Кыргыз, ногой элинен, Жыргалдуу Кеңкол жеринен, Кайнардын кара көзүнөн, Как чынардын өзүнөн. Төрткөлдүн төмөн жагынан, Төрөмдүн сайган багынан, Баркөлдүн маңдай жагынан, Бакайдын салган тамынан, Жекендүү көлдүн ойунан, Жергенин сары талаадан, Аз олуйа Баркөлдүн, Кыз олуйа Кеңколдон, Алакөлдүн кашынан, Айдын көлдүн сазынан. Акшумкарын качырып, Акбелести ашырып, Алыскы жерден кеп угуп, Акундун кызы Айчүрөк, Алып кетти деп угуп. Аркасынан шумкарга, Барамын деп дем уруп. Канча күндө барам деп, Хан абасы Бакайдан, Жолду сурап кеп уруп, Жолду айткын барам деп, Карабет Чүрөк долудан. Шумкардын жообун алам деп, Акшумкардан айрылып, Куру кантип калам деп. Өлбөй тирүү болгондо, Бир кабарын табам деп, Ырас болсо алганы, Чүрөктүн шаарын чабам деп. Төтөлөп айтып жолго сал, Карыган Бакай абам деп. Минтип айтып турганда, Бу дүнүйө жалганда, Көрбөгөн жан арманда. Бакай кантип токтосун, Жолду сурап атканда. Чымырканып кеп айтат, — Чырагым, уккун — деп айтат, — Курдашым Манас барында, Көрбөгөндү көргөмүн. Же ошол кезде өлбөдүм, Алла башка салган соң, Абыкенин тушунда, Ар жорукка көнгөнмүн. Асылым Манас өлгөндө, Ар кайсыны көргөнмүн. Өзүң бойго жеткени, Эч жамандык көрбөдүм. Көз жаздыкта калбаса, Барбаган жерим калбады. Курдашымдын тушунда, Ошондо кудай албады. Жол маанисин менден ук, Менден уксаң, бейлеп ук, Калет келсе кантейин, Атаңдын көрү дүйнө бок. Агарбас сакал чагымда, Болуп турган табымда, Саадагым кырк кез экенде, Эмне деген жакшы эле. Өзүм баштап барганга. Ал кездеги чагым жок, Баштап барар алым жок, Мына минтип бок дүйнө, Арманды салдың ичке чок. Ашыкпай жүрсөң чырагым, Алтымыш күндө барарсың, Аман болсо чырагым, Душмандан кегиң аларсың. Эрикпей жүрсөң чырагым, Элүү күндө барарсың, Эсен болсоң жалгызым, Душмандан кегиң аларсың, Ойлонгон жолдун азабын, Оолуккан чунак баласың. Эми түшүп жатпады, Жолдун баарын каттады. Каныкей канча кеп айтып: Балам уккун деп айтып, — Атаң Манас барында, Алмамбет, Чубак жанында, Бакай абаң алдында, Кең кашкарга барганда. Тумшуктун жолун тоскондо, Баары журттан озгондо. Коңурбай менен Жолойдун, Миң төөдө чайын алганда. Кебез тоону айланып, Чоң Үргөнүчкө барганда. Кийик уулап талаадан, Таап келген Акун хан. Кызынын аты Айчүрөк, Сен бойумда бар элең, Белкуда болгон атакең, Кудалашкан жайың бар. Акун хан деген кайның бар, Кулдук уруп Алмамбет, Кудалашкан чагы бар. Аллам буйурса аларсың, Айчүрөктөй зайыбың бар. Тор этине толсун деп, Менин айтпай жүргөн жайым бар. Чынкожо, Толтой деп айтат, Айчүрөктү алам деп, Чынкожо колу барган бейм, Акун хан кары киши эле, Чын эле шашып калган бейм. Чымырканып Айчүрөк, Анан издеп чыккан бейм. Саамай чачын сыдырып, Тоонун башын кыдырып, Келип кабар салган бейм. Айталбай сага чын сөзүн, Кушуңду алып барган бейм, Алтымыш күнү жол жүрсөң, Акундун шаарын табарсың, Кекенген жоого барарсың, Кездешсең башын аларсың. Аллам ачсын жолуңду, Жабдып жолго салайын, — Деп ошентип Каныкей, Казынанын ачкычын, Алып чыгып үйүнөн, Асталай басып Каныкей, Казынага барышы. Алып келди буйумун, Ачтырды тилип куржунун. Сыйга кийер сын тонун, Сууруп алып берди эми, Жакасы алтын, жеңи жез, Эки кабат ичи бөз, Тышы көркөм буулумдан, Он эки катар топчулук, Топчуланып бекиткен. Бараңдын огу батпаган, Манастан калган ак олпок, Тышыңан кийип ал деди, Каныкей алып берди эми. Кандагайы Семеңдин, Анысы мындай жасалган: Чоң Ополдо көп теке, Экитишти багылага бар. Мергенге тандап аттырып, Чылгый тери жагында, Аки берип ийлетип, Алтымыштай балбанга Анжийанга киргизип, Алма кабык алдырып, Жайы-кышы малмага, Жеткилең абдан салдырып. Хан баласы Каныкей. Жатып алып ичтеген, Аруукеси баш болуп, Алтымыш келин котчу алып, Үч айдын күнү токсон күн, Эрикпестен тиштеген. Кашка тиши жойулган, Кара көзү ойулган. Бутка кийчү бул шымын, Кыдыр Алла буйурган. Кармап тартса кандагай, Аргамчыдай чойулган, Койо берсе кандагай, Муштумдай болуп жыйылган. Отко салса чок өтпөс, Мылтык атса ок өтпөс, Милте жакса чок өтпөс. Чапса кылыч кеспеген, Найза сайса тешпеген. Каныкей алып бергени, Камдагай бутка шымданып, Алтындан кылган чоң кемер, Арстан белге курчанып, — Гүлчоро менен Канчоро, Эки балам келгин, — деп, — Атаңардын белеги, Каныкей азыр берем деп, Хан Чубактын тону эле, Муну балам кийгин, — деп. Темирден кылган күрөөкү, Чынжырдан кылган зоотун, Бутуна кийчү кандагай, Такыр берди тапшырып. Жоо-жарактан эч калбай. Алмамбеттин белегин, Акылга тыкан асылын, Белекке койгон нерсесин, Кийин көрөт Гүлчоро, Ал буйумдун керегин, Жакасын алтын жеңи жез, Арка этеги кызыл миз, Эки каптал ак күмүш, Ал тонду кийген адамга, Арзан эмес мүшкүл иш. Азиз хандын доорунда Мына ошонун шаарында, Өзүнүн көзү барында, Падышалык чен тонун, Балама белек болсун деп, Падышага тапшырган. Муну алгын колуңа, Абакеңдин алдында. Аллага атаң сыйынган, Азимде турпак атаңа, Ал Бейжинден буйурган. Сай сагызган тилине, Кырк эки тилдин баарысын, Дуба менен жашырган. Муну жегин Гүлчоро. Алтын кемер, бото кур, Алты айланат белиңден. Абайлап балам кулак сал, Энеңдин айткан кебине. Куржунун алгын атаңдын, Өзүң ачып карагын, Атаңдан калган белектер, Баары ошонун ичинде, Муну алгын колуңа, — Аманат кылган эрлердин, Белектерин тапшырды. — Семетей балам сенсиң деп, Ак сүтүн берген менмин деп, Ак батамды берейин, Аман-эсен келгин деп, Абалтан кудай силерди, Душман үчүн жараткан. Улуу атаң сенин хан Мамай. Өз атаң сенин зор Манас, Жердеген жери чоң Талас. Намысыңды бек талаш, Үргөнүчтүн жери сом деген, Агын суусу чоң деген, Тууганым экен жакын деп. Чынкожо көөнүн караба. Чынкожонун бузугу, Толтойго кара санаба. Жаман айтып сөз кылбай, Кеп кеңешиң сала жүр. Жаныңда эки балага, Баргын балам саламат, Кудайыма аманат. Ат-тонуңдан айрылып, Боло көрбө жаманат. Жолуңда сонун жерлер бар, Кайберендин кени бар. Кайыбына тийбегин, Жерди көрүп кызыгып, Жатып алып жүрбөгүн. Уктап жаткан шаарга, Түн ичинде кирбегин, Атаңа болор жаманат, Жетимиш пирге кол берген, Жети ирет Кызыр жол берген, Атакең Манас колдосун, Кожо Асан болсун жолдошуң. Алтымыш пирге кол берген, Алты ирет кызыр жол берген, А дүйнө кеткен атаңдын, Арбагы сени колдосун! Атаң менен дос болгон, Ак эшен болсун жолдошуң! — Деп ошентип Каныкей, Колун жайып кобурап, Ак батасын берди эле. Каныкейден бата алып, Хан Бакайдан кат алып, Жолдун баарын жат алып, Бала жолборс Семетей, Бармак болду аттанып. Кас душманга шаттанып. Манаттан кылган көрпөчө, Кош басмайыл тарттырып, Жоргого кошун арттырып, Алаштан тандан Семетей, Он төрт күлүк ат алып. Абакеси Бакайдан, Алдына барып бата алып. Ичин кызыл сырдаган, Тышын аппак бордогон, Жүрмөк болду чунагың, Каныкейдин ордодон. Илгертеден бер жакка, Ишин кудай оңдогон. Жоготкон жогу шумкары, Жоого минген тулпары, Качырганы шумкары, Казатка минген тулпары, Айдаганы он төрт ат, Арка кылган бир Буурул, Ишенгени эки уул, Издегени Акшумкар, Асынганы Аккелте, Эңсегени Айчүрөк, Жоболоң тартып жок издеп, Жоголуп кеткен кушту издеп Ат арытып тон жыртып, Ала качкан кызды издеп, Аттанып чыкты Семетей, Муну мындай койуңуз, Ат эсебин алыңыз, Калдуу кызыл жалдуу көк, Тумарлуу кызыл Турнакөк, Токтонбайдын Торала, Токо бийдин Бозала, Текечинин Темиркөк Тердебеген Көкала. Тору кыз берген Карасур, Чачыкейдин Койтору, Байбиченин Боз жорго, Бакай хандын Сурчолок, Сары хандын Туучунак, Ажыбайдын Карткүрөң, Алмамбеттин Сарала, Каныкейдин Кашка аргымак, Абыкенин Актелки, Көр Көбөштүн Суртелки. Азык арткан Акборчук, Кош жүктөгөнү төрт жорго, Азык алган алты бээ, Алты жууркан, беш мамык Аны арткан Айбанбоз. Шоошактын башын чалбаган, Чуңкурга келсе аттаган, Жекендин башын чалбаган, Жейренге жетпей калбаган, Күрүчүн күрдүк айдаган, Күлүктөрүн карасаң, Күрүчкө жемдеп байлаган, Күндө жарак шайлаган, Арпасын күздүк айдаган, Аттарына карасаң, Арпага жемдеп байлаган, Айда жарак шайлаган. Атышкан жоосун жайлаган. Алты айга минсе талбаган. Аттарынын баарысы, Алтымыш асый болгуча, Азуусун сөйкөп карыбаган, Жети айга минсе талбаган, Жетимиш асый болгуча, Тилдигин сөйкөп карыбаган, Караңгыда калт этпес, Башка чапса жалт этпес, Алаштан чыккан он төрт ат, Күлүктөрүн айдатып, Кош колоңун тарттырып, Муну салып алдына, Канкордун уулу чунагын, Анда туруп муну айтып: — Касийеттүү абам деп, Каныкей эне, апам деп, Хан болсун азыр Таласка, Сары хандай абам, — деп. Манастын уулу Семетей, Каролуу жалгыз Гүлчоро, Жанында баатыр Канчоро, Гүлчоро менен Канчоро, Экөө бирдей эр чоро, Баатыр тууган Семетей, Он төрт күлүк ат менен, Жүрмөк болду Кеңколдон, Алла өзү билбесе, Айтканым жалган болбосо, Айтайын бир аз канкордун, Арбактары колдосо. Канкордун уулу эр Семең, Кайгырбаган эр немең, Жолборстун уулу эр Семең, Бала жолборс эр немең. Жетим калып жетилген. Эркин өсүп керилген, Эрдиги артык теминген, Темир хандын шаарына, Тентип барып чоң болгон, Ат көтөргүс зор болгон, Кас санаган душманы, Качып жүрүп кор болгон. Кайраты артык кабылан, Бастырмак болду абдан, Кам кечесин бүтүрүп, Аттарынын баарысын, Куйундай кылып түйүлтүп, Алты сан аргын көп алач, Булардан чыкты бөлүнүп, Сурнай үнү бек чыгып, Добулбасын карс уруп, Доолбасын карс уруп, Ак асаба кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу. Нөөкөрү бутта чойкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Кылыч белде кыңгырап, Айбалта жанда шыңгырап. Аккелте жондо жаркырап, Канчоросу ат айдап, Аттын баарын катуу айдап, Айалдабай бат айдап. Гүлчоросу кош алып, Көргөн адам таң калып, Көк жалдар жүрдү жол тартып, Көк жалда жүргөн жеринен, Тополоң уйуп жол чаңдап, Бөкөйдүн бөксө чөл менен, Бөрү жүрбөс жол менен, Казылган кара шор менен, Карышкыр жүрбөс бел менен, Жөнөп кетти калдайып. Кара тулаң чөп келсе, Чалдырбай жүрүп олтуруп, Кара булак суу келсе, Каптырбай жүрүп олтуруп, Оргуган аппак шор менен, Он төрт күндүк жол менен, Айлана кара тоо менен, Акыл таппас жол менен, Арыбастан жол жүрдү. Күнү түнү алтымыш, Санаты ошондой күндөрдө, Аттан түшпөй мол жүрдү, Тутумдашкан кара тоо, Тоо түгөнүп түз болду, Жол айрылып үч болду, Күндү санап алмагы, Семетейге күч болду. Санап көрсө Семетей, Санаты кыркча күн болду, Токтогон жерде чунактын, Күн кеч кирди түн болду. Кайта артын санады. Бакайдын катын карады, Алаштан чыккан он төрт ат, Сүмбөдөй болуп жарады. Чыккан күндүн баарысын, Эсеп кылып санады. Бакайдын жолу болуптур, Кат эсепке толуптур. Тоо түгөнүп сай болуп, Семетейдин ичкени, Жеркендин кызыл чай болуп. Жегени аппак май болуп, Ат арыктап тай болуп. Баатырдын уулу чунагың?, Жер сонунун көрүптүр, Түн уйкусун бөлүптүр, Бакасы чардап көлүндө, Булбулу сайрап чөлүндө, Булагы агып ташыган, Булбулу сайрап таңшыган, Муңдуу бенде жашыган, Күкүгү сайрап таңшыган, Күмүшү арзан ташынан, Күкүктүн үнүн укканда. Күйүттү бенде жашыган, Бетеге белден булаган. Бедесине карасаң, Ат боорунан жиреген, Жарылып тулаң булаган, Жылгадан суусу куйулган, Жыттаса жыты бураган, Өрүгү чирип көк болгон, Өзөнү булак саз болгон, Булагы менен көлүнө, Өрдөк менен каз толгон. Текчеден гүлү ачылган, Жемиши жерде чачылган, Жойлогон жери доңуздун, Кемегедей казылган. Төшүнө кайып жайылган, Кай бирден келип жыйылган, Чөптүү жерге капташса, Капталдан келип жиреген, Кайыңы көктү тиреген, Чырпыгы бар чынардай, Чынары бар мунардай, Чымчыктары улардай, Чымчыктардын үнүнө, Чыдап бенде тура албай, Талдары бар түркүктөй, Таранчысы өрдөктөй, Жалган айтып койбосом. Бүркүттөрү үзүктөй, Чычкандары күчүктөй, Жекендери челектей, Балтырганы билектей, Маралдарын карасаң, Мала кашка инектей, Ор койону улактай. Куландары кунандай. Кунандарын карасаң, Куруп салган дубалдай. Кескелдирик жойлосо, Кере кулач жыландай, Жыландары жойлосо, Жылдырып аркан тарткандай. Жерди көрдү аркандай, Жергелүү бенде конгудай, Желени тартып койгудай. Үйдү тигип салгыдай, Семетей төрө чунагың, Жерди көрдү ар кандай, Кетип барат канкоруң, Кабагын салып зарланбай, Адеме төрө көкжалың, Атынын башын бурганы, Аркасын карап кылчайып, Чорого айтып турганы: — Кештелүү калпак кең шалбар, Кеңешим айтам жаш балдар, Саймалуу калпак көк шалбар, Санаамды айтам жаш балдар, Алты күнү болгунча, Ат сергитип алалы, Анан Чүрөк баралы, Жети күнү болгуча, Бой сергитип алалы, Жетип Чүрөк баралы. Жеткилек тууган Чүрөктөн, Шумкардын жообун алалы. Жолукса Толтой, Чынкожо, Айанбай найза салалы, Атабыз Манас болгон соң, Айанып кантип калалы. Уурданып барганда, Уктап жаткан шаарды, Уйалбай чаап алганда, Атага наалат жетпейби. Абийирибиз кетпейби. — Чоролорго кеп айтып, Кошту түшүр деп айтып, Төрт төбөлүү көк чатыр, Төбөсү бийик чоң чатыр, Танаптарын тарттырып, Жез бурама казыгын, Жерге мыктап кактырып, Кермелерин чойдуруп, Кемегесин ойдуруп, Кер байталдан сойдуруп, Аттын барын кермеге, Алып келип астырып, Кемегесин каздырып, Көмкөрмөлүү казанын Алып келип астырып, Арчадан кылган чөмүчүн, Эт котортуп бастырып, Эки чоро бир төрө, Жата турсун белесте, Муну мындай койуңуз, Эми Чүрөктөн кабар алыңыз. Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда. Абанын жели зыркырап, Үйдөгү кулун чуркурап. Асмандагы жылдыздар, Кезеги менен бир кырып. Камыштын башы шуудурап, Кара каш торгой чулдурап. Чөптүн башы куудурап, Теректин башы дирилдеп. Жандын баары кыбырап, Намаз маалы болгондо. Чүрөк турду кашкайып, Алмадай бети тастайып, Колун сууга салды эми. Кол дааратын алды эми, Бутун сууга салды эми. Бут дааратын алды эми, Экөө сүннөт, экөө парз, Кудай таала кудурет, Өтпөй турган кыйын карз. Өзүң көргөн багымдат, Өткөрбөй окуп алды эми. Кайкалаган кара бет, Кырк кызга жетип барды эми. Кара бет барып кеп айтат, Улуусунуп деп айтат: — Кел эжекелер, — деп айтат, Кичүүсүнүп кеп айтат, Ой курдаштар деп айтат, — Түндө жатып түш көрдүм. Бир ажайып иш көрдүм, Байланды буудан мамыга, Тартынбай жерди кемирди, Байлоодон туруп семирди. Бул эмне болуучу! Бул түшүмдү жоруучу! Буудайык конду туурума, Булбул-булбул конду талыма. Сайрабай бойум эриди, Бул эмне болуучу? Бул түшүмдү жоручу? Көсө куйрук көк даңгыт, Көчөнүн ичин жойлоду. Көргөн иттер кыңшыды, Бул эмне болуучу? Бул түшүмдү жоручу. Кара чаар кабылан. Калаанын ичин жойлоду, Карс этип иттер каппады. Бул эмне болуучу? Бул түшүмдү жоручу? Ажыдаардай ак жылан, Айбаттанып келгенде, Асман менен тең болду, Аргыган шамал жел болду. Кара чаар сур жылан, Күчүркөнүп келгенде. Кара тоо менен тең болду, Какшаган шамал жел болду. Калаадагы биздин эл, Карап туруп дал болду. Күндүн көзүн чүмкөдү, Күн көрсөтпөй бүркөдү. Кандуу суулар бүгүлдү, Калаадагы биздин эл, Кара жандан түңүлдү, Бул эмне болуучу? Бул түшүмдү жоруучу? Жедигердин Толтойу, Жер майышкан көп колдун, Жетимиш жорго ат алып, Жергелей тартып жүгүндү. Желек төшөп бүгүлдү, Катын-балам алсын деп. Кара жаным калсың деп, Жан соогалап жүгүндү. Амал кылып турушту, Алты күндөй урушту, Көктөн арбап түшүрдү, Душмандын ишин бүтүрдү. Бул эмне болуучу? Бул түшүмдү жоруучу? Минтип айтып калганда, Ошондо болбой арманда. Отуз келин, отуз кыз, Ойротто жок Калыйман. Кыркы келин, кыркы кыз, Кымбат баасы Калыйман. Эки колу боорунда, Эжеси Чүрөк жанында. Ийни салык мойну кез, Издеп тапкын кара көз. Жумуру жылан ак шак-шак, Кирсиз тиши бар аппак. Кош каркыра олоң чач, Орто бойлуу алма баш. Кырдуу мурун кара көз, Кызыл беттүү кыйгач каш. Эжеке Чүрөк деп айтып, Эптүүсүнүп кеп айтып. Апаке Чүрөк деп айтып, Аңкосунуп кеп айтып. — Мен жоруймун түшүңдү, Оңдосун кудай ишиңди. Кудай колго бериптир, Ашык болгон кишиңди. Байлантса буудан мамыга, Тартынбай жерди кемирсе, Байлоодо туруп семирсе, Булчуңу бука мойнундай, Буурул ат келе турганы. Мунун несин айтасың, Буудайык консо тууруңа, Булбул консо талыңа. Талпынбай күндү бүркөсө, Арка жүнү ак бедер, Акшумкар турат колуңда, Анын несин айтасың. Булбул өңдүү эр жезден, Семетей келе тургандыр. Мунун несин айтасың, Көсө куйрук көк даңкыт. Көчөнүн ичин жойлосо, Көргөн иттер кыңшыса, Күлгөнү кыздын үнүдөй, Гүлчоро келе тургандыр. Анын несин айтасың, Кара чаар кабылаң, Калаанын ичин жойлосо, Карс этип иттер каппаса, Кандуу кылыч жалдуу шер, Канчоро келе тургандыр, Ажыдаар ак жылан, Асман менен тең болсо, Аргымак шамал жел болсо, Анын баарын сен көрсөң, Келе турган эр жездем. Ажыдаардан кем беле, Толтой менен Чынкожо, Жүгүнтпөй турган эр беле? Кара чаар сур жылан, Карданып келгенде, Кара тоо менен тең болсо, Какшаган шамал жел болсо, Калаадагы биздин эл, Карап туруп дал болсо, Семетей жездем булардан, Кайсы убакта кем эле. Беттешкен жоого жездекем, Жыландан сүрү кем беле. Канкордун уулу хан жездем, Мен уккамын карыдан, Эрди түйрүк кең курсак, Ногойлордун баарынан. Темир хандын шаарынан, Тентип барып келгели. Тентек чыкты деп уктум, Темир кийген душманын, Жеңип чыкты деп уктум, Келе турган хан жездем. Жолун тосуп баралы, Азык-түлүк алалы. Астынан тосуп калалы, Келе турган жолуна, Кең Үргөнчтүн бойуна, Дайар болуп калалы. Калыймандан кеп келди, Кара бет Чүрөк баш болуп. Катын-кызга эп келди, Ак чатырын бүктөшүп, Ак дөнөнгө жүктөшүп, Көк чатырын бүктөшүп, Көк дөнөнгө жүктөшүп, Кол чатырды колго алып, Коногуна жорго алып, Түштүгүнө бээ алып. Түндүгүнө кара бет, Сүт бото тайлак төө алып, Калаадан арак алдырып, Каркытган көөкөрүн, Жибектен боосун чалдырып, Кол куржунга салдырып, Кагаз-кагаз чай алып, Капакка салып бал алып, Каймакка бышкан нан алып, Сары мейиз кишмиштин, Сабактарын тердирип, Шекер-шербет кыйын аш, Дайындатып бердирип. Чаначка кымыз алдырып, Күчүү жанып калат деп, Күч ала туурап салдырып, Ак кыйанын ойуна, Чоң Үркөнүчтүн бойуна, Манастын улуу чунактын, Келе турган жолуна, Өлөң айтып жеңишип, Селкинчегин тебишип, Чатыраш ойноп даң салып, Чай кайнатып бал салып, Казыга кошуп жал салып. Отуз келин, отуз кыз, Ортосунда Айчүрөк. Шаардан чыкты бөлүнүп, Жаркыны күндөй көрүнүп. Канкордун уулу келет деп, Чатырды тигип белендеп. Чалкалаган кара бет, Кең Үркөнүчтүн бойунда. Жата турсун ойунда, Муну мындай койуңуз, Белесте калган канкордон, Кайтып кабар угуңуз. Таң агарып көрүнүп, Тараза жылдыз бөлүнүп, Талаада шамал аркырап. Асмандагы жылдыздар, Кыбыла көздөй бир карап. Камыштын башы шуудурап, Кара каш торгой чулдурап. Теректин башы дыбырап, Жандын баары кыбырап. Капчыгайы коолдоп, Карагайы шуулдап. Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда. Манастын уулу эр Семең, Дарс окуган эр Семей, Чукуранып ойгонуп, Оң жагына толгонуп. Жанындагы эки кул, Кошо турду ойгонуп. Дааратка суусун дайарлап, Аптаваны колго алып. Артык төрө көк жалың, Ак жыландай толгонуп, Колун сууга салды эми, Кол дааратын алды эми. Бутун сууга салды эми, Бут дааратын алды эми. Мекеден келген беш ажы, Белек берген жай намаз, Кең талаага жаздырып, Жай намаз бетин ачтырып. Экөө сүнөт, экөө парз, Эгем таала пендеден, Өтпөй турган кыйын карыз, Төрт ирекет багымдат, Төптөп окуп алды эми, Мекеден келген ак теспе, Седептен кылган чоң тесме, Жанынан сууруп алды эми. Бармак менен кыдырып, Сөөмөй менен сыдырып. Мелтиреп тартып олтуруп, Оозуна ыйман толтуруп. «Куп-у-валла-ад» Куранды. Куп жасаган ыймандын, «Табаретти» жат айтып, «Йаасын» деген сүрөөнү. Таң калгандай бат айтып, Дуруту нийет кааданы. Ага кошуп бирге айтып, Арбагы азыр Таласка. Оомийин деп кол жайды, Атасы өткөн Манаска. Отуз үч миң асааба, Мурунку өткөн көп жарга, Төрт чарыйар пайгамбар, О дүйнө кеткен көп жандар, Арбагына алардын. Бата кылып алды эми, Теспени жанга салды эми. Кермеден атты алдырып, Керүү жерге чалдырып. Аркандан атты алдырды, Адырлуу жерге чалдырды. Кара суудан каптырып, Кара шибер тулаңга. Кайсаңдата чалдырып, Кылычты кыйа байланып, Сырнайзаны тайанып, Илбирстей басып айарлап. Чоролор калды чатырда, Аш тамакты дайардап. Көрөмүн деп элести, Көкжал Семей баатырың, Бет алып басты белести. Чыгып барды чунагың. Көк кайкынын башына, Көчүгүн койуп олтурду, Көмүркөйдөй ташына. Үркөнүчтү туура карады, Үйдөн чыккан күндөрүн, Эсеп кылып санады. Кең Үркөнүч туман болуптур, Тунарыктап алыптыр. Кып-кызыл болуп боз түшүп, Мунарыктап алыптыр. Топурак учуп тосоңдоп, Күн көрүнбөй калыптыр. Ала карга сагызган, Айланганы билинбейт. Каран калган Үркөнүчтү, Караса көзгө илинбейт. Тополоң уйуп тос түшүп, Топурак уйуп боз түшүп. Мунарыктап алыптыр, Мына ушинтип калыптыр. Жомок айтам эрмекке, Дүрбү салды көрмөккө. Эрчиткени эки кул, Эрлик төрөң кылмакка. Эки чоро ээрчитип, Тел козудай телчитип. Чунактын дүрбү салганы, Оолжуп карап калганы, Дүрбүнүн жайын менден ук, Менден уксаң бейлеп ук, Атасы Манас өлгөндө, Каныкей азап көргөндө. Абыке, Көбөш эки арам, Манастан калган дүйнөнү, Камчыга ченеп бөлгөндө. Береним энем Каныкей, Белдемчинин бүгүшкө, Бекем катып капшырган. Берени Семейтеге тапшырган, Мекеден келген беш ажы. Белек берген чоң дүрбү, Бедерлүү алтын ак дүрбү. Жоого барса салсын деп, Жоонун ченин алсын деп. Казатка барса салсын деп, Капырдын ченин алсын деп. Ичи өрттөй кызарган, Тартып койсо чоң дүрбү. Кулач карыш узарган, Айнектин оозу кирдейт деп, Алыскы жерге жүрбөйт деп, Ак кадеге орогон. Алыскы жоого жорогон, Атын уккан душмандар. Айдыңын угуп кологон, Тегерегин тегиздеп. Кылган экен кооздоп, Жакут менен учтатып. Кобул салып чаптырган, Алтын менен күмүштү. Аркы терки кактырган, Адам сат пендеси. Абайлап туруп жактырган, Алтын ооз чоң дүрбү. Алты бурап жеткирген, Жеткиргенде буроосун. Алты күндүк жерлерди, Алты аркан бойу келтирген. Жезден ооз чоң дүрбү, Жети бурап жеткирген. Жети күндүк жерлерди, Жети аркан бойу келтирген. Кере кулач кез бойу, Кетмек ооз чоң дүрбү. Алтын ооз дүрбүнү, Айта берсе түгөнгүс, Асыл таштан орноткон, Айнеги сынып калат деп. Алтын менен чордоткон, Бой тумар ча кабы бар. Болоттон кылган сабы бар, Болжолу жок чоң дүрбү. Кармай кылып сабынан, Сууруп алып кабынан, Кармап алып колуна, Кынабына толтуруп, Кыңкайа тартып олтуруп, Оңдоп кармап имерип, Ополду көздөй жиберип, Тегеретип имерип, Деңизди көздөй жиберип, Кара көзгө салды эми. Канкордун улуу чунагың, Кайкалап карап калды эми. Карараган шаар калың бак, Кароологон алма шак. Түнөргөн шаар түмөн бак, Түмпүйүп жаткан алма шак, Карарып турган калаадан, Бер жагында талаадан. Бер жакка чыкты бир топ жан, Жаш Семетей чунагың, Тааный албай болду таң, Андан бери караса. Аккыйанын жонунда, Алмалуунун ойунда. Аккан суунун бойунда, Агарып чатыр көрүнөт. Асманда түтүн бөлүнөт, Ак абай ат пуштап, Айалдын аты көрүнөт. Кызыл-тазыл куш баш ээр, Кыздын аты көрүнөт. Кыз экенин билди эле, Кымтыйа түшүп күлдү эле. Гүлчоро менен Канчоро, Күлгөнүн байкап турду эле, Гүлчоросу кеп айтат, Кеп айтканда муну айтат: — Азап таркан немедей, Арсаң этип күлбөгөн. Күлгөнүн адам билбеген, Күйүт тарткан немедей. Күлүмсүрүп күлбөгөн, Күлгөнүн бенде көрбөгөн. Эмнени көрдү деп, Не себептен күлдү, — деп. Жүр төрөмө баралы, Кебин сурап алалы. Угуп сөзгө каналы. Эки чоро жүгүрүп, Жаны калбай сүйүнүп, Жаш баладай күйүгүп. Өөдө карап бышылдап, Жетти жакын кышылдап. Гүлчоро кайдан айанды, Абакеси Семейдин, Оң ийнин басып тайанды, Гүлчоросу кеп айтат: — Айланайын абаке, Күйүт тарткан немедей. Сен күлүмсүрөп күлбөгөн, Күлгөнүң бенде көрбөгөн. Эмне үчүн күлдүң деп, Эминени көрдүң деп, Не көрүнөт көзүңө, Кулак салчы сөзүмө, Эмне көрдүң абаке, Батыраак айтчы өзүмө. Ошондой айтып калганда. Буу дүнүйө жалганда, Көрбөгөн жан арманда, Абасы туруп кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Кештелүү калпак кең чалбар, Кеңешим айтам жаш балдар. Саймалуу калпак кең шалбар, Санаамды айтам жаш балдар. Саган айтам сыр деди. Маңдайдагы тетиги, Карарып жаткан калың бак, Кароолонгон алма шак, Кадымтен хандын шаары окшойт, Түнөргөн шаар түмөн бак, Түмбүйүп жаткан алма шак. Түптүү хандын шаары окшойт, Карасам көзгө илинбейт. Ала карга сагызган, Айланганы билинбейт. Карараган шаар калаадан, Бер жагындан талаадан. Шаардан чыкты бир топ жан, Жаркын күндөй көрүнүп, Жаш Семетей абакең, Тааный албай болдум таң, Темир кийген жообу деп. Теңдешер киши бизби деп, Телегей кийген кызбы деп, Теңтуш Чүрөк узбу деп. Андан бери карасам, Аккан суунун бойунда, Агарып чатыр көрүнөт. Асманда түтүн бөлүнөт, Абайлап байкап карасам, Ак абайы ат Буштан, Айалдын аты көрүнөт. Кызыл-тазыл куш баш ээр, Кыздын аты көрүнөт. Кимиң барсаң аның бар, Бир кишилик алың бар. Ат-матыңа көз болуп, Бириң мында калыңар. Бириң чалгын чалыңар. Ылдам барып эрте кел, Ким экенин билип кел. Толтойдун колу болбосун, Жол тостуруп койбосун. Чынкожо колу болбосун, Чындап кудай урбасын. Душман болуп көрүнсө, Сундур найза тарпагын, Сумсайтып жоодон качпагын, Жоо бөрүсү чунактар, Манастан башка айтпагын. Канчоросу кеп айтат: — Канкорум аба деп айтат, Мен ат жанында калайын, Айгайлаган жоо болсо, Айанбай найза салайын. Кыңшылап айтар кебим жок, Кыз-келинге эбим жок. Шойкондуу оозум шок эле, Мындайга эбим жок эле. Кыз-келиндин ичинде, Чукугандай кеп тапкан, Гүлчоро байкуш эптүү эле. Гүлчоросу кеп айтат: — Чалгынды өзүм чалайын, Чалбай кантип калайын. Көрүнүп турган Үркөнүчкө, Көз ачканча барайын. Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн. Жумшадың абам ардактап, Алыскы жолго жөнөйүн. Абыкенин Актелки, Айагы мукур сээри бас, Аркасы жок ит эле. Агын катуу суу болсо, Агып өлүп жүрбөйүн. Ашуусу бийик тоо болсо, Учуп өлүп жүрбөйүн, Буурулду берчи минейин, Бул жолумду билейин, Буулумду берчи кийейин. Тостуруп койгон жоо болсо, Ылаачындай тийейин. Бербеймин деп айта албай, Баланын көөнүн кайтарбай, Бербесе көөнү калат деп, Жумшаса тиктеп алат деп, Буурулду берди мингин деп, Буулумду берди кийгин деп. Буурулду сурап мингенде, Буулумду сурап кийгенде, Топчулугу бир тогуз, Топчуланып алганда. Чороңдо арман калабы, Бул дүнүйө жалганда. Алдынкы кашы карк алтын, Кийинки кашы чылк күмүш, Эки каптал эн темир, Эптеп калган ак каңкы ээр, Тай буурулга чак каңкы ээр. Качкан элик жоо кулу, Тай буурулга токулду. Куйушканы куйма алтын, Куйуштуруп токуган. Олоңдору оймо алтын, Ойуштуруп токуган. Көмөлдүрүк баары алтын, Тумар часы сары алты. Күнгө келсе жалтылдап, Жагоолору сап алтын. Куйма таман үзөнгү, Теппей чуркап минди эле. Бура тартып калганда, Бул дүнүйө жалганда. Караган киши оңгундай, Кара саат баланы Карактап алса тунгундай, “Кагылайын карагым, Карагым мени карагын. Ат арытып мине элек, Ат кадырын биле элек. Тон тоздуруп кийе элек, Тон кадырын биле элек. Кыйгактуу найза ала элек, Кыйкырып жоого тийе элек. Жабдыктын жайын биле элек, Жалаңдап жоого тийе элек. — Атамдан калган ай балта, Анын жайын айтайын. Бурма темир сом балта, Буруп соккон ай балта. Жонуна темир кырдаган, Жомокчулар ырдаган. Тийген жери ырбаган, Алжайгандан мал жайган. Башка чапкан адамы, Жакында өөдө болбогон. Көк темирден сомдогон, Суугатына чыдабай. Көлдүн суусу соолуган, Көөрүгүнө чыдабай, Көп букалар сойулган. Көмүрүнө чыдабай, Көөнө токой жойулган. Чапканына чыдабай, Чандан уста кырылган. Ашаганда машаган, Төкөр уста Бөлөкбай, Жайы кышы дебестен, Жатып алып жасаган, Сыртына алтын жөгөргөн. Жолу күнү болгондо, Жоболоңду Ажыбай, Кокуйлап жүрүп өңөргөн. Муну ал деп колуна, Муну берди чунакка. Атамдан калган Сырнайза, Анын жайын айтайын. Уңгусу болот учу курч, Учуна салган кара курч. Чекеси болот теги курч, Жээгине салган кызыл курч. Учу ак болоттон сыйдасы, Сабы ак карагай куймасы, Көк болоттон сыйдасы, Көк карагай куймасы, Чиркейдин тумшугунан кураткан, Чочконун сийдигине сугарткан. Он эки түрлүү кырдаган, Отуз түрлүү сырдаган, Колдон тайма болот деп, Коло менен чырмаган. Кыштын күнү болгондо, Колу үшүп кетет деп, Кой макмал менен каптаган. Ташка сайса жанбаган, Талкан кылбай калбаган, Көгүчкөндүн канатын, Сыйрып алып эптеген. Жара желим токтотуп, Жибек менен чырмаган. Муну ал деп колуна, Муну берди чунакка. Атамдан калган Ачалбарс, Анын жайын айтайын, Бейиштен чыккан төрт кылыч, Азирети Аалыга. Зулпукарды колуна, Ал кармап жүргөн башында. Камкам менен Замзамды, Иштетиптир пайгамбар. Сулатма деген кылычын, Сактап койгон Манаска. Ай түбүндө Айкожо, Өмүрлүк өлбөй турууга, Бата берген пайгамбар. “Эр Манаска тапшыр”, деп Берген экен ушуга. Көөдөнгө урса баш жарган, Жыгачка урса таш жарган, Чапканын кеспей калбаган, Эки миздүү испийан, Эки жакка шилтесе, Эки жүздөн баш алган. Кынабына салганда, Жети карыш кыскарган. Кынынан суурганда, Кырк арышча узарган. Уруштуу күнү узарган, Учу өрттөй кызарган. Сабындагы сары алтын, Пайнектери баары алтын. Темиринен башкасы, Буруусу жок бүт алтын, Ортосу калың өткүр мис, Учу ыңгай мойну түз. Муну берди чунакка. — Атамдан калган Аккелте, Анын жайын айтайын. Абу Назыр Замандан, Мисирден калап алдырган. Ак Мустапа Мухаммед, Арстан эрге тийсин деп. Аманатка калтырган. Оозу орустун оруму, Түбү Кытайдын кызыл кырымы. Кароолу тажал, огу жал, Түтүнү менен түбү Испан. Бургулап ичин түздөгөн, Аткан огу жөн учпай, Ажалдуу жанды издеген. Чагараак ооз алма баш, Ыңгай туура ылгабас, Тушак чаксасы эн темир, Тийген жери бир сеңир, Кароолу адам башындай, Огу сайдын ташындай. Асынып жүрсөң ак келте, Айдалынын айнеги, Атып жүрсөк ак келте, Аманат жандын эрмеги. Муну ал деп колуна, Муну берди чунакка. — Атамдан калган булдурсун, Жапса кулак тундурсун. Анын жайын айтайын. Алты эркеч терисин, Сайлуу жерге кердирген. Какырлуу жерге чойдуруп, Жетимиштен өрдүргөн. Чокусуна чок койгон, Түшкүнүнүн учуна, Сомдоп карыш ок койгон. Алаканын бек кылган, Душманды көздөй кез эткен, Пил терисин каптаган, Кан ыргайга саптаган. Бүлдүргө такчуу жерине, Бургу салып көзөткөн. Абышканын көк торпок, Эки энеге тел торпок, Күдөр кылган ак кайыш, Чайан түйүп тактырган, Балбандар, алп жаткырган. Муну ал деп чунакка, Муну берди колуна. Тийген жери тилилүү, Кара саат баланын, Ортонуна илинүү. — Атамдан калган Ак олпок. Анын жайын айтайын. Була салып булаткан, Буудайык хандан сураткан, Алтын менен күмүштү, Аркы-терки сулаткан. Ичине темир чаптаган, Тышкы бети баары түк, Парбар тери каптаган. Келтенин огу кечпеген, Бараңдын огу батпаган. Жебенин огу өтпөгөн, Жээгине алтын кадаган. Акыректе чоң калта, Алты атаар огун сологон. Атасы башка көп душман, Айдыюын угуп кологон. Үстүндөгү Ак олпок, Аны чечип берди эле. — Астыюдагы Буурулдун, Абдан жайын айтайын. Кечээ баса элек тоону ашканда, Маңгыттын журтун чапканда. Маңгыттан барып жылкы алып, Бараңдын кыз, келинин ыйлатып. Калаасын бузуп кыйратып, Айдап калың олжо алып, Жылкыны айдап келгенде, Баштап келген ошону. Бөлтөк жүн келген кер байтал, Оттоп жүрүп талаадан, Ээрчитип келген Тайбуурул, Атасы тоонун тобурчак, Энеси чөлдүн музбурчак Канаттуу тулпар Буурул ат, Ойдо тууп кумда өскөн, Кулжа менен бирге өскөн, Тоодо туруп ойдо өскөн, Кулан менен бирге өскөн. Боор эти арадай, Кош туйагы чарадай, Азуулары болоттой, Чаткайагы колоттой. Кашка тиши кадоодой, Кызыл тили бүлөөдөй, Жал куйругу түбектей, Жарашыгын карасаң. Сымга тарткан күбөктөй, Жараганы кабыктай, Жалдын үстү жабыктай, Секиргени бүргөдөй, Семиргени сүмбөдөй. Кең соорусу келишкен, Кебездей болгон көкүлү, Көзүнө ченеп керткендей. Жанбашынын кошкону, Казан асса турандай. Караан калган Тайбуурул, Үркөнчтөн суусун бургандай. Сопол куйрук сом туйак, Сокмоктуу күлүк Тайбуурул. Аркар айак кул жасан, Бото борбуй кең соору, Булчуңу бука мойнундай. Буура көкүл орок баш, Бука мойун марал баш. Карды салык тайган төш, Өркөчү бийик сери пас, Өөдөгө салса чарчабас. Туйагында тура жок, Жүрөгүндө кара жок. Дулдул мойун Тайбуурул, Тууган бээнин дайны жок. Арка буту жез билек, Тутам шыйрак чаалыкпас. Аңга келсе аттагын, Алтымыш асый болгунча, Азуусун сөйкөп карыбас, Алты айга минсе арыбас. — Муну мин деп чунакка, Түшүп берди Буурулду. — Алты кат тердик бир желдик, Алты бүктөп капшырдым. Алты жол кысыр жол берген, А дүйнө кеткен атамдын, Арбагына тапшырдым. Жети кат тердик бир желдик, Жети бүктөп капшырдым. Жети жол Кызыр жол берген, Жетимиш пирге кол берген, Дегенин кудай оң көргөн, Акырет кеткен атамдын, Арбагына тапшырдым. Баргын чоро эрте кел, Мен кумар болдум Чүрөккө. Айбалта илгин билекке, Буурул аттан сен айрып, Буластаган абаңды, Темтеңдетип салбагын. Чегип бирөө сураса, Сырыңды айтып койбогун. Жаш Күлүстөн абаңды, Ажыратып Буурулдан, Календер кылып салбагын”. Абасы бата бергенде, Жөнөп кетти бөлүнүп, Чоң ополдой көрүнүп, Буурул менен балкылдап, Чарайнасы жаркылдап. Кара темир ооздук, Көмөкөйдө карсылдап. Бастырганда Тайбуурул, Ак көбүктөп суу чыгып, Таноосунан буу чыгып. Керүүлөй тартып жөнөдү, Колтугунан суу чыгып, Куйругунан чуу чыгып. Салып чыкты белеске, Эки жагын каранып. Койго тийчү бөрүдөй, Оозу мурдун жаланып. Жетти барып Гүлүстөн, Ак инектин белине, Саладай кайгы жеринен, Аша койуп кадуулап. Астындагы Буурулду, Абайы менен жабуулап. Ооздук чайнап, көз жайнап, Кологой тартып баш чайкап, Таноосунун түтүнү, Куйундай болуп бурулуп. Чаап бара жатканда, Жолдун чаңы уйулгуп, Жол билбеген жаш бала, Көрбөгөн жолун боз бала, Улуу жолдун тоомунан, Аккыйыанын ойунан. Эңкейип карап калды эми, Энтелеген чунагың. Эки көзүң салды эми. Айкын сала сары түз, Аңдап байкап алды эми. Ат жыгылар аңы жок, Бур этерге чаңы жок. Суур казган ийин жок, Буурусун чийген чийин жок, Кыйан жеген кемер жок, Жер казыгы теги жок. Гүлүстөн тууган чунактын, Чаппай турган жайы жок, Астындагы Буурулдун, Агып кетер майы жок. Азык кылар чайы жок, Карап турар алы жок. Карап көрсө чоронун, Кой деп айтар байы жок. Кырс этерге ташы жок, Улуу жолго кирди эми. “Байа абакем муну мактады. Жетелеп суудан сугарып, Канчоро байкуш таптады, Мактаганы чын болсо, Айанбай жоого тийейин. Күлүктүгү чын болсо, Беттешкенден чегинбей, Беттешип барып көрөйүн”. Ойуна чоро муну алып, Толгомо саптуу камчыны, Толгой кармап имерип, Тоодой болгон Буурулду, Томукка тартып жиберип, Тийген жери кан болуп, Чыргалай түшүп бүгүлүп. Томуктан аккан канына, Карга, кузгун тойунуп. Камчыны тартып алганда, Чыргалай түшүп оңолуп, Кабактын чаңы бөлүнүп, Борбуй эти сөгүлүп. Кабак ачып көргөнчө, Эч карааны көрүнбөй, Кара карга сагызган, Канчалык калды билинбей. Ачып көздү жумганча, Алыска кетти билинбей. Ала карга сагызган, Аркада калды көрүнбөй. Кулжадай көзүн кызартып, Кулач кез мойнун узартып. Кумай-кумай жер келсе, Кулачтап арыш узартып. Аркардай көзүн кызартып, Адыр-адыр жер келсе, Арымдап арыш узартып. Эликтей бутун сайылтып, Эңиширээк жер келсе, Эки этегин жайылтып. Балыктай оозун ачылтып, Баладай болгон ак көбүк, Омуроого чачылтып. Кундуздай жүнү жылтылдап, Кулжадай башы кылтылдап, Төрт айактан чыккан от, Чакмак таштай жылтылдап, Аткан таңдай суурулуп, Аркардай таңы көрүнүп, Урду десе таш эмес, Учту десе куш эмес. Урган таштай зыркырап, Учкан куштай дыркырап, Шалпылдаган касасы. Карчытына жабышып. Канаттуу менен жарышып, Кара саат баланын, Ээрге көтү жабышып, Учуп кетчү немедей, Учкан куш менен жарышып, Кара кайыш боз тизгин, Эки колдо карышып. Айагы менен тик түшүп, Казандай болгон кара таш, Төрт бөлүнүп жик түшүп, Казанбактай төрт туйак, Кара жерди казылтып, Кара темир ооздук, Көмөкөйгө басылтып. Жолдун чаңы казылтып, Аркадан туман жазылтып, Жолум үйдөй ак көбүк, Жол бойуна чачылтып. Көк кепич бутта чойкойуп, Асаба колдо койкойуп. Туулгасы башта жаркылдап, Боз кисе жанда шалкылдап. Атагы чыккан ак келте, Оң ийинде жаркылдап. Элирген чунак чоронун, Эки жагын караса, Эки көзү алаңдап, Ээн калган жер экен, Ээси коркуп алаңдап. Барган сайын күч алып, Буурул ат барат жалаңдап. Маңдайында багы бар, Айбанда болсо жаны бар. Кулагында шамы бар, Куйундан бүткөн жаны бар. Ушул кезде Гүлчоро, Он экинин өзүнө, Чыгаар-чыкпас жашы бар. Олжо кылса болгундай, Ушу жарак бакисин, Талап алса тунгундай, Кара саат баланы, Карактап алса болгундай. Доолбас жанда кыңгырап Айбалта белде шыңгырап. Буурул менен алкылдап, Теңгедей болгон кашкасы, Маңдайында жаркылдап. Алыстан көргөн Үркөнчкө, Жетип барды жакындап. Абамдын көргөн кызы кайда деп, Ээрдин-мурдун жаланып, Гүлүстөн тууган чунагың, Эки жагын каранып, Кирип келди чоң сууга, Кез болду дайра ушуга. Кечпей койбойт Гүлчоро, Кез келген соң тушуна. Муну мындай койуңуз, Кыздардан кабар алыңыз. Отуз келин, отуз кыз, Ортосунда Айчүрөк, Кыркы келин, кыркы кыз, Кымбат баасы Айчүрөк. Кыздардан алып бөлүнүп, Селкинчек куруп көрүнүп. Терекке басып барышып, Жип арканды салышып, Селкинчек тээп калышып. Теректин башын бурушуп, Аркы-терки турушуп. Талдын башын бурушуп, Маңдай-тескей турушуп, Акийнегин айтышып, Беттешип тамам кайтышып. Ойун салып ойнобой, Айчүрөктөн башкасы. Келе жаткан баланы, Ким экенин болжобой. Суудан кантип кечет деп, Алыстан келген жаш бала. Сүйлөшпөй кантип кетет деп, Кийимдерин чоң кийип, Алты түрлүү тон кийип. Калтырбай үйгө баарысын, Кабат-кабат мол кийип. Суусар, кундуз бөрктөрү Сымбаты сонун көрктөрү. Кол артканы Бурулкан, Жандап баскан Кашымжан, Туура басып ээрчитип, Тел козудай телчитип. Карап Чүрөк калды эми, Алмамбет улуу Гүлчоро, Арстан баатыр эр Чоро, Кайра тартпас өлүмдөн, Кайраты бар шер чоро. Сууга көзүн салды эми, Үркөнч деген суу болгон, Үстү көбүк буу болгон, Уккан жанга дуу болгон, Агыны катуу коо болгон. Аркы бетин карасаң, Ысыккөлдөй жылтылдап, Берки бетин карасаң, Кош дайрадай мелтиреп. Чымылдак тартып жез найдан, Чымыроонду кең найдын, Сурнай тартып жез найдан, Суу акпаган кең сайдан, Суулар агып кошулуп, Башынан мөңгү бузулуп. Бөйрөгүнөн туура суу, Бөйдө кирип кошулуп. Чыбрын түлкү жойлобой, Чындап кирген Үркөнчкө, Чылбыр салса бойлобой, Адырын түлкү жойлобой, Абадан кирген Үркөнчкө, Аркан салса бойлобой. Талдын башы коройуп, Жайнап кеткен Аралда, Аттай болгон балыктар, Өлүгү жатат торойуп. Токойдун баары кылкылдап, Суу толуп сайга былчылдап. Карап туруп чоронун, Кара бойу калчылдап. Жик түшүп түрлүү бөлүнүп, Жайнай түшүп көйкөлүп, Жаналгычтай көрүнүп, Күңгүрөнүп күүлөнүп, Күкүк болуп сүйлөнүп, Алда нече түрлөнүп, Ар буланып күүлөнүп, Адам болуп сүйлөнүп, Тоо жаңырып күүлөнүп. Торгойдон бетер сүйлөнүп, Чөйрөсү менен тал агып, Үстү менен сал агып, Жаш балаты карагай, Башы көтүн карабай Тамыры менен суурулуп, Жарга келип урунуп. Жардын боору туурулуп, Үйдөй болгон боз чалма, Сууга түшүп журулуп. Ошону Чоро көргөндө, Заманасы курулуп, Агыны катуу шар агып, Ар жыгачтын баары агып, Арча менен тал агып, Ак көбүктөп кар агып. Бөлүнүп аккан жерлери, Бута атым жерге жар болуп, Эшилип тийген жерлери, Эшик төрчө жар болуп. Барып тийген жерлери, Үч найза бойу жар болуп, Кечерге пенде зар болуп, Муну көргөн адамдын, Кең дүйнөсү тар болуп, Кечүү таппай зар болуп, Жалган айтып койбосом, Кесердин үстү кан болуп, Башынан мөңгү бузулуп, Кар эрип суулар сызылып. Бөйрөгүнөн туура суу, Буда келип кошулуп. Карагай, кайың тал агып, Ар жыгачтын баары агып. Түбү менен сал агып, Көп жыгачтын баарысы, Түрмөгү менен чөп агып. Үзүктөй болгон кара таш, Суу түбүндө калдырап, От күйгөндөй жалындап, Эңкейип жерин карасаң, Тундуруп кулак шарылдап. Маңдай жаккы адырга, Жаба койуп шыркырап. Жаман кирип алыптыр, Жар четине ак көбүк, Жара койуп салыптыр. Бурулуп тийген жеринде, Муз туруштук бере албай, Муңдуу киши жанына, Муну көрүп тура албай. Жайылып аккан жерлерге, Жар туруштук бере албай, Жашык адам жанына, Жакындап барып тура албай. Башына зарыл иш түшсө, Жанына бенде келе албай. Акчамалап ылайлап, Аңдыган киши кудайлап. Көбүктөнүп ылайлап, Көргөн киши кудайлап. Жардын боору ойулуп, Жармадай болуп койулуп. Тегеренип оң агып, Деңизден канча чоң агып. Имерилип оң агып, Иледен канча чоң агып, Агыны катуу күркүрөп, Адамдын бойу дүркүрөп. Кабарын уккан кербендер, Калаадан чыкпай тыйылып. Каттап бенде кечкисиз, Канатуу учуп жеткисиз. Абайлап байкап караса, Алакандай арал жок, Аркыраган чоң суунун, Киргенинде карал жок. Тегерете караса, Теңгедей болгон арал жок, Теңир урган бул суунун, Акканында карал жок, Өйүз-бүйүз кыдырып, Кечүү сураар киши жок. Семетей менен Канчоро, Гүлчоро менен иши жок. Ай караңгы түн көрсүн, Аркырап аккан чоң сууну, Мындан башка ким көрсүн. Айбалта алып ыктуусуп, Абакемдин жанында. Канчородон мыктуусуп, Мында келдим тыңдуусуп, Канчородон кырдуусуп, Суудан кантип өтөм — деп, Уйалбай кантип кетем — деп. “Бардыңбы десе” абама, Не деп жооп айтам — деп, Барбай койсом билер — деп, Пайгамбар аны колдогон, Байа берген батасы, Мага кайдан тийер — деп. Кечпей койсом билер — деп, Кесиретүү абамдын, Кечээ берген батасы, Мага кайдан тийер деп. Аны ойлонуп Гүлчоро, Өйүз жагын карады. Кызды көрүп түгөнгүр, Көзү оттой жайнады. Акундун кызы Айчүрөк, Акбоз бээни сойдуруп, Кашкардан келген чайдоосту, Каршы-терши койдуруп. Отуз келин, отуз кыз, Ортосунда Айчүрөк. Ойундун башы кызыл кыз, Ордодон чыккан узун кыз. Топтун башы Толгонай, Ойундун башы Ойсалкын. Хандын кызы Калыйман, Кайкалаган сулуудан, Кылайтып белги табылбайт, Беденде мүчө муунунан. Бектин кызы Бегимжан, Мелтиреген сулуудан. Мелжебей бенде өтөбү, Менменсинген ушундан. Көгүчкөндөй көрктүүдөн, Көк сүлөөсүн бөрктүүдөн, Атилес көйнөк Алымжан, Карабайдын Касиет, Кашка тууган кара бет. Ар жоругу көп кыздан, Башка тууган кара бет. Шоруктун кызы Акылай, Шоодураган капырай. Акылбектин Акбермет, Ажыкенин кыз Шербет. Кадыкенин Кашымжан, Ар кылганы бачым жан, Бу да уста Бурулча, Бурула баскан Калыйча. Ошолордун ичинде, Аштыкчынын кир мойун, Алды каткан Бирмойун. А дагы келип калыптыр, Сугатчынын Сугалак, Суудан балык кубалап, Бул дагы келип калыптыр. Сымбаттуу тууган Тынымкан, Сүлөөсүн бөрктүү Жүзүмкан, Көрктүү сулуу Урумкан, Мурунку көп сулуудан. Бир далай кыз аз болуп, Борумун байкап карасаң, Келгени келген каз болуп. Жар башында жарданып, Кантип кечет экен деп, Жаш балага таңданып, Кайра тартат бекен деп, Карады кыздар шаңданып. Кайра тартып кете албай, Катын-кыздан арданып, Кылчайып артын карабай, Кылча жанын айабай, Кызды көргүн түгөнгүр, Кылчаңдап туруп ала албай, Кылт этип сууга кирди эми, Кайрылып артын карабай, Кара жанын айабай. Кайраттуу тууган Гүлчоро, Кабыландай эр Чоро, Калкып сууга кирди эми, Сууга кирди чуратып, Жардын башын уратып, Таш ургандай чулп этип, Кирген жерде жоголуп. Сүрдүгө түшүп оңолуп, Ооздукту буратып, Кирген жерде жок болду, Сүрдүгө түшүп токтолду. Көк болотун дат алган, Көсөм болгон сойулгур, Ак болоттон дат алган, Арам өлгүр сойулгур, Сүзүп барат ыргыштап, Суу үстүндө кыйкаштап. Кайыптан беле Тайбуурул, Суу түбүндө чөкпөгөн, Кайык беле Тайбуурул, Туура сүзүп ыргыган, Балык беле Тайбуурул, Муз келсе суудан чураган, Буудандыгын билгенде, Букардын ханы сураган. Акчасына чыдабай, Алты шаары Букардын, Алым салып жыйнаган, Акы бер деп кыйнаган. Аллага күчү жетпеген, Абакем минип алганда, Качан пенде эптеген. Суудан чыкты кылк этип, Алтын така күмүш мык, Төрт айакта жылт этип, Булгаары тердик, көн желдик, Бурчунан суусу шорголоп. Арам өлгөн Тайбуурул, Бута атып жерге жорголоп. Маңкаң-маңкаң бастырып, Жолдун четин каздырып. Жолум үйдөй ак көбүк, Жол үстүндө чачтырып. Суудан чыкты кылчылдап, Сары жаргак камдагай, Багалеги былчылдап. Жорголой басып бүрүштөп, Барган сайын жүрүштөп, Жасанган экен жинди кул, Бар сайманын күмүштөп. Караган киши оңгундай, Кара саат баланы, Карактап алса тунгундай. Астын карап ыкчамдап, Аркасын карап кылчаңдап. Кулагын типтик көтөрүп, Куйругун жерге чубалтып, Казандай соору көмөрүп, Карыскандай бели түйүлүп, Жал куйругу шүйүлүп, Кыз, келиндин барысы, Жалдырап жандан түңүлүп. Эшигине кыз чыкпай, Чатырына үйүлүп. Гүлчорону көргөндө, Кыздардын баары дүркүрөп. Чыдай албай бейбактар, Дамбалга сийип бүркүрөп, Сакчы койгон сары кыз, Кабарчы койгон кара кыз. Кайра чуркап калды эле. “Чакыр таштан бүлөөңбү? Же болбосо эжеке, Чакырып келген күйөөңбү? Айтса кептин изини, Акшумкардын артынан, Таластан келген кишиби? Атынын мойну алчактайт, Айбандан түркүн миниптир. Саадактын мойну чапчактай, Жыгачтын түркүн илиптир. Кызыл Буурул ат минген, Кыл-куйругун шарт түйгөн. Кыргоол жүндүү, кыз үндүү, Кызыл чырай нур жүздүү, Кызыл чийкил жаш бала, Кирип келди мынаке. Ишенбесең сен өзүң, Эшикке чыгып кара, эже. Акундун кызы кара бет, Келиндин баарын кекетип, Кыздын баарын бекитип, “Шыбыр-күбүр кылганың, Шыңкылдашып күлгөнүн, Мени шылдың кылганың. Эбиреген кара бет, Эбиребей ээгиң бас, Жабыраган кара бет, Жабырабай жаагың бас. Семейтей андай жан эмес, Жеңил жигит ал эмес, Жетип келчү бала эмес, Ал Семетей болгондо, Эжекең Чүрөк оңчу эмес” — Деп ушинтип Айчүрөк, Басып чыкты суйкайып. Көк сүлөөсүн, кундуз бөрк, Чекесинде кыйшайып, Аркасында Акылай, Атлес көйнөк шоодурап. Аркардай көзү жоодурап, Жез коомуздай шаңкылдап, Мас болгондой шалкылдап. Топтогон кыздын жанына, Гүлчоро жетти жакындап. — Чоочун бала экенсиң, Жолуң болсун чырагым. Кайдан келген баласың, Кызыл Буурул ат минген, Кыл куйругун шарт түйүп. Алыс жерден чыгыпсың, Тал бойуңду карасам, Солкулдаган чырпыксың. Куба жүлүн жаш бала, Кай калаага барасың, Кандай курган баласың, Ал-жайыңды айта кой, Арманда өлүп каласың, Аралап кирсең өлөсүң, Атайын кордук көрөсүң, Жогуңду айтып байан кыл, Кайсы жакта жүрөсүң, Адеби жок жаш бала, Хандын кызы жаныңда, Кыткылыктап күлөсүң. Акундун кызы Айчүрөк, Бар ачуусу тишинде, Кежет бүркөп башында. Карегим жол жүрүпсүң, Ишиңди айт, Башчы болгон кишиңди айт. Акундун кызы Айчүрөк, Астынан адам өтпөгөн, Асили тирүү кетпеген, Ак жүзүн көргөн адамзат, Көрсөм деп кайра дегдеген. Калча чоро сандан көп, Кайсынысы болосуң, Энтелебей карагын, Бачымраак сүйлө, — деп, Акылай минтип айтканда, Атынын башын бурду эми, Мындай айтып турду эми: — Качкын десең качкынмын, Катын-кызга калганда, Кандуу кара карышкырмын. Хандан келген элчимин, Кайгуулдан келген ченчимин, Эмне десең ошомун, Кандуу кара жошомун. Өз көтүңдө кабар жок, Кайсы десең ошомун”. Тура калып токтолуп, Мелтиреген Бегимжан, Койнуна колун салды эле, Короздой болгон мойнуна, Колун арта калды эми. Ийик баштай ак эмчек, Имере кармап алды эми. Мына ушуну көргөндө, Акундун кызы Айчүрөк, Ардангандан өлбөдү, Өлүп жерге кирбеди, Өлбөй тирүү калбады. Аркар чачын булайтып, Ак тамагын кылайтып, Ачуусу келип ачылып, Айтканына ачынып. Алтын мейиз ширин сөз, Асталай айтып чачылып, “Кызды көрүп кылтылдап, Кыргыйек куштай шыпылдап, Адепсиз өскөн кутуруп, Кызды көрүп жутунуп, Койнуна колуң саласың, Кандай бейбаш баласың, Бул жоругуң койбосоң, Бир балаага каласың.. Атамдын аты Акун хан, Кароолчусу башында, Хандын кызы кашында. Жумарымбек болуп жашыңда, Өлүп кетпе чунагым. Жооптуу болуп башчыңча, Бөөдө өлүп каласың. Акылың кыска жаш бала, Азапка башың саласың. Эркин сүйлөп өзүң шок, Эрмек кылаар кишиң жок. Бейбаш сүйлөп өзүң шок, Бейпай кылаар кишиң жок. Кандай жүргөн баласың, Маныңды айтып байан кыл, Кайсы жакка барасың? Гүлчоро туруп кеп айтат, Как ушундай деп айтат, Кеп айтканда нени айтат, Жашырбай ачык деги айтат: — Кечээ балырлуу көлдүн башынан, Ала көлдүн кашынан, Жекендүү көлдүн сазынан, Акшумкарды качырып, Суроо салып келемин, Акшумкардын бир четин, Чүрөк сенден көрөмүн. Айчүрөк артык жеңесиң, Акшумкар жообун бересиң.. Анда Чүрөк кеп айтат, Адепсиз бала деп айтат: — Шумкар деген эмине, Жеңе деген эмине. Сөзүңдү айткын тим эле, Жолоочу болсоң жол мына, Базарчы болсоң мал мына, Базар болсоң үй мына, Байланган бейбак мен мына. Сенин өзүң ким эле, Мен сөз сураймын тим эле. Түп атаңды түрүп айт, Түп атасын билбеген, Түпсүз кулдар болуучу. Теги атаңды терип айт, Тегин анын ачып айт. Теги, атасын билбеген, Тексиз кулдар болуучу. Тегиң байкап билейин, Чоң атаңдын өзүн айт. Как эле кара көзүн айт, Элиңдеги жакшыны, Атам деп атын сатпай айт, Атаң тектүү эр болсо, Жашырып айтып не пайда. Ат сурамак сымбаттан, Эр сурамак келбеттен, Сөз сурамак өрмөттөн. Көп эле койуп ортого, Күйгүлтүк Чүрөк таштады. Гүлүстөн тууган Гүлчоро, Айтып кебин таштады. Тамашаны таштады: — Жеңе, көрбөгөнсүп кеп айтпа, Кантер экен деп айтпа, Кечээ кең Таластын бойунан, Алакөлдүн ойунан, Акбула болуп бурулуп. Аккуу болуп кубулуп, Акчабак болуп кылтылдап, Кара сууда жылтылдап, Үч көрүнүп көзүмө, Сыр көрүндүң өзүмө. Акшумкар салган кол ошо, Аттанып чыгып артыңдан. Алып кеткен шумкарды, Издеп келген жол ошо. Тегимди тергеп сөз сурап, Мени тексиз киши дедиңби, Тегимден кайгы жедиңби. Калкымдан казып кеп сурап. Мени калксыз киши дедиңби, Калкымдан кайгы жедиңби. Жерибиз Кеңкол чоң Талас, Калкыбыз ногой зор Манас. Чоң атабыз Бөйөнкан, Бөйөнкандан Чайанкан, Чайанкандан Каракан, Каракандан тараган. Кадырлуу тууган Орозду, Ороздунун он уулу, Улуу уулу Жакып хан, Кадырлуу Жакып баласы, Жайдары тууган эр Манас, Эр Манастын баласы, Жетим калып жетилген, Ак болотту кетилген, Эр Семетей баатырың. Мен Семетейдин иниси, Сен теңсинбес кара бет, Иниси эмей кимиси. Пайгамбар ак диним ак, Бейжинде калган алтын так, Мелтиреген тозоктон, Бойуңду азат кылам деп, Качып келген ушул чак. Бейжинде калган алтын так, Азизхандын Алмамбет, Алтын тажы чок белбоо, Азизхандын тукуму, Аныктап билгин ушуну, Абакем аламын деп аттанды, Айчүрөк сендей сулууну. Акшумкардын артынан, Айчүрөк сенин дартыңдан, Азык алган алты бээ, Кош жүктөгөн төрт жорго, Коштогонум он төрт ат, Аттанып чыктык үч бекзат, Арчатору бууданга, Айактап кебез байланып, Он төрт күлүк айдатып, Бүгүндөн калбай барам деп, Айчүрөк сени табам деп, Аттанып чыкты үйдөн шат, Душманга болсун күйүнчү, Жеңе сага сүйүнчү. Анда Чүрөк кеп айтат: — Апей көтөк не дейсиң,, Кан кускан бала деп айтат, Семетей теңи мен эмес, Менин теңим сен эмес. Аташкан күйөм Чынкожо, Семетейден кем эмес. Жетелөөгө төөм бар, Куда болуп аташкан, Чынкожо деген күйөөм бар. Алтындан соккон эрим бар, Аламын деп талашкан, Жедигердин байагы, Эр Толтой деген жээним бар. Эр Толтой сенден кем эмес, Тайэжеси Чүрөктү, Тарттырып ийчү неме эмес. Толтойдон кордук көрөсүң, Чынкожодон өлөсүң. Артыңда калың колуң жок, Айчүрөк алар жолуң жок. Ушул жерден кайтып кет, Семетей аттуу абаңа, Бул сөзүмдүн баарысын, Төкпөй-чачпай айтып кет”. Анда Чоро кеп айтат: — Акундун кызы Айчүрөк, Бул сөзүңдү ит уксун, Ит укпаса ким уксун? Толтой менен Чын кожо, Ак шумкар берсею салабы? Аташканы Чүрөктү, Тарттырып ийип абакем, Кур талаада калабы? Атканын жазбас мерген эр, Айтканы кабыл келген эр. Чапканы жанбас балбан эр, Далайга кыргын салган эр, Ак келте огун атканда, Ачуу үнү чыкканда, Кулагына батканда, Катуу айкырса абакем, Токточу Толтой алыбы? Шыгайдын улуу Чынкожо, Чыдай турган жаныбы? Уйалбайт ултан бетиби? Уруштурган күчүбү. Ушул кепти жеңеке, Абакем угуп калбасын, Калкыңа дүрбөөю салбасын. Акун хандын төрүнөн, Сени ач билектен албасын. Астымдагы Буурулга, Кыр аркага салбасын. Эрке жеңем Чачыкей, Ашканага киргизип, Ашканачы кылбасын”. Гүлчоро муну айтканда, “Кызыл тумшук куу тумшук, Кандай курган бала” деп, Кылган иши чала деп, Катын кыздын баарысы, Каткырып күлүп калды эми. Муну мындай койуптур, Белестеги төрөнүн, Мелжемдүү кебин угуп тур. Өзүң көргөн чоң дүрбү, Чагарагын имерип, Ченеп көзгө жиберип, Оңдоп кармап имерип. Ополду көздөй жиберип; Оң көзүнө салды эми. Оолжуп карап калды эми, Арстан тууган Гүлчоро, Дайраны кечип барганын, Катын кыздын ичине, Аралап Чоро калганын, Бектин кызы Бегимжан, Койнуна колун салганын, Короздой болгон мойнуна, Колун артып калганын, Көрүп калды канкоруң. Ичи ачышып бакырып, Саап бууданга така уруп, Канчоролоп чакырып, Ашыккандай кеп айтып, Аттарды току деп айтып. “Акжолтой тууган Гүлчоро, Айчүрөк таап алганбы? Айчүрөк Чоро биригип, Абасын тосуп калганбы? Урушпай жолго салалы, Чынкожо менен Толтойду. Мурун алып катынды, Уйат кылып салалы. Акшумкар качса колумдан, Айчүрөк чыкса жолумдан, Алдырып ийсем Толтойго, Чором маңдайга бүткөн шорумда. Жүрү чором баралы, Ордодон чыккан кыз менен, Ойноп кумар каналы. Акундун кызы Чүрөктү, Сүйсө кудай, алалы”. Минтип айтып Семетей, Абыкенин Актелги, Алып келип токутуп, Алыстан жүрүп канкоруң, Чынкожону коркутуп. Он төрт атты жайылтып, Канчорого айдатып, Асаба колдо калкылдап, Мылтыгы жондо жаркылдап. Маңдай жагын карасаң, Алтындай көкүл башыңда, Асманды көздөй кылкылдап, Баатырың жүрдү буластап, Адегиче болбоду, Өзү көргөн Үркөнчкө, Канкоруң менен Канчоро, Жетип келди жакындап. Сууну келип караса, Жар түбүн тулку жойлобой, Кечемин деген адамзат, Өлүмдөн башка ойлобой. Адырын түлкү жойлобой, Аркан салса бойлобой. Дайраны көргөн адамзат, Акпаймын деп ойлобой, Сурнай тартып жез найдан, Суу акпаган кең сайдан. Суулар келип кошулуп, Башынан мөңгү бузулуп. Айагынан сары суу, Агып келип кошулуп, Агыны катуу күркүрөп, Адамдын бойу дүркүрөп. Жүрөгү жок адамдар, Дамбалга сийип бүркүрөп. Четтери аппак кар болуп, Тийген жери жар болуп, Кечүү таппай зар болуп, Муну көргөн адамдын, Кең дүйнөсү тар болуп, Бара түшүп бурулуп, Жайнай түшүп түйүлүп, Агын менен толкундан, Чаң чыккандай көрүнүп, Жаткан уйдай балыктар, Суу үстүндө көрүнүп. Көрүп турган пенденин, Көзүнүн жашы төгүлүп, Жаткан экен чоң Үркөнч, Жалаңкычтай көрүнүп. Ушу сууну көргөндө, Чубактын улуу Канчоро, Келгенине өкүнүп. Бастыра албай сандалып, Абакелеп жалбарып, Бүгүн мында жаталы, Кечүүнү мыктап чалалы, Кечүүдөн кабар алалы. Акундун кызы Чүрөккө, Эртең кечип баралы, Же болбосо абаке, Кийимдин баарын чечели, Ат жайдактап кечели, Агыны катуу чоң дайра, Агызбай койбойт акыры. Канчоро аны айтканда, Абасы туруп кеп айтат: — Суу болгон кийим коргоочу, Суудан коркуп туруучу, Жаш бала кечкен дайрадан, Кечпеймин деп качканың, Акылыңдан шашканың. Атанын арман күн болду, Ай караңгы түн болду, Аллага салып ишиңди, Тобокел кылып жүрө бер, Ажал жетип күн бүтсө, Киргизбей койбойт кара жер. Маңдай жакта жутунуп, Гүлчоро карап турбайбы, Дайрадан коркуп кечпесем, Абаңды кудай урбайбы. Акундун кызы Айчурөк, Кара бет шылдың кылбайбы. Чүрөккө шылдың болгончо, Суу түбүнө чөгөйүн, Ой тумшугу жок Канчоро, Бул көрөктүү өлөйүн. Ажалың жетип күн бүтсө, Алла–талаа көрөт деп, Аманатын берейин. Азелде тагдыр ушу болсо, Аллам өзү жар болсо, Акундун кызы Чүрөктүн, Айнектей жүзүн көрөйүн. Жаратканга жалынып, Жалгай көр кудай деп айтып, Шаймерденим колдо деп, Жарыйалап бек айтып. Аттардын баарын сабады, Агын сууга камады. Кайра тартып качпады, Бакай хандын Сур чолук, Эркештей болуп баштады, Суудан коркуп Канчоро, Жүрөгү чыгаар жаздады. Манастын уулу эр Семең, Сууга кирди чуратып, Жардын башын уратып, Кирген жерде жоголуп, Сүрдүгө түшүп оңолуп, Багалеги малынып, Баабединге жалынып, Этек-жеңи малынып, Эшендерге жалынып. Колдо кудай, колдо деп, Кол бергеним жөндө деп, Атакем Манас оңдо деп, Ооп бара жатканда, Актелки сууга батканда, Алла кирип оозуна, Кожо кирип сөзүнө, Качан тобо кылчу эле, Кожону көрсө урчу эле, Ойлонуп тобо кылчу эмес, Олуйа көрсө урчу эмес, Жакып ханды жалмаган, Абыкени аймаган, Көбөштү көргө киргизген, Көк жалдыгын билгизген. Колдоочусу эрчиген, Төрө Манас тукуму, Барган сайын өрчүгөн. Өткүр Манас тукуму, Ак болоттун укулу, Арак менен бозону, Аралата ашаган. Жыйырма беште жашаган, Мындан мурун чунагың, Алыскы сапар жүрө элек, Сап бууданга мине элек, Агыны катуу дайрага, Жан айабай кире элек. Дубана келсе бурбаган, Туруп салам кылбаган, Кожону көрсө коппогон, Коп салам кылбаган, Кожо келсе сай салган. Колу бутун байлаган. Дубана, кожо көргөндө, Карсылдатып айдаган. Олуйа көрсө уруучу, Омсойуп карап туруучу, Дубана келсе уруучу, Кашкайып карап туруучу, Кара мүртөз түгөнгүр, Качан тобо кылуучу. Тобо чыгып оозунан, Жалын чыгып көзүнөн. Күлгүн санап күүлөнүп. Гүлчорого сүйлөнүп, Буурулду самап булкуйуп, Мууздап кулду салам деп. Гүлчорого булкунуп, Кечүү чалып келбейт деп, Өзү келген Чүрөктү, Келди деп жообун бербейт деп. Кечип чыксам дайрадан, Кекилектей мойнуңду, Кедери толгоп албасам. Кеткис майып кылбасам, Көмүлбөй чыксам дайрадан, Көгүчкөндөй мойнуңду, Көтүңө толгоп албасам, Көрүнө майып кылбасам, Семетей атым курусун. Алдымда Буурул атым жок, Алладан башка дартым жок, Абайлабай өткөрдүм, Атаңдын көрү дүүйө бок. Айдаганым он төрт ат, Бир Буурулча болгон жок, Алдымдагы Канчоро, Гүлчорочо болгон жок. Деп Манастын уулу эр Семең, Бала жолборс эр немең, Арманын айтып турду эле, Сууну пири Илийас, Чылбырынан алды эле. Суудан сүйрөп калды эле, Өйүзгө кыздын баарысы, Жар башында жалдырап, Чач мончогу шалдырап, Айчүрөктөн кеп сурап, Айта койчу деп сурап: — Семетей деген ушул бу? Сен алып келген Акшумкар, Как ушунун кушу бу, Чын Кожо деген кеп экен? Жездем баатыр бек экен, Жетик тууган неме экен, Жеткилең баатыр эр экен, Ушул жерде турганда, Акылдуу эжем Айчүрөк, Сенин тийбеймин дээриң эпекен. Кыздын баары күлүшүп, Семетейди көрүшүп. Кызыгышып бейбактар Ыштанына сийишип. Айлыбыз бирге болсо деп, Манастын уулу Семетей. Алган жерим болсо деп, Аз гана ойлоп күлсөк деп. Элибиз бирге жүрсөк деп, Эртели-кеч күлсөк деп. Кыздардын баары шаттанып, Семетейге таңданып, Кыздардын баары мелтиреп, Мас болгондой эндиреп. Эси оогондой делбиреп, Ошо кезде Канкоруң, Эки ийнин мүрүгө, Эки киши коңгудай, Эки бетин карасам, Эки даңгыт тойгундай. Толкуну көлдүн шарындай, Кеңдигин көрсөң Таластай, Келбетин көрсөң Манастай, Качырганы жолборстой. Кармаганы илбирстей, Ысыгы жайдын аптадай, Суугу сырттын шамалдай, Түрүн көрсөң канкоруң, Качырып чыккан камандай. Маңдайына карасаң, Кара кашка тынардай, Бүткөн бойун карасаң, Солкулдаган чынардай. Оң бүйрөгү солк этсе, Ойроттуу бузуп салгындай. Душмандын бели сынгандай, Туугандын көзү тынгандай, Катын кыздын баарысы, Бетине чыдап тура албай, Баатырдын уулу канкоруң, Суудан чыкты жарк этип. Ителги куштай барк этип, Күлүгүн санап күүлөнүп, Келбетин көрүп Семеңдин, Кыйын ачуу келгенин, Кыраан Чүрөк билди эми, Бекем ачуу келгенин, Беймак Чүрөк билди эми, Чатырга басып келди эми. Келиндин баарын кекетип, Кыздын баарын бекитип, Манастын уулу Семетей, Карарса кайра жанбаган, Качырганын койбогон, Канкор неме деди эле. Өз-жат дебей чуу салган, Анткор неме деди эле. Жаш кемирчек баласын, Бөөдө майып кылбасын, Жолго өзүм чыгам деп, Жооптуу өзүм кылам деп. Акундун кызы Айчүрөк, Астынан чыкты кашкайып, Алмадай бети таскайып. Суусар ичик кемчет бөрк, Оң чекеде кыйшайып, Ашкере сулуу Айчүрөк, Чыкты эшикке суйкайып, Ак кочкордой муңкайып, Аккулжадай даңкайып. Бүткөн бойдо өөнү жок, Сөөгү сонун залкайып, Келбети сонун пендеден, Жаралып жерге бир келди, Экинчи кайра келбеген, Астынан чыкты Семеңдин. Ал аңгыча болбоду, Арстан төрө жолборсу. Жетип келди жакындап, Күнгүрөнүп күүлөнүп, Гүлчорого сүйлөнүп: — Намысыңдан өлбөйсүң, Кайта кабар бербейсиң, Ардангаңдан өлбөйсүн, Айтып жооп бербейсиң. Жолдуу качан чаласың? Жооптуу качан аласың.? Жоболоңдуу баласың, Жолдо жүргөн кыз болсо, Солкулдап ойноп каласың. Теги жүрүп түгөнгүр, Абаңды бир балээге саласың., Кечүүнү качан чаласың? Кепти качан аласың? Кесирлүү чунак баласың, Бозуп жүргөн кыз болсо, Болкулдап ойноп каласың. Хан Акундун шаарына, Качан кабар саласың? Селкинчек тепкен кыз болсо, Селкилдеп ойноп каласың.. Сендей эсир бала жок, Сени кудай урат го. Ара жолдон ашканың, Акылдан бөлөк шашканың, Көтөрүп койгон үйүң жок, Көңүлдүү табар жериң жок. Хандан уккан кебиң жок, Кадырлап турган жайың жок. Кайнатып койгон чайың жок, Айылга койду сойдуруп, Бышырып турган кишиң жок. Белен кылган ишиң жок, Акун хандын долусу, Бизден кутулуп кетер иши жок. Жүрү чором кетели, Мында туруп нетели. Семетей муну айтканда, Анда Чүрөк кеп айтат: — Адаш мейман тура тур, Арыз айтамын уга тур, Атыңдын башын бура тур, Азыраак сабыр кыла тур, Жез ичинде коло жок, Семетей сенин бул жерде, Жеме кылаар кишиң жок. Алдыңдан тосоор ногой жок, Атаң Манас кабылан, Урумду чаап олжо алган, Ортосун бузуп жол салган, Орустан алым көп алган, Алдыңдан тосуп келгендей, Ай сайын алым бергендей, Оңкогой мурун чуңкур көз, Орустун калкы мында жок. Алты шаар Анжийан, Айак жагы Самаркан, Туурасы Ташкен, Наманган, Ортосу Кокон, Маргалаң, Анжийандын Сынчыбек, Айда алым бергендей, Анын журту мында жок. Аттанып чыгып алышкан, Бирин-бирин жабышкан, Күрөшкөндө чалышкан, Алдыңды тосуп келгендей, Кабарың угуп алыстан, Кыргыздын журту мында жок. Өлөңүн айтып жаңырган, Обонун кошуп жаңырткан, Таруусун таштай актаган, Катынын кыздай мактаган, Иленин суусун бойлогон, Кол кушуруп кой сойуп, Тоскундай казак мында жок. Лоп дайрасын жер деген, Сан карасын айдаган, Сасык айран, көк курут, Нойгуттун эли мында жок. Тартынбайбыз айтуудан, Кол астыңда киши жок. Бул жерде турган биздерге, Ачуу кылаар ишим жок. Жолго минген он төрт ат, Жолугаарың эр Толтой, Асынганың Аккелте, Атышаарың Чынкожо. Чүрөк муну айтканда, Семетей кайра тартарда, Кабылан тууган Гүлчоро, Кармай алып чылбырдан: — Айланайын абаке, Аташканың Айчүрөк, Астыңда турат мынаке. Кагылайын абаке, Каалаганың Айчүрөк, Кашыңда турат мынаке. Качырганың Акшумкар, Казатка минген көп тулпар, Издегениң Айчүрөк, Ишенгениң бир кудай, Асынганың Ак келте, Атышаарың Чынкожо. Аңсаганың Айчүрөк, Алдыңда туура чыккан соң, Кимге кабар салайын, Кимди издеп табайын. Качырган кушуң колуңда, Кастарлуу жеңем жолуңда. Акшумкар таптым салып кет, Айчүрөк таптым алып кет. Сулуулугу сымбаты, Арзан менен кымбаты, Чачыкейче болбосо, Көңүлүгө толбосо, Албаймын деп айтып кет. Каалаган күйөө алсын деп, Акун ханга айтып кет. Гүлчоро муну айтканда, Айтканың кудай оңдоду, Айтып кебин торгоду: — Жыргап жаткан жеримден, Жыргалдуу ногой элимден. Жылас Чүрөк козгойсуң, Козгогонго жараша, Кол куушуруп тоспойсуң. Ойноп жаткан жеримден, Ордолуу ногой элимден, Ойрон Чүрөк козгойсуң, Козгогонго жараша, Кол алып не тоспойсуң? Төрөңүз муну айтканда, Анда Чүрөк муну айтат: «Жолоочу киши жол менен, Чоочун киши сый менен, Адам уккус кепти айтып, Акундун кызы Айчүрөк, Аласа жарым деп айтып, Менин Толтой аттуу жээним бар, Чынкожо аттуу эрим бар, Сенин тийише турган эмнең бар? Манастын уулу чунагың, Чынкожо, Толтой дегенде, Чындап ачуу келди эми, Шыпылдап сүйлөй берди эми, Абдан ачуу келди эми, айкырып сүйлөй берди эми: «Акундун кызы Айчүрөк, Акшумкар берчи кетемин, Айчүрөк алып нетемин, Айчүрөк сени алганда, Кай мураска жетемин, Жолго казан аскан күң, Жолоочу жолун тоскон күң, Керүүгө казан аскан күң, Кербенчи жолун тоскон күң, Тиши буудай болгунча, Чачы куудай болгунча, Ак тасма камчы сыдырып, Эр издейсиң кыдырып, Саамайың куудай ак болгон, Акун хандын төрүндө, Көп отуруп дат болгон, Шумкарым берчи, кетемин, Сени алып нетемин, Не мураска жетемин! Анда Чүрөк муну айтат: — Кетмек түгүл кете кой, Кетмек түгүл Кеңколго, Бүгүндөн калбай жете кой! Кары десең кары де, Калы дебе Чүрөктү. Карыдан качсаң сен төрө, Мен Чынкожонун зайыбымын, Кант атаң Манас жашында, Бакай абам башында, Кең Кашкарды чапканда, Көп олжого батканда, Алтын тактын үстүндө, Акун хан атам жатканда, Касийетин көргөндө, Кашкардан алган олжону, Камчыга ченеп бөлгөндө, Алтымыш эки нар айдап, Ак куржунга зар алып, Алтымыш кызыл жоро айдап, Башына кебез байлатып, Сенин атаң хан Манас, Бел куда болгон жери бар; Ошондон бери келбедиң, Алдыңда турган Чүрөктүн, Карый турган эби бар! Хан атаң менен Акун хан, Кудалашкан кеби бар, А дүйнө кеткен атаңдын, Арбагын сыйлап жүргөнмүн, Менин Чынкожо, Толтой жээним бар, Кашыңдагы Чүрөктүн, Карый турган эби бар! Алты пирге кол берген, Алты жол Кызыр жол берген, Дегенин кудай оң көргөн, Кайнатам Манас баатырдын, Кадырын сыйлап күйгөнмүн; Жети пирге кол берген, Жети жол кызыр жол берген, А дүйнө кеткен атаңдын, Арбагын сыйлап жүргөнмүн, Хан атаң Манас өлгөндө, Каныкей азап көргөндө, Темирхандын шаарына, Тентип кетип сен калдың, Телмирип Чүрөк мен калдым; Тайатаңдын колуна Жашыңда кетип сен калдың, Жалдырап Чүрөк мен калдым! Кары деп айтып сындыруу, Мен бейбактын шорубу?! Карыганча саргарган, Айткан сөзгө байланган, Кара бет Чүрөк менденби? Же кайным деп издеп келбеген, Кадырлуу төрөм сенденби?! Жашыңда турдум жаш калып, Сен келбедиң мени издеп, Анан карап жата албай, Кыдырып учтум сени издеп. Чынкожо, Толтой — эки дөө, Ат чаптырып, тай сойуп, Ак никесин кыйат деп, Саа шашканымдан келгенмин, Жабылбас менин эмгегим, Оор сөзүңдү кой, төрөм, Акшумкарың ала кой, Азыр табы, сала кой, Аралашып беттешпей, Чынкожо менен Толтойдон, Абдан коркуп калыпсың, Кара күчкө сактанып, Карбаластап басканың — Акылыңдан шашканың, Сыргак жел менен сыдырып, Сыр дайраны кыдырып, Сени сынап келгенмин, Арстаным, айткын сырыңды, Сыр айтсам сөзүм чыным бу. Абадагы жол менен, Асталай учуп келгенмин, Сенин ажыкыздык ишиңди, Айлыңда туруп билгенмин. Сага тийип нетемин, Не мураска жетемин. Ажы кыздык сен кылсаң, Алуучу күйөөм Чынкожо, Азыр эми кетемин. Жедигердин Толтойу, Жер майышкан колу бар, Жети суу толгон эли бар, Толтой деген жээним бар, Кимге карап турамын. Кете берсең бул жерден, Менин кемип калаар кимим бар? Кезекти кудай жеткизсе, Келтирип кегип алдырар, Акшумкарың мынакей, Арстаным кетсең жолуң шар, Алдыңдагы Чүрөктүн, Айта турган арзым ал. Айтканымдын баары чын, Асмандап жүрүп кыдырдым, Тийериме эр таппай, Сени өзүм барып жактырдым, Айтарга кепке пас болдум, Атаңдын сыйлап арбагын, Чынкожо менен Толтойго, Өчүгүшкөн кас болдум. Укканда муну башында, Кара хандын шаарында, Качып жүрөт деп уктум, Каралуу энең Каныкей, Калдыр шымың көтүңө, Катып жүрөт деп уктум. Чыгарбайын айбыңды, Көрүп келдим кечээ мен, Бука мойун, дөң маңдай, Кыска мойун тулга баш, Эки айактуу кара баш, Мурун алган зайбыңды, Көрүп келдим кечээ мен, Эр Көкчө улуу Үмөтөй, Калмак менен Кытайдан, Кайнап чыккан эр экен, Кара кулак шер экен. Ошого тийбей жүргөнмүн, Канкор сени күйгөмүн, Сенин кебиң ошондой, Айтарыңды билгенмин. Хан Коңурбай чоң Калча, Алтын найлуу жез канжа, Туура тиштеп ошондо, Суудан жылкы сугарып, Субайын бөлүп чыгарып, Көөкөрчө кылган чоң күпсөр, Көт жагында шалп этип, Жуурканына жамынып, Бурканына жалынып. Жаткан иттей кашы бар, Жанказандай башы бар, Турган экен чоң Калча, Ошого тийбей жүргөнмүн. Канкор сени күйгөнмүн, Семетей сенин ошондо, Айтарыңды билгенмин. Асманда жүрүп алдырап, Жерди тиктеп жалдырап, Атаң Манас болбосо, Канкор сени ким билет? Айтып сөзүн тамамдап, Бура тартып басты эле, Гүлүстөн тууган Гүлчоро, Тили таттуу ширин аш, Айта турган сөзү так: — Койчу, аба, кебиңди, Катын менен урушуп, Талаадан кантип кайтасың? Кала берген жериңде, Калың кара ногойго, Кайсы жоопту айтасың? Бура тартып кылчайып, — — Урматтуу жеңе тура тур, Ишенген кишим сен болсоң, Издеген кишиң мен болсом. Кайраттуу жоого келгендей, Ээн таалада кантесиң? Семетей менен урушуп, Арбын сөздү айтасың. Көөнүң калган немедей, Булкунуп кайра тартасың. Өзүң күйгөн Манастын, Атагы чыккан Таластын, Абакебиз Бакай хан, Энекебиз Каныкей, Калың кара көп ногой, Жаныңда турган көп кызга, Урушуп кайтып кеттим деп, Кандай жооп айтасың? Муңайып Чүрөк муну айтат, Мундуу сөзүн чубалтат: — Түгөнүп калган канкоруң, Тууттан калдың — деп айтат, — Суук селкин кеп айтат, Мындай ыза болгунча, Кошулбай кордук көрөйүн. Бу жорукка көнгүнчө, Эл жатардын астында, Бир кишиге билгизбей, Жан кишиге туйгузбай, Ак эшиктүү коргонго, Хан атам салган ордого, Жатып кетсем болбойбу. Ителгидей кара көз, Ирмебестен жаш кетти, Гүлчоро мындай дегени: — Койчу жеңе кебиңди, Ак калпак кыргыз элимде, Акмакта мындай жок эле. Ачуусуна чыдабай, Абыкедей абасы, Айлантпай сойгон шок эле, Негизин айтсам түшүнгөн, Акылы кыйла ток эле. Ачууңду сурап турамын, Азыркы кечкин сен жеңе. Семетей калды жыгылып, Гүлүстөндүн кебине. Көргөзүп түптөн козгогон, Көндү Чүрөк кебине. Жараштырып ал экөөң, Жанындагы Гүлчоро, Жайлады сөзүн теги эле. Ногойдон чыккан он төрт ат, Айдаганы булардын, Дөнөн төөсү аралаш, Кыздардын камы ал эле, Жатаркы ашын ичкен соң, Жамандыктан кайтышып, Жакшылык сөзү бүткөн соң, Акундун салган коргонго, Ак эшиктин ордого, Арстандар кирип кетти эле. Жайлуу жерге жетишип, Сыр түйүнүн чечишип, Мурунку өткөн залдарлуу, Карынан булар кетишип. Анткор Семей, Айчүрөк, Ортодон кыйла сөз өтүп, Биринен бири шекшинип, Алыстан келген канкор деп, Арнаган малын сойдуруп, Чарчап келген суусап деп, Арактан мыктап куйдуруп, Кардыкканда кант берип, Капакка салып бал берип, Каймакка бышкан нан берип, Кандыра кара чай берип, Казы кертип, жал берип, Канча түрлүү аш берип, Алма шекер-бал берип, Бар тамагын жай берип. Конок камы бүткөн соң, Козголду Семең ойлонуп. Адими асыл Чүрөктүн, Сыйнатын көрдүм мен бүгүн, Ак нике кыйып алсам деп, Көңүлүмдө жүргөнүм, Билбедим мурун немемдин, Айтпай жүргөн шашырын, Деп Семетей айтканда, Айчүрөк туруп ойлонуп, Акылымда толгонуп, Кыз Чүрөк туруп ойлонуп, Кыйалында толгонуп, Жоготкон жогу шумкары, Жоого минген тулпары. Кырчылды кийген буулуму, Кыраан эрдин кулуну, Кыйналтып койдум ушуну, Түн уйкусун бөлүптүр, Күнү-түн жол басып, Жол азабын көрүптүр. “Найзанын көркү желектир, Катындын көркү эркектир”. Эркек менен катынга, Махабат оту керектир. Бейнике жатсам койнуна, Убалы болор мойнума. Кабар кылсам белем деп, Кожо менен молдого. Деп ошентип турганда, Гүлчоро күлүп кеп айтат, Күлүмсүрөп муну айтат: — Айланайын абаке, Алыстан келдиң бул жерге, Асынганың Аккелте. Аңсаганың Айчүрөк, Айбалта илдиң билеке. Кумар болдуң Чүрөккө, Айта албай турсаң керектир, Оту күйгөн Чүрөктүн, Көңүлү түшүп жаткандыр. Көк кашка сулуу Чүрөктүн, Кожо-молдо жолдо жок, Менден кыйын молдо жок, Жашырбаймын бар кепти, Жалтанбаймын оозум шок. Айчүрөк менен абакем, Ал экөөңдүн көөнү ток. Канчоро менен Гүлчоро, Кайгырып ичтен болот жок, Гүлчоро айтып ийди эле, Канчоро арбап күлдү эле. Акундун кызы Айчүрөк, Алардын дартын билди эле. Гүлчоро болду молдосу, Канчоро баатыр жолдошу. Күбөөчү нечени, Арачы болду чечени, Нике кыйып баш байлап, Эрди катын болуучу. Тамаша менен таң атып, Күндүн мурду ачыла, Жердин жүзү чачыла. Намазга турду камынып, Келди булар кезеги, Акундун кызы Айчурөк, Желбегей желек жамынып, Кызыл өңү бозоруп, Ант ичкенге окшонуп. Олжооркогон кара бет, Басалбай калган окшонуп, Аптабасын белендеп, Эр дааратын бүтүрүп, Намаздан жанды Семетей, Чайчылаары белендеп. Аш тамагын келтирди, Көөнүндө иштин камы жок, Сарамжалын бүтүрдү. Камдыгында даба жок, Хан баласы Чүрөктүн, Кылганында чала жок. Дасторкондо олтуруп, Даамды койуп ортого, Эже-сиңди кыздарга, Кеп баштады ошондо. Гүлчоро нике кыйды эле, Алтындан кылган тактыга, Кебезден кылган пахтага. Жуурканына жайдырган, Жибектен кылган тубарга, Калды бекен арманы. Кыз-күйөдөн аларда, Баатырдын уулу эр Семең, Бала жолборс эр немең, Арак ичип мас болгон, Көп ногойго баш болгон. Жыйырма беште жаш болгон, Салынып төшөк бүткөнчө, Араңдан–араң токтолгон. Алардын иши ушундай, Ырасын айтсак учурбай, Тартынбай чунак кенедей, Таамайлап шилтеп ченебей, Он эки карыш олжогой, Оозу түбүн байкабай. Салды Семең болжобой, Жашы кыркка чыкканча, Күйүп жүргөн Айчүрөк, Түк көрбөгөн кара бет. Түндүк бойу түйүлүп, Түпкүчтөй бели ийилип. Болжолу жок жапдыкты, БолжобойСемең кийирип. Чычалактай кара кан, Чычаңы ылдый куйулуп. Канкордун уулу чунагың, Таң атканча жүз кылып. Такалган жерин түз кылып. Кетирип тарпын күч кылып, Таамайлап урса токмокту, Талаада малды козголтту. Мойнуна колун салыптыр, Бутун белге алыптыр, Корк-тарк этип кеткенде, Короодо койлор жата албай, Үркүп кетип калыптыр. Түгөнгүрдүн түйшүгү, Эч бир жанга окшобой. Тарк-турк этип үн чыкса, Талаада жылкы оттобой, Тулпарлар жерди тепкилеп, Табышынан токтобой. Тамаша менен таң атты, Кызарып жерге күн чыкты,. — Ургачы кудай кылган соң, Эрге тийбей айла жок. Эркек бала болгон соң, Катын албай айла жок. Жашыңдан өтүп кеткенде, Катын эрде пайда жок. Ушундай күйөө табылса, Кыздар сенде арман жок. Айчүрөк эми кеп айтат, Балдарга жаккан эп айтат: Жалгыз көздүн карасы, Гүлчоро менен Канчоро, Алмамбет менен Чубактын, Эки хандын баласы. Жашы он төрттө балдардын, Берендигин карачы? Берендигин билгенде, Эрчитип жүргөн абасы, Катын алып үй тигип, Каралды коңшу болорго, Боло элек экен чамасы. Баш кошойун экөөнө, Басылсын булар санасы, Өлсөң кунуң алчу мен, Сатсам пулуң алчу мен. Жакшылык менен жамандык, Өз ойумча салчу мен, Гүлчоро менен Канчоро силерге, Калыйман менен Бегимжан. Эки кызды беремин. Кимиң улуу ким кичүү, Көрбөсөм кайдан мен билем, Хандын кызы Калыйман. Улуурагың аны ал, Бектин кызы Бегимжан Кичүүрөгүң бириң ал. Капаланбай ал кыздар, Кубанды белем курган жан. Кабагын ачпай муңайды, Аты чыкпай кур калган. Чүрөк менен төрөңдү, Тирүүдө бенде көрөбү? Төрө Семей баатырдын, Гүлчоро менен Канчоро, Аркасында жөлөгү. — Айланайын чоролор, Кагылайын караандар, Кыргыздан чыккан кыраандар. Кыла турган ишиң бар, Байкап балдар угуп ал. Күн-түнү жок өксүтпөй, Мөөнөт менен көз салып, Ак эшикке туруңар. Жеңеңер берген кыздарга, Бүгүн нике кыйыңар. Душманды жеңсе талкалап, Тойду ошондо кылыңар. Кыйнабайлы бул элди, Кылар иштин ыгы бар. Кайгуулдап жүрүп кыз алсаң, Кабылан балдар ойлончу, Кимиңде арман кир калар? Мындай айтты Семетей, Муну мындай таштайлы, Гүлчоро менен Толтойдун Беттешкенинен баштайлы. Чынкожо, Толтой баш кошуп, Элинде жыйын курганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.