← Семетей

Гүлчоро менен Толтойдун алгачкы беттешүүсү

“Күнү толуп калды — деп, Жиберели элчи” — деп, Чыдап жаны турбады. Эли-журтун жыйнашып, Чеченден чечен ылгашып. Акун ханга жиберди, Калдайган кара кат жазып, Айагына мөөр басып: “Айткан сөздөн танбаса, Акун хан жооп берсин — деп, Алдадым десе бултактап, Атышар жерге келсин — деп. Алдаса эми Акун хан, Карала тулпар минебиз, Алтын эшик калаасын, Аралап бузуп киребиз. Каз, өрдөктү кан кылган, Карчыгадай тийебиз. Үч күн ичи жооп берсин, Үч күндө жооп болбосо, Үйүнө баса барабыз, Ардактаган Чүрөгүн, Ач билектен алабыз. Ат аркага салабыз, Антип эбин табабыз. Аны менен тим койбой, Чаап малын алабыз! Жакшылыкты санаса, Түпкүлүгүн караса, Кол куушуруп, кой сойуп, Кудалыкка келебиз. Ал ыраазы болгуча, Айдап малды беребиз”. Тандалган чечен Жаманак, Таңшыган булбул Саламат. Арада конуп жол баспай, Акун ханга келиптир, Жол азабын көп тартпай. Алыстан келген элчини, Кайгуулга келген ченчини, Жасоолдор баштап кириптир. Саламат менен Жаманак, Салам айтып Акунга, Салып башын ийиптир. Элчиге келген Саламат, Кеп салганы шар экен. Жаактууга башынан, Жаак бербеген кара жаак, Чечендин бири ал экен: — Акун хандай теңизим, Ат көтөргүс семизим. Ар тарабы келишкен, Атактуу хандын бирисиң. Сенин кызың, Айчүрөк, Бөтөнчө сулуу бала — дейт. Кулдук уруп Чынкожо, Кудалашып алам — дейт. Ханымдын берген каты бул, Кудалыкка кандайсың? Ызаатташып кетүүгө, Тууралыкка кандайсың? Хан Толтойдун каары бул, Кайсы бирин тандайсың? Жумган көзүн ача элек, Сунган бутун тарта элек. Сөөлөттүү Акун ханыңыз, Карылык дартын тарта элек, Башын өйдө көтөрүп, Карс дегиче жөтөлүп. Агартып тишин кылайтат, Саламатка муну айтат: — Биздин элдин ичинде, Эки эстүү бала бар, Ошого кеңеш салыңар. Биринин аты Ажыбай, Биринин аты Түмөнбай, Жоопту алардан алыңар. Берем десе ал экөө, Бербе дээрге киши жок, Бербеймин десе ал экөө, Өзгөнүн өтөр мизи жок. Акун хан айтып бул сөзүн, Бир баланы чаптырып, Элчилерге бет кылды, Эки эренди таптырып. Ажыбай менен Түмөнбай, Катты алып окушуп, Ичиндеги көп сөздү, Көңүлүнө токушуп. Ажыбай туруп кеп айтат, Мына мындай деп айтат: — Эртең, Бозучуктун сеңирге, Экөөбүз жетип барабыз. Келишсин Толтой, Чынкожо, Кеңешти мыктап салабыз. Берер болсок Чүрөктү, Берер жообун айтабыз. Бербес болсок Чүрөктү, Белсенишчү жерлерди, Белгилешип кайтабыз, — Аны угуп элчилер, Аттанышып кайтты эле, Ажыбай, Акун кептерин, Чынкожо менен Толтойго, Төкпөй-чачпай айтты эле. Ал күнү күн батыптыр, Жайланып кошун жатыптыр. Молдо торгой тил безеп, Таң саргарып атыптыр. Ажыбай менен Түмөнбай, Элчиликке барды дейт. Кошо барган жолдошу, Термечик менен Калыбек, Урматтап атын алды дейт, Бозучуктун сеңирде, Жедигердин чегинде, Чынкожо, Толтой төрт адам, Ажыбай, Түмөн төрт адам, Маңдайлашып олтурду. Эки жактан сегиз жан, Найзага желек аштады, Чынкожо сөзүн баштады: — Жедигердин элинен, Жер майышкан кол келди. Кулдук уруп мен үчүн, Эр Толтойдой зор келди. Айчүрөктөй сулууга, Айдаган калың мол келди. Анык жооп бересиң, Айчүрөктөн мант берип, Алдаганы оор келди! Аны угуп Ажыбай, Айтты кебин мамындай: — Кечээ Манас барында, Алмамбет, Чубак жанында, Коңурбай менен Жолойдон, Олжологон миң нарды, Тизмеги менен жардатып, Ал нарынын үстүнө, Алтын, күмүш зар артып, Канча каптал чай артып, Алмамбеттин Сарала, Башына кебез байлатып, Айчүрөккө каадалап, Бел куда болуп кетти эле. Тегерекке дүйнөсүн, Төгүп суудай септи эле. Анын уулу Семетей, Алп чыкты — деп уктум. Өз-жат дебей дүмөктү, Салып чыкты — деп уктум. Теминип ушул түгөнгүр, Тентек чыкты — деп уктум. Темир кийген душманын, Тепсеп чыкты — деп уктум. Кара сууга кан куйган, Канкор чыкты — деп уктум. Айабаган тууганын, Анткор чыкты — деп уктум. Анын жообун алсакпы, Армансыз болуп калсакпы? Чынкожо анда кеп айтат, Чымырканып бек айтат: — Кечээ Манас өлгөндө, Эл чогулуп көмгөндө. Манастан калган көп дүйнө, Абыке, Көбөш, Жакып хан, Камчыга ченеп бөлгөндө. Сыр бешикти талкалап, Көкбөрү тартып барчалап, Өлтүрө турган болгондо, Бакай берген далдалап, Эки чанач сүт менен, Эки байтал күч менен, Кара хандын шаарына, Качып кеткен Каныкей, Семетейди калкалап. Бөлүнгөндү бөрү жеп, Бөрүнүн богу болгондур. Какжайган сөөгүн кажыр жеп, Кажырдын богу болгондур. Өлгөн эчак Манастын, Арбагынан коркосуң, Куйругун эчак кум баскан, Тентегинен коркосуң, Эр Толтой менин өзүмдөй, Эренден эмне коркпойсуң,?! Анда Ажыбай кеп айтат, Ачууланбай эп айтат: — Андай болсо Чынкожом, Айчүрөктү алдыңа, Алып келем — деп айтат. Түмөнбай анда муну айтат, Түрүлтүп өңүн кубартат: — Тийем десе Чүрөктү, Тийбе дээр киши жок. Тийбеймин десе Чүрөктү, Тийгин дээр киши жок. Эрксиз кызды бергидей, Эр өлтүрүп мен сага, Күнкор болуп калдымбы? Нар өлтүрүп мен сага, Пулкор болуп калдымбы?! Күңгөй кара, күн жарык, Не билгенди билейин. Не көргөндү көрөйүн, Көз көрүнө зордукка, Көнгүчөктү өлөйүн! Ажыбай менен Түмөнбай, Айтып жолго кирди эле, Төрт канаттуу Кара атты, Чынкожо тартып минди эле. Узатпастан экөөнү, Кууп жете барды эле. Катуу сүйлөп, бек айтып, Бастырбай матап калды эле: — Арка тиреп Акунга, Бел байлаган Ажыбай, Беренсинген өзүнчө, Бели катуу Түмөнбай. Берер болсоң Чүрөктү, Берем деген жообуңду айт. Бербес болсоң Чүрөктү, Бербеймин — деп, — анан кайт! Маалкатпай мант берип, Абыдан кебиң ачып кет. Алакандай мөөрүңдү, Ак кагазга басып кет! Анда Ажыбай кеп айтат, Карганып катуу бек айтат: — Жолборс изден кайтчуубу, Эр сөзүнөн танчуубу? Эсимди кудай алыптыр, Мөөрүм үйдө калыптыр. Эртең Бозучуктун сеңирге, Айчүрөк алып келбесем, Төбөсү ачык көк урсун! Төшү түктүү жер урсун! Макул болуп Чынкожо, Ажыбайдын антына, “Кебиңден тансаң сойдум” — деп, Кекетип жанды артына. Акундун кызы Айчүрөк, Арылбаган доо болуп, Ажыбай менен Түмөнбай, Ит, мышыктай жоо болуп. Атырылтып ат койду, Алчактаган тулпардын, Баскан жери коо болду. Акун хандын ордого, Түмөнбай мурун келди дейт. Аттан түшүп энтелеп, Айтып салам берди дейт: — Атактуу Акун теңизим, Ат көтөргүс семизим. Чынкожо, Толтой эрлерге, Элчиге барып келишим. Чынкожонун Карала ат, Ажыкем минмек болуптур. Акун хан сенин шаарыңды, Ажыбай билмек болуптур. Жалгыз кызың Чүрөктү, Бозучуктун сеңирде, Чынкожо менен Толтойго, Кармап бермек болуптур. Аны укканда Акун хан, Арданып өңү бузулду. Ак сакалы бириндеп, Ачуудан тери сызылды. Ал аңгыча Ажыбай, Аста кирип эшиктен, Ара жерге кысылды. “Түмөнбайдын айтканы, Чынбы, Ажыбай, жалганбы? Жалган болбой чын болсо, Табамын акыр айлаңды!” Жаактууга жай бербес, Жалтанбаган Ажыбай. Акун хандан тайманбай, Айкырык салып муну айтат, Акун хан өңүн кубартат: — Калтыраган, куу какбаш, Калтырабай тим отур! Үрпөңдөгөн, куу какбаш, Үрпөңдөбөй тим отур! Сербеңдеген, куу какбаш, Сербеңдебей тим отур! Бозучуктун сеңирге, Кайнаган калың кол келди, Жер жайнатып мол келди. Айчүрөктү айасаң,, Акун хан сенин элиңе, Арылбаган шор келди. Ардактаган Чүрөктү, Билсең бүгүн, Акун хан, Чынкожо менен Толтойго, Кармап бериш оң келди! Ойлонгунуң, Акун хан, Бүгүн түпсүз ордосуң. Айасаң Чүрөк кызыңды, Кайнаган кара шордосуң! Чыгып андан кеткидей, Эшик тапчы, Акун хан, Чыгарып андан кетейин. Кирип чыкпай койгудай, Тешик тапчы, Акун хан, Киргизип ага кетейин! Ажыбайдан каккы жеп, Акун хан башы тел болду. Калкылдаган калайык, Кайнап, ташып сел болду. Капчыгайга урунган, Кара бороон жел болду. Аны көрүп Түмөнбай, Айчүрөккө чапканы, Куйрук улаш Ажыбай, Кубалап аны барганы. Аттан түшпөй кыйкырып, Ак ордонун сыртынан, Түмөнбай доош салганы: — Ай,Айчүрөк, кулунум, — Ардактаган буулумум, Үйдө болсоң бери чык. Өзүңө айтам билгизип, Алып келген кебимди ук! Күлүмсүрөп кашкайып, Күндөй бети нур чалып. Чекири жок кой көздүү, Сепкили жок ак жүздүү. Айчүрөк чыкты кериле, Ак маралдай маңкайып. Кашкайа карап күлгөндө, Кабагынан ай жарып. Ажыбайдан жашырбай, Айтып өттү Түмөнбай. Чынкожого Ажымдын, Убада берген болжолун. Бозучуктун сеңирге, Алып барып Чүрөктү, Чынкожо менен Толтойго, Кармап бермек болгонун. Акылы артык Айчүрөк, Ак тотудай кулпунуп, Күлө карап кеп айтат: — Ажыке, айтчы — деп айтат, — Карындашың Чүрөктү Чынкожо менен Толтойго Бермек болуп келдиңби? Ойлонуп артың, сөз кылбай, Өз билгиңче иш кылсаң, Табамын бир күн эбиңди! Ажыбай анда кеп айтат: — Айчүрөк, укчу — деп айтат, — Алды менен шаарыңа, Азар түмөн кол келди, Аз келбеди, мол келди. Алты атар мылтык ийнинде, Албарстан кылыч кабында, Апкаарып адам туралгыс, Ал Чынкожо жанында. Атса атып салгыдай, Чапса чаап салгыдай. Кейпин көрүп чочконун, Кеп менен алдын тосконум. Жайыңды айтып, Айчүрөк, Карганып араң кутулдум. Эр көөнүңө жараса, Тийбейт деген эмине? Эр көөнүңө жакпаса, Асмандап учуп, Айчүрөк, Кетпейт деген эмине? Самаганың Семетей, Жетпейт деген эмине?” Анда Чүрөк кеп айтат: — Аттуу турбай, агалар, Чай ичкиле — деп айтат, — Ыгы келсе андайдын, Ылайыгын көрөрбүз. Ыктуу болсо жумушуң, Ата менен аганын, Айтканына көнөрбүз. Алдыда Чүрөк жол баштап, Эшикти ачып калды дейт. Ажыбай менен Түмөнбай, Ордодон көрүп кызыкты, Акыл, эстен танды дейт. Ортосунда ордонун Байлануу турат он төрт ат. Он төртү бирдей күлүк ат. Он төрт аттын ичинде, Көргөндө салты башкача, Кежимден жабуу жабылган, Жембаштыгы манаттан, Такта соору тайган төш, Тамдай болгон Буурул ат, Ал ырыстуу эрдин малы экен. Канаты экен, жаны экен, Көргөн сайын канбастай, Касиети бар экен. Кара байыр казан ат, Теңдеши жок так экен. Жоболоңдуу жорукта, Жоого минчү ат экен. Он төрт аттын айагы, Жаа мойундуу Туучунак. Туйагында тура жок, Жүрөгүндө кара жок, Телегейи тептегиз, Байлоодо турат он төрт ат. Баарысында чала жок, Байкаган киши билгендей. Башкача аттар келишкен, Күлүктүктө даба жок. Ички тамга киргенде, Айчүрөк турду муну айтып: — Көкүл менен саамайым, Аргын менен ногойдон, Арстан чыккан ошондон, Асыл төрө паанайым. Көкүрөгүң соо болсо, Көзүңдү ачып өйдө бол. Хан атамдын калаасын, Ажыкем билмек болуптур, Чынкожонун Аласын, Алып минмек болуптур. Бозучуктун сеңирде, Болжолдуу тумшук жеринде, Чынкожо менен Толтойго, Айчүрөктү алпарып, Кармап бермек болуптур. Ажыбай менен Түмөнбай, Үйгө али кире элек. Үйдө жаткан кишинин, Ким экенин биле элек. Ачылып эшик калганда, Ажыбай башын салыптыр. Ал үйдөгү эрлердин, Эркин жаткан шерлердин, Караанын көрүп калыптыр. Аптыгып калган Ажыбай, Буларды ойго алыптыр. Койондой окшош эки уул, Телегейи тегиз уул. Көзгө сүрдүү көрүнөт, Желмогузбу теги бул? Кыздардын бери жагында, Келбээрсип булар отурган, Керебет алтын тагында, Алардан ары төр жакта, Ажыдаардай айбаты, Арстандан бирөө көрүндү. Көрө замат Ажыбай, Көңүлү жаман бөлүндү. Айбатынан айбыгып, Кара жандан түңүлөт. Ажары анын башкача, Айдай болгон бир сүрөт. Кыйа салып караса, Кызыл чийкил нурлуу жүз, Туура карап Ажыбай, Көрө албады нурун түз. Алтындан кемер курчанган, Албырып бети нур чалган. Мусурканып мур жанган , Муздай темир курчанган. Мостойунку бул эрен, Эки жигит котчу алган. Семетей келип болгонун, Ажыбай билет ал кайдан? Үйгө киши киргизбей, Эшикке чыкты Семетей. Ээрчип чыкты кош чоро, Жоо жарагын белендей. Айбатынан Семеңдин, Аңтарылып көз жайнап, Күрмөөгө келбей кызыл тил, Таштагандай бек байлап. Ажыбай менен Түмөнбай, Аста басып кедеңдеп, Аттарын минип кайтышты, Артын карап элеңдеп. Семетей туруп кеп айтат: — Ой, жигиттер — деп айтат. — Мен укканды уктуңбу? Мен туйганды туйдуңбу? Айчүрөктүн сөзүнө, Акылыңды бурдуңбу? Бозучуктун сеңирге, Ажыбай менен Чынкожо, Болжошуп келген турбайбы. Кимиң барсаң, аның бар, Бириң мында калыңар, Бир кишилик алың бар. Бирөөң чалгын чалыңар, Чалгын чалып баруучуң, Тайбуурулду минип бар. Шыгайдын уулу Чынкожо, Чыгып калса жолуңдан, Ичин жарып, итке сал. Канын төгүп башын ал, Жүрөк канын тамызбай, Ичип алып, жолго сал! Канчоросу калтылдап, Күлүстөн туулган Гүлчоро, Күлүмсүрөп жаркылдап, Күзгүдөй көзү жалтылдап: — Бар десең, аба барайын, Барбай кантип калайын? Жолукса Толтой, Чынкожо Жообу эмне алайын. Түрү суук болушса, Тирүү койбой сойойун. Хан атам Манас болгон соң, Сойбой кантип койойун? Буурулдун эки күндүк эти бар, Тиктелип жүнү бириндеп, Тери калган жери бар. Абыкенин Актелки, Абыдан сууту каныптыр. Как ошону минсемби? Кайгуулга келген жан болсо, Каршылашкан хан болсо. Карсылдашкан эр болсо, Найза сайар шер болсо, Тайманбай турган жан болсо, Тамашага батсамбы? Мингени күлүк ат болсо, Олжолоп аны кайтсамбы? Анда Семең муну айтат, Айчүрөктүн алдында, Агартып тишин кылайтат: — Азелден кудай ак жасап, Атаң келген дин үчүн. Каалап келген ак динди, Калпа, султан, пир үчүн. Таштап келген тактасын, Акыреттин камы үчүн. Айтылат иши ар жерде, Какандыктын ханы үчүн. Түгөнбөйт анын жомогу, Туйунтуп айтса эл үчүн. Басташкан байлап, белин бек, Ата конуш жер үчүн. Сен ошол, Алмамбеттин уулусуң, Бүгүн сага берейин, Алдымда минген Буурулум. Арстаным чоро, кийип ал, Бараңдын огу батпаган, Атакемдин буулумун. Абайлап сөзгө кулак сал, Акылман чоро кулунум. Аттанып чыксаң акжолтой, Аркамда жүрсөң сан колдой. Арка кылган эки уул, Алдымда турсаң миң колдой. Аттан арман кылбагын, Аттангын, чором, турбагын. Байлоодо жүргөн бабында, Баарысы чабар табында. Он төрт күлүк ат келди, Баары тулпар мал келди, Аралап бүгүн турасың, Атасы башка жат элди. Канчоро жатып албасын, Жайлоого атты айдасын. Асыл жеңең Айчүрөк, Азык-түлүк камдасын. Кас санаган душмандар, Кагылышсаң кан болсун, Өнөгүң элде даң болсун. Алдыңдагы Тайбуурул, Атагы чыккан хан Буурул, Кадууга чапсаң чаалыкпас, Канчалык чапсаң арыбас, Өөдө-ылдый ылгабас, Өркөчү бийик, сээри пас, Тутам шыйрак, жез билек, Тунук тулпар Буурул ат. Ката сайып жаралуу, Калганга болсоң табалуу, Калтырбай сени талаага, Алып келет абаңа. Өлүп калсаң сөөгүңдү, Таштап атпайт арага. Он беш асый болгуча, Өзү айбан болсо да, Антын актап, тоо сактап, Мени күйгөн Тайбуурул. Ишенгеним эки уул, Арка кылган бир Буурул. Азырынча Гүлүстөн, Ал Буурулду минип тур. Кандай барсаң андай бар, Жоо жарактын баарын ал. Жолукса Толтой, Чынкожо, Жобунтуп ага кайгы сал! Жообун абаң бергенде, Жоо дегенде сүйүнүп, Кобурлуу тууган чунагың, Мыйыгында күлүнүп, Башкасына карабай, Буурулду көздөй жүгүрүп. Куйушканын узартып, Чап олоңун кыскартып. Качкан элик чокулуу, Алдыңкы кашы карк алтын, Атадан калган аккаңкы ээр, Тайбуурулга токунду. Аттанып чороң жүрөрдө, Арстан Семең муну айтат, Садагасын кактырып, Чоролорун жубантат: — Алыска жүрөр Гүлчоро, Адамдан артык эр чоро. Өлбөй жүрсөң жолдошуң, Тирүү жүрсөң колдошуң. Канчоро, камда садага, Гүлчорого жол болсун! Абасы анча айтканда, Канчоро карап турабы? Алек-далек жүгүрүп, Арстандай бели бүгүлүп. Кечиктирбей бу дагы, Дайарланды заматта. Садагага чабарга, Сары башыл улагы, Анын арты жагынан, Айлана чаап энтелеп, Алып келди айдатып, Мала кашка уй менен, Ак боз бээни жетелеп. Арстаның Семетей, Атасы айкөл Манастын, Арбагына жалынып, Анын атап жолуна, Ак боз бээни чалдырып, Мала кашка уйду ал, Элге тирүү талатып, Кескилетип алдырып. Сары улакты Гүлүскө, Садагага кактырып. Ак жолуна чороңдун, Алтындан жолдук чачтырып. Курун салып мойнуна, Бата берип барылдап, Бала жолборс Семетей, Турганда минтип бакылдап. Атасынын колдоочу, Өлбөгөндө жолдошу, Ошолордун баарысы, Көрүнүп көзгө ашкере, Келип турду жакындап. Опол тоодой зор Манас, Мингени анын Аккула Маңдайда кызыл меңи бар, Жылаңайлак, жылаңбаш, Суулугунда бир бала. Эки түгөй сур бөжөк, Эки үзөңгүгө жабышып. Куйругун көккө көтөргөн, Кара чаар жолборстор, Эки жанда кабышып. Камчы саптай ак жылан, Үч курчалып белине, Кулактан башы артылып, Тилинен күйүп өрт чыгып, Көзүнөн жалын от чыгып, Кошулуптур чорого, Бир ажыдаар бу чыгып. Бермети беттен төгүлгөн, Бешене жарык көрүнгөн, Саамай чачы бириндеп, Салынып жерге желбиреп. Шөкүлө башка кийинген, Өңү анардай кызыл кыз, Өзү жандан узун кыз, Учкаша минип артына, Баратты ийин артылып. Алтымыш кулжа бөлүнүп, Эки жакта көрүнүп. Булар да өттү дапдайын, Сүрөттөй көзгө тартылып. Кабылан, жылан, жолборсу, Суркойон бала жолдошу, Кыз олуйа колдошу. Аркасында көп экен, Алтымыш түркүн жөлөгү. Төрө Манас баатырдын, Тукумунун өбөгү. Кош болуп мындан Семетей, Гүлчорону аттантты, Сайарына колуна, Сырнайзаны карматты. Чабарына Ачалбарс, Айбалтаны байлатты. Атарына Аккелте, Ай далыга шайлатты. Жарактын баарын жам кылып, Чоронун көөнүн жайлантты. Бастырарда Гүлчоро, Баатыр Семең дагы айтты: — Касташкан душман жоолордон, Калдайган бийик тоолордон, Кармашчу Толтой, Чынкожо, Каңгайдан келчү жоолордон. Тайманбастан, Гүлчоро, Качырып найза салгының. Кабыргасын кыйратып, Кара боорун жаргының. Жолдошу чоро бул болсо, Жолборсу кандай кылат — деп, Жүрөгү чыгып кабынан, Түңүлсүн чочуп жанынан. Атын уккан байагы, Бозурчуктун сеңирге, Болжолдуу жолдун чегине, Тармалсаздын ойуна, Талдуу суунун бойуна, Жалгыз жаман тегирмен, Душмандын келер жолуна, Азыр болгун ушуга. Аттан түшүп жатпагын, Уктап кокус калбагын. Түшүп аттан уктайм — деп, — Түйшүктү башка салбагын. Абаңдын айткан акылын, Абайлап, чором, аңдагын. Унутпастан кунт койуп, Кулагыңда кармагын. Батасын алып Семеңдин, Тонун кийип берендин. Бар жарагын асынып, Шай колдогон эрендин. Күчү артып күүлөнүп, Күлүп кетти Гүлчоро, Атырылып жолборстой, Жүрүп кетти Гүлчоро. Бозурчуктун сеңирге, Талдуу суунун бойуна, Барып жетип Гүлчоро, “Болжолдуу сеңир жери — деп, — Абамдын айткан кеби — деп, — Кас санашкан душмандын, Кан болор келди эби — деп. Жолун тосуп турайын, Жолукса Толтой, Чынкожо. Жыпжылма түптүз кылайын. Кызыл канын агызып, Кылдай мойнун кыйайын. Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн. Атактуу Толтой жолукса, Найзалашып көрөйүн. Чынкожо мага кез болсо, Башын кесип жөнөйүн”. Алып учуп жүрөгү, Гүлчоронун дегдептир. Айланып сеңир тумшуктан, Аттын изин караса, Анда пенде келбептир. “Келер бекен булар — деп, — Таң аткыча турам деп, Таң аткыча келбесе, Таап алып бир киши, Келгеним кабар кылам” — деп. Ийе тартып Буурулду, Тизгинин кайра каңтарып, Аккаңкы башын кучактап, Уктады көзүн аңтарып. Кыйладан бери Гүлчороң, Кыз-келиндин жанында. Кызык уйку ала элек, Кыйналып келген жол тартып, Абыдан ардык чыга элек. Үзөңгүгө тамандап, Сырнайзасын кучактап, Аккаңкыга баш койуп, Калды чороң кана уктап Муну койо туруңуз, Сактап жаткан байагы. Толтой менен Чынкожо, Ошондон кабар угуңуз. Ажыбай менен Түмөнбай, Аттанып алар кеткенде, Чынкожо менен эр Толтой. Кошунуна жеткенде, Чынкожо туруп кеп айтат, — Э, досум Толтой — деп айтат. Балбандык күчтө чыңалдың, Баатырдык даңкың чыгардың. Мени менен дос болуп, Мелжемдүү жерде сыналдың. Арка болуп өзүмө, Антташкан сөздөн чыга алдың! Айкырып сен турганда, Ар ишти өзүм кыла алдым. Ажыбайды коркутуп, Жүрөгүн каптан чыгардым. Бирок дагы сөзүндө, Тетири турат булардын. Жумуштан койбой чаланы, Бүгүн чалгын чалалы. Кандай болуп жаткандыр, Айчүрөктүн абалы? Андан кабар алалы, Абдан билип абалын, Анан кайра жаналы — Деп, Чынкожо айтканда, Баш ийкеп Толтой калганы. Арты-алдын ойлобой, Арам нээт чубуттун, Алдаганын болжобой, Көөдөгүнө салганы. “Чүрөктөн кабар алам” — деп, Бастырып жолго чалганы. Толтойдун жайын менден ук, Менден уксаң бейлеп ук. Каардуу Толтой баатырдын, Абдан жайын ээлеп ук. Кара сакал, балбан эр, Калмактан олжо алган эр. Катылышкан душманын, Кан кылып, мээсин жайган эр. Качырганын кайсаган, Касташканы калбаган. Чыккан эмес калмактан, Каш кайтарар эч бир жан. Жеңилбес баатыр Толтойду Эңишип пенде чыкпаган. Алым алып, мал алып, Кызыл дилде зар алып, Кызылбаштын Контукчу, Индыстан менен Иранды, Былк эттирбей коркутчу. Алым берип сандалып, Жанын багып турушчу. Толтой менен салышып, Контукчу өлгөн болучу. Контукчуну сойгон — деп, Өлгөнчө алар коркушчу. Индыстан менен Ирандан, Эч бир пенде албаган, Эрегишкен эчендин, Эдебин берип жалмаган. Кызыл сакал, балбан эр. Кырымды чаап алган эр. Кырым менен Урумга, Кызыл тумшук, көк көздүү, Кыжылдаган көп элге, Кыргынды далай салган эр. Калың жоодон качпастан, Каш кайтарган албан эр. Хан Манастын тушунда, Чынмачынга барам — деп, — Чын ачуум келсе меники, Чоң Бээжинди алам — деп. Талап кылган ойу бар, Кайда барса акжолтой, Кутургурдун жолу бар. Шай колдогон Семеңе, Шашып Толтой катылып, Кыйын болду чакылып. Түбүндө жүрүп түгөнгүр, Чынкожонун көөнү — деп, Мерт болгону эмгиче, Элде жүрөт айтылып. Күндү эсептеп эр Толтой, Чынкожого кеп салды, Мына мындай олчоңдой: — Ажыбай менен Түмөнбай, Келбей калды бүгүн — деп, Чынкожо, турат ойумда, Мына мындай күмөн кеп. Токсон күн мөөнөт алганда, Акундун кызы Айчүрөк, Аккуу болуп учкан бейм, Ак булуттуу асманга? Же болбосо Чүрөктү, Калмактан калдай алганбы? Же болбосо Айчүрөк, Казакка кабар салганбы? Же болбосо Айчүрөк, Катагандын хан Кошой, Анын уулу Жалгызек, Ага кабар салганбы? Баштап келип калганбы? Же болбосо Чынкожо, Менин, ойлогон ойум жалганбы? Туйунбадың, тим болдуң, Же Ажыбай алдап салганбы? Арстан Манас бел куда, Болгон башта деди эле, Же ага кабар салганбы? Баштап келип калганбы? Жетим калган Семетей, Жерин таап алганбы? Жесир калган Каныкей, Элин таап алганбы? Аселде оозун чайкаган, Ак сакалын жайкаган. Адамдан ашкан кеменгер, Акылман Бакай айлакер, Бегин таап алганбы? Акундун кызы Айчүрөк, Ошол Манас тукуму, Белсинип чыккан Семетей, Белин таап алганбы? Таап келген эрлерди, Күтүп булар калганбы? Же болбосо Чынкожо, Ажыбай менен Түмөнбай, Айткан кеби жалганбы? Алыстан киши келтирип, Бел байлашып алганбы: Бек ишенип аларга, Бекинип жатып калганбы? Бек ачуум келди меники, Белгилүү сеңир урчукка, Аттанып өзүм барсамбы? Андан чалгын чалсамбы? Мына ошентип эр Толтой, Суркойонду токутуп, Сырнайзасын курчутуп. Кылычы жанда кыңгырап, Кетелек белде дыңгырап. Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе зыңгырап. Суркойон минип болкойуп, Сырнайза колдо койкойуп. Айбалта белге асылып, Көк жеке бутта чойкойуп. Асынып мылтык мурчанып, Муздай темир курчанып. Өрттөй көзү кызарып, Куудай мойну узарып. Кызыталак зор Толтой, Өзү жөнөп калганы. Чар тарапка көз салып, Чалгынды өзү чалганы. Алдындагы Суркойон, Арыштай басып элеңдеп, Белсенип чыккан эр Толтой, Белин байлап бекемдеп. Ченчиге келген жоо болсо, Чымындай жаны чыркырап, Чыкпас жайга кетер — деп. Эсирген Толтой келатат, Эрегишкен жоо болсо, Эки чайнап жесем — деп. Андан эч бир кообу жок, Ойгоно турган ойу жок. Сырнайзаны кучактап, Аккаңкыга баш койуп, Коңурук тартып Гүлчоро, Уктап жатат мас болуп. Астында Буурул аты бар. Асманда тийген айы бар. Айдын жарык мезгили, Он эки, он үч чагы бар. Багыштын уулу эр Толтой, Гүлчоронун жанына, Келе жаткан жайы бар. Өңүт алып куу Толтой, Көлөкө менен жарыктын, Ортосунда келатат. Өпкөсү батпай көөдөнгө, Толтосунда келатат. Көрүп калды Буурул ат, Мына ошону жаныбар. Көрөрү менен Тайбуурул, Кошкурук атып калганы. Таттуу уйкудан Гүлчоро, Умачтай көзүн ачканы. Көрүнбөй көзгө эч караан, Уйкуга кайра батканы. Алдындагы Тайбуурул, Турбай туйлап, жер чапчып, Октос берип басканы. “Арам өлгүр кантет” — деп, Ачуусу менен Гүлчоро, Көзүн бардап ачканы. Бет маңдайын караса, Бир тоо жылып келатат. Тообу десе кишидей, Тоорулуп, өңүп келатат. Көрөрү менен чороңдун, Көзү умачтай ачылды. Найзасын алып колуна, Тайбуурулду теминип, “Манастап” бала бакырды. Тоодой болгон Толтойду, Тоо экен — деп жазганбай, Томуктай кызыл жаш бала, Токтобостон качырды. Хан Коңурдан качпаган, Калың жоодон шашпаган. Кайран баатыр Толтойуң, Канчаны жерге жаздаган. Сыймыгы учуп башынан, Айрылып атак-даңкынан, Катуу шашып баладан, Капысынан качырган. Айтарына сөз таппай, Басарына жол таппай. Ашыгып Толтой бурулуп, Суркойондун санына, Сокмоктуу камчы урулуп. Акыл-эстен айрылып, Алактап катуу шашыптыр. Ажыдаар көрө калгандай Артына Толтой качыптыр. Качырганда турчубу, Кайраты өткүр жаш бала, Кандим эмес боз бала, Болжолдуу жерин биле албай, Болжоп найза сайа албай, “Кара бойу тоодой — деп, — Кандай болсо андай — деп, — Бир жерине Сырнайза Тийсе учу жарар” — деп, Энтелеген түгөнгүр, Эндекей найза алыптыр, Эң эле катуу сайыптыр. Шай колдогон баланын, Шашкалаң сайган найзасы, Оң бөйрөгүн аралап, Көбүк этин жаралап, Мүчүлүш араң жеткени, Тоодой болгон Толтойго. Толук найза жетпеди. Көмөлөнбөй Толтойуң, Кутулуп аман кеткени. Алдындагы Суркойон, Алып барат ашыгып. Аркасында Тайбуурул, Араандай оозу ачылып. Төрт айагы тийген жер, Кемегедей казылып. Аркасынан чыккан чаң, Жөө тумандай жазылып. Тизгин менен иши жок, Тигилип чороң октолду. Чалынып колу тизгинге, Буйдалып Буурул токтолду. Кыраан Толтой баатырың, Кылчайып артын карабай, Караганга жарабай, Карчыттан канын койултуп, Качып барат талаалай. “Карасын кайдан көрдүм — деп, — Бир беттешпей өлдүм — деп. — Чынкожо тилин алам — деп, — Тирүүлөй кордук көрдүм” — деп. Суркойон менен балактап, Жаралуу болгон Толтойдун, Эси кетип салактап. Күрө тонун жыйа албай, Эки этеги далактап. “Кайдасың — деп, — Чынкожо”, Айкырып Толтой алактап. Койонсур менен койгулап, Колго кирди шалактап. Чалынган колун Буурулдун, Бошотуп минип атына. Шай колдогон Гүлчоро, Шашып калган Толтойдун Сайа түштү артынан. Ар кандай кызык угасың, Алардан жомок айтылса. Баатыр болбой, шер болбойт, Башы өлүмдөн тартылса. Болсо да бала Гүлчоро, Башын тартпай жөнөдү. Кандим болгон баатырча, Азыраак токтоо кылалбай, Толтой качты катынча. Дагы турат талабы, “Тоодой болгон кишини, Томолотуп жыксам — деп, — Топого башын тыксам — деп, — Кылычтап башын кессем — деп, — Кыпкызыл канын ичсем — деп, — Абакем менен Чүрөккө, Кыз-келиндин алдында, Кызматым айта жетсем” — деп. Кыз эсине түшкөндө, Кыйалын өзү болжобой, Аба эсине түшкөндө, Алды-артын ойлобой. Алдындагы Буурулду, Атырылтып аргытып, Артынан чаңын баргытып. Алдындагы Толтойго, Эми кууп жетерде, Эңкейтип сайып кетерде. Кайнаган калың көп элге, Селдей болгон аскерге, Тумандай болгон топ элге, Жер сойулган аскерге, Жедигердин Толтойу, Желип кирип барганы, Өксүп Гүлүс калганы. Өкүрүгү Толтойдун, Уккандын баарын чочутту. Качышы анын кан болуп, Калайыкты коркутту. Шыгайдын уулу Чынкожо, Акылынан шашканы. Толтойдун чыгып алдынан, Чылбырынан алганы: — Сүргөндөй бирөө камчылап, Суркойон тулпар күлүктү. Эрдигиңен айрылып, Салганың кандай түйшүктү? Эл укса муну эмне дейт, Өкүрүп Толтой не болдуң? Карабай качып артыңа, Өкүнүп, Толтой, не болдуң? Кол сынса да кокустан, Жең ичинде болучу. Баш жарылса бирөөдөн, Бөрк ичинде болучу. Өлбөй туруп өкүргөн, Баатыр кантип оңучу?! Жерге кирген Толтойум, Жеңилдик жайың мына ушу! Ар канча кууган болсо да, Аста келсең болбойбу? Айдап келген колго бу, Сыр бербесең болбойбу? Өлсөң башың өлбөйбү, Өксөбөй келсең болбойбу? Жаның чыгып жатса да, Өкүрбөй келсең болбойбу? Качканыңды көргөндө, Кайнап жаткан жедигер, Кантип тосуп токтотом, Качып берсе калың эл?! Жаман сөз ачуу, жан татты, Жарасынан Толтойдун, Жабышып өпкө кан катты. Алып барып түшүрүп, Эл ичинде кыйыны, Айлакерлер жыйылды. Кантемир дары бар эле, Найза тийген жарага, Кашкулак өтү дары эле. Кырма кызыл дарысын, Келтирди койбой баарысын. Кантемирди эзилтип, Хан Толтой баатыр төрөнүн, Жарасын көрдү чечинтип. Кайнатма кара дарыны, Тышынан чаап шыбады. Ороп-чулгап жаткырып, Оолак үйгө бактырып. Сары улагын таптырып, Садагасын кактырып. Улуу бешим болгондо, Ооруган жери басылып. Ордунан турду эр Толтой, Чайыттай көзү ачылып. Көптү көрүп жашаган, Көптүн башын ашаган. Жел тобурчак ат минген, Темир калкан тон кийген. Журт башкарган жашынан, Эл башкарган башынан. Ак сакалдуу карысы, Байтеке деген вазири: — Толтой, аман барсыңбы, Намыссыз тууган жансыңбы? Анча коркуп качкыдай, Акылыңан шашкыдай, Не көрүндү көзүңө, Не билинди өзүңө? Калдаңдап качып хан башың, Кандай жорук баштадың? Эрдикти кайда таштадың? Анда Толтой кеп айтат: — Чалгынга бардым — деп айтат, — Акун хандын шаарында, Мени кууп чыккандай, Карчытка найза тыккандай, Колу жоону бар беле? Жоого чыгар беттешип, Күч ортосун чектешип, Найза сайар кектешип, Болук уулу бар беле? Мындан мурда барганда, Андай шумдук жок эле. Бүгүн барып карасам, Кызыл буурул ат минген, Кыл куйругун шарт түйгөн, Кызыл чийкил жаш бала, Он беш менен он төрткө, Чыгар-чыкпас баштанат. Башкача сүрдүү бакырат, “Манастап” ураан чакырат. Кандай жан — деп — карасам, Эки түгөй сур бөжөк, Үзөңгүгө жабышып, Кара чаар кабылан, Капталында жарышып, Жылаңайлак жаш бала, Жылоодон алып жетелеп, Учкаша минген кызыл кыз, Көрүндү башы чекелеп, Айбыкканым ошондон, Абаке, али кете элек. Отуз кулжа он бештен, Эки жакта бөлүнүп. Көсө куйрук көк даңгыт, Көт жагында көрүнүп. Жаман чуркап алыптыр, Ошонун баары дабырап, Ошолорду көргөндө, Токтоно албай мен качтым, Акылыман ажырап. Карчыттан урган найзасы, Кабыргамды аралап, Тоодой болгон мен кулду, Томуктай бала жаралап. Эс акылым жыйа албай, Качып бердим талаалап. Өөдөсүнө калганда, Өксүтүп атын Суркойон, Элди көздөй бет алып, Араң келдим чамалап. Чалгын чалам жалгыз — деп, Чактабай жаман кутурдум. Сур бууданым болбосо, Тирүү кайдан кутулдум?! Ушул болду көргөнүм, Уйатыман өлгөнүм! Анда вазир кеп айтат, Уккандарды муңайтат: — Бул көргөнүң жалгандыр, Бул көргөнүң чын болсо, Астына анын мингени, Кызыл Буурул ат болсо, Качырып найза сайганы, Кызыл чийкил жаш болсо, Капарга албай кас жоону, Уктап атчан мас болсо, Оңуна келген олжосу, Ал төрөсү эмес чоросу. Көптү көргөн Айчүрөк, Көкөлөп учуп баргандыр? Канкор Манас тукуму, Көкжалга кабар салгандыр? Кошун тартып күркүрөп, Кудалап келип калгандыр? Кайгуулга чыгып чоросу, Хан Толтой сени сайгандыр? Өлгөн сайын өөрчүүчү, Өткүр Манас тукуму. Түгөнгөн сайын түтөөчү, Түгөнгүр Манас тукуму, Туйгун келип калгандыр? Алмамбет уулу Гүлчоро, Качырып найза салгандыр, Кабыргаңды жаргандыр? Аныгын абдан билели, Ошолордон болбосун. Жедигердин ушул доо, Тукумун үзүп койбосун. Ушул жерден кайталы, Тигил жерде эл-журтка, «Акун хан кызы Чүрөктү, Бербеди» — деп айталы. Байтекедей карт вазир, Ушунча айтса насаатты, Чынкожо буга болбоду. Айласы кеткен Байтеке, Аңылдаган ал итке, Алдында болгон көп иштен, Айтып сөзүн козгоду: — Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Болгон ишти айтайын, Бар элем мен башында. Кытайлардын Коңурбай, Мааникер сурап бир келген. Алтын менен Күмүштү, Артык айтып ал кирген. Мааникерди бербесе, Калың элди кырам — деп, — Айагына чыгам — деп, Алп Коңурбай, Нескара, Калмак менен кытайдын, Калтырбай баарын жыйам — деп. — Кара кыргыз калкына, Кылгылыкты кылам — деп, Эки курдай мал сойсо, Эт тарттырбай жеп кеткен. Башкара албай Бокмурун, Баса албай кордугун, Баарысынан эс кеткен. Улуктун баары чогулуп, Ай тегерек отуруп, Ошондо кайта кеңешкен. Кошой анда кеп айткан, “Кокуй, балдар, — деп айткан. — Жакыптын уулу канкорду, Кабылан Манас анткорду, Чакыргын, — десем — болбодуң, — Чакырбай кана оңгонуң?! Айткын, — десем — болбодуң, — Айттырбай кана оңгонуң?! Таласа этти мейли го, Талап кетсе таптакыр, Айылыңды, малыңды Анда кайсы болгонуң?! Маанайы бийик адамдан, Манас менен ойнобо. Бокмурун малга чиренип, Байлыкты артык болжобо. Адамдан малды артык — деп, — Өзүңдү өзүң кордобо. Колдун кири байлыгың, Кыргын болуп сойлобо. Адам болбой мал болбойт, Малыңа сен зордобо! Манас мында келбесе, Башкарып ал бербесе, Берилбей калат бул ашың, Аман калбайт соо башың!” Хан Кошойдун ал кебин, Хандын баары эп көргөн. Бербеген күлүк Мааникер, Каз тулпарды мингизип, Манаттан тонду кийгизип. Жайма көкүл Айдарды, Чакырууга жиберген. Алып баруучу кагазын, Өзү айтып чийдирген, Абаң Кошой билерман. Жайма көкүл жаш Айдар, Мааникер минип булкунтуп, Талдуу токой жер келсе, Так түйүлтүп олтуруп, Терең, бийик коо келсе, Терең, эндүү аң келсе, Тик түйүлтүп отуруп Улуу бешим мезгилде, Самарканда Манастын, Салынуу турган ордого, Барган экен ошондо. Сарытаздан кеп угуп, Заары күч Манас — деп угуп, — Бара албай калган жаш Айдар. Жакшылык болсо күсөгөн, Жамандык болсо түзөгүн, Каныкейге жолугуп. Буластаган Каныкей, Болжолдуу ишке данакер. “Айдар келди чакырып. Алдында турат Мааникер, Айтып келген даты бул, Алып келген каты бул. Айкөл Манас эр Бакай, Ачып кепти жообун бер” Каныкей андай дегенде, Манас кыйла күүлөнүп, Өөдө-төмөн сүйлөнүп. Акыры болуп бараса, Айкырыкты салыптыр, Ажыдаарча сүрдөнүп. Кырк чоро тегиз камынып, Окшош кызыл жамынып. Келген экен түн катып, Ач арстандай чамынып. Көкөтөйдүн Бокмурун, Алдынан тосуп келди эле. Аттан түшүп Манаска, Кол куушуруп жүгүнүп, Кош колдоп салам берди эле. Божураган бул акмак, Анан мындай деди эле: “Каңгайлардын Коңурбай, Мааникер сурап келиптир. Мааникер бербей мен койсом, Кырк казанды талкалап, Кырк бээнин этин жеп кетти. Калайыктын баарысын, Кандап кырам — деп кетти, — Атты алсын десемби, Ашты анан берсемби?” Анда Манас кеп айткан, Ачууланып бек айткан: “Ой, куураган Бокмурун, Мааникер берем дегиче, Манас өлдү десеңчи! Калдайган калың алашты, Жерге көмдүм десеңчи! Кечээ Ийрижардын башында, Кырымкандын ашында, Алты жүз аттан бир чыккан, Мааникер күлүк болучу. Тууражардын башында, Турумкандын ашында, Тогуз жүз аттан бир чыккан, Мааникер күлүк болучу. Мааникер атты бербегин, Манасты өлдү дебегин. Калың алаш турганда, Хан Коңурбай баатырдан, Кайгырып кам жебегин!” Мына ошентип эр Манас, Эл четинде токтолгон. Кырк чоронун арбагы Кызарып күйгөн от болгон. Кылкандай тегиз кырк кашка, Кылыгы журттан бир башка. Кырк чоронун баарына, Кызыл манат кийгизген. Жарактантып баарысын, Жалпы боз ат мингизген. Каш кайтарган адамды Кара жерге киргизген. Кылтыратып кылымды, Кыйындыгын билгизген. Кыргыз, калмак бөлүн — деп, — Кыйкырып ал угузган. Баш бербеген адамды, Бадыратып ургузган. Эки бөлүп, элди ал Эки жакка тургузган. Калмак менен кытайдын, Калтырбай баарын айдаган. Кетечинин Ийрижар, Келтирип баарын камаган. Ошондо мен Манастай, Ойротту бузар көрбөдүм. Толкундаса үйөрлөп, Тоону бузар көрбөдүм. Аш башкарып эр Манас, Ат чабылат — деп айткан, — Күлүгүң болсо чубат — деп, — Кыргыз менен калмакка, Кыйкырып Манас тең айткан. Кыңк эткен адам болбогон, Кыйыгына тийгендер, Кыйылып башы оңбогон. Кыраан баатыр Манастан, Кылымда адам озбогон. Чубатканда күлүктү, Алты миңче ат болгон. Катар-катар тизилип, Каркырадай сап болгон. Мааникерди чаппа — деп, — Калың калмак шарт койгон. Аткарып шартын эр Манас, Аларга да жол койгон. Ашка келген ошондо, Бир жүз кырк төрт тайпа экен. Көбүнөн көп, аздан аз, Бир миң беш жүз киши ылгап, Жаш Айдарды кылып баш, Булар кеткен ат айдап. Ат кеткен соң эр Манас, Ат башындай алтынды, Куржунга салып чак кылды. Чыккан аттын байгеси, Кырк миң дилде алтын — деп, — Кыйкыртып журтка даңк кылды. Жүз он атка байгени Ошондо сайды мен көрдүм, Ошол өңдүү канкорду, Андан бери көрбөдүм. Кой башындай алтынды, Кол куржунга байлатып, Кошундун баарын жардатып. Эки балбан күрөшкө, Эки жактан чыксын — деп, — Кимиси чыкса байгеге, Алтынды ошол алсын — деп, — Кыргыз менен каңгайга, Кыйкырып Манас жар салган. Каңгайлардан Ороңгу, Келип түшкөн балбанга. Кыргыздан чыгар киши жок, Калтырашып калың журт, Камалып жарда калганда, Жаалуу Манас кеп айткан, Жалтанбай Кошой зардалга. Сенден башка киши жок, Өзүң чык, аба, балбанга. Чыкпай Кошой койо албай, Манас айтып салганда. Катагандын хан Кошой, Кындыйтып белин буунуп, Ошондо түшкөн майданга. Кетечинин кең сазга, Капыр менен мусулман, Шыкалыша жык толуп, Кейип Кошой турганда, Кийерге шымы жок болуп. Хан Манастын катыны, Каныкей тигип кам кылган, Ажыбайды жиберип, Кандагайды алдырган. Кабылан Кошой кийгенде, Тизесинен келгенде, Жакыптын уулу Манастын, Кармаганы шамдагай, Чечтирип алып чойгондо, Хан Кошойго чак келген. Каныкей тиккен кандагай. Баркырап Кошой кеп кылган, Манаска кебин эп кылган. Балам Манас, садага, Бул буйумду ким кылган? Анда Манас каткырып, Келиниң, аба, — деп салган, — Олуйа Кошой карыдан, Ошондо Каныш бата алган. Кыргыз, калмак кошулуп, Батага ал кол жайган. Ушул келген Семетей, Кыргыз менен калмактын, Батасынан бүткөн го, Кабылан Манас баатырдай, Атасынан бүткөн го. Ороңгу менен Кошой алп, Бел кармашып күрөшкөн. Этек-жеңин түрүшкөн, Өйдө-төмөн сүрүшкөн. Ороңгу кармап көтөрсө, Хан Кошой силкип түшүргөн. Так көтөрүп Ороңгу, Жерден үзүп алганда, Тарс дегиче чалкадан, Талпактай жерге чабарда, Калкамандын Кара атын, Камчылап Манас калганы. “Карма, Кошой, карма — деп, — Кайратың сенин кайда” — деп, — Качырып кирип барганы. Кайраттанып ошондо, Кайран балбан хан Кошой, Ороңгуну чандайтып, Чалкасынан салганда, Башка тээп тургузбай, Аттап кетип калганда. Калың калмак ат койуп, Калдырашып чуркурап, “Балбанга чыкмак бар эле, Башка тепмек жок эле. Аттаганы кандай” — деп, — Кирип келген чукулдап. Жаасы катуу шер Манас, Жалаң болот испаны, Жанынан сууруп алганда, Калың калмак тим болгон. “Кап, сени”, — деп арманда, Калмак, кытай эки уруу, Айтылса тили миң буруу, Орус, бараң төрт уруу, Окшобойт тили көп буруу. Дагы Манас жар салган, Жөө күрөшкө чыгууну. Кытайлардын Нескара, Чыгамын — деп октолгон. Алаштын калың ичинен, Ага чыгар жок болгон. Жүз көрүшүп той тойлоп, Келин-кыз менен бирге ойноп. Кеткен экен эр Агыш, Бүткөн бойу тарамыш. Темир өзөк, таш жүрөк, Чыканактай ач билек, Чыгарган аны балбанга, Нескарадай зардалга. Бел кармашып, силкишип, Тизеден жерге киришип. Бирин бири жыга албай, Багалчеги кайышып. Эр Агыш менен Нескара, Эрегишип тайышып. Күлкүдөн Агыш токтобой, Нескарага жабышып. Кыз-келин менен жаткандай, Айкалышып канышып. Аны көрүп алп Манас, Ачууланып калганы. Калкамандын кара атын, Камчыланып барганы. Эр Агышты келтирип, Май куйрукка салганы. Манас салган оңобу, Чымырканбай койобу? Кайрат жыйнап, бел байлап, Карууланбай болобу? Эр Агыш ичтен чалды эле, Көтөрүп жерден алды эле. Нескараны чандайтып, Чалкасынан салды эле. Нескаранын башынан, Аттап кеткен эр Агыш. Башка тээп тургузбай, Таштап кеткен эр Агыш. Козголуп калмак чур кылган, Коңурбай баштап чыр кылган. Чырына Манас болбогон, Тийишкени сойлогон. Кошой менен эр Агыш, Байгени алып тойлогон. Жөө балбандар алды — деп, — Аттуу эңиш калды — деп, Кыйкырып Манас жар салган, Эр эңишке чыккын — деп. Ошондо чыккан Коңурбай, Алгара минип койкойуп, Көк темир менен курчанып, Опол тоодой зоңкойуп. Коңурбай жайын менден ук, Менден уксаң бейлеп ук. Ал Коңурбай каапырдын, Айлакерин элеп ук. Бирди койуп жүздү алган, Жалгыз жүрүп миңди алган. Тентек чыккан Коңурбай, Тең келбеген эч бир жан. Кытайларды элебей, Бучкагына теңебей. Барба десе кенебей, Аскер алып ченебей. Чоң Бейжинге кол салган, Чогуусуна жол салган. Падыша болуп так минип, Эсен хандан журт алган. Ким чыгат буга эми — деп, Калайык карап калганда, Кайран баатыр хан Кошой, Манасты чык, — деп салганда, Аккула кеткен байгеге, Атым жок, — деп турду эле, Байкабагам мен мурун, Датым көп, — деп турду эле. Ажыбай анда кеп айткан, Айдар кандын тобунан, Кызылжээрде, Кылкүрөң, Ат көрдүм сага деп айткан. Армандуу турган алп Манас, Ат кабарын укканда, Ээси ким — деп сурабай, Өзү барган тутканга. Байлоодо турган жээрдени, Чечип алып жайма-жай, Жетелеп бара жатканда, Эч нерсеге карабай, Азиз хандын Алмамбет, Ажыбайды чакыртып, Алмамбет андан сураган. Сайышка минер атымды, Алып кеткен туурадан, Тиги жагалданган жалкы шер, Жаалысы катуу кайраттуу эр, Айтчы Ажыбай ким болот, Алп туулган баатыр эр? Ажыбай анда: “Манас — дейт, — Тааныдың аны ырас” — дейт. Ажыбайга Алмамбет, Анда туруп мындай дейт. “Элүүдөн ашып асыйы, Өрү калган чагы эле. Чаппаса камчы баспаган, Сал камчыраак мал эле. Ат айасам болбостур, Алаштын эли оңбостур. Өпкөлөтө теминип, Өөдө-ылдый желдирсин. Баса минип арстаның, Колтугун ачып кердирсин. Андан кийин Манасың, Кол кармашып, ал кирсин”. Алгара минип Коңурбай, Кылжээрде минип эр Манас, Карсылдашып сайышты, Карап турду калтырап, Калың калмак, көп алаш. Качырып найза сайышып, Бир беттешип алышып. Бура тартып булт койду. Алгара кыйын мал экен, Кылжээрде дагы кылт берди, Тулпарлыгы бар экен. Хан Коңурдан эр Манас, Кайра тартар шер эмес. Андан артык болбосо, Алптыгы андан кем эмес. Кайра тартып эр Манас, Кылжээрдени бурганда, Хан Коңурбай капырга, Капталга найза тыкканда, Каңтара салып жыкканда. Коңурдун көзү жалдырап, Калмак менен кытайлар, Калды катуу алдырап. Коңурбай кыйын жан экен, Кыйын жигит ал экен. Темир чынжыр зым менен, Байланып алчу неме экен. Ажыратпай атынан, Тартып калды Коңурду, Чынжыры анын чатынан. Өлбөсө да Коңурдун, Кызыл өңү кубулду. Сайганга эсеп болду — деп, Кыргыздын эли чубурду. Кара боорун кан кылбай, Алдырса да байгени, Аман калды Коңурбай. Сенин атаң эр Багыш, Соога, баатыр, соогалап, Алдына кирип барганда, Кой башындай алтынды, Кармата берген зор Манас. Калбастан теги жоокалап, Кылга байлап жамбы аткан, Жамбыны да ашкере, Мерген Манас өзү аткан. Нескара өзү сынчы экен, Айдаркандын Көкчөсүн, Дуңчулукка чыгарган. Кыргыз, кытай, калмактын Алптары тегиз сыналган. Алты хандын ичинен, Айкөл Манас жараган. Ал өңдөнгөн мыктыны, Мен көрбөдүм адамдан. Ат келер кези болордо, Көксазга эл толгондо. Эл ортосун как жарып, Ат сүрөгөн ошондо. Чоң Жолой аты Ачбуудан, Манастын аты Аккула, Чагарак суулук өтүшпөй, Жанаша келген утурга. Ойлобостон убалын, Окугандай дубасын, Канжардап тилип соорусун, Өткөрүп кеткен Куласын. Кызыл алтын кырк миң сом, Чоң куржунга салдырган. Байгесин ал Куланын, Чоң Жолойго алдырган. Алдырганга арданып, Арстан Манас чыр салган. Алың келсе алгын — деп, Алың мага келбесе, Аңылдабай жөн Манас, Аңырайып калгын — деп, Бастырып Жолой калганда, Жандай түшүп эр Манас, Жаагын айра чапканга, Элебей да, кенебей, Куйултуп канын ченебей. Бейжинди көздөй бет алып, Сыздырып Жолой кеткени. Мааникер менен кубалап, Артынан Манас жеткени. Ажыбай бар жанында, Найзаны алып колуна, Жолойдун сайган жонуна. Жыгылып Жолой калганда, Аны таштап эр Манас, Ачбуудандай тулпарды, Ашып белди кетерде, Аккелте менен бир койуп, Аны окко учурган. Бууданга барып келгиче, Бурула берип токойго, Буйткалап Жолой кутулган. Бүгүнкү келген Семетей, Батадан бүткөн бала эле. Арбактуу алп Манастай, Атадан бүткөн бала эле. Акундун кызы Чүрөккө, Башында Манас куда эле. Анын уулу Семетей, Келиптир бизге удаа эле. Акундун кызы Чүрөктүн, Алуучу эри келген соң, Катылышпай кан төгүп, Кайтканыбыз биздин оң. Манастын уулу Семетей, Оңой-олтоң эр эмес. Оңойлук менен адамга, Оодарылар бел эмес. Гүлчоро менен Канчоро, Эр Толтой сенден кем эмес. Кашыңдагы Чынкожо, Жөн эле жүрөт күүлөнүп, Ал эч бирөөнө тең эмес. Барсак барып көрөрбүз, Ат изинен билербиз. Келген болсо көкжалдар, Ийинге тегиз сийербиз. Манастын уулу Семеңдин, Кызыл Буурул аты бар, Тулпардан күлүк салты бар. Он беш асый болгуча, Чоңойуп Семең толгуча, Түк кишиге көрүнбөй, Тоодо жүргөн жаныбар. Кулагында шамы бар, Куйундан бүткөн жаныбар. Кере баскан жерлери, Керегедей аң болот. Кайра баскан жерлери, Кашаты бийик жар болот. Эп келсе, балдар, койгула, Эсиңер менен болгула. Эрегишип калп эле, Элди кырып салбагын. Эр Толтой менен Чынкожо, Ойлонгун иштин ар жагын”. Вазирдин угуп айтканын, Эр Толтой анда кеп айтат: — Ой, Чынкожо кайнагам. Ырас айтат карт вазир, Кайталыбы — деп айтат, — Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Эр Багыштын жанында, Эркечтенип ат минген, Эрке бала мен элем. Жин жыттанып бээ сойуп, Эт бышырган сен элең. Мактанасың сен бүгүн, Манаска качан тең элең? Айчүрөк алып нетесиң, Кай мураска жетесиң: Тилимди алсаң барбагын, Бекер калба салбагын! Чынкожо анда кеп айтат, Кашын серпип бек айтат: — Баатырлар ачкан жол ушу, Баласы эмес Манаска, Балта чапкан кол ушу! Эрендер ачкан жол ушу, Эр Семетей тургайлык, Манас менен башынан, Салышта жүргөн кол ушу! Сен эрке болсоң болгонсуң, Эл кыдырып көнгөнсүң. Жасоол болуп ал ашка, Эт бышырып жүргөмүн. Май болот буулум жибек — деп, — Эски кийим кийгенмин, Сен ошондо көрүпсүң! Кайтар болсоң айта сал. Аккойондун үстүнө, Ага кошуп малымды ал, Ок тиштешип антташкан, Осол Толтой антыңды ал! Чынкожону сак койбой, Кардын жарып сууга сал. Байтеке, денем таштабай, Башымды кесип өзүң ал!” Антын Толтой ала албай, Кайтып артка жаналбай Аккойондой айалдын, Кадырынан боло албай. Чынкожонун чыр салган, Кандап кардын жаралбай. Алдастаган эр Толтой, “Аттангын” — деп акырды Жедигердин көп колун, Жер жайнатып жапырды. Байтеке вазир, Саламат, Кошулуп ага Жаманак. Бөлүнүп элден беш берен, Бозучуктун сеңирге, Из чалып жете келишти. Тайбуурулдун изинен, Семетейдин келгенин, Анык билип сезишти. “Койгун десе болбойт — деп, Бадырек Толтой оңбойт — деп. Чынкожону чыңыртып, Кардын жарып сойбойт” — деп. Байтеке вазир муну айтат, Калың элди муңайтат: — Көрдүңөрбү мына бу, Күлүктүн изи турбайбы. Кере баскан жерлери, Кемегедей жар болгон. Кайра баскан жерлери, Каңтарылып аң болгон. Катылышсак канкорго. Каныбыз бөөдө төгүлөт, Баатыр Толтой бул жерге, Башыбыз биздин көмүлөт! Мына ушинтип Байтеке, Ажалдан мурда жан берди. Хан Толтойду кайгыртып, Карайлатты бүт элди. Муну мындай таштайлы, Чынкожо менен Толтойдун, Өлүмүнөн баштайлы. Толтойду сайып ала албай, Же аралап топко баралбай.