← Семетей 6/9

Бешим маалы болгондо, Эрке катын Чачыкей, Ордодон чыкты маңкайып, Ак кулжадай даңкайып, Эки жагын каранып, Карчыгадай таранып, Кызгалдактай кылактап, Асталай басып булактап. Көк кепиш бутта кыйчылдап, Көрөгөч көзү жылтылдап, Басып чыкты суйкайып, Элечек башта койкойуп. Алтындан кылган чоң сөйкө, Акыректе жаркылдап. Шурудан таккан чач мончок, Майсооруда шаркылдап. Серүүн булак бакчага, Басып барды Чачыкей, Жеңин жерге сүйрөгөн, Желбегей басып үйрөнгөн, Алтынга бойун шыбаган, Талдай бели буралган, Чачыкейди Айчүрөк, Көрүп туруп кубанган, Эр Семетей баатырдын, Мурунку зайыбы ушу деп, Өзү ургаачы эмеспи, Азыр муңумду айтайын, Акылдашып эжеме, Андан кийин кайтайын, Он бештеги кыз болуп, Оолжуй басып барды эле Пери кызындай көрүндү, Чачыкей көрдү Чүрөктү, Жүрөгү кетти кабынан, Билеги кетти сабынан, Ырп этерге алы жок, Айласы кетти абыдан. Акундун кызы Айчүрөк, Арка чачын булайтып, Ак тамагын кылайтып, Астына келип муну айтып. Басып келди жанына: — Шаатемир кызы Чачыкей, Эжеке аман-эсен жүрдүңбү? Эрмекке бала сүйдүңбү? Эсен-аман жүрдүңбү? Эркек бала сүйдүңбү? Карагай найза жыйышып, Шыгайдын уулу Чынкожо, Багыштан баатыр эр Толтой, Хан Семетей баатырга, Чындап жаман тийишип, Арага элчи салышып, Акылдашып алышып, Асманда мунар боз болуп, Жедигердин Толтойго, Катын берип дос болуп, Толтойдон барып жол сурап, Он эки түмөн кол сурап Шаарымды сабады, Жайы-кышы камады. Жазда эгин салдырбай, Күздө аштык алдырбай, Куйруктуу токту жедирбей, Элимди муңдуу кылганда, Айчүрөк тартуу бергин деп, Акунду камап турганда, Качып келдим аркалап. Чымындай жаным калкалап. Калаамды бузду талкалап. Качып келдим аркалап, Кара жаным калкалап. Эр Семетей баатырың, Элди бузган жакырың, Ардануучу балабы? Аташканы Айчүрөк, Талашып барып алабы? Же Толтойго бузук салабы? Толгонуп келген Чүрөктү, Тобунан сууруп алабы? Же кылган иши чалабы? Тарттырып ийип Чүрөктү, Талаада өзү калабы? Намысы жок балабы, Сулуу кызды алууга, Жок бекен анын талабы? Күнү болуп калат деп, Күйүткө мени салат деп, Күйөөмдү сурап жатат деп, Көңүлүңө албагын. Ак ордоңду оңдойун, Көчкөндө төөң комдойун, Жалган айтсам оңбойун, Кырк жылы кызмат кылайын, Кырк жылда карып өлөрсүң, Кыйамат жүзүн көрөрсүң.. Арка чачын булайтып, Ак жүздөрүн кылайтып, Карап койуп кубарып, Чачыкей турду муну айтып: — Кызылды кийген тоңорбу? Кызда сендей болорбу? Атасынын төрүндө, Эр издеген оңорбу? Күлгүндү кийген тоңорбу? Жашта сендей болорбу? Атасынын төрүндө, Күйөө издеген оңорбу? Тийерине эр таппай, Сийерине жер таппай, Эр албаган эси күң,, Кашка таман кески күң, Чачың куудай болгуча, Тишиң буудай болгуча, Акун хандын төрүндө, Көп олтуруп зак болгон, Саамайың куудан ак болгон, Сенин жайың укканмын, Керүүгө казан аскан күң,, Кербенчи жолун тоскон күң, Жолго казан аскан күң, Жолоочу жолун тоскон күң,. Сени төрөм албай деп, Сени алып нетет деп, Не мураска жетет деп, Алты айчалык Үргөнүчтөн, Арсыздан бетер түн катып, Атка минбей жөө басып, Атаңдай болгон төрөмө, Эр үчүн келдиң түн катып, Жети айчалык Үргөнүчтөн, Желдеттен бетер түн катып, Энеңдей болгон биздерге. Эр үчүн келдиң үн катып. Энең укса тыйбайбы? Элиң элик кылбайбы? Атаң укса тыйбайбы, Айлың элик кылбайбы? Аташканы Чачыкей. Сулуулугу сымбаты, Арзан менен кымбаты, Чүрөк сенден кем бекен? Эр Семетей баатырды, Издеп тийди дээр бекен, Анда киши салгыдай, Арачы киши мен бекен? Эр Семетей баатырың, Сени алчу неме эмес, Аташканы Чачыкей, Айчүрөк, сенден кем эмес. Атай көтөк ит уксун, Кабыргада бит уксун, Кайта басты кагынып, Буулумдан кылган чоң ичик, Буластата жамынып, Акундун кызы айчүрөк, Уйалгандан өлбөдү, Өлүп жерге кирбеди. Өлбөй тирүү калбады, Таманын жерден тарталбай, Көзүнүн жашын арта албай. Күнүлүгү билинип, Туруп калды шалпайып, Эрке катын Чачыкей, Эшиктен кирди эңкейип, Үйгө кирди үшкүрүп. Таза чыккан Чачыкей, Жаман болду бузулуп. Мага кесел тийди деп, Эрке катын чачыкей, Аңкоосуп айтты озунуп, Төшөк сал деп жаткырып, Эр Семетей баатырың, Сары улакты алдырып, Садагасын кактырып, Өпкөсүн алып чаптырып. Эл чогулуп дүрбөдү, Чачыкейден башка адам, Айчүрөктү көрбөдү, Ал аңгыча болбоду, Гүлчоро менен Канчоро, Кеңколдун башы көлмөдө, Жаткан экен жылкыда. Эр Семетей баатырдын, Амандыгын билем деп. Амандашып келем деп, Эсендигин билсек деп, Учурашып кетсек деп, Салам айтып жарк этип, Күлүп балдар шарк этип. Семетейдин үйүнө, Кирип келди шаңк этип. Кырданып жаткан канкоруң, Жанынан тойгон анткоруң, Эр Семетей баатырың, Эргип туруп муну айтып: Чубактын уулу Канчоро, Алмамбет уулу Гүлчоро, Атамдан калган Акшумкар, Этине келген чагы бар, Сала турган табы бар, Эркин жатып көлдөрдө, Өрдөк менен каздардын, Эби келген чагы экен. Эртең Таласты бойлоп куш салам, Бүгүндөн калбай кайтып бар, Кабарды катуу салып бар, Жылкычыга айтып бар. Атамдан калган Көкбуудан, Аткан октой кутурган. Көөнүң Чоро таптап мин. Көөнүң Чоро байлап мин, Эртеңден калбай эрте кел, Эки тулпар минип кел, Эртең келсе Гүлчоро, Кара жол менен чабарсың, Кара суудан табарсың. Эртеңден калбай эрте кел, Эрте туруп сар кел”. Баатыр семең айтты эле, Байкап уккан Гүлчоро, Жылкыны көздөй кайтты эле. Күүгүм кире күн бата, Элдин баары жуп жата, Алтындан кылган такага, Мамыктан кылган пахтага, Семетей менен Чачыкей, Айкалышып жатты эле, Аркар менен кулжадай, Бото менен ингендей, Мойун алышып жатты эле. Тараза жылдыз батканда, Таң агарып атканда, Эрке катын Чачыкей, Ордунан турду оолжуп, Айчүрөктөн коопсуп, Кечээ көргөн Айчүрөк, Кетти бекен ордунан, Же турат бекен ордунда? Муну ойлоп Чачыкей, Басып барды шартылдап, Алтындан кылган чоң сөйкө, Акыректе жаркылдап. Акундун кызы Айчүрөк, Турган экен ордунда, Арка чачын булайтып Ак тамагын кылайтып. Тосуп чыкты муну айтып, Тозокту салчу ичине, Толуп жаткан муңду айтып: — Айланайын эжеке, Маани жайым айтайын, Кабар салып кайтайын. Эр семетей баатырың, Тайбуурул атын минеби? Жоодон коркпос эр болсо, Чүрөктүн жайын билеби? Чынкожо менен Толтойдон, Айчүрөк тартып алабы? Айчүрөк берип Толтойго, Таласта жатып алабы? Же намысы жок балабы? Айтчы эжеке кебиңди, Таппайсыңбы эбимди? — Айчүрөк муну айтканда, Эрке катын Чачыкей, Акылынан шашканда. Кармап алды билектен, — Жүз кубулган кара бет, Калпты таап келгениң, Башынан көргөн жер беле, Же көз байлоочу сер беле? Шайтандан келген элчиби, Койнунда турган күйөөсүн, Өлбөй туруп берчүбү? Сени үйгө сүйрөп барайын, Үй кызматка салайын, — Деп, Чачыкей зиркилдеп. Акундун кызы Айчүрөк, Мындай арип ким билет? Коргошундай көйкөлүп Колдон чыкты Айчүрөк, Ичиндеги бар кебин, Козгоп чыкты Айчүрөк: — Эрке катын Чачыкей, Эр Семетей баатырды, Көргөнүң бүгүн түн болор Кабыл болсо тилегим, Сага көрсөткөн киши ким болор, Кайберен чилтен кеп айткан. Ушу бүгүн Семетей, Кең Таластын ойуна, Ашмуранын бойуна, Акшумкар салат деп айткан, Үйдө калса сеники, Кудай таала буйурса. Талаага чыкса меники. Кара жолдун бойунда, Бир көрүүгө сонунда, Ак була болуп болуп буралып, Алты түрдүү кубулуп.