Ар жагы деңиз жээги жок, Алыс учуп бендеси, Өтүп кетер жери жок. Балык кармап көп жүрөт, Ар бир жерде топ-топ жан. Шамал жакка айланып, Кыдырып учту Айчүрөк. Келе жатса асманда, Сурча жылкы көп жүрөт. Катын кыздан кеп уккан, Эр Семетей жылкысы, Кара буурул деп уккан. Кыз-келинден кеп уккан, Эр Семетей жылкысы, Кызыл буурул деп уккан. Жылкыга учуп жетем деп, Асманда келет энтеңдеп. Күн ысыкта шалпылдап, Куйругунан чаң чыгып, Көрүнбөй көзгө закымдап, Келип калды ошондо, Бир күзгүдөй шаарга жакындап. Хан Манастын сарайы, Бүтүн сырдан деди эле. Сырдын нуру күзгүдөй, Көрүндү белем мага деп. Ылдыйлап түшүп ушуга, Барайынчы жана деп. Булуттун түштү алдына, Узата салган чоң ордо, Узунга кеткен кең көчө, Айран болду ал Чүрөк, Ошол шаарды көргөндө. Жолборс менен шерлерден, Айбандан чыккан эрлерден, Айкелин таштан катырган. Там бойлотуп жаткырган, Кээ бирөөнү карасаң, Төрт айактап бастырган, Күйгүзгөн топо очокко, Алтындан казан астырган. Аралап кирсе шаарга Акыл кетип аздыккан. Алгандай эмес көрүндү. Ага чыкса кас душман. Чоң кылычтар ийилген, Чоң мылтыктар билинген. Сейрегирээк багы бар, Көркөм сулуу тигилген. Бийик салган тамы бар, Тегерете айлантып. Токтотуп койгон көлү бар, Асманда жүрүп азгашып, Бейжинге келген чени бар. Жасалма айбан шерлери, Эмгичекти дагы бар. Инсанга керек болуучу, Жок нерсе мында табылаар. Издегени баатыр шер, Өтүп кеткен чагы бар. Эгизден көргөн байагы, Ээн жылкы кабылар. Баары сурча бурулуп, Жүрүптүр сууга чубуруп. Асманда Чүрөк муну ойлоп, Семетей таппай муну ойлоп, “Кечээ атасы Манас өлгөндө, Абыке, Көбөш агасы, Атадан калган дүйнөсүн, Камчыга ченеп бөлгөндө, Айгырын сурдан салганбы, Буурулдан башка бурулуп, Сурап болуп калганбы? Же болбосо канча күн, Менин уккан кебим жалганбы?” Тиктеп көзүн айырбай, Жылкыга жакын барганы, Жылкыга келген кези экен, Алп Коңурбай балбаны, Бейжинде бектин зардалы, Белдүү калча балбаны. Тору айгырдын жалындай, Аркасында айдары. Тартылуу жондо калканы, Катылышкан жоо болсо, Чыккындай анын талканы. Көзү көлдүн буткулдай, Көрүнгөндү жуткудай. Көрүнөт өзгө түгөнгүр, Бүкүлү тоо жылгандай. Мурду тоонун кыр таштай, Муруту чөлдүн камыштай, Кабагы кашат жабындай, Сакалы саадак кабындай. Көзү аскардын жалындай, Жакшы чыккан муруту, Чоң балтанын сабындай, Бүткөн бойу мунардай, Колу буту чынардай. Маңдайына калчанын, Чыдап бенде тура албай, Чоңдугу төөнүн нарындай, Толкуну көлдүн шарындай. Салкыны сырттын желиндей, Салышчу душман жоо болсо, Киргендей ага эринбей. Садага барча бычактай, Жыгачтан түркүн илинген, Айдарлуу баатыр эр Коңур, Алптыгы анын билинген. Чок табылгы жайлаган, Жоо дегенде шайланган. Жайы-кышы Кара атты, Кадага асып байлаган. Каканга келген жоо болсо, Кара жерди майлаган, Кыйын чыккан бул калча, Кызыл чок кытай журтуна, Очогор мылтык асынып, Ок өтпөс олпок жамынып. Жылкыга келген кези экен, Колунда найза солкулдап. Жанында кылыч жаркылдап, Алаңкер жаа сур жебе, Оң жагында жалтылдап, Башында чакан бөркү бар, Жаркыны күнгө тартылат, Башында жабар дөңсөө таш, Падышадан башкага, Баркы болбой курган таш. Көзү көрдү Чүрөктү, Азыркысы башы жаш. Сакалы аппак болуптур, Жетимишке калчанын, Жетип жашы толуптур. Оң далысы кең экен, Ойротту бузар неме экен, Соолуп калган түгөнгүр, Каапырлыгы болбосо, Тийип алчу неме экен, Ошону баштап барамбы, Толтойдун өчүн алсамбы, Чынкожо баштап барсамбы, Чындап кыргын салсамбы, Чыныгы өчүм алсамбы? Кең Бейжинди жердеген, Алп Коңурбай эр экен. “Качып барып кара бет, Каапырга тийди дээр бекен”. Мындан өтүп жөнөйүн, Издегеним Семетей, Кабыл кылган кудайым, Аны да барып көрөйүн, Шамалды көздөй чет алып, Күн батыш көздөй бет алып, Көктү көздөй айланып, Көөнүндө Чүрөк жайланып, Шайаңдын өттү үстүнөн. Бүтүн калмак байлары, Түгөл жатат жайлары. Адамдын көзүн талдырат, Жайнап жаткан малдары. Күн батыш көздөй ыңгайлап, Алтайды көздөй айланды. Алтай менен айланып, Ар жагы менен учуптур, Алматынын ойунда, Аккан суунун бойунда. Музбурчактын Аккуба, Келген экен ойунга, Ит агытып куш салып, Ителгисин кукулап, Асмандан Чүрөк көрүптүр Кандай жүргөн киши деп, Көңүлүн ага бөлүптүр. Абдан Чүрөк байкаса, Тотугуп өңү боло элек, Он бешке жашы толо элек, Ойноо бала секелек, Балалык кыйал кете элек. Оң далысы кең экен, Оролуна келгенде, Ойротту бузар неме экен. Азыр күчү толо элек, Эр сайышып жекеден, Эңишер чагы боло элек. Сол далысы кең экен, Зоңкойуп бойу жетилсе, Солду бузар эр экен. Балалыгы болбосо, Тийип алчу неме экен. «Баш бербей барып кара бет, Балага тийди дээр бекен». Балалык айып ага койуп, Башын буруп толгонуп, Алматыдан кайра учуп, Асмандан келе жатканда, Жетөгүздүн ойунда, Ысыккөлдүн бойунда, Ак калпак кыргыз тобунда, Кезигип калды Айчүрөк, Кулэтендин Агышка. Токсонго жашы толуптур, Бырыш басып чекесин, Өпкөдөй өңү соолуптур. Карыса да эр Агыш, Короонун чыгып четине, Олтурган экен дөбөнүн, Оңолбогур бетинде. Кууш айак кең көөдөн, Мындайды Чүрөк көрбөгөн. Калдайдын уулу капырдан, Хан Коңурбай баатырдан, Алда канча өйдө экен, Кийгени жибек торко экен, Кебетеси турушу. Адамдан чыккан зор экен. Токсонго жашы чыкса да, Эңкейип далы кетпеген, Кетпеген саба кептенген, Эр мүчөлүү эме экен. Көкөтөйдүн ашында, Манжулардын Нескара, Чыгары мунун эп экен. Баштап барсам Агышты, Балакет Толтой, Чынкожо. Ийинге сийер эр экен. «Ары жок Чүрөк кара бет, Эр табылбай бендеден, Аппак сакал кызыл көз, Карыга тийди дээр бекен. Издегеним Семетей, Таппай туруп ошону, Менин эр сынашым оң бекен, Мен ымыркай жаш чакта, Ал Семетей жок чакта, Атам Акун айкөл шер, Бирин бири сүйүшүп, Жок балага күйүшүп, Кудалашкан кеп экен. Мен кара бет Чүрөктүн, Маңдайымда шор экен. Баатырдын уулу жалгызды, Суу ичинде жалбызды, Табышым менин эп экен. Ойлогонум ар кимди, Обу жок бекер кеп экен». Муну ойлоп Айчүрөк, Мындан кайтып учту эле, Асман ылдый сыдырып, Алатоо бойлоп кыдырып, Анжийан менен Ташкенди. Аралап учуп бул кыркып, Карабуура Чаткалды, Кайра айланып чыкты эле, Асманда жүрүп ой бойлоп, Ар күнү көп ойлоп, Семетейди таба албай, Тентип жүрөт бой-бойлоп. Тунарык тартып көрүнүп, Тумандын чети сөгүлүп. Ак чуудаң тартып көрүнүп, Асмандын чети сөгүлүп. Алласына сыйынып, Айчүрөк жашы төгүлүп. Ак булуттун ичинде, Абайлап байкап турду эле. Башы ашуу, чети төр, Ишенбесең калайык, Эми издеп барып көр, Өзөнгө бүткөн сазын көр, Өрдөгүн көр, казын көр, Суу бойлоп бүткөн сазын көр. Суучулдук менен казын көр. Кайың талы аралаш, Баарысы өнгөн чамалаш, Табылгы менен шылбысы, Ыргай менен кожогат, Четин менен сөксөөлү, Аралашып бир чыгат. Төө куйрук арча чамалаш, Койгондой кошуп аралаш, Жапа өрүк жийдеси, Алууча жаңгак мистеси, Кызылчасы кыйырында, Кыйын көрдү бул жерди, Кыз Чүрөк сулуу чынында, Тескейинин баарысы, Жайкалган шибер ыраңы, Тоо бөксөдөн өткөндө, Карагай толкуп буралды. Үч күндүк жерге угулуп, Сайраган булбул чуулары. Кайберен койдой жайылган, Кай жерден келип жыйылган, Кыйан жеген кемерке, Жемиштин баары тыгылган, Кыйын көрдү бул жерди, Бүткүл дүйнө кылымдан, Төрткөлдүн төмөн жагында, Төрөмдүн тиккен багында, Баркөлдүн маңдай жагында, Бакайдын салган тамында, Кайнардын кара көзүндө, Как чынардын өзүндө, Кеңколдун чаты кошууда, Тигилүү сарай ушунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.