← Семетей 3/10

Кара тоо менен тең болду, Какшаган шамал жел болду. Калаадагы биздин эл, Карап туруп дал болду. Күндүн көзүн чүмкөдү, Күн көрсөтпөй бүркөдү. Кандуу суулар бүгүлдү, Калаадагы биздин эл, Кара жандан түңүлдү, Бул эмне болуучу? Бул түшүмдү жоруучу? Жедигердин Толтойу, Жер майышкан көп колдун, Жетимиш жорго ат алып, Жергелей тартып жүгүндү. Желек төшөп бүгүлдү, Катын-балам алсын деп. Кара жаным калсың деп, Жан соогалап жүгүндү. Амал кылып турушту, Алты күндөй урушту, Көктөн арбап түшүрдү, Душмандын ишин бүтүрдү. Бул эмне болуучу? Бул түшүмдү жоруучу? Минтип айтып калганда, Ошондо болбой арманда. Отуз келин, отуз кыз, Ойротто жок Калыйман. Кыркы келин, кыркы кыз, Кымбат баасы Калыйман. Эки колу боорунда, Эжеси Чүрөк жанында. Ийни салык мойну кез, Издеп тапкын кара көз. Жумуру жылан ак шак-шак, Кирсиз тиши бар аппак. Кош каркыра олоң чач, Орто бойлуу алма баш. Кырдуу мурун кара көз, Кызыл беттүү кыйгач каш. Эжеке Чүрөк деп айтып, Эптүүсүнүп кеп айтып. Апаке Чүрөк деп айтып, Аңкосунуп кеп айтып. — Мен жоруймун түшүңдү, Оңдосун кудай ишиңди. Кудай колго бериптир, Ашык болгон кишиңди. Байлантса буудан мамыга, Тартынбай жерди кемирсе, Байлоодо туруп семирсе, Булчуңу бука мойнундай, Буурул ат келе турганы. Мунун несин айтасың, Буудайык консо тууруңа, Булбул консо талыңа. Талпынбай күндү бүркөсө, Арка жүнү ак бедер, Акшумкар турат колуңда, Анын несин айтасың. Булбул өңдүү эр жезден, Семетей келе тургандыр. Мунун несин айтасың, Көсө куйрук көк даңкыт. Көчөнүн ичин жойлосо, Көргөн иттер кыңшыса, Күлгөнү кыздын үнүдөй, Гүлчоро келе тургандыр. Анын несин айтасың, Кара чаар кабылаң, Калаанын ичин жойлосо, Карс этип иттер каппаса, Кандуу кылыч жалдуу шер, Канчоро келе тургандыр, Ажыдаар ак жылан, Асман менен тең болсо, Аргымак шамал жел болсо, Анын баарын сен көрсөң, Келе турган эр жездем. Ажыдаардан кем беле, Толтой менен Чынкожо, Жүгүнтпөй турган эр беле? Кара чаар сур жылан, Карданып келгенде, Кара тоо менен тең болсо, Какшаган шамал жел болсо, Калаадагы биздин эл, Карап туруп дал болсо, Семетей жездем булардан, Кайсы убакта кем эле. Беттешкен жоого жездекем, Жыландан сүрү кем беле. Канкордун уулу хан жездем, Мен уккамын карыдан, Эрди түйрүк кең курсак, Ногойлордун баарынан. Темир хандын шаарынан, Тентип барып келгели. Тентек чыкты деп уктум, Темир кийген душманын, Жеңип чыкты деп уктум, Келе турган хан жездем. Жолун тосуп баралы, Азык-түлүк алалы. Астынан тосуп калалы, Келе турган жолуна, Кең Үргөнчтүн бойуна, Дайар болуп калалы. Калыймандан кеп келди, Кара бет Чүрөк баш болуп. Катын-кызга эп келди, Ак чатырын бүктөшүп, Ак дөнөнгө жүктөшүп, Көк чатырын бүктөшүп, Көк дөнөнгө жүктөшүп, Кол чатырды колго алып, Коногуна жорго алып, Түштүгүнө бээ алып. Түндүгүнө кара бет, Сүт бото тайлак төө алып, Калаадан арак алдырып, Каркытган көөкөрүн, Жибектен боосун чалдырып, Кол куржунга салдырып, Кагаз-кагаз чай алып, Капакка салып бал алып, Каймакка бышкан нан алып, Сары мейиз кишмиштин, Сабактарын тердирип, Шекер-шербет кыйын аш, Дайындатып бердирип. Чаначка кымыз алдырып, Күчүү жанып калат деп, Күч ала туурап салдырып, Ак кыйанын ойуна, Чоң Үркөнүчтүн бойуна, Манастын улуу чунактын, Келе турган жолуна, Өлөң айтып жеңишип, Селкинчегин тебишип, Чатыраш ойноп даң салып, Чай кайнатып бал салып, Казыга кошуп жал салып. Отуз келин, отуз кыз, Ортосунда Айчүрөк. Шаардан чыкты бөлүнүп, Жаркыны күндөй көрүнүп. Канкордун уулу келет деп, Чатырды тигип белендеп. Чалкалаган кара бет, Кең Үркөнүчтүн бойунда. Жата турсун ойунда, Муну мындай койуңуз, Белесте калган канкордон, Кайтып кабар угуңуз. Таң агарып көрүнүп, Тараза жылдыз бөлүнүп, Талаада шамал аркырап. Асмандагы жылдыздар, Кыбыла көздөй бир карап. Камыштын башы шуудурап, Кара каш торгой чулдурап. Теректин башы дыбырап, Жандын баары кыбырап. Капчыгайы коолдоп, Карагайы шуулдап. Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда. Манастын уулу эр Семең, Дарс окуган эр Семей, Чукуранып ойгонуп, Оң жагына толгонуп. Жанындагы эки кул, Кошо турду ойгонуп. Дааратка суусун дайарлап, Аптаваны колго алып. Артык төрө көк жалың, Ак жыландай толгонуп, Колун сууга салды эми, Кол дааратын алды эми. Бутун сууга салды эми, Бут дааратын алды эми. Мекеден келген беш ажы, Белек берген жай намаз, Кең талаага жаздырып, Жай намаз бетин ачтырып. Экөө сүнөт, экөө парз, Эгем таала пендеден, Өтпөй турган кыйын карыз, Төрт ирекет багымдат, Төптөп окуп алды эми, Мекеден келген ак теспе, Седептен кылган чоң тесме, Жанынан сууруп алды эми. Бармак менен кыдырып, Сөөмөй менен сыдырып. Мелтиреп тартып олтуруп, Оозуна ыйман толтуруп. «Куп-у-валла-ад» Куранды. Куп жасаган ыймандын, «Табаретти» жат айтып, «Йаасын» деген сүрөөнү. Таң калгандай бат айтып, Дуруту нийет кааданы. Ага кошуп бирге айтып, Арбагы азыр Таласка. Оомийин деп кол жайды, Атасы өткөн Манаска. Отуз үч миң асааба, Мурунку өткөн көп жарга, Төрт чарыйар пайгамбар, О дүйнө кеткен көп жандар, Арбагына алардын. Бата кылып алды эми, Теспени жанга салды эми. Кермеден атты алдырып, Керүү жерге чалдырып. Аркандан атты алдырды, Адырлуу жерге чалдырды. Кара суудан каптырып, Кара шибер тулаңга. Кайсаңдата чалдырып, Кылычты кыйа байланып, Сырнайзаны тайанып, Илбирстей басып айарлап. Чоролор калды чатырда, Аш тамакты дайардап. Көрөмүн деп элести, Көкжал Семей баатырың, Бет алып басты белести. Чыгып барды чунагың. Көк кайкынын башына, Көчүгүн койуп олтурду, Көмүркөйдөй ташына. Үркөнүчтү туура карады, Үйдөн чыккан күндөрүн, Эсеп кылып санады. Кең Үркөнүч туман болуптур, Тунарыктап алыптыр. Кып-кызыл болуп боз түшүп, Мунарыктап алыптыр. Топурак учуп тосоңдоп, Күн көрүнбөй калыптыр. Ала карга сагызган, Айланганы билинбейт. Каран калган Үркөнүчтү, Караса көзгө илинбейт. Тополоң уйуп тос түшүп, Топурак уйуп боз түшүп. Мунарыктап алыптыр, Мына ушинтип калыптыр. Жомок айтам эрмекке, Дүрбү салды көрмөккө. Эрчиткени эки кул, Эрлик төрөң кылмакка. Эки чоро ээрчитип, Тел козудай телчитип. Чунактын дүрбү салганы, Оолжуп карап калганы, Дүрбүнүн жайын менден ук, Менден уксаң бейлеп ук, Атасы Манас өлгөндө, Каныкей азап көргөндө. Абыке, Көбөш эки арам, Манастан калган дүйнөнү, Камчыга ченеп бөлгөндө. Береним энем Каныкей, Белдемчинин бүгүшкө, Бекем катып капшырган. Берени Семейтеге тапшырган, Мекеден келген беш ажы. Белек берген чоң дүрбү, Бедерлүү алтын ак дүрбү. Жоого барса салсын деп, Жоонун ченин алсын деп. Казатка барса салсын деп, Капырдын ченин алсын деп. Ичи өрттөй кызарган, Тартып койсо чоң дүрбү. Кулач карыш узарган, Айнектин оозу кирдейт деп, Алыскы жерге жүрбөйт деп, Ак кадеге орогон. Алыскы жоого жорогон, Атын уккан душмандар. Айдыңын угуп кологон, Тегерегин тегиздеп. Кылган экен кооздоп, Жакут менен учтатып. Кобул салып чаптырган, Алтын менен күмүштү. Аркы терки кактырган, Адам сат пендеси. Абайлап туруп жактырган, Алтын ооз чоң дүрбү. Алты бурап жеткирген, Жеткиргенде буроосун. Алты күндүк жерлерди, Алты аркан бойу келтирген.