Чыгып андан кеткидей, Эшик тапчы, Акун хан, Чыгарып андан кетейин. Кирип чыкпай койгудай, Тешик тапчы, Акун хан, Киргизип ага кетейин! Ажыбайдан каккы жеп, Акун хан башы тел болду. Калкылдаган калайык, Кайнап, ташып сел болду. Капчыгайга урунган, Кара бороон жел болду. Аны көрүп Түмөнбай, Айчүрөккө чапканы, Куйрук улаш Ажыбай, Кубалап аны барганы. Аттан түшпөй кыйкырып, Ак ордонун сыртынан, Түмөнбай доош салганы: — Ай,Айчүрөк, кулунум, — Ардактаган буулумум, Үйдө болсоң бери чык. Өзүңө айтам билгизип, Алып келген кебимди ук! Күлүмсүрөп кашкайып, Күндөй бети нур чалып. Чекири жок кой көздүү, Сепкили жок ак жүздүү. Айчүрөк чыкты кериле, Ак маралдай маңкайып. Кашкайа карап күлгөндө, Кабагынан ай жарып. Ажыбайдан жашырбай, Айтып өттү Түмөнбай. Чынкожого Ажымдын, Убада берген болжолун. Бозучуктун сеңирге, Алып барып Чүрөктү, Чынкожо менен Толтойго, Кармап бермек болгонун. Акылы артык Айчүрөк, Ак тотудай кулпунуп, Күлө карап кеп айтат: — Ажыке, айтчы — деп айтат, — Карындашың Чүрөктү Чынкожо менен Толтойго Бермек болуп келдиңби? Ойлонуп артың, сөз кылбай, Өз билгиңче иш кылсаң, Табамын бир күн эбиңди! Ажыбай анда кеп айтат: — Айчүрөк, укчу — деп айтат, — Алды менен шаарыңа, Азар түмөн кол келди, Аз келбеди, мол келди. Алты атар мылтык ийнинде, Албарстан кылыч кабында, Апкаарып адам туралгыс, Ал Чынкожо жанында. Атса атып салгыдай, Чапса чаап салгыдай. Кейпин көрүп чочконун, Кеп менен алдын тосконум. Жайыңды айтып, Айчүрөк, Карганып араң кутулдум. Эр көөнүңө жараса, Тийбейт деген эмине? Эр көөнүңө жакпаса, Асмандап учуп, Айчүрөк, Кетпейт деген эмине? Самаганың Семетей, Жетпейт деген эмине?” Анда Чүрөк кеп айтат: — Аттуу турбай, агалар, Чай ичкиле — деп айтат, — Ыгы келсе андайдын, Ылайыгын көрөрбүз. Ыктуу болсо жумушуң, Ата менен аганын, Айтканына көнөрбүз. Алдыда Чүрөк жол баштап, Эшикти ачып калды дейт. Ажыбай менен Түмөнбай, Ордодон көрүп кызыкты, Акыл, эстен танды дейт. Ортосунда ордонун Байлануу турат он төрт ат. Он төртү бирдей күлүк ат. Он төрт аттын ичинде, Көргөндө салты башкача, Кежимден жабуу жабылган, Жембаштыгы манаттан, Такта соору тайган төш, Тамдай болгон Буурул ат, Ал ырыстуу эрдин малы экен. Канаты экен, жаны экен, Көргөн сайын канбастай, Касиети бар экен. Кара байыр казан ат, Теңдеши жок так экен. Жоболоңдуу жорукта, Жоого минчү ат экен. Он төрт аттын айагы, Жаа мойундуу Туучунак. Туйагында тура жок, Жүрөгүндө кара жок, Телегейи тептегиз, Байлоодо турат он төрт ат. Баарысында чала жок, Байкаган киши билгендей. Башкача аттар келишкен, Күлүктүктө даба жок. Ички тамга киргенде, Айчүрөк турду муну айтып: — Көкүл менен саамайым, Аргын менен ногойдон, Арстан чыккан ошондон, Асыл төрө паанайым. Көкүрөгүң соо болсо, Көзүңдү ачып өйдө бол. Хан атамдын калаасын, Ажыкем билмек болуптур, Чынкожонун Аласын, Алып минмек болуптур. Бозучуктун сеңирде, Болжолдуу тумшук жеринде, Чынкожо менен Толтойго, Айчүрөктү алпарып, Кармап бермек болуптур. Ажыбай менен Түмөнбай, Үйгө али кире элек. Үйдө жаткан кишинин, Ким экенин биле элек. Ачылып эшик калганда, Ажыбай башын салыптыр. Ал үйдөгү эрлердин, Эркин жаткан шерлердин, Караанын көрүп калыптыр. Аптыгып калган Ажыбай, Буларды ойго алыптыр. Койондой окшош эки уул, Телегейи тегиз уул. Көзгө сүрдүү көрүнөт, Желмогузбу теги бул? Кыздардын бери жагында, Келбээрсип булар отурган, Керебет алтын тагында, Алардан ары төр жакта, Ажыдаардай айбаты, Арстандан бирөө көрүндү. Көрө замат Ажыбай, Көңүлү жаман бөлүндү. Айбатынан айбыгып, Кара жандан түңүлөт. Ажары анын башкача, Айдай болгон бир сүрөт. Кыйа салып караса, Кызыл чийкил нурлуу жүз, Туура карап Ажыбай, Көрө албады нурун түз. Алтындан кемер курчанган, Албырып бети нур чалган. Мусурканып мур жанган , Муздай темир курчанган. Мостойунку бул эрен, Эки жигит котчу алган. Семетей келип болгонун, Ажыбай билет ал кайдан? Үйгө киши киргизбей, Эшикке чыкты Семетей. Ээрчип чыкты кош чоро, Жоо жарагын белендей. Айбатынан Семеңдин, Аңтарылып көз жайнап, Күрмөөгө келбей кызыл тил, Таштагандай бек байлап. Ажыбай менен Түмөнбай, Аста басып кедеңдеп, Аттарын минип кайтышты, Артын карап элеңдеп. Семетей туруп кеп айтат: — Ой, жигиттер — деп айтат. — Мен укканды уктуңбу? Мен туйганды туйдуңбу? Айчүрөктүн сөзүнө, Акылыңды бурдуңбу? Бозучуктун сеңирге, Ажыбай менен Чынкожо, Болжошуп келген турбайбы. Кимиң барсаң, аның бар, Бириң мында калыңар, Бир кишилик алың бар. Бирөөң чалгын чалыңар, Чалгын чалып баруучуң, Тайбуурулду минип бар. Шыгайдын уулу Чынкожо, Чыгып калса жолуңдан, Ичин жарып, итке сал. Канын төгүп башын ал, Жүрөк канын тамызбай, Ичип алып, жолго сал! Канчоросу калтылдап, Күлүстөн туулган Гүлчоро, Күлүмсүрөп жаркылдап, Күзгүдөй көзү жалтылдап: — Бар десең, аба барайын, Барбай кантип калайын? Жолукса Толтой, Чынкожо Жообу эмне алайын. Түрү суук болушса, Тирүү койбой сойойун. Хан атам Манас болгон соң, Сойбой кантип койойун? Буурулдун эки күндүк эти бар, Тиктелип жүнү бириндеп, Тери калган жери бар. Абыкенин Актелки, Абыдан сууту каныптыр. Как ошону минсемби? Кайгуулга келген жан болсо, Каршылашкан хан болсо. Карсылдашкан эр болсо, Найза сайар шер болсо, Тайманбай турган жан болсо, Тамашага батсамбы? Мингени күлүк ат болсо, Олжолоп аны кайтсамбы? Анда Семең муну айтат, Айчүрөктүн алдында, Агартып тишин кылайтат: — Азелден кудай ак жасап, Атаң келген дин үчүн. Каалап келген ак динди, Калпа, султан, пир үчүн. Таштап келген тактасын, Акыреттин камы үчүн. Айтылат иши ар жерде, Какандыктын ханы үчүн. Түгөнбөйт анын жомогу, Туйунтуп айтса эл үчүн. Басташкан байлап, белин бек, Ата конуш жер үчүн. Сен ошол, Алмамбеттин уулусуң, Бүгүн сага берейин, Алдымда минген Буурулум. Арстаным чоро, кийип ал, Бараңдын огу батпаган, Атакемдин буулумун. Абайлап сөзгө кулак сал, Акылман чоро кулунум. Аттанып чыксаң акжолтой, Аркамда жүрсөң сан колдой. Арка кылган эки уул, Алдымда турсаң миң колдой. Аттан арман кылбагын, Аттангын, чором, турбагын. Байлоодо жүргөн бабында, Баарысы чабар табында. Он төрт күлүк ат келди, Баары тулпар мал келди, Аралап бүгүн турасың, Атасы башка жат элди. Канчоро жатып албасын, Жайлоого атты айдасын. Асыл жеңең Айчүрөк, Азык-түлүк камдасын. Кас санаган душмандар, Кагылышсаң кан болсун, Өнөгүң элде даң болсун. Алдыңдагы Тайбуурул, Атагы чыккан хан Буурул, Кадууга чапсаң чаалыкпас, Канчалык чапсаң арыбас, Өөдө-ылдый ылгабас, Өркөчү бийик, сээри пас, Тутам шыйрак, жез билек, Тунук тулпар Буурул ат. Ката сайып жаралуу, Калганга болсоң табалуу, Калтырбай сени талаага, Алып келет абаңа. Өлүп калсаң сөөгүңдү, Таштап атпайт арага. Он беш асый болгуча, Өзү айбан болсо да, Антын актап, тоо сактап, Мени күйгөн Тайбуурул. Ишенгеним эки уул, Арка кылган бир Буурул. Азырынча Гүлүстөн, Ал Буурулду минип тур. Кандай барсаң андай бар, Жоо жарактын баарын ал. Жолукса Толтой, Чынкожо, Жобунтуп ага кайгы сал! Жообун абаң бергенде, Жоо дегенде сүйүнүп, Кобурлуу тууган чунагың, Мыйыгында күлүнүп, Башкасына карабай, Буурулду көздөй жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.