← Семетей 1/6

Гүлчоро менен Толтойдун алгачкы беттешүүсү

“Күнү толуп калды — деп, Жиберели элчи” — деп, Чыдап жаны турбады. Эли-журтун жыйнашып, Чеченден чечен ылгашып. Акун ханга жиберди, Калдайган кара кат жазып, Айагына мөөр басып: “Айткан сөздөн танбаса, Акун хан жооп берсин — деп, Алдадым десе бултактап, Атышар жерге келсин — деп. Алдаса эми Акун хан, Карала тулпар минебиз, Алтын эшик калаасын, Аралап бузуп киребиз. Каз, өрдөктү кан кылган, Карчыгадай тийебиз. Үч күн ичи жооп берсин, Үч күндө жооп болбосо, Үйүнө баса барабыз, Ардактаган Чүрөгүн, Ач билектен алабыз. Ат аркага салабыз, Антип эбин табабыз. Аны менен тим койбой, Чаап малын алабыз! Жакшылыкты санаса, Түпкүлүгүн караса, Кол куушуруп, кой сойуп, Кудалыкка келебиз. Ал ыраазы болгуча, Айдап малды беребиз”. Тандалган чечен Жаманак, Таңшыган булбул Саламат. Арада конуп жол баспай, Акун ханга келиптир, Жол азабын көп тартпай. Алыстан келген элчини, Кайгуулга келген ченчини, Жасоолдор баштап кириптир. Саламат менен Жаманак, Салам айтып Акунга, Салып башын ийиптир. Элчиге келген Саламат, Кеп салганы шар экен. Жаактууга башынан, Жаак бербеген кара жаак, Чечендин бири ал экен: — Акун хандай теңизим, Ат көтөргүс семизим. Ар тарабы келишкен, Атактуу хандын бирисиң. Сенин кызың, Айчүрөк, Бөтөнчө сулуу бала — дейт. Кулдук уруп Чынкожо, Кудалашып алам — дейт. Ханымдын берген каты бул, Кудалыкка кандайсың? Ызаатташып кетүүгө, Тууралыкка кандайсың? Хан Толтойдун каары бул, Кайсы бирин тандайсың? Жумган көзүн ача элек, Сунган бутун тарта элек. Сөөлөттүү Акун ханыңыз, Карылык дартын тарта элек, Башын өйдө көтөрүп, Карс дегиче жөтөлүп. Агартып тишин кылайтат, Саламатка муну айтат: — Биздин элдин ичинде, Эки эстүү бала бар, Ошого кеңеш салыңар. Биринин аты Ажыбай, Биринин аты Түмөнбай, Жоопту алардан алыңар. Берем десе ал экөө, Бербе дээрге киши жок, Бербеймин десе ал экөө, Өзгөнүн өтөр мизи жок. Акун хан айтып бул сөзүн, Бир баланы чаптырып, Элчилерге бет кылды, Эки эренди таптырып. Ажыбай менен Түмөнбай, Катты алып окушуп, Ичиндеги көп сөздү, Көңүлүнө токушуп. Ажыбай туруп кеп айтат, Мына мындай деп айтат: — Эртең, Бозучуктун сеңирге, Экөөбүз жетип барабыз. Келишсин Толтой, Чынкожо, Кеңешти мыктап салабыз. Берер болсок Чүрөктү, Берер жообун айтабыз. Бербес болсок Чүрөктү, Белсенишчү жерлерди, Белгилешип кайтабыз, — Аны угуп элчилер, Аттанышып кайтты эле, Ажыбай, Акун кептерин, Чынкожо менен Толтойго, Төкпөй-чачпай айтты эле. Ал күнү күн батыптыр, Жайланып кошун жатыптыр. Молдо торгой тил безеп, Таң саргарып атыптыр. Ажыбай менен Түмөнбай, Элчиликке барды дейт. Кошо барган жолдошу, Термечик менен Калыбек, Урматтап атын алды дейт, Бозучуктун сеңирде, Жедигердин чегинде, Чынкожо, Толтой төрт адам, Ажыбай, Түмөн төрт адам, Маңдайлашып олтурду. Эки жактан сегиз жан, Найзага желек аштады, Чынкожо сөзүн баштады: — Жедигердин элинен, Жер майышкан кол келди. Кулдук уруп мен үчүн, Эр Толтойдой зор келди. Айчүрөктөй сулууга, Айдаган калың мол келди. Анык жооп бересиң, Айчүрөктөн мант берип, Алдаганы оор келди! Аны угуп Ажыбай, Айтты кебин мамындай: — Кечээ Манас барында, Алмамбет, Чубак жанында, Коңурбай менен Жолойдон, Олжологон миң нарды, Тизмеги менен жардатып, Ал нарынын үстүнө, Алтын, күмүш зар артып, Канча каптал чай артып, Алмамбеттин Сарала, Башына кебез байлатып, Айчүрөккө каадалап, Бел куда болуп кетти эле. Тегерекке дүйнөсүн, Төгүп суудай септи эле. Анын уулу Семетей, Алп чыкты — деп уктум. Өз-жат дебей дүмөктү, Салып чыкты — деп уктум. Теминип ушул түгөнгүр, Тентек чыкты — деп уктум. Темир кийген душманын, Тепсеп чыкты — деп уктум. Кара сууга кан куйган, Канкор чыкты — деп уктум. Айабаган тууганын, Анткор чыкты — деп уктум. Анын жообун алсакпы, Армансыз болуп калсакпы? Чынкожо анда кеп айтат, Чымырканып бек айтат: — Кечээ Манас өлгөндө, Эл чогулуп көмгөндө. Манастан калган көп дүйнө, Абыке, Көбөш, Жакып хан, Камчыга ченеп бөлгөндө. Сыр бешикти талкалап, Көкбөрү тартып барчалап, Өлтүрө турган болгондо, Бакай берген далдалап, Эки чанач сүт менен, Эки байтал күч менен, Кара хандын шаарына, Качып кеткен Каныкей, Семетейди калкалап. Бөлүнгөндү бөрү жеп, Бөрүнүн богу болгондур. Какжайган сөөгүн кажыр жеп, Кажырдын богу болгондур. Өлгөн эчак Манастын, Арбагынан коркосуң, Куйругун эчак кум баскан, Тентегинен коркосуң, Эр Толтой менин өзүмдөй, Эренден эмне коркпойсуң,?! Анда Ажыбай кеп айтат, Ачууланбай эп айтат: — Андай болсо Чынкожом, Айчүрөктү алдыңа, Алып келем — деп айтат. Түмөнбай анда муну айтат, Түрүлтүп өңүн кубартат: — Тийем десе Чүрөктү, Тийбе дээр киши жок. Тийбеймин десе Чүрөктү, Тийгин дээр киши жок. Эрксиз кызды бергидей, Эр өлтүрүп мен сага, Күнкор болуп калдымбы? Нар өлтүрүп мен сага, Пулкор болуп калдымбы?! Күңгөй кара, күн жарык, Не билгенди билейин. Не көргөндү көрөйүн, Көз көрүнө зордукка, Көнгүчөктү өлөйүн! Ажыбай менен Түмөнбай, Айтып жолго кирди эле, Төрт канаттуу Кара атты, Чынкожо тартып минди эле. Узатпастан экөөнү, Кууп жете барды эле. Катуу сүйлөп, бек айтып, Бастырбай матап калды эле: — Арка тиреп Акунга, Бел байлаган Ажыбай, Беренсинген өзүнчө, Бели катуу Түмөнбай. Берер болсоң Чүрөктү, Берем деген жообуңду айт. Бербес болсоң Чүрөктү, Бербеймин — деп, — анан кайт! Маалкатпай мант берип, Абыдан кебиң ачып кет. Алакандай мөөрүңдү, Ак кагазга басып кет! Анда Ажыбай кеп айтат, Карганып катуу бек айтат: — Жолборс изден кайтчуубу, Эр сөзүнөн танчуубу? Эсимди кудай алыптыр, Мөөрүм үйдө калыптыр. Эртең Бозучуктун сеңирге, Айчүрөк алып келбесем, Төбөсү ачык көк урсун! Төшү түктүү жер урсун! Макул болуп Чынкожо, Ажыбайдын антына, “Кебиңден тансаң сойдум” — деп, Кекетип жанды артына. Акундун кызы Айчүрөк, Арылбаган доо болуп, Ажыбай менен Түмөнбай, Ит, мышыктай жоо болуп. Атырылтып ат койду, Алчактаган тулпардын, Баскан жери коо болду. Акун хандын ордого, Түмөнбай мурун келди дейт. Аттан түшүп энтелеп, Айтып салам берди дейт: — Атактуу Акун теңизим, Ат көтөргүс семизим. Чынкожо, Толтой эрлерге, Элчиге барып келишим. Чынкожонун Карала ат, Ажыкем минмек болуптур. Акун хан сенин шаарыңды, Ажыбай билмек болуптур. Жалгыз кызың Чүрөктү, Бозучуктун сеңирде, Чынкожо менен Толтойго, Кармап бермек болуптур. Аны укканда Акун хан, Арданып өңү бузулду. Ак сакалы бириндеп, Ачуудан тери сызылды. Ал аңгыча Ажыбай, Аста кирип эшиктен, Ара жерге кысылды. “Түмөнбайдын айтканы, Чынбы, Ажыбай, жалганбы? Жалган болбой чын болсо, Табамын акыр айлаңды!” Жаактууга жай бербес, Жалтанбаган Ажыбай. Акун хандан тайманбай, Айкырык салып муну айтат, Акун хан өңүн кубартат: — Калтыраган, куу какбаш, Калтырабай тим отур! Үрпөңдөгөн, куу какбаш, Үрпөңдөбөй тим отур! Сербеңдеген, куу какбаш, Сербеңдебей тим отур! Бозучуктун сеңирге, Кайнаган калың кол келди, Жер жайнатып мол келди. Айчүрөктү айасаң,, Акун хан сенин элиңе, Арылбаган шор келди. Ардактаган Чүрөктү, Билсең бүгүн, Акун хан, Чынкожо менен Толтойго, Кармап бериш оң келди! Ойлонгунуң, Акун хан, Бүгүн түпсүз ордосуң. Айасаң Чүрөк кызыңды, Кайнаган кара шордосуң!