Абадагы жол менен, Асталай учуп келгенмин, Сенин ажыкыздык ишиңди, Айлыңда туруп билгенмин. Сага тийип нетемин, Не мураска жетемин. Ажы кыздык сен кылсаң, Алуучу күйөөм Чынкожо, Азыр эми кетемин. Жедигердин Толтойу, Жер майышкан колу бар, Жети суу толгон эли бар, Толтой деген жээним бар, Кимге карап турамын. Кете берсең бул жерден, Менин кемип калаар кимим бар? Кезекти кудай жеткизсе, Келтирип кегип алдырар, Акшумкарың мынакей, Арстаным кетсең жолуң шар, Алдыңдагы Чүрөктүн, Айта турган арзым ал. Айтканымдын баары чын, Асмандап жүрүп кыдырдым, Тийериме эр таппай, Сени өзүм барып жактырдым, Айтарга кепке пас болдум, Атаңдын сыйлап арбагын, Чынкожо менен Толтойго, Өчүгүшкөн кас болдум. Укканда муну башында, Кара хандын шаарында, Качып жүрөт деп уктум, Каралуу энең Каныкей, Калдыр шымың көтүңө, Катып жүрөт деп уктум. Чыгарбайын айбыңды, Көрүп келдим кечээ мен, Бука мойун, дөң маңдай, Кыска мойун тулга баш, Эки айактуу кара баш, Мурун алган зайбыңды, Көрүп келдим кечээ мен, Эр Көкчө улуу Үмөтөй, Калмак менен Кытайдан, Кайнап чыккан эр экен, Кара кулак шер экен. Ошого тийбей жүргөнмүн, Канкор сени күйгөмүн, Сенин кебиң ошондой, Айтарыңды билгенмин. Хан Коңурбай чоң Калча, Алтын найлуу жез канжа, Туура тиштеп ошондо, Суудан жылкы сугарып, Субайын бөлүп чыгарып, Көөкөрчө кылган чоң күпсөр, Көт жагында шалп этип, Жуурканына жамынып, Бурканына жалынып. Жаткан иттей кашы бар, Жанказандай башы бар, Турган экен чоң Калча, Ошого тийбей жүргөнмүн. Канкор сени күйгөнмүн, Семетей сенин ошондо, Айтарыңды билгенмин. Асманда жүрүп алдырап, Жерди тиктеп жалдырап, Атаң Манас болбосо, Канкор сени ким билет? Айтып сөзүн тамамдап, Бура тартып басты эле, Гүлүстөн тууган Гүлчоро, Тили таттуу ширин аш, Айта турган сөзү так: — Койчу, аба, кебиңди, Катын менен урушуп, Талаадан кантип кайтасың? Кала берген жериңде, Калың кара ногойго, Кайсы жоопту айтасың? Бура тартып кылчайып, — — Урматтуу жеңе тура тур, Ишенген кишим сен болсоң, Издеген кишиң мен болсом. Кайраттуу жоого келгендей, Ээн таалада кантесиң? Семетей менен урушуп, Арбын сөздү айтасың. Көөнүң калган немедей, Булкунуп кайра тартасың. Өзүң күйгөн Манастын, Атагы чыккан Таластын, Абакебиз Бакай хан, Энекебиз Каныкей, Калың кара көп ногой, Жаныңда турган көп кызга, Урушуп кайтып кеттим деп, Кандай жооп айтасың? Муңайып Чүрөк муну айтат, Мундуу сөзүн чубалтат: — Түгөнүп калган канкоруң, Тууттан калдың — деп айтат, — Суук селкин кеп айтат, Мындай ыза болгунча, Кошулбай кордук көрөйүн. Бу жорукка көнгүнчө, Эл жатардын астында, Бир кишиге билгизбей, Жан кишиге туйгузбай, Ак эшиктүү коргонго, Хан атам салган ордого, Жатып кетсем болбойбу. Ителгидей кара көз, Ирмебестен жаш кетти, Гүлчоро мындай дегени: — Койчу жеңе кебиңди, Ак калпак кыргыз элимде, Акмакта мындай жок эле. Ачуусуна чыдабай, Абыкедей абасы, Айлантпай сойгон шок эле, Негизин айтсам түшүнгөн, Акылы кыйла ток эле. Ачууңду сурап турамын, Азыркы кечкин сен жеңе. Семетей калды жыгылып, Гүлүстөндүн кебине. Көргөзүп түптөн козгогон, Көндү Чүрөк кебине. Жараштырып ал экөөң, Жанындагы Гүлчоро, Жайлады сөзүн теги эле. Ногойдон чыккан он төрт ат, Айдаганы булардын, Дөнөн төөсү аралаш, Кыздардын камы ал эле, Жатаркы ашын ичкен соң, Жамандыктан кайтышып, Жакшылык сөзү бүткөн соң, Акундун салган коргонго, Ак эшиктин ордого, Арстандар кирип кетти эле. Жайлуу жерге жетишип, Сыр түйүнүн чечишип, Мурунку өткөн залдарлуу, Карынан булар кетишип. Анткор Семей, Айчүрөк, Ортодон кыйла сөз өтүп, Биринен бири шекшинип, Алыстан келген канкор деп, Арнаган малын сойдуруп, Чарчап келген суусап деп, Арактан мыктап куйдуруп, Кардыкканда кант берип, Капакка салып бал берип, Каймакка бышкан нан берип, Кандыра кара чай берип, Казы кертип, жал берип, Канча түрлүү аш берип, Алма шекер-бал берип, Бар тамагын жай берип. Конок камы бүткөн соң, Козголду Семең ойлонуп. Адими асыл Чүрөктүн, Сыйнатын көрдүм мен бүгүн, Ак нике кыйып алсам деп, Көңүлүмдө жүргөнүм, Билбедим мурун немемдин, Айтпай жүргөн шашырын, Деп Семетей айтканда, Айчүрөк туруп ойлонуп, Акылымда толгонуп, Кыз Чүрөк туруп ойлонуп, Кыйалында толгонуп, Жоготкон жогу шумкары, Жоого минген тулпары. Кырчылды кийген буулуму, Кыраан эрдин кулуну, Кыйналтып койдум ушуну, Түн уйкусун бөлүптүр, Күнү-түн жол басып, Жол азабын көрүптүр. “Найзанын көркү желектир, Катындын көркү эркектир”. Эркек менен катынга, Махабат оту керектир. Бейнике жатсам койнуна, Убалы болор мойнума. Кабар кылсам белем деп, Кожо менен молдого. Деп ошентип турганда, Гүлчоро күлүп кеп айтат, Күлүмсүрөп муну айтат: — Айланайын абаке, Алыстан келдиң бул жерге, Асынганың Аккелте. Аңсаганың Айчүрөк, Айбалта илдиң билеке. Кумар болдуң Чүрөккө, Айта албай турсаң керектир, Оту күйгөн Чүрөктүн, Көңүлү түшүп жаткандыр. Көк кашка сулуу Чүрөктүн, Кожо-молдо жолдо жок, Менден кыйын молдо жок, Жашырбаймын бар кепти, Жалтанбаймын оозум шок. Айчүрөк менен абакем, Ал экөөңдүн көөнү ток. Канчоро менен Гүлчоро, Кайгырып ичтен болот жок, Гүлчоро айтып ийди эле, Канчоро арбап күлдү эле. Акундун кызы Айчүрөк, Алардын дартын билди эле. Гүлчоро болду молдосу, Канчоро баатыр жолдошу. Күбөөчү нечени, Арачы болду чечени, Нике кыйып баш байлап, Эрди катын болуучу. Тамаша менен таң атып, Күндүн мурду ачыла, Жердин жүзү чачыла. Намазга турду камынып, Келди булар кезеги, Акундун кызы Айчурөк, Желбегей желек жамынып, Кызыл өңү бозоруп, Ант ичкенге окшонуп. Олжооркогон кара бет, Басалбай калган окшонуп, Аптабасын белендеп, Эр дааратын бүтүрүп, Намаздан жанды Семетей, Чайчылаары белендеп. Аш тамагын келтирди, Көөнүндө иштин камы жок, Сарамжалын бүтүрдү. Камдыгында даба жок, Хан баласы Чүрөктүн, Кылганында чала жок. Дасторкондо олтуруп, Даамды койуп ортого, Эже-сиңди кыздарга, Кеп баштады ошондо. Гүлчоро нике кыйды эле, Алтындан кылган тактыга, Кебезден кылган пахтага. Жуурканына жайдырган, Жибектен кылган тубарга, Калды бекен арманы. Кыз-күйөдөн аларда, Баатырдын уулу эр Семең, Бала жолборс эр немең, Арак ичип мас болгон, Көп ногойго баш болгон. Жыйырма беште жаш болгон, Салынып төшөк бүткөнчө, Араңдан–араң токтолгон. Алардын иши ушундай, Ырасын айтсак учурбай, Тартынбай чунак кенедей, Таамайлап шилтеп ченебей, Он эки карыш олжогой, Оозу түбүн байкабай. Салды Семең болжобой, Жашы кыркка чыкканча, Күйүп жүргөн Айчүрөк, Түк көрбөгөн кара бет. Түндүк бойу түйүлүп, Түпкүчтөй бели ийилип. Болжолу жок жапдыкты, БолжобойСемең кийирип. Чычалактай кара кан, Чычаңы ылдый куйулуп. Канкордун уулу чунагың, Таң атканча жүз кылып. Такалган жерин түз кылып. Кетирип тарпын күч кылып, Таамайлап урса токмокту, Талаада малды козголтту. Мойнуна колун салыптыр, Бутун белге алыптыр, Корк-тарк этип кеткенде, Короодо койлор жата албай, Үркүп кетип калыптыр. Түгөнгүрдүн түйшүгү, Эч бир жанга окшобой. Тарк-турк этип үн чыкса, Талаада жылкы оттобой, Тулпарлар жерди тепкилеп, Табышынан токтобой. Тамаша менен таң атты, Кызарып жерге күн чыкты,. — Ургачы кудай кылган соң, Эрге тийбей айла жок. Эркек бала болгон соң, Катын албай айла жок. Жашыңдан өтүп кеткенде, Катын эрде пайда жок. Ушундай күйөө табылса, Кыздар сенде арман жок. Айчүрөк эми кеп айтат, Балдарга жаккан эп айтат: Жалгыз көздүн карасы, Гүлчоро менен Канчоро, Алмамбет менен Чубактын, Эки хандын баласы. Жашы он төрттө балдардын, Берендигин карачы? Берендигин билгенде, Эрчитип жүргөн абасы, Катын алып үй тигип, Каралды коңшу болорго, Боло элек экен чамасы. Баш кошойун экөөнө, Басылсын булар санасы, Өлсөң кунуң алчу мен, Сатсам пулуң алчу мен. Жакшылык менен жамандык, Өз ойумча салчу мен, Гүлчоро менен Канчоро силерге, Калыйман менен Бегимжан. Эки кызды беремин. Кимиң улуу ким кичүү, Көрбөсөм кайдан мен билем, Хандын кызы Калыйман. Улуурагың аны ал, Бектин кызы Бегимжан Кичүүрөгүң бириң ал. Капаланбай ал кыздар, Кубанды белем курган жан. Кабагын ачпай муңайды, Аты чыкпай кур калган. Чүрөк менен төрөңдү, Тирүүдө бенде көрөбү? Төрө Семей баатырдын, Гүлчоро менен Канчоро, Аркасында жөлөгү. — Айланайын чоролор, Кагылайын караандар, Кыргыздан чыккан кыраандар. Кыла турган ишиң бар, Байкап балдар угуп ал. Күн-түнү жок өксүтпөй, Мөөнөт менен көз салып, Ак эшикке туруңар. Жеңеңер берген кыздарга, Бүгүн нике кыйыңар. Душманды жеңсе талкалап, Тойду ошондо кылыңар. Кыйнабайлы бул элди, Кылар иштин ыгы бар. Кайгуулдап жүрүп кыз алсаң, Кабылан балдар ойлончу, Кимиңде арман кир калар? Мындай айтты Семетей, Муну мындай таштайлы, Гүлчоро менен Толтойдун Беттешкенинен баштайлы. Чынкожо, Толтой баш кошуп, Элинде жыйын курганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.