүрөнүп канкоруң, Көп кайгырды баатырга. Катын, кыздын ичинде, Жатып алар айла жок. Алты жыл жатса бул жерде, Тамактан башка олжо жок. Ошондой күндүн биринде, Жөн туралбай Гүлчоро, Сүйлөп калды оозу шок: “Сулууну алсаң, сен алдың, Суурулган күлүк ортодо. Чүрөктү алсаң, сен алдың Чүмбөттүү күлүк ортодо. Кимибизге бересиң, Суркойон күлүк олжону?” Кыйышып бирөөң ал десе, Талашып балдар болбоду. Кеңеш менен иш кылып, Келбеттүү сулуу кызды алган. Гүлчоро менен Канчоро, Калыйман менен Бегимжан, Эки сулуу узду алган. Кызды аларда кызганбай, Ат аларда талашып, Бирине бири түс салган. Көбөйгөн сайын аз болуп, Күйгүзөт напси шум жалган! Балдарга Семең кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: “Башында минген атыңар, Актелки менен Суртелки. Мен көрөмүн силерди, Кош көзүмдөй бир келки. Суркойонду талашып, Суук, селкин болбогун. Кимге тийген упаасы, Бок дүнүйө олжонун? Талашкан менен тарп болуп, Болосуң акыр далбаса. Андан көрө салалы, Жарыш кылып тамаша. Баш байгеси жарыштын, Суркойон болсун талашкан. Экинчи байге көктө учкан, Каралат болсун канатчан. Биринчи болуп келгениң,, Суркойонду алгының. Экинчи болуп келгениң, Каралат минип калгының. Чыгаралык, чоролор, Көңүлдүн бугун, кумарын, Жарышкыла экөөңөр, Туу болуп мен турайын. Эки чоро күйүгүп, Энтелеп атка жүгүрүп. Ээр токумун сүйрөшүп, Ашыгышып дүрбөшүп. Аттарын токуп минишип Боз сеңирге барышты. Биринен бири озууга, Топулдашып жарышты. Эки тизгин кагышып, Келе жатат жанаша. Чоролордун жарышы, Элге болду тамаша. Суулуктагы чагарак, Тепетең болуп баратат. Басыңкырап баатырлар, Тулпарларын сабашат. Актелки менен Суртелки, Кара тер болуп арышты. Боз сеңирге чоролор, Чукулдап жетип барышты. Калыс карап экөөнө, Кара көзүн ирмебей, “Озор экен кими” — деп, Карап турду Семетей. Кайчы кулак кыйчалыш, Алдыда келет Гүлчоро. Кайчы кулак кыйчалыш, Артта келет Канчоро. Алалыкты билбеген, Ак көңүлдүү Семетей. Канчоронун ичинде, Кек каларын элебей. Чычыркайдай чылбырды, Ыргытты бейм жанаша. Илгир болгон Гүлүстөн, Эрдигине жараша, Учун жерге түшүрбөй, Илип кетти караса. “Гүлчорону Семетей, Менден артык көрөт — деп. Суркойондун чылбырын, Ага ыргытып берет” — деп. Ат үчүн ошол таарынып, Канчоро көөнүн иритет. Семетей менен Гүлчоро, Аны кийин билишет. Алты ай жатып, күн бүтүп, Күн айланып, түн бүтүп. Келди кышка айланып, Жайкы жакшы күн бүтүп. Акун хандын шаарына, Жаккан отун өчүрүп. Арстан Семең жөнөдү, Айчүрөктү көчүрүп. Кондуруп колго шумкарды Туйлатып минип тулпарды. Кечип Үргөнч баш болгон, Канча дайра, сууларды. Каракалпак, түркмөндөр, Кастарлап каршы алышты. Тажик менен испанга, Конок болуп жанышты. Өрлүк менен тартууга, Алтын, күмүш алышты. Качырган колдон кушту алып, Айчүрөктөй кызды алып, Душманга салып күйүттү. Доско айтып сүйүнчү Арбын олжо алышты, Таласка келип калышты. Жоготуп жоосун жеңген соң, Таласка кайтып келген соң. Хандардын баары баш ийип, Тизгинди ага берген соң. Манастын уулу Семетей, Мына мындай кеп айтат, Ырыс алды ынтымак, Элге жаккан эп айтат: — Атам менин эр Манас, Жердеген жери кең Талас. Алп көкүрөк, ак калпак, Элдеген эл ар алаш. Атам менин барында, Олтурганда тагында. Акылчы болуп хан Бакай, Турганында жанында. Кыргыз, казак аталаш, Он төрт хан эли аралаш. Тойун бирге тойлошуп, Атага бирге берип аш. Казатка бирге барышкан, Кандарын бирге агызган, Атам Манас өлгөндө, Абыке, Көбөш болуп хан, Элдин көөнү ооруптур, Туш келди жакка тозуптур. Алды-алдына ар кими, Айрылып хан болуптур. Алты бөлбөй алашты, Айрыбай кыргыз, казакты. Он төрт хан эли баш кошуп, Бололу бирге, — деп айтты. Чачылган эл жыйналып, Үзүлгөнү уланып. Таралганы куралып, Кучакташып кубанып. Хан көтөрүп Семеңди, Кен Таласта тойлоду. Ынтымак, ырыс, береке Эл ичине орноду. Ал аңгыча жаз болуп, Кар, муз эрип жаш болуп. Арпа менен Алайга, Алажууку, Үчташка, Күркүрөп көчүп жөнөдү, Гүлчоро менен Канчоро, Элге журтка баш болуп. Келиндин тандап сулуусун, Жигиттин тандап мыктуусун. Кырк жупка санын толтурат, Кыдырата кондурат. Жибек менен чынжырдан, Кермеге аркан чойдурат. Кырк байталды байлатып, Кымызга арнап салдырат. Алты бакан, селкинчек, Асмандатып салдырат. Кумалак ойноп, ордо атып, Жигиттер черин кандырат. Жамгырчы, Бакай, Каныкей, Самаркандын сыртында, Жайыт алып конушат. Береги Белсаз, Кырчында, Көч тартып күздө сарказак. Кең-Колдо болот кышында, Келберсиген көп ногой. Кудай менен иши жок, Жыргалга батып жатышат, Куурал тарткан киши жок. Айкөлдүн уулу Семетей, Эч нерсени кенебей, Ойноп, күлүп шапар тээп, Кызык кылат ченебей. Сабага кымыз ачытат, Чыкканча үркөр жеринен, Ууз кымызга канышат. Капилет басып буларды, Тамашага батышат. Гүлчоро менен Канчоро, Жайлоодо дуулап жатышат. Жаткандын болот жайдагы, Артында болот айдагы. Калмактардын Коңурбай, Кыргызга салат калбаны. Муну мындай таштайлы, Токтосарттын дүйнөкор, Саткындыгын баштайлы. Калмактардын Коңурбай, Карып чачы агарды.