Жезден ооз чоң дүрбү, Жети бурап жеткирген. Жети күндүк жерлерди, Жети аркан бойу келтирген. Кере кулач кез бойу, Кетмек ооз чоң дүрбү. Алтын ооз дүрбүнү, Айта берсе түгөнгүс, Асыл таштан орноткон, Айнеги сынып калат деп. Алтын менен чордоткон, Бой тумар ча кабы бар. Болоттон кылган сабы бар, Болжолу жок чоң дүрбү. Кармай кылып сабынан, Сууруп алып кабынан, Кармап алып колуна, Кынабына толтуруп, Кыңкайа тартып олтуруп, Оңдоп кармап имерип, Ополду көздөй жиберип, Тегеретип имерип, Деңизди көздөй жиберип, Кара көзгө салды эми. Канкордун улуу чунагың, Кайкалап карап калды эми. Карараган шаар калың бак, Кароологон алма шак. Түнөргөн шаар түмөн бак, Түмпүйүп жаткан алма шак, Карарып турган калаадан, Бер жагында талаадан. Бер жакка чыкты бир топ жан, Жаш Семетей чунагың, Тааный албай болду таң, Андан бери караса. Аккыйанын жонунда, Алмалуунун ойунда. Аккан суунун бойунда, Агарып чатыр көрүнөт. Асманда түтүн бөлүнөт, Ак абай ат пуштап, Айалдын аты көрүнөт. Кызыл-тазыл куш баш ээр, Кыздын аты көрүнөт. Кыз экенин билди эле, Кымтыйа түшүп күлдү эле. Гүлчоро менен Канчоро, Күлгөнүн байкап турду эле, Гүлчоросу кеп айтат, Кеп айтканда муну айтат: — Азап таркан немедей, Арсаң этип күлбөгөн. Күлгөнүн адам билбеген, Күйүт тарткан немедей. Күлүмсүрүп күлбөгөн, Күлгөнүн бенде көрбөгөн. Эмнени көрдү деп, Не себептен күлдү, — деп. Жүр төрөмө баралы, Кебин сурап алалы. Угуп сөзгө каналы. Эки чоро жүгүрүп, Жаны калбай сүйүнүп, Жаш баладай күйүгүп. Өөдө карап бышылдап, Жетти жакын кышылдап. Гүлчоро кайдан айанды, Абакеси Семейдин, Оң ийнин басып тайанды, Гүлчоросу кеп айтат: — Айланайын абаке, Күйүт тарткан немедей. Сен күлүмсүрөп күлбөгөн, Күлгөнүң бенде көрбөгөн. Эмне үчүн күлдүң деп, Эминени көрдүң деп, Не көрүнөт көзүңө, Кулак салчы сөзүмө, Эмне көрдүң абаке, Батыраак айтчы өзүмө. Ошондой айтып калганда. Буу дүнүйө жалганда, Көрбөгөн жан арманда, Абасы туруп кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Кештелүү калпак кең чалбар, Кеңешим айтам жаш балдар. Саймалуу калпак кең шалбар, Санаамды айтам жаш балдар. Саган айтам сыр деди. Маңдайдагы тетиги, Карарып жаткан калың бак, Кароолонгон алма шак, Кадымтен хандын шаары окшойт, Түнөргөн шаар түмөн бак, Түмбүйүп жаткан алма шак. Түптүү хандын шаары окшойт, Карасам көзгө илинбейт. Ала карга сагызган, Айланганы билинбейт. Карараган шаар калаадан, Бер жагындан талаадан. Шаардан чыкты бир топ жан, Жаркын күндөй көрүнүп, Жаш Семетей абакең, Тааный албай болдум таң, Темир кийген жообу деп. Теңдешер киши бизби деп, Телегей кийген кызбы деп, Теңтуш Чүрөк узбу деп. Андан бери карасам, Аккан суунун бойунда, Агарып чатыр көрүнөт. Асманда түтүн бөлүнөт, Абайлап байкап карасам, Ак абайы ат Буштан, Айалдын аты көрүнөт. Кызыл-тазыл куш баш ээр, Кыздын аты көрүнөт. Кимиң барсаң аның бар, Бир кишилик алың бар. Ат-матыңа көз болуп, Бириң мында калыңар. Бириң чалгын чалыңар. Ылдам барып эрте кел, Ким экенин билип кел. Толтойдун колу болбосун, Жол тостуруп койбосун. Чынкожо колу болбосун, Чындап кудай урбасын. Душман болуп көрүнсө, Сундур найза тарпагын, Сумсайтып жоодон качпагын, Жоо бөрүсү чунактар, Манастан башка айтпагын. Канчоросу кеп айтат: — Канкорум аба деп айтат, Мен ат жанында калайын, Айгайлаган жоо болсо, Айанбай найза салайын. Кыңшылап айтар кебим жок, Кыз-келинге эбим жок. Шойкондуу оозум шок эле, Мындайга эбим жок эле. Кыз-келиндин ичинде, Чукугандай кеп тапкан, Гүлчоро байкуш эптүү эле. Гүлчоросу кеп айтат: — Чалгынды өзүм чалайын, Чалбай кантип калайын. Көрүнүп турган Үркөнүчкө, Көз ачканча барайын. Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн. Жумшадың абам ардактап, Алыскы жолго жөнөйүн. Абыкенин Актелки, Айагы мукур сээри бас, Аркасы жок ит эле. Агын катуу суу болсо, Агып өлүп жүрбөйүн. Ашуусу бийик тоо болсо, Учуп өлүп жүрбөйүн, Буурулду берчи минейин, Бул жолумду билейин, Буулумду берчи кийейин. Тостуруп койгон жоо болсо, Ылаачындай тийейин. Бербеймин деп айта албай, Баланын көөнүн кайтарбай, Бербесе көөнү калат деп, Жумшаса тиктеп алат деп, Буурулду берди мингин деп, Буулумду берди кийгин деп. Буурулду сурап мингенде, Буулумду сурап кийгенде, Топчулугу бир тогуз, Топчуланып алганда. Чороңдо арман калабы, Бул дүнүйө жалганда. Алдынкы кашы карк алтын, Кийинки кашы чылк күмүш, Эки каптал эн темир, Эптеп калган ак каңкы ээр, Тай буурулга чак каңкы ээр. Качкан элик жоо кулу, Тай буурулга токулду. Куйушканы куйма алтын, Куйуштуруп токуган. Олоңдору оймо алтын, Ойуштуруп токуган. Көмөлдүрүк баары алтын, Тумар часы сары алты. Күнгө келсе жалтылдап, Жагоолору сап алтын. Куйма таман үзөнгү, Теппей чуркап минди эле. Бура тартып калганда, Бул дүнүйө жалганда. Караган киши оңгундай, Кара саат баланы Карактап алса тунгундай, “Кагылайын карагым, Карагым мени карагын. Ат арытып мине элек, Ат кадырын биле элек. Тон тоздуруп кийе элек, Тон кадырын биле элек. Кыйгактуу найза ала элек, Кыйкырып жоого тийе элек. Жабдыктын жайын биле элек, Жалаңдап жоого тийе элек. — Атамдан калган ай балта, Анын жайын айтайын. Бурма темир сом балта, Буруп соккон ай балта. Жонуна темир кырдаган, Жомокчулар ырдаган. Тийген жери ырбаган, Алжайгандан мал жайган. Башка чапкан адамы, Жакында өөдө болбогон. Көк темирден сомдогон, Суугатына чыдабай. Көлдүн суусу соолуган, Көөрүгүнө чыдабай, Көп букалар сойулган. Көмүрүнө чыдабай, Көөнө токой жойулган. Чапканына чыдабай, Чандан уста кырылган. Ашаганда машаган, Төкөр уста Бөлөкбай, Жайы кышы дебестен, Жатып алып жасаган, Сыртына алтын жөгөргөн. Жолу күнү болгондо, Жоболоңду Ажыбай, Кокуйлап жүрүп өңөргөн. Муну ал деп колуна, Муну берди чунакка. Атамдан калган Сырнайза, Анын жайын айтайын. Уңгусу болот учу курч, Учуна салган кара курч. Чекеси болот теги курч, Жээгине салган кызыл курч. Учу ак болоттон сыйдасы, Сабы ак карагай куймасы, Көк болоттон сыйдасы, Көк карагай куймасы, Чиркейдин тумшугунан кураткан, Чочконун сийдигине сугарткан. Он эки түрлүү кырдаган, Отуз түрлүү сырдаган, Колдон тайма болот деп, Коло менен чырмаган. Кыштын күнү болгондо, Колу үшүп кетет деп, Кой макмал менен каптаган. Ташка сайса жанбаган, Талкан кылбай калбаган, Көгүчкөндүн канатын, Сыйрып алып эптеген. Жара желим токтотуп, Жибек менен чырмаган. Муну ал деп колуна, Муну берди чунакка. Атамдан калган Ачалбарс, Анын жайын айтайын, Бейиштен чыккан төрт кылыч, Азирети Аалыга. Зулпукарды колуна, Ал кармап жүргөн башында. Камкам менен Замзамды, Иштетиптир пайгамбар. Сулатма деген кылычын, Сактап койгон Манаска. Ай түбүндө Айкожо, Өмүрлүк өлбөй турууга, Бата берген пайгамбар. “Эр Манаска тапшыр”, деп Берген экен ушуга. Көөдөнгө урса баш жарган, Жыгачка урса таш жарган, Чапканын кеспей калбаган, Эки миздүү испийан, Эки жакка шилтесе, Эки жүздөн баш алган. Кынабына салганда, Жети карыш кыскарган. Кынынан суурганда, Кырк арышча узарган. Уруштуу күнү узарган, Учу өрттөй кызарган. Сабындагы сары алтын, Пайнектери баары алтын. Темиринен башкасы, Буруусу жок бүт алтын, Ортосу калың өткүр мис, Учу ыңгай мойну түз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.