Аппак болгон ак сарай, Абдан көрүп алды эми, Асмандага Айчүрөк, Издеп келген Семеңди, Ошол жерден тапты эле. Акун хандын шаарына, Чынкожо Толтой барганда, Тышка киши чыгарбай, Камап шаарды алганда. Элчибекти жиберди. Айттырып сөздү жалганга. Уруксаат сурап Айчүрөк, Беш ай мезгил алганга. Тартууга кармап берет деп, Качып келген жар издеп, Семетейди ал издеп. Семеңди көрүп алды эми, Жердеген жери Талас деп, Атасы Манас баатырдын, Уккан экен укмуштан. Баатыр Манас өлгөндө, Эл чогулуп жыйылып, Алып барып көмгөндө, Мекеден келген беш ажы, Кетмен менен ойдуруп, Үйүнүн ичин кең кылып, Алты күнү эрикпей, Казмак кылып ойдуруп, Жер көөлөтүп койдуруп, Ак саргыл бээни сойдуруп, Кызыл тилла чачтырып, Кыйамат жолун ачтырып. Дооранга беш жүз сур байлап Баарын бирдей кур байлап, Бакайга башын карматып, Баары журтун жардатып, Сарамжалын бүт кылып, Жуугандарга баарсын, Он бештен кийим жыш кылып. Элди айран калтырып, Ат чаптырып чаңдатып. Ак куланы алпарып, Арстанга атап чалдырып, Ооз омуртка айдарын, Сарайына султандын, Босогого бастырып, Миң жамбы менен бүттү деп, Күмбөзүнө жаздырып, Ойлонуп Каныш олтуруп, Жума күнү койдуруп,. Акундун кызы Айчүрөк, Карылардан көп уккан, Катында болсо Каныкей, Катуу кызмат кылды деп. Хандын кызы Айчүрөк Ак сакалдан кеп уккан, Зайып да болсо Каныкей, Салттуу кызмат кылды деп, Койонаалы баланы, Кабарчыга жиберип, Үртүк чаап ат берип, Мөөр басып кат берип. Анжийандын астында, Намангендин үстүндө, Кызыл арстан молдого, Кыйаматтык дос экен. Койонаалы баланы, Кабарчы кылып жиберип, Кең Кашкардын нар жагы, Кебезтоонун бер жагы, Чоңөзөндүн белинен, Килботосун чалдырган, Жиберип киши атайы, Нарга жүктөп алдырып, Төрө Манас сарайын, Даңаза кылып салдырып. Эр Семетей баатырдын, Атасынын сарайын, Кылботодон бек салган. Кишинин баары өлгүчө, Жети кылым өткүчө, Турар бекен деп салган. Арстан Семей баатырдын, Атасынын сарайын, Ак чокудан бек салган. Адамдын баары өлгөнчө, Алты кылым өткүчө, Турар бекен деп салган. Сарайын жакшы салдырып, Ошондо көргөн эрендер, Даңазага калтырып. Андан мурун сарай жок, Акундун кызы Айчүрөк. Уккан экен укмуштан. “Сарайы болсо ушу деп, Талас болсо ушу деп, Асмандан көрүп Айчүрөк, Кайнатам Манас баатырдын, Үстүнөн учуп бек болуп, Арбагына чет болуп, Кантип учум өтөм” — дейт. Ала-Тоо башын айланып, Ар жагы менен учту эми, Алмалуу булак Шумкарташ, Ашып учуп түштү эми. Төркөлдүн төмөн жагында, Төрөмдүн тиккен багында, Кайнардын кара көзүндө, Кан чынардын өзүндө. Өзөндүү булак сазында, Өрдөк менен каз аңдып, Кең Таластын бойунда, Алакөлдүн ойунда. Жүргөн экен Семетей. Андан алып илдирип, Мындан алып илдирип, Тынчтык бербей кайыпка, Илбесинди бүлдүрүп, Буурул ат белин ийиптир, Каз өрдөктү көп алып, Канатын жерге чийилтип, Ит агытып куш салып, Илбесинди көп алып. Эки чоро ээрчитип, Жаш кулундай телчитип, Жүргөн экен Семетей. Эрикпеген эр жигит, Жолдошу көп немедей, Жүз кишиге кенебей. Акундун кызы Айчүрөк, Асманда туруп сынады, Манастын улу Семетей, Бастырат экен ишенип, Эрдигинен кенебей. Чынкожо менен Толтойдон, Барып кегим алабы? Буда кандай неме деп, Тиктеп турду Айчүрөк, Оң далысы кең экен, Ойротту бузар эр экен. Сол далысы кең экен, Солду бузар эр экен. Издебей турган шер бекен, Тийбей турган эр бекен? Кең көкүрөк, сом далы, Келе жаткан Семетей. Туруп душман бет албас, Бул замандын балбаны. Жанындагы балдары, Туткандын чыгар далдалы, Ажыдаардай түрү бар. Арстандай сүрү бар, Көмүрдөй кара көзү бар, Өткүр болчу өзү бар. Он сегиз менен он тогуз, Ортосунда жашы бар, Ханга ылайык каш бар, Байга ылайык башы бар, Байкап турат алыстан, Балбан болчу кейпи бар, Калың элди башкарып, Сардар болчу кейпи бар, Жылдыздай көзү жалтылдап, Минген аты Буурул кылкылдап, Семетейди көргөндө, Тер агып бойдон чыпылдап. Нурланып жүзү айдарлуу, Асманда жүрүп Айчүрөк, Тегеренип айланып. Бар сайманы күмүштөн, Башын тартпай ар иштен. Жанына кылыч байлаган, Жандашса жоону жайлаган. Белине балта байлаган, Беттешкен жоону жайлаган. Асаба бар колунда, Калканы бар жонунда. Чарайна белде тартылуу, Ийинде туулга артылуу. Кисепчеси сары жез, Семетейге болду кез. Аты да бар бир тоодой, Атышканды куткарбай. Анча-мынча адамды, Ат, тону менен жуткундай. Өзү да бар бир тоодой, Өчөшкөнүн куткарбай. Өжөрлөнсө кишинин, Өзүн бүтүн жуткундай. Кыл мурутун чыйратып, Кулагына салыптыр. Эки бала ээрчитип, Эл кыдырып жүрүптүр. Ит агытып куш салып, Жер кыдырып жүрүптүр. Үстүндө кийген ак күбө, Өз бойуна чак күбө. Кыргагын алтын чордогон, Жибек менен тордогон. Тийишкен бенде оңбогон, Алты атар огун сологон. Акыректе кош калта, Жети атар огун сологон, Желкесинде беш калта, Бадана тон кийинген, Бир кудайга сыйынган. Баладан мындай көргөн жок, Кара башта кыйындан, Чыкса чыгып калгандыр, Жер жүзүндө кылымдан. Нурланып беттен кан тамган, Күмүштөн кемер курчанган, Күндөй бетин нур чалган, Алтындан кемер курчанган, Аксаргыл тартып нурланган. Арстан туулган бала экен, Алышкан жоосу муң канган, Абайласа түгөнгүр, Акылы менен журт алган. Кабаттап темир тон кийген, Кызылдан Буурул ат минген, Кыл куйругун шарт түйгөн, Агарып тиши кашкайган. Айчүрөк карайт маңдайда, Такалып сөзгө илинбейт, Шамал чыгат таңдайдан, Бет алса душман чекеге, Чыккандай жалгыз жекеге. Аны менен кездешкен. Кеткидей узап мекеге, Үстүндө кийген буулумдун, Үпчүлүгү бир тогуз, Атадан калган ак олпок, Топчулугу бир тогуз. Толкуну көлдүн шарындай, Көзү көөрүк жалындай. Жер жаанды кыдырса, Мындай бенде табылбай. Орто бойлуу кара көз, Семетейге болду кез. Тегерек бойлуу кызыл көз, Айчүрөк болду буга кез, Колуна камчы кармаган, Кол салышкан душмандан, Коркуп кайра жанбаган, Кокустан келип тийишкен, Кордук көрбөй калбаган, Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган, Жолборстон алган мүнөзү, Жолборсу Манас баатырдан Ошондон калган мүнөзү. Түгөнгүрдү карасаң, Түшүнө кирсе коркот жан, Кармагандан кан чыккан, Карагандан жан чыккан, Баатырдык эмей неткени, Бала кезден ал чыккан, Барып кирген көрүнө, Байкабай буга кас чыккан, Бала толду сынына, Астындагы Буурул ат, Чабына батпай суурулат. Алты ай минсе арыбас, Алтымыш асый болгуча, Азуусун сөйкөп карыбас. Кулжа көөдөн тайган төш, Жети айга минсе чаалыкпас. Айбандан асыл мал экен, Арстандын калып оорагы, Арбак кончу жан экен. Жанындагы Гүлчоро, Чоро аты болбосо, Төрөсү Семей баатырдын, Төрт эли өйдө бала экен. Кол салышкан душманга, Козголбос жайы бар экен. Өчөшкөнүн соо койбой, Өлтүрчү неме экен. Ырайым шапкат андан жок, Ырасын айтса ушул кеп, Канчорону карады, Карабай Чүрөк калбады, Балбандыгы көрүнүп, Көөнүмө бу да жарады. Абдан байкап турду эми, Ат, тону менен Семеңди, Жолдошу чоро эрлерди, Буурул ат үч адам, Төртөө тең сынга толду эми. Бала жолборс Семетей, Бастырып үйгө келди эми. Кермесине ат толуп, Эл каганаттап калыптыр. Өйүз-бүйүз эки ордо, Көрүнө тигип салыптыр. Маңдай жагы боз секи, Барып түштү Айчүрөк: “Эр Семетей баатырдын, Келбетин кантип көрөм деп, Канкордун уулу чунакка, Кабарды кантип берем деп, Кайтып барсам шаарга, Чынкожодон өлөм деп, Муңдашпай мындан кеткенде, Толтойдон кордук көрөм деп, Мага эже болучу, Эрке катын Чачыкей, Жайын билсем” — деп ойлоп, Карап турду Айчүрөк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.