Семетейдин Айчүрөктү алышы
Кыргыз, ногой элинен, Жыргалдуу Кеңкол жеринен, Кайнардын кара көзүнөн, Как чынардын өзүнөн. Төрткөлдүн төмөн жагынан, Төрөмдүн сайган багынан, Баркөлдүн маңдай жагынан, Бакайдын салган тамынан, Жекендүү көлдүн ойунан, Жергенин сары талаадан, Аз олуйа Баркөлдүн, Кыз олуйа Кеңколдон, Алакөлдүн кашынан, Айдын көлдүн сазынан. Акшумкарын качырып, Акбелести ашырып, Алыскы жерден кеп угуп, Акундун кызы Айчүрөк, Алып кетти деп угуп. Аркасынан шумкарга, Барамын деп дем уруп. Канча күндө барам деп, Хан абасы Бакайдан, Жолду сурап кеп уруп, Жолду айткын барам деп, Карабет Чүрөк долудан. Шумкардын жообун алам деп, Акшумкардан айрылып, Куру кантип калам деп. Өлбөй тирүү болгондо, Бир кабарын табам деп, Ырас болсо алганы, Чүрөктүн шаарын чабам деп. Төтөлөп айтып жолго сал, Карыган Бакай абам деп. Минтип айтып турганда, Бу дүнүйө жалганда, Көрбөгөн жан арманда. Бакай кантип токтосун, Жолду сурап атканда. Чымырканып кеп айтат, — Чырагым, уккун — деп айтат, — Курдашым Манас барында, Көрбөгөндү көргөмүн. Же ошол кезде өлбөдүм, Алла башка салган соң, Абыкенин тушунда, Ар жорукка көнгөнмүн. Асылым Манас өлгөндө, Ар кайсыны көргөнмүн. Өзүң бойго жеткени, Эч жамандык көрбөдүм. Көз жаздыкта калбаса, Барбаган жерим калбады. Курдашымдын тушунда, Ошондо кудай албады. Жол маанисин менден ук, Менден уксаң, бейлеп ук, Калет келсе кантейин, Атаңдын көрү дүйнө бок. Агарбас сакал чагымда, Болуп турган табымда, Саадагым кырк кез экенде, Эмне деген жакшы эле. Өзүм баштап барганга. Ал кездеги чагым жок, Баштап барар алым жок, Мына минтип бок дүйнө, Арманды салдың ичке чок. Ашыкпай жүрсөң чырагым, Алтымыш күндө барарсың, Аман болсо чырагым, Душмандан кегиң аларсың. Эрикпей жүрсөң чырагым, Элүү күндө барарсың, Эсен болсоң жалгызым, Душмандан кегиң аларсың, Ойлонгон жолдун азабын, Оолуккан чунак баласың. Эми түшүп жатпады, Жолдун баарын каттады. Каныкей канча кеп айтып: Балам уккун деп айтып, — Атаң Манас барында, Алмамбет, Чубак жанында, Бакай абаң алдында, Кең кашкарга барганда. Тумшуктун жолун тоскондо, Баары журттан озгондо. Коңурбай менен Жолойдун, Миң төөдө чайын алганда. Кебез тоону айланып, Чоң Үргөнүчкө барганда. Кийик уулап талаадан, Таап келген Акун хан. Кызынын аты Айчүрөк, Сен бойумда бар элең, Белкуда болгон атакең, Кудалашкан жайың бар. Акун хан деген кайның бар, Кулдук уруп Алмамбет, Кудалашкан чагы бар. Аллам буйурса аларсың, Айчүрөктөй зайыбың бар. Тор этине толсун деп, Менин айтпай жүргөн жайым бар. Чынкожо, Толтой деп айтат, Айчүрөктү алам деп, Чынкожо колу барган бейм, Акун хан кары киши эле, Чын эле шашып калган бейм. Чымырканып Айчүрөк, Анан издеп чыккан бейм. Саамай чачын сыдырып, Тоонун башын кыдырып, Келип кабар салган бейм. Айталбай сага чын сөзүн, Кушуңду алып барган бейм, Алтымыш күнү жол жүрсөң, Акундун шаарын табарсың, Кекенген жоого барарсың, Кездешсең башын аларсың. Аллам ачсын жолуңду, Жабдып жолго салайын, — Деп ошентип Каныкей, Казынанын ачкычын, Алып чыгып үйүнөн, Асталай басып Каныкей, Казынага барышы. Алып келди буйумун, Ачтырды тилип куржунун. Сыйга кийер сын тонун, Сууруп алып берди эми, Жакасы алтын, жеңи жез, Эки кабат ичи бөз, Тышы көркөм буулумдан, Он эки катар топчулук, Топчуланып бекиткен. Бараңдын огу батпаган, Манастан калган ак олпок, Тышыңан кийип ал деди, Каныкей алып берди эми. Кандагайы Семеңдин, Анысы мындай жасалган: Чоң Ополдо көп теке, Экитишти багылага бар. Мергенге тандап аттырып, Чылгый тери жагында, Аки берип ийлетип, Алтымыштай балбанга Анжийанга киргизип, Алма кабык алдырып, Жайы-кышы малмага, Жеткилең абдан салдырып. Хан баласы Каныкей. Жатып алып ичтеген, Аруукеси баш болуп, Алтымыш келин котчу алып, Үч айдын күнү токсон күн, Эрикпестен тиштеген. Кашка тиши жойулган, Кара көзү ойулган. Бутка кийчү бул шымын, Кыдыр Алла буйурган. Кармап тартса кандагай, Аргамчыдай чойулган, Койо берсе кандагай, Муштумдай болуп жыйылган. Отко салса чок өтпөс, Мылтык атса ок өтпөс, Милте жакса чок өтпөс. Чапса кылыч кеспеген, Найза сайса тешпеген. Каныкей алып бергени, Камдагай бутка шымданып, Алтындан кылган чоң кемер, Арстан белге курчанып, — Гүлчоро менен Канчоро, Эки балам келгин, — деп, — Атаңардын белеги, Каныкей азыр берем деп, Хан Чубактын тону эле, Муну балам кийгин, — деп. Темирден кылган күрөөкү, Чынжырдан кылган зоотун, Бутуна кийчү кандагай, Такыр берди тапшырып. Жоо-жарактан эч калбай. Алмамбеттин белегин, Акылга тыкан асылын, Белекке койгон нерсесин, Кийин көрөт Гүлчоро, Ал буйумдун керегин, Жакасын алтын жеңи жез, Арка этеги кызыл миз, Эки каптал ак күмүш, Ал тонду кийген адамга, Арзан эмес мүшкүл иш. Азиз хандын доорунда Мына ошонун шаарында, Өзүнүн көзү барында, Падышалык чен тонун, Балама белек болсун деп, Падышага тапшырган. Муну алгын колуңа, Абакеңдин алдында. Аллага атаң сыйынган, Азимде турпак атаңа, Ал Бейжинден буйурган. Сай сагызган тилине, Кырк эки тилдин баарысын, Дуба менен жашырган. Муну жегин Гүлчоро. Алтын кемер, бото кур, Алты айланат белиңден. Абайлап балам кулак сал, Энеңдин айткан кебине. Куржунун алгын атаңдын, Өзүң ачып карагын, Атаңдан калган белектер, Баары ошонун ичинде, Муну алгын колуңа, — Аманат кылган эрлердин, Белектерин тапшырды. — Семетей балам сенсиң деп, Ак сүтүн берген менмин деп, Ак батамды берейин, Аман-эсен келгин деп, Абалтан кудай силерди, Душман үчүн жараткан. Улуу атаң сенин хан Мамай. Өз атаң сенин зор Манас, Жердеген жери чоң Талас. Намысыңды бек талаш, Үргөнүчтүн жери сом деген, Агын суусу чоң деген, Тууганым экен жакын деп. Чынкожо көөнүн караба. Чынкожонун бузугу, Толтойго кара санаба. Жаман айтып сөз кылбай, Кеп кеңешиң сала жүр. Жаныңда эки балага, Баргын балам саламат, Кудайыма аманат. Ат-тонуңдан айрылып, Боло көрбө жаманат. Жолуңда сонун жерлер бар, Кайберендин кени бар. Кайыбына тийбегин, Жерди көрүп кызыгып, Жатып алып жүрбөгүн. Уктап жаткан шаарга, Түн ичинде кирбегин, Атаңа болор жаманат, Жетимиш пирге кол берген, Жети ирет Кызыр жол берген, Атакең Манас колдосун, Кожо Асан болсун жолдошуң. Алтымыш пирге кол берген, Алты ирет кызыр жол берген, А дүйнө кеткен атаңдын, Арбагы сени колдосун! Атаң менен дос болгон, Ак эшен болсун жолдошуң! — Деп ошентип Каныкей, Колун жайып кобурап, Ак батасын берди эле. Каныкейден бата алып, Хан Бакайдан кат алып, Жолдун баарын жат алып, Бала жолборс Семетей, Бармак болду аттанып. Кас душманга шаттанып. Манаттан кылган көрпөчө, Кош басмайыл тарттырып, Жоргого кошун арттырып, Алаштан тандан Семетей, Он төрт күлүк ат алып. Абакеси Бакайдан, Алдына барып бата алып. Ичин кызыл сырдаган, Тышын аппак бордогон, Жүрмөк болду чунагың, Каныкейдин ордодон. Илгертеден бер жакка, Ишин кудай оңдогон. Жоготкон жогу шумкары, Жоого минген тулпары, Качырганы шумкары, Казатка минген тулпары, Айдаганы он төрт ат, Арка кылган бир Буурул, Ишенгени эки уул, Издегени Акшумкар, Асынганы Аккелте, Эңсегени Айчүрөк, Жоболоң тартып жок издеп, Жоголуп кеткен кушту издеп Ат арытып тон жыртып, Ала качкан кызды издеп, Аттанып чыкты Семетей, Муну мындай койуңуз, Ат эсебин алыңыз, Калдуу кызыл жалдуу көк, Тумарлуу кызыл Турнакөк, Токтонбайдын Торала, Токо бийдин Бозала, Текечинин Темиркөк Тердебеген Көкала.