Атайын чыгып ыраакка, Айалдап булар тура албай, Алдында минген аттары, Айлантып башын бура албай, Айчүрөктөй сулууга, Ашкере кызмат кылсак деп, Душманга басып бел байлап, Кандай десек болор деп. Талаадан курап сөз жайлап. Чынкожо Толтой эки бек, Акун хандын шаарынан, Элчиликке келдик деп, Акун хан бизди билбеди, Айчүрөк сизге жиберди. Келген кебин угузуп, Элчибек сөзгө киргени: — Айчүрөк кайып жан эле, Өзү акылман бала эле, Карылык менен Акун хан, Мени бербей тырышкан. Байкабай туруп Акун хан Кыргын тапты уруштан. Токсон күн кылсын уруксат, Ашыгыш болсо сиз жактан, Ашыкпаса Чынкожо, Алты ай кылсын уруксат. Абдан камдап чыгам дейт, Тийчү эрим Чынкожо, Толтой менин жээним дейт. Астыңа мени жиберип, Айтчу ушул кебим дейт. Алты айга чейин ашыкпай, Уруксат мага берсин дейт. Тойдун камын кыламын, Толуктап камдап турамын. Тоодой Толтой баатырды, Жээн кылып аламын. Шамалы жок жел болбойт, Шыбыры жок кеп болбойт. Чынкожо, Толтой сындууга, Теңтуш болбой иш болбойт. Алдыңа келген ишим бул, Айтып келген сөзүм бул”. Абдан угуп Чынкожо, Алтынды, жезди айрыды, Акылда сөзүн курады, Эмне үчүн Айчүрөк, Алты ай мөөнөт сурады. Алыскы жерден эр издеп, Барар бекен кыйалы. Толкундап Толтой күүлөндү, Чынкожого сүйлөндү: “Чынкожо кебиң курусун, Кылып турган жумушуң. Өзү жүрүп эр издеп, Тийчү Чүрөк жан эмес. Айткан сөзүн бузгундай, Каранын кызы деги эмес. Тойдун камын кылам деп, Өтүнүп келсе өзүңө, Мол айтканың сөз эмес, Баштап келсе Бейжинден Кытайлардын Коңурбай, А дагы мага тең эмес. Алганы сулуу Чачыкей, Аламын деп Чүрөктү, Семетей мында келчү эмес. Бааша болсоң Чынкожо, Элчинин сөзүн кабыл кыл, Байатан айттым Чүрөктүн, Абдан уксаң жайы бул. Элчибекти жиберип, Алдыңа Чүрөк ал келсе. Өзүңдүн келип алдыңа, Уруксат алты ай бер десе, Алты ай кетиш ыраак го, Токсон күнү ырас го, Токсон күндүн ичинде, Кыйла камын кылат го. Айткан кебим мына бул, Калганын билгин, Чынкожо. Толтойдун кебин укканы, Каралды кылган Толтойдун, Кайрып кебин бузбады: — Токсон күн ырас болсун, — деп — Чынкожо айтып турганы, Түмөнбай ойлоп кеп салып: — Чынкожо, Толтой жезде деп, Бир тууганы мен элем, Карыдан абам Элчибек, Айчүрөк өзү айтпаса, Канткенде сизге келдик деп, Токсон күн десек кыскартып, Тойдун эби келбес деп. “Көрбөсөң ыраак алты айды, Берсеңиз бизге милдет деп, Камынсын сулуу Айчүрөк, Калтырбай бүтүн камын жеп, Тилегин кабыл кылаарсыз, Алты айлыкка макул деп”. Шыгайдын уулу Чынкожо: — Элчибек менен Түмөнбай, Келипсиңер алдыма, Элебей неге уруштуң. Байкабай өзүң арыңа. Алдыңа келсе кечкин деп, Хан атаңдын кунунан. Айтышат экен карыйа, Мен ыраазы бек болдум, Ушунча келдиң алдыма, Беш айдан ашып кетпесин. Алты айга күнүң жетпесин, Дүнүйөнүн кээри жок, Бүлүк салып элине, Айчүрөк камын жебесин. Ыраак көрүп алты айды, Ашыгып калды дебесин. Көңүлүмдүн кири жок, Көөдөктүгүм чын билсе. Айткан сөздүн кеми жок, Арстандыгым ал билсе, Беш айдын жүзү болгондо, Алтын калаа шаарына, Аскерим чубап ал кирсин. Отуз келин, отуз кыз, Алдымдан тоссун элбиреп. Баатыр жездем келет деп, Кыздар кылса кызматты, Жыргатамын баарысын. Вазир кылып көтөрөм, Элчиге келген мына бу, Элчибек абам карысын. Көөнүн ачып кош кылам, Күлдү журттун баарысын, Май агызам калаадан, Сүт агызам бир жактан, Түндүктөн айды көрсөтөм, Түтүктөн сууну ичиртип, Той жарагын мен камдап, Түгөнгүс алтын зар камдап, Өлүп кетсем арман жок, Айчүрөктү чын кармап. Жанып барып элиңе, Жакшылык камын кылып бак. Түмөнбай кай иним келипсиң, Түбөлүгүн көрүпсүң. Чоң түйшүктү билипсиң. Оң келген ишиң сен экен, Чүрөк колго тийгенде, Төрт канаттуу Каралат, Такымыңа илипсиң, Баатырлар минчү тулпарды, Баса токуп минипсиң, Канчалык душман келсе да, Качпай турган колуң бар. Майышпай туруп эр сайчу, Баатыр Толтой зоруң бар. Чынкожонун сөзү бул, Айчүрөккө айтып бар”. Чынкожо кеби бүттү эми, Күн болжолу эсеби, Төрт айдан ашып кетти эми. Түмөнбайды ээрчитип, Элчибек кайра кетти эми. Элчибек келди анталап, Ашыгып айтып Чүрөккө, Баштан айак сөз баштап: — Бардым балам Чүрөгүм, Айдан ашык келтирдик, Мөөнөт күндүн сүрөбүн, Чынкожо кеби мына бу, «Айчүрөк сени алганда, Мени вазир кылам дейт, Жетисуунун элинде, Баашалык кылып турам дейт. Төрт канаттуу Карала ат, Түмөнбайга берем дейт. Селкинчек тээп ойноорго, Жибектен аркан керем дейт. Беш айга камы бүтпөсө, Алтын шаар калаага, Аскер менен кирем дейт”. Кылып келген ишим бу, Угуп келген кебим бу, Анда Чүрөк муну айтып, Агартып тишин кылайтып: — Чынкожо күйөө болгондо, Ханга вазири болдум деп, Калдыңбы аба тойунуп. Ишенгенден жибердим, Айткан сөзүн туйунуп, Анда такыр айла жок, Аллам койсо буйуруп, Алыскы жерге барамбы, Азаптан качпай бой уруп, Чынкожо колду жайласам, Толтойдун колун байласам, Чыны вазир болосуң, Как ошондо сен абам, Күн чыгышта Бейжинде, Күллүү кытай элине, Күн батышта Испанга, Түрк уулу кыргыз баатырга, Орто Азийа, Түркстан, Аралаймын баарысын, Алптарын сынап жактырып, Алып келем баарысын. Алып берем колуңа, Как ошондо намысың, Элине батпай ар кимге, Түтүн такап жан сактап, Чынкожо жайы мына бул. Толтой мага тең болбойт, Аккойондон өтүнүп, Ал Толтой мага эр болбойт. Келип калса бул жерге, Арстандын уулу Семетей, Адам уулу тең болбойт. Абаке киши укпасын, Талаага сөзүм чыкпасын. Айтып сөзүн бүтүрүп, Асылдан берип бар кийимин, Элчибекти кетирип. Алыскы жерди самаган, Кара бетти карасаң, Кыздардын баарын чакыртып Келиндин баарын келтирип, Акыл насаат кеп айтып, Мунун баарын бекитип. Айчүрөк айтты мындай кеп: — Айчүрөк мында барбы деп, Чакырып калса хан атам. Көрбөдүк деп айтыңар, Кай кеткенин билбедик, Көптөн бери көрбөдүк, Мындан башка кеп кылба, Сөз кылба да унчукпа. Калыйманга айтканы, Кеткенимде ыраакка, Шек албасын бир киши. Калыйман жакын сиңдиси, Кыздардан чыккан билгичи, Калыйманды ордуна, Алтын такка мингизди, Акундун кызы Айчүрөк, Кайыптыгын билгизди. Дааналыгы көрүндү, Аккуу кебин кийинди, Бир кудайга сыйынды, Айат окуп курандан, Алласына жалынды. Жакасын муунта бек кармап, Учууга Чүрөк камынды. Канатын күнгө каккылап, Куйругун жерге чапкылап, Күндөй нуру жалтылдап., Көтөрүлдү чоң ак куу. Асманды көздөй калкылдап. Акундун учуп шаарынан Асманга жакын барганда, Булуттун чыкты үстүнө, Саамай чачын сыдырып, Аскарлуу тоону кыдырып, Бир кудайга сыйынып, Күн чыгыш көздөй бет алып, Ойлоду муну эске алып, Кытайды көздөй чет алып. Бир жагынан учса да, Бир жагынан ойлоду: Багыштын уулу эр Толтой, Башында барган кытайга, Азапты кыйла тарттырган. Калмак менен кытайга. Кеги бар Толтой шерде деп, Эң алдында барайын, Хан Коңурбай эрге деп. Аскалуу бийик Алатоо, Ортосунда коосу жок. Баары тегиз бирдей тоо, Асманда келет калкылдап, Алдынкы жерден көрүндү, Кызыл мунар жалтылдап. Ушул белем Бейжин деп, Ылдыйлап түштү жакындап. Кызыл мизден жасалган, Көөнөрүп сырын дат алган, Салтанаттуу ордо экен. Ал ордонун оозунда, Дамбал кийбей жылаңач, Өзү калмак молдо экен. Кытай эмес калмак деп, Мында туруш кандай деп, Өзү молдо Айчүрөк, Дүнүйөнүн баарысын, Билип турат ал Чүрөк. “Адашып жолдон калыпмын, Лахасанын шаары», — деп Жана айланды Айчүрөк, Көзүнөн жашы дыбырап, Күн багыт көздөй бет алып, Тептегиз тоону кыдырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.