«Кыш өтүп жазга жакындап, Калың ногой бузулуп, Жайлоого көчтү шалкылдап, Чынкожо көчпөй калыптыр. Ойлогону жамандык, Баруучу жери аныктыр. Айгырын бычып ат кылып, Кочкорун бычып ирик кылып, Жол керегин бүт кылып, Эл жайлоого көчкөндө, Күн батыш көздөй чет алып, Жети-Сууну бет алып. Жыл он эки ай болгондо. Жедигердин Толтойго, Жетип айыл конду эми, Карындашым Аккоен Адамда жок сулуудан, Тартуу кылып кол сурап, Алайын аскер ушундан», — Муну ойлонуп Чынкожо, Эр Толтойго барыптыр, Айтып кебин салыптыр. Кыз кабарын укканда, Кызыгып калды эр Толтой. Короосу менен кой айдап, Үйрү менен жылкы айдап. Өрүлүк өтмөк кылды эми, — Алыстан келди Чынкожо, Мага айыл болом деп, Айтып келдиң кызыңды, Билип кылдың ишиңди. Бар го сенин бир тектүүң, Күйгүзгөн башта ичиңди. Алыстан келдиң айлыма, Ат мингени келдиңби? Жакын конуш сен болуп, Тон кийгени келдиңби? Ат мингени сен келсең, Төрт канаттуу Каралат, Көргөн бенде жаратат. Беттешип калсаң душманга, Учуп жүрсөң асманда, Ал душманды жадатат. Муну мингин жан досум, Келген жери Каралат, Кайыптан түбү таралат. Периден башка жан минбейт, Бүтүн баары окшошот. Ошондон түштү колума, Келгенден бери колума, Ээр токум мен салып, Мингеним жок жонуна. Тон кийгени сен келсең, Алтындан кылган зор олпок, Атагы бар чоң олпок, Муну кийгин Чынкожо. Мундай айтып турду эле: Шыгайдын уулу Чынкожо: — Ат мингени келбедим, Тон кийгени келбедим, Манастын уулу Семетей, Кайындап жүргөн катынын, Алып алды колумдан, Шаатемир кызы Чачыкей, Алдырып ийип сулууну, Кайгысын тартып калыпмын, Аз келгенсип анысы, Арага киши салышы, Колума муну берсин деп, Бербеймин десем болбостон, Карындашым Аккойон, Тартып кетип калышы, Кайгыны салды ичиме, Чыдабадым ишине, Тууган издеп маана издеп, Көчүп келдим ичиңе”. Ушу кепти айтты эле. Жедигердин Толтойу, Нары ойлонуп толгонуп, Санаасында ойлонуп, Бери ойлоп толгонуп Мээсинде жоктоп ойлонуп. Масилетти чыгарды: — Манастын уулу Семетей, Акун хандай кайны бар, Ала турган ошонун, Айчүрөктөй зайыбы бар, Атасы Манас башында, Миң төөгө жүктөп чай берип, Түгөнгүс алтын зар берип, Бел куда болгон жайы бар. Акун хан шаарын чабабыз, Айдай болгон Чүрөктү, Ашкере тартып алабыз. Арстан Семетей чунакка, Артыкча кордук салабыз, Эртең менен болгондо, Элимдин баарын жыйнайын, Тар көчөгө салайын, Тамашага канайын. Кылыч чабар кылдатын, Кыдырата ылгайын. Мылтык атар мыктуусун, Айбалта чабар ыктуусун, Баарын байкап алгын, — деп. Мындайча айтып турду эми. Эртең менен болгондо, Элдин баарын жыйдырып, Тар көчөгө салдырып, Жедигердин Толтойу, Шыгайдын уулу Чынкожо, Кылыч чабар кылдатын, Мылтык атар мыктуусун, Айбалта чабар ыктуусун, Найза сайар беренин, Тили тактан чеченин, Баарын байкап алды эми, Айды катка салды эми, Ай эсебин алды эми, Күндү катка салды эми, Күн эсебин алды эми. Шыгайдын уулу Чынкожо, Толтойго качып барганда, Төрт канаттуу Каралат, Толтойдон сурап алганы, Жедигердин Толтойго, Карындаш берип сөөктөшүп, Аз келгенсип анысы, Акыреттик дос болуп, Толтойдон барып жол сурап, Он эки түмөн кол сурап, Канкордун уулу чунактан, Ала турган зайыбы бар, Акун хандай кайны бар. Кара саат канкордун, Катынын тартып алалы, Мусулман капыр журтуна, Аралап жүргүс кылалы. Ошондой деп Чынкожо, Эр Толтойду ээрчитип, Он эки түмөн кол алып, Акун хандын шаарына, Кирип бармак болду эле, Жедигердин Толтойу, Мындай айтып турду эле: — Элебей кылган доо жаман, Эңдирип ийген жоо жаман, Кабар салып баралы, Кадиксиз болуп жаналы. Акун хан жооп бербесе, Ак калаасын балкалап, Айанбай бузуп талкалап, Айыпка Чүрөк алалы. Шыгайдын уулу Чынкожо: — Макул болот, эп болот, Ушул айткан кеңешиң. Мага жаккан кеп болот. Кабарга кимдер барат деп, Кандайча киши жарайт деп, Кара тилдүү Карабай, Кайнап ичтен туйду эле, Кабарды өзүм кылам” — деп, Торала мойун айгырын, Томукка басып алды эми, Ойнотуп жөнөп калды эми. Акун хандын шаарына, Түгөнгүр жетип барды эми: — Дабыр, дабыр, дабыр таш, Дарбаза түбү темир таш, Дарбаза тоскон Карасарт, Дарбазаңды кайра тарт, Акун хандай ханыңа, Айта турган арызым бар, Сүйлөй турган сөзүм бар. Акун хандап айкырып, Айабай бекем бакырып, Кирип барды чакырып. Кебезден кылган пахтада, Алтындан кылган тактада, Жаткан экен Акун хан. Карабай доошун укканда, Ажалым менин жеттиби? Амалым эми кеттиби? Жоом кайдан келди деп, Бул жолборс кайдан жетти деп. Эки кепиш эндекей, Жалаң чапан желбегей, Чыгып келди Акун хан, Ой, Акун хан деп айтып, Ойлонуп туруп кеп айтып. Ээ, Акун хан деп айтып, Эстеп туруп кеп айтып, Жедигердин Толтойу, Жер майышкан көп колу, Жети түмөн кол болду, Жети курчап алууга, Шыгайдын уулу Чынкожо, Алты түмөн кол менен, А дагы келет жол менен, Алакандай шаарыңды, Алты курчап алууга. Айдай болгон Чүрөктү, Ашкере тартуу кылсын дейт Ашкере тартуу кылбаса, Атышар жерге чыксын дейт. Күндөй болгон Чүрөктү, Көрүнө тартуу кылсын дейт, Көрүнө тартуу кылбаса, Урушаар жообун берсин дейт. Кара сууну бурам дейт, Кайра байлап турам дейт. Короого байтал жуушатпай, Койунга бала уктатпай, Жердин жүзүн ачтырбай, Жерге эгин чачтырбай. Сасык камал кылам дейт, Күндөй болгон Чүрөктү, Бул себептүү алам, — дейт. Айткан кебин укканда, Азыр турган Акун хан, Айабай ачуу келди эми: — Карма кулду, карма деп, Кардын жарып салгын деп, Мен эр Толтойдун элинен, Эр өлтүрүп келдимби? Айдай болгон Чүрөктү, Ашкере тартуу кылгыдай, Эски доого калдымбы? Чынкожонун элинен, Жылкы тийип алдымбы? Күндөй болгон Чүрөктү, Көрүнө тартуу кылгыдай, Чыныгы доого калдымбы? Арам гана акмак кул, Арибин көр, өзүн көр, Айтып турган сөзүн көр. Эшектей кардын эшкин деп, Эшикке алып чыккын, — деп, Буйрук кылды зор ханы, Желдеттери жабылып Эшектей кардын эшерде, Эшикке чыгып кесерде, Өзү эндес кул экен, Торуала мойун айгырын, Томукка басып алды эми. Ойнотуп чыга берди эми. Чынкожого барды эле: — Айланайын Чынкожо, Төгөрөктүн төрт бурчун, Тегерете көргөнмүн, Акундун кызы Чүрөктөй, Мындай сулуу көрбөдүм. Жүзүм жесе Чүрөктүн, Жүрөгүнөн көрүнөт. Коон жесе Чүрөктүн, Колкосунан көрүнөт. Өрүк жесе Чүрөктүн, Өпкөсүнөн көрүнөт. Кашын көрсөң Чүрөктүн, Асманда жаңы айга окшош. Кабактагы сууну көр, Бетин көрсөң Чүрөктүн, Сыр чыныдай сууга окшош. Ушу кепти укканда, Шыгайдын уулу Чынкожо, Туралбады эр Кожо. Алтын боолуу ак туйгун, Алтын боосун чечти эми, Айды көздөй сызды эми. Күмүш боолуу Каралат, Күмүш боосун чечти эми, Күндү көздөй сызды эми. Асман менен булуттун, Арасына барды эми. Айланмасы алты атар, Алты атып өттү эми. Алтын ооз сур жебе, Муну тартып атты эми. Анда Акун хан ойлонуп: — Чынкожо, Толтой астынан, Уруш баштап чыкпасам, Эки дөөнү албасам. Күндөй болгон баламды, Күйгүзүп кармап бергинче, Күнүгө уруш салбасам, Күчүм келсе албасам”. Ушундай деп Акун хан, Аскерин атка мингизип, Акун хандын аскери, Алдынан тосуп урушуп. Карагай найза алышып, Как жүрөккө малышып, Маңдайлашып барышып Балталашып салышып. Карагай найза өңөрүп. Каршылашып аскерлер, Бир-бирден чыкпай жекеге, Аралашты майданда. Айбалта тийди чекеге, Акун хандын аскерден, Алтымыш тай азамат, Аттанып кетти мекеге. Эки хандын калың кол, Айрылышып калды эми. Жайнап жаткан тынч элге, Жаман бүлүк салды эми. Жаздын күнү болгондо, Жерге эгин салдырбай, Кыштын күнү болгондо, Талаадан отун алдырбай. Күздүн күнү болгондо, Куйруктуу токту жедирбей, Хан Акундун элине, Кордукту кылды мамындай. Чыдай албай Акун хан, Эки сапар беттешти Эл ортосун чектешти, Талашканы Айчүрөк, Бирин-бири кектешти. Алыстан келип жол тартып, Чынкожо алып кете албай, Ачуусу келип кырданып, Чыгарып Акун бере албай. Эки хандын калың кол, Урушуп жатты дем албай. Уруш болбойт кечке эле, Ортого түшүп кеп албай. Акун хандын баласы, Асыл тукум Ажыбай, Байдын уулу Термечик, Баш билгиси Түмөнбай, Карала аттуу Алыбек, Алардан чыгар канча кеп. Айчүрөктү чакыртып. Орто жерге алды дейт, Акун ханга кеп баштап: — Айдай болгон Чүрөктү. Берелиби деп таштап, Эр жигиттер кырылса, Эркинче бактар кыйылса, Албай койбойт окшонот, Чынкожо, Толтой бир турса. Түмөнбай кебин укканы, Түгөнүп калган Акун хан, Каңырыктап сыздады. “Карагай жаргак боосу бар, Карындашың Чүрөктүн, Арылгыс жаман доосу бар. Айбалта кылыч эгешип, Ар качан кызмат кылуучу, Ал менин менен кеңешип. Кечээ тумшуктун жолун тоскондо, Баары журттан озгондо, Коңурбай менен Жолойдун, Миң төөлүү чайын алганда, Сары колду чапканда, Санжыргалуу калчанын, Сан топосун жыйганда, Кашкардагы калдайдын, Кармап башын кескенде, Кандабай тонун чечкенде, Кароолун чаап кайтканда, Ополдун тоосун айланып, Үргөнүч көздөй басканда, Кийик атып аңуулап, Тоону басып кадуулап, Чүрөктү тапты ушунда. Ошондо келди зор Манас, Кең Үргөнүчкө ушунда, Көп дүйнөсүн айабай. Дүнүйөгө карабай, Бел куда болуп ал кеткен, Акырет кеткен чоң Манас. Аз күндөн бери сурасам, Баатыр Манас өлгөндө, Аркасында тууганы, Атадан калган мал-пулун, Камчыга ченеп бөлгөнү, Чыйырды менен Каныкей, Көбөштөн кордук көргөндө, Сарытазга бактырып, Семетейди каткан дейт. Мечиттен тапкан баланы, Эркелетип баккан дейт. Эси жок арам эки айбан, Семетей эми кандай деп, Колундагы баланы, Колкосун алып каккан дейт, Көкбөрү кылып тарткан дейт. Өлтүрдүк деп душманды, Көкүрөгүн баскан дейт. Баланы алып Сарытаздан, Каныкей байкуш бет алып, Караканга качган дейт. Темир хандын шаарына, Тентип барып баккан дейт. Жетим өсүп жетилген, Эрдиги артык кемиген, Тентек чыкты деп уктум, Манастын уулу Семетей. Темир кийген душманын, Жеңип чыкты деп уктум. Ээрди түйрүк кең курсак, Кең көкүрөк шум дагы, Желмогуз чыкты деп уктум, Калтырбай баарын мен уктум. Калган кебин дагы уктум. Жакып ханды жалмаптыр, Абыкесин аймаптыр, Көбөшүн көргө киргизип, Көкжалдыгын билгизип. Кырк чоросун кырды дейт Кырып койуп тынды дейт. Кыйыгына тийгендин, Кыйнап жанын кыйды дейт. Айтканына жетет дейт, Арактан бетер суусунга, Адамдын канын ичет дейт. Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Каапыр менен мусулман, Чогулушкан ушунда. Каныкей кургур ошондо, Шымды тартуу кылганда, Көңүлү эрип чыдабай, Касиеттүү хан Кошой, Бата берген ушуга. Каапыр менен мусулман, Батасынан бүткөн го, Бей ажал иштен ал өлбөйт, Беттешип эч ким тең келбейт. Чүрөктү берсең Толтойго, Семетей келсе эмне дейт. Айчүрөктү тартуу кылам деп Айтканыңар кандай кеп”. Акун хан баарын жемелеп, Буркан-шаркан түштү дейт. Мындай ишти мурунтан, Билбейт эле Ажыбай, Уккан эмес Түмөнбай, Байдын уулу Термечик, Карала аттуу Калыбек, Баарысы бирдей жер карап. Жаркылдап күлдү Айчүрөк, Тиши бермет ак маңдай: “Жоопту өзүм берейин. Чынкожо менен Толтойго, Жол тартпасам өлөйүн. Аларга тартуу болгуча, Капыр менен мусулман, Кыдырып журтун көрөйүн, Асмандап учуп жөнөйүн”. Айчүрөктүн учканын, Көргөн эмес билчү эмес, Учам деген кандай сөз, Баарысы калды таңданып. Айласын өзүң тапкын деп. Айчүрөккө жалбарып. Аларга айла кылууга, Айчүрөк калды камынып, Акун хандын элинде, Элчибек деген эптүү бар, Эл чогулса жыйынга, Ортого түшчү кептүү бар. Эркелеп өскөн Айчүрөк: — Элчибек акем келсин, — деп Эргип калдым эң жаман, Кеп салып мага берсин — деп. Эки келин жиберди. Бири өзүнүн келини, Бири кызы Сүйөркан. Сүйөркан барып кеп айтып: — Атакебай, — деп айтып, Эжекем Чүрөк келсин дейт, Чакырып калды, — деп айтып, Астыңа келдим чакырып, Учат окшойт эжекем, Асманды көздөй сызылып. Сүйөркан кебин укканы, Элчибек басып чыкканы. Акун хандын шаарында, Жанаша эки дарбаза, Бири кызыл, бири ак, Жанаша турчу ошол чак. Кызылда хандын өзү бар, Калкка айтчу сөзү бар, Агында Чүрөк жатуучу, Кыркы келин кыркы кыз, Сексен киши жолдошу, Тамашага батуучу, Жалаң кыздан жалчысы. Казан аскан он келин, Айчүрөккө кызматкер, Ошолордун баарысы. Элчибек келди бүгүлүп, Көргөндө Чүрөк сүйүнүп, Алдынан тосту абанын, Өзү чыгып жүгүрүп. Ээрчитип келип абасын, Ээн үйүнө киргизип, Эркин өскөн Карабек, Жаңы кийим кийгизип, Элчибек көөнүн жайлады, Жакшы тамак бергизип. — Айланайын абаке, Толтойго барып келгиниң, Пайдаңды маа тийгизип, Чынкожого айтып кел, Алардын сырын тартып кел, Жүрө бербей ал жерде, Эртеңден калбай кайтып кел. Кудай кылсын жолуң шар, Жалган жазык дебестен. Жан алуучу Толтойго, Жалганга айтар сөзүм бар, Кызыр болсун жолдошуң, Бул сапар сөздүн баарысы, Жалган болсун өзүң бил, Жиберди Чүрөк келдим де, Эрдигин Толтой билдим де. Чынкожо эрим болсун дейт, Толтой жээним болсун дейт. Үргөнүчтө туруп нетем мен, Жетисуу жерим болсун дейт. Бербеймин дейт акун хан, Кетемин дейт Айчүрөк, Жалган кепти көп айткын, Жандатып сөздү дагы айткын, Токсон күн кылсын уруксат, Тойдун камын кылайын, Токтомун угуп сен кайткын. Элчибек деген карысы, Чүрөктүн кебин укканда, Куушурулду далысы. Элчибек мындай ойлонду, Жалган кепти кылбаган, Сөзүмдүн чыкса кыйыгы, Абийиримден тайгылып, Кетемби деп намысы, Барбаймын деп айта албай, Айчүрөк көөнүн кайтарбай. Эшикке чыкты Элчибек, Толтойду көздөй жайма-жай. Турган экен эшикте, Эстүү киши Түмөнбай: — Элчи аба кайда барасың, Энтеңдей басып калыпсың, Темтеңдей басып калыпсың, Кубулуп өңүң келипсиң, Акылыңдан таныпсың, Эми кайда барасың? Бери келчи балам деп, Сага айтайын бир кепти, Карындашың Айчүрөк, Салмак болду дүмөктү, Эр Толтойго баргын дейт, Чынкожо жообун алгын дейт. Чын айтпаган асили, Жасама айтып баргын дейт. Шашып чыккан ишим бул, Бара турган кишим бул. Басып калдым камынып, Барбай койор айла жок. Бай жумшаса тартынып. Түмөнбай: — Токто аба, деп, Дагы кебиң чала деп, Айчүрөк толук айтпаптыр, Анык сырын сага деп, Алысыраак жер болсо, Ат минбей кантип барасың? Жөө элчиге сен барсаң, Чынкожо, Толтой баатырды, Жолборсту кайдан табасың? Ашыгып калсаң кокустан, Жолдошту кайдан табасың? Шеги жок кулду жайлайлы, Белди бекем байлайлы. Шек алдырбай аларга, Күн узартып туралы. Белдүү төрө Семеңе, Айтпасак деле кабарды, Айчүрөк өзү барбайбы? Чакырып келе калбайбы. Баатырдын уулу канкоруң, Беттешсе жоосун албайбы? Жеңдирип ийсе Толтойго, Жемеси жок жанбайбы. Узарталы күн санын, Кызга болжоп айларды. Кыргыздан кыраан семетей, Өктөсүнө калбайлы. Сени менен элчи аба, Мен дагы бирге барайын, Сабыр кылгын абаке, Жаман кийим табайын. Акимдикке кийинген, Ал кийимин таштады. Дайар турган аттардан, Эки жылкы тапканы. Элчибек менен Түмөнбай, Чынкожо менен Толтойго, Элчиликке басканы. Жалгыз көөлү тегирмен, Тармалсаздын сеңирден, Элчибек кары Түмөнбай, Өтүп кетти бул жерден. Атайын чыгып ыраакка, Айалдап булар тура албай, Алдында минген аттары, Айлантып башын бура албай, Айчүрөктөй сулууга, Ашкере кызмат кылсак деп, Душманга басып бел байлап, Кандай десек болор деп. Талаадан курап сөз жайлап. Чынкожо Толтой эки бек, Акун хандын шаарынан, Элчиликке келдик деп, Акун хан бизди билбеди, Айчүрөк сизге жиберди. Келген кебин угузуп, Элчибек сөзгө киргени: — Айчүрөк кайып жан эле, Өзү акылман бала эле, Карылык менен Акун хан, Мени бербей тырышкан. Байкабай туруп Акун хан Кыргын тапты уруштан. Токсон күн кылсын уруксат, Ашыгыш болсо сиз жактан, Ашыкпаса Чынкожо, Алты ай кылсын уруксат. Абдан камдап чыгам дейт, Тийчү эрим Чынкожо, Толтой менин жээним дейт. Астыңа мени жиберип, Айтчу ушул кебим дейт. Алты айга чейин ашыкпай, Уруксат мага берсин дейт. Тойдун камын кыламын, Толуктап камдап турамын. Тоодой Толтой баатырды, Жээн кылып аламын. Шамалы жок жел болбойт, Шыбыры жок кеп болбойт. Чынкожо, Толтой сындууга, Теңтуш болбой иш болбойт. Алдыңа келген ишим бул, Айтып келген сөзүм бул”. Абдан угуп Чынкожо, Алтынды, жезди айрыды, Акылда сөзүн курады, Эмне үчүн Айчүрөк, Алты ай мөөнөт сурады. Алыскы жерден эр издеп, Барар бекен кыйалы. Толкундап Толтой күүлөндү, Чынкожого сүйлөндү: “Чынкожо кебиң курусун, Кылып турган жумушуң. Өзү жүрүп эр издеп, Тийчү Чүрөк жан эмес. Айткан сөзүн бузгундай, Каранын кызы деги эмес. Тойдун камын кылам деп, Өтүнүп келсе өзүңө, Мол айтканың сөз эмес, Баштап келсе Бейжинден Кытайлардын Коңурбай, А дагы мага тең эмес. Алганы сулуу Чачыкей, Аламын деп Чүрөктү, Семетей мында келчү эмес. Бааша болсоң Чынкожо, Элчинин сөзүн кабыл кыл, Байатан айттым Чүрөктүн, Абдан уксаң жайы бул. Элчибекти жиберип, Алдыңа Чүрөк ал келсе. Өзүңдүн келип алдыңа, Уруксат алты ай бер десе, Алты ай кетиш ыраак го, Токсон күнү ырас го, Токсон күндүн ичинде, Кыйла камын кылат го. Айткан кебим мына бул, Калганын билгин, Чынкожо. Толтойдун кебин укканы, Каралды кылган Толтойдун, Кайрып кебин бузбады: — Токсон күн ырас болсун, — деп — Чынкожо айтып турганы, Түмөнбай ойлоп кеп салып: — Чынкожо, Толтой жезде деп, Бир тууганы мен элем, Карыдан абам Элчибек, Айчүрөк өзү айтпаса, Канткенде сизге келдик деп, Токсон күн десек кыскартып, Тойдун эби келбес деп. “Көрбөсөң ыраак алты айды, Берсеңиз бизге милдет деп, Камынсын сулуу Айчүрөк, Калтырбай бүтүн камын жеп, Тилегин кабыл кылаарсыз, Алты айлыкка макул деп”. Шыгайдын уулу Чынкожо: — Элчибек менен Түмөнбай, Келипсиңер алдыма, Элебей неге уруштуң. Байкабай өзүң арыңа. Алдыңа келсе кечкин деп, Хан атаңдын кунунан. Айтышат экен карыйа, Мен ыраазы бек болдум, Ушунча келдиң алдыма, Беш айдан ашып кетпесин. Алты айга күнүң жетпесин, Дүнүйөнүн кээри жок, Бүлүк салып элине, Айчүрөк камын жебесин. Ыраак көрүп алты айды, Ашыгып калды дебесин. Көңүлүмдүн кири жок, Көөдөктүгүм чын билсе. Айткан сөздүн кеми жок, Арстандыгым ал билсе, Беш айдын жүзү болгондо, Алтын калаа шаарына, Аскерим чубап ал кирсин. Отуз келин, отуз кыз, Алдымдан тоссун элбиреп. Баатыр жездем келет деп, Кыздар кылса кызматты, Жыргатамын баарысын. Вазир кылып көтөрөм, Элчиге келген мына бу, Элчибек абам карысын. Көөнүн ачып кош кылам, Күлдү журттун баарысын, Май агызам калаадан, Сүт агызам бир жактан, Түндүктөн айды көрсөтөм, Түтүктөн сууну ичиртип, Той жарагын мен камдап, Түгөнгүс алтын зар камдап, Өлүп кетсем арман жок, Айчүрөктү чын кармап. Жанып барып элиңе, Жакшылык камын кылып бак. Түмөнбай кай иним келипсиң, Түбөлүгүн көрүпсүң. Чоң түйшүктү билипсиң. Оң келген ишиң сен экен, Чүрөк колго тийгенде, Төрт канаттуу Каралат, Такымыңа илипсиң, Баатырлар минчү тулпарды, Баса токуп минипсиң, Канчалык душман келсе да, Качпай турган колуң бар. Майышпай туруп эр сайчу, Баатыр Толтой зоруң бар. Чынкожонун сөзү бул, Айчүрөккө айтып бар”. Чынкожо кеби бүттү эми, Күн болжолу эсеби, Төрт айдан ашып кетти эми. Түмөнбайды ээрчитип, Элчибек кайра кетти эми. Элчибек келди анталап, Ашыгып айтып Чүрөккө, Баштан айак сөз баштап: — Бардым балам Чүрөгүм, Айдан ашык келтирдик, Мөөнөт күндүн сүрөбүн, Чынкожо кеби мына бу, «Айчүрөк сени алганда, Мени вазир кылам дейт, Жетисуунун элинде, Баашалык кылып турам дейт. Төрт канаттуу Карала ат, Түмөнбайга берем дейт. Селкинчек тээп ойноорго, Жибектен аркан керем дейт. Беш айга камы бүтпөсө, Алтын шаар калаага, Аскер менен кирем дейт”. Кылып келген ишим бу, Угуп келген кебим бу, Анда Чүрөк муну айтып, Агартып тишин кылайтып: — Чынкожо күйөө болгондо, Ханга вазири болдум деп, Калдыңбы аба тойунуп. Ишенгенден жибердим, Айткан сөзүн туйунуп, Анда такыр айла жок, Аллам койсо буйуруп, Алыскы жерге барамбы, Азаптан качпай бой уруп, Чынкожо колду жайласам, Толтойдун колун байласам, Чыны вазир болосуң, Как ошондо сен абам, Күн чыгышта Бейжинде, Күллүү кытай элине, Күн батышта Испанга, Түрк уулу кыргыз баатырга, Орто Азийа, Түркстан, Аралаймын баарысын, Алптарын сынап жактырып, Алып келем баарысын. Алып берем колуңа, Как ошондо намысың, Элине батпай ар кимге, Түтүн такап жан сактап, Чынкожо жайы мына бул. Толтой мага тең болбойт, Аккойондон өтүнүп, Ал Толтой мага эр болбойт. Келип калса бул жерге, Арстандын уулу Семетей, Адам уулу тең болбойт. Абаке киши укпасын, Талаага сөзүм чыкпасын. Айтып сөзүн бүтүрүп, Асылдан берип бар кийимин, Элчибекти кетирип. Алыскы жерди самаган, Кара бетти карасаң, Кыздардын баарын чакыртып Келиндин баарын келтирип, Акыл насаат кеп айтып, Мунун баарын бекитип. Айчүрөк айтты мындай кеп: — Айчүрөк мында барбы деп, Чакырып калса хан атам. Көрбөдүк деп айтыңар, Кай кеткенин билбедик, Көптөн бери көрбөдүк, Мындан башка кеп кылба, Сөз кылба да унчукпа. Калыйманга айтканы, Кеткенимде ыраакка, Шек албасын бир киши. Калыйман жакын сиңдиси, Кыздардан чыккан билгичи, Калыйманды ордуна, Алтын такка мингизди, Акундун кызы Айчүрөк, Кайыптыгын билгизди. Дааналыгы көрүндү, Аккуу кебин кийинди, Бир кудайга сыйынды, Айат окуп курандан, Алласына жалынды. Жакасын муунта бек кармап, Учууга Чүрөк камынды. Канатын күнгө каккылап, Куйругун жерге чапкылап, Күндөй нуру жалтылдап., Көтөрүлдү чоң ак куу. Асманды көздөй калкылдап. Акундун учуп шаарынан Асманга жакын барганда, Булуттун чыкты үстүнө, Саамай чачын сыдырып, Аскарлуу тоону кыдырып, Бир кудайга сыйынып, Күн чыгыш көздөй бет алып, Ойлоду муну эске алып, Кытайды көздөй чет алып. Бир жагынан учса да, Бир жагынан ойлоду: Багыштын уулу эр Толтой, Башында барган кытайга, Азапты кыйла тарттырган. Калмак менен кытайга. Кеги бар Толтой шерде деп, Эң алдында барайын, Хан Коңурбай эрге деп. Аскалуу бийик Алатоо, Ортосунда коосу жок. Баары тегиз бирдей тоо, Асманда келет калкылдап, Алдынкы жерден көрүндү, Кызыл мунар жалтылдап. Ушул белем Бейжин деп, Ылдыйлап түштү жакындап. Кызыл мизден жасалган, Көөнөрүп сырын дат алган, Салтанаттуу ордо экен. Ал ордонун оозунда, Дамбал кийбей жылаңач, Өзү калмак молдо экен. Кытай эмес калмак деп, Мында туруш кандай деп, Өзү молдо Айчүрөк, Дүнүйөнүн баарысын, Билип турат ал Чүрөк. “Адашып жолдон калыпмын, Лахасанын шаары», — деп Жана айланды Айчүрөк, Көзүнөн жашы дыбырап, Күн багыт көздөй бет алып, Тептегиз тоону кыдырат. Ар жагы деңиз жээги жок, Алыс учуп бендеси, Өтүп кетер жери жок. Балык кармап көп жүрөт, Ар бир жерде топ-топ жан. Шамал жакка айланып, Кыдырып учту Айчүрөк. Келе жатса асманда, Сурча жылкы көп жүрөт. Катын кыздан кеп уккан, Эр Семетей жылкысы, Кара буурул деп уккан. Кыз-келинден кеп уккан, Эр Семетей жылкысы, Кызыл буурул деп уккан. Жылкыга учуп жетем деп, Асманда келет энтеңдеп. Күн ысыкта шалпылдап, Куйругунан чаң чыгып, Көрүнбөй көзгө закымдап, Келип калды ошондо, Бир күзгүдөй шаарга жакындап. Хан Манастын сарайы, Бүтүн сырдан деди эле. Сырдын нуру күзгүдөй, Көрүндү белем мага деп. Ылдыйлап түшүп ушуга, Барайынчы жана деп. Булуттун түштү алдына, Узата салган чоң ордо, Узунга кеткен кең көчө, Айран болду ал Чүрөк, Ошол шаарды көргөндө. Жолборс менен шерлерден, Айбандан чыккан эрлерден, Айкелин таштан катырган. Там бойлотуп жаткырган, Кээ бирөөнү карасаң, Төрт айактап бастырган, Күйгүзгөн топо очокко, Алтындан казан астырган. Аралап кирсе шаарга Акыл кетип аздыккан. Алгандай эмес көрүндү. Ага чыкса кас душман. Чоң кылычтар ийилген, Чоң мылтыктар билинген. Сейрегирээк багы бар, Көркөм сулуу тигилген. Бийик салган тамы бар, Тегерете айлантып. Токтотуп койгон көлү бар, Асманда жүрүп азгашып, Бейжинге келген чени бар. Жасалма айбан шерлери, Эмгичекти дагы бар. Инсанга керек болуучу, Жок нерсе мында табылаар. Издегени баатыр шер, Өтүп кеткен чагы бар. Эгизден көргөн байагы, Ээн жылкы кабылар. Баары сурча бурулуп, Жүрүптүр сууга чубуруп. Асманда Чүрөк муну ойлоп, Семетей таппай муну ойлоп, “Кечээ атасы Манас өлгөндө, Абыке, Көбөш агасы, Атадан калган дүйнөсүн, Камчыга ченеп бөлгөндө, Айгырын сурдан салганбы, Буурулдан башка бурулуп, Сурап болуп калганбы? Же болбосо канча күн, Менин уккан кебим жалганбы?” Тиктеп көзүн айырбай, Жылкыга жакын барганы, Жылкыга келген кези экен, Алп Коңурбай балбаны, Бейжинде бектин зардалы, Белдүү калча балбаны. Тору айгырдын жалындай, Аркасында айдары. Тартылуу жондо калканы, Катылышкан жоо болсо, Чыккындай анын талканы. Көзү көлдүн буткулдай, Көрүнгөндү жуткудай. Көрүнөт өзгө түгөнгүр, Бүкүлү тоо жылгандай. Мурду тоонун кыр таштай, Муруту чөлдүн камыштай, Кабагы кашат жабындай, Сакалы саадак кабындай. Көзү аскардын жалындай, Жакшы чыккан муруту, Чоң балтанын сабындай, Бүткөн бойу мунардай, Колу буту чынардай. Маңдайына калчанын, Чыдап бенде тура албай, Чоңдугу төөнүн нарындай, Толкуну көлдүн шарындай. Салкыны сырттын желиндей, Салышчу душман жоо болсо, Киргендей ага эринбей. Садага барча бычактай, Жыгачтан түркүн илинген, Айдарлуу баатыр эр Коңур, Алптыгы анын билинген. Чок табылгы жайлаган, Жоо дегенде шайланган. Жайы-кышы Кара атты, Кадага асып байлаган. Каканга келген жоо болсо, Кара жерди майлаган, Кыйын чыккан бул калча, Кызыл чок кытай журтуна, Очогор мылтык асынып, Ок өтпөс олпок жамынып. Жылкыга келген кези экен, Колунда найза солкулдап. Жанында кылыч жаркылдап, Алаңкер жаа сур жебе, Оң жагында жалтылдап, Башында чакан бөркү бар, Жаркыны күнгө тартылат, Башында жабар дөңсөө таш, Падышадан башкага, Баркы болбой курган таш. Көзү көрдү Чүрөктү, Азыркысы башы жаш. Сакалы аппак болуптур, Жетимишке калчанын, Жетип жашы толуптур. Оң далысы кең экен, Ойротту бузар неме экен, Соолуп калган түгөнгүр, Каапырлыгы болбосо, Тийип алчу неме экен, Ошону баштап барамбы, Толтойдун өчүн алсамбы, Чынкожо баштап барсамбы, Чындап кыргын салсамбы, Чыныгы өчүм алсамбы? Кең Бейжинди жердеген, Алп Коңурбай эр экен. “Качып барып кара бет, Каапырга тийди дээр бекен”. Мындан өтүп жөнөйүн, Издегеним Семетей, Кабыл кылган кудайым, Аны да барып көрөйүн, Шамалды көздөй чет алып, Күн батыш көздөй бет алып, Көктү көздөй айланып, Көөнүндө Чүрөк жайланып, Шайаңдын өттү үстүнөн. Бүтүн калмак байлары, Түгөл жатат жайлары. Адамдын көзүн талдырат, Жайнап жаткан малдары. Күн батыш көздөй ыңгайлап, Алтайды көздөй айланды. Алтай менен айланып, Ар жагы менен учуптур, Алматынын ойунда, Аккан суунун бойунда. Музбурчактын Аккуба, Келген экен ойунга, Ит агытып куш салып, Ителгисин кукулап, Асмандан Чүрөк көрүптүр Кандай жүргөн киши деп, Көңүлүн ага бөлүптүр. Абдан Чүрөк байкаса, Тотугуп өңү боло элек, Он бешке жашы толо элек, Ойноо бала секелек, Балалык кыйал кете элек. Оң далысы кең экен, Оролуна келгенде, Ойротту бузар неме экен. Азыр күчү толо элек, Эр сайышып жекеден, Эңишер чагы боло элек. Сол далысы кең экен, Зоңкойуп бойу жетилсе, Солду бузар эр экен. Балалыгы болбосо, Тийип алчу неме экен. «Баш бербей барып кара бет, Балага тийди дээр бекен». Балалык айып ага койуп, Башын буруп толгонуп, Алматыдан кайра учуп, Асмандан келе жатканда, Жетөгүздүн ойунда, Ысыккөлдүн бойунда, Ак калпак кыргыз тобунда, Кезигип калды Айчүрөк, Кулэтендин Агышка. Токсонго жашы толуптур, Бырыш басып чекесин, Өпкөдөй өңү соолуптур. Карыса да эр Агыш, Короонун чыгып четине, Олтурган экен дөбөнүн, Оңолбогур бетинде. Кууш айак кең көөдөн, Мындайды Чүрөк көрбөгөн. Калдайдын уулу капырдан, Хан Коңурбай баатырдан, Алда канча өйдө экен, Кийгени жибек торко экен, Кебетеси турушу. Адамдан чыккан зор экен. Токсонго жашы чыкса да, Эңкейип далы кетпеген, Кетпеген саба кептенген, Эр мүчөлүү эме экен. Көкөтөйдүн ашында, Манжулардын Нескара, Чыгары мунун эп экен. Баштап барсам Агышты, Балакет Толтой, Чынкожо. Ийинге сийер эр экен. «Ары жок Чүрөк кара бет, Эр табылбай бендеден, Аппак сакал кызыл көз, Карыга тийди дээр бекен. Издегеним Семетей, Таппай туруп ошону, Менин эр сынашым оң бекен, Мен ымыркай жаш чакта, Ал Семетей жок чакта, Атам Акун айкөл шер, Бирин бири сүйүшүп, Жок балага күйүшүп, Кудалашкан кеп экен. Мен кара бет Чүрөктүн, Маңдайымда шор экен. Баатырдын уулу жалгызды, Суу ичинде жалбызды, Табышым менин эп экен. Ойлогонум ар кимди, Обу жок бекер кеп экен». Муну ойлоп Айчүрөк, Мындан кайтып учту эле, Асман ылдый сыдырып, Алатоо бойлоп кыдырып, Анжийан менен Ташкенди. Аралап учуп бул кыркып, Карабуура Чаткалды, Кайра айланып чыкты эле, Асманда жүрүп ой бойлоп, Ар күнү көп ойлоп, Семетейди таба албай, Тентип жүрөт бой-бойлоп. Тунарык тартып көрүнүп, Тумандын чети сөгүлүп. Ак чуудаң тартып көрүнүп, Асмандын чети сөгүлүп. Алласына сыйынып, Айчүрөк жашы төгүлүп. Ак булуттун ичинде, Абайлап байкап турду эле. Башы ашуу, чети төр, Ишенбесең калайык, Эми издеп барып көр, Өзөнгө бүткөн сазын көр, Өрдөгүн көр, казын көр, Суу бойлоп бүткөн сазын көр. Суучулдук менен казын көр. Кайың талы аралаш, Баарысы өнгөн чамалаш, Табылгы менен шылбысы, Ыргай менен кожогат, Четин менен сөксөөлү, Аралашып бир чыгат. Төө куйрук арча чамалаш, Койгондой кошуп аралаш, Жапа өрүк жийдеси, Алууча жаңгак мистеси, Кызылчасы кыйырында, Кыйын көрдү бул жерди, Кыз Чүрөк сулуу чынында, Тескейинин баарысы, Жайкалган шибер ыраңы, Тоо бөксөдөн өткөндө, Карагай толкуп буралды. Үч күндүк жерге угулуп, Сайраган булбул чуулары. Кайберен койдой жайылган, Кай жерден келип жыйылган, Кыйан жеген кемерке, Жемиштин баары тыгылган, Кыйын көрдү бул жерди, Бүткүл дүйнө кылымдан, Төрткөлдүн төмөн жагында, Төрөмдүн тиккен багында, Баркөлдүн маңдай жагында, Бакайдын салган тамында, Кайнардын кара көзүндө, Как чынардын өзүндө, Кеңколдун чаты кошууда, Тигилүү сарай ушунда. Аппак болгон ак сарай, Абдан көрүп алды эми, Асмандага Айчүрөк, Издеп келген Семеңди, Ошол жерден тапты эле. Акун хандын шаарына, Чынкожо Толтой барганда, Тышка киши чыгарбай, Камап шаарды алганда. Элчибекти жиберди. Айттырып сөздү жалганга. Уруксаат сурап Айчүрөк, Беш ай мезгил алганга. Тартууга кармап берет деп, Качып келген жар издеп, Семетейди ал издеп. Семеңди көрүп алды эми, Жердеген жери Талас деп, Атасы Манас баатырдын, Уккан экен укмуштан. Баатыр Манас өлгөндө, Эл чогулуп жыйылып, Алып барып көмгөндө, Мекеден келген беш ажы, Кетмен менен ойдуруп, Үйүнүн ичин кең кылып, Алты күнү эрикпей, Казмак кылып ойдуруп, Жер көөлөтүп койдуруп, Ак саргыл бээни сойдуруп, Кызыл тилла чачтырып, Кыйамат жолун ачтырып. Дооранга беш жүз сур байлап Баарын бирдей кур байлап, Бакайга башын карматып, Баары журтун жардатып, Сарамжалын бүт кылып, Жуугандарга баарсын, Он бештен кийим жыш кылып. Элди айран калтырып, Ат чаптырып чаңдатып. Ак куланы алпарып, Арстанга атап чалдырып, Ооз омуртка айдарын, Сарайына султандын, Босогого бастырып, Миң жамбы менен бүттү деп, Күмбөзүнө жаздырып, Ойлонуп Каныш олтуруп, Жума күнү койдуруп,. Акундун кызы Айчүрөк, Карылардан көп уккан, Катында болсо Каныкей, Катуу кызмат кылды деп. Хандын кызы Айчүрөк Ак сакалдан кеп уккан, Зайып да болсо Каныкей, Салттуу кызмат кылды деп, Койонаалы баланы, Кабарчыга жиберип, Үртүк чаап ат берип, Мөөр басып кат берип. Анжийандын астында, Намангендин үстүндө, Кызыл арстан молдого, Кыйаматтык дос экен. Койонаалы баланы, Кабарчы кылып жиберип, Кең Кашкардын нар жагы, Кебезтоонун бер жагы, Чоңөзөндүн белинен, Килботосун чалдырган, Жиберип киши атайы, Нарга жүктөп алдырып, Төрө Манас сарайын, Даңаза кылып салдырып. Эр Семетей баатырдын, Атасынын сарайын, Кылботодон бек салган. Кишинин баары өлгүчө, Жети кылым өткүчө, Турар бекен деп салган. Арстан Семей баатырдын, Атасынын сарайын, Ак чокудан бек салган. Адамдын баары өлгөнчө, Алты кылым өткүчө, Турар бекен деп салган. Сарайын жакшы салдырып, Ошондо көргөн эрендер, Даңазага калтырып. Андан мурун сарай жок, Акундун кызы Айчүрөк. Уккан экен укмуштан. “Сарайы болсо ушу деп, Талас болсо ушу деп, Асмандан көрүп Айчүрөк, Кайнатам Манас баатырдын, Үстүнөн учуп бек болуп, Арбагына чет болуп, Кантип учум өтөм” — дейт. Ала-Тоо башын айланып, Ар жагы менен учту эми, Алмалуу булак Шумкарташ, Ашып учуп түштү эми. Төркөлдүн төмөн жагында, Төрөмдүн тиккен багында, Кайнардын кара көзүндө, Кан чынардын өзүндө. Өзөндүү булак сазында, Өрдөк менен каз аңдып, Кең Таластын бойунда, Алакөлдүн ойунда. Жүргөн экен Семетей. Андан алып илдирип, Мындан алып илдирип, Тынчтык бербей кайыпка, Илбесинди бүлдүрүп, Буурул ат белин ийиптир, Каз өрдөктү көп алып, Канатын жерге чийилтип, Ит агытып куш салып, Илбесинди көп алып. Эки чоро ээрчитип, Жаш кулундай телчитип, Жүргөн экен Семетей. Эрикпеген эр жигит, Жолдошу көп немедей, Жүз кишиге кенебей. Акундун кызы Айчүрөк, Асманда туруп сынады, Манастын улу Семетей, Бастырат экен ишенип, Эрдигинен кенебей. Чынкожо менен Толтойдон, Барып кегим алабы? Буда кандай неме деп, Тиктеп турду Айчүрөк, Оң далысы кең экен, Ойротту бузар эр экен. Сол далысы кең экен, Солду бузар эр экен. Издебей турган шер бекен, Тийбей турган эр бекен? Кең көкүрөк, сом далы, Келе жаткан Семетей. Туруп душман бет албас, Бул замандын балбаны. Жанындагы балдары, Туткандын чыгар далдалы, Ажыдаардай түрү бар. Арстандай сүрү бар, Көмүрдөй кара көзү бар, Өткүр болчу өзү бар. Он сегиз менен он тогуз, Ортосунда жашы бар, Ханга ылайык каш бар, Байга ылайык башы бар, Байкап турат алыстан, Балбан болчу кейпи бар, Калың элди башкарып, Сардар болчу кейпи бар, Жылдыздай көзү жалтылдап, Минген аты Буурул кылкылдап, Семетейди көргөндө, Тер агып бойдон чыпылдап. Нурланып жүзү айдарлуу, Асманда жүрүп Айчүрөк, Тегеренип айланып. Бар сайманы күмүштөн, Башын тартпай ар иштен. Жанына кылыч байлаган, Жандашса жоону жайлаган. Белине балта байлаган, Беттешкен жоону жайлаган. Асаба бар колунда, Калканы бар жонунда. Чарайна белде тартылуу, Ийинде туулга артылуу. Кисепчеси сары жез, Семетейге болду кез. Аты да бар бир тоодой, Атышканды куткарбай. Анча-мынча адамды, Ат, тону менен жуткундай. Өзү да бар бир тоодой, Өчөшкөнүн куткарбай. Өжөрлөнсө кишинин, Өзүн бүтүн жуткундай. Кыл мурутун чыйратып, Кулагына салыптыр. Эки бала ээрчитип, Эл кыдырып жүрүптүр. Ит агытып куш салып, Жер кыдырып жүрүптүр. Үстүндө кийген ак күбө, Өз бойуна чак күбө. Кыргагын алтын чордогон, Жибек менен тордогон. Тийишкен бенде оңбогон, Алты атар огун сологон. Акыректе кош калта, Жети атар огун сологон, Желкесинде беш калта, Бадана тон кийинген, Бир кудайга сыйынган. Баладан мындай көргөн жок, Кара башта кыйындан, Чыкса чыгып калгандыр, Жер жүзүндө кылымдан. Нурланып беттен кан тамган, Күмүштөн кемер курчанган, Күндөй бетин нур чалган, Алтындан кемер курчанган, Аксаргыл тартып нурланган. Арстан туулган бала экен, Алышкан жоосу муң канган, Абайласа түгөнгүр, Акылы менен журт алган. Кабаттап темир тон кийген, Кызылдан Буурул ат минген, Кыл куйругун шарт түйгөн, Агарып тиши кашкайган. Айчүрөк карайт маңдайда, Такалып сөзгө илинбейт, Шамал чыгат таңдайдан, Бет алса душман чекеге, Чыккандай жалгыз жекеге. Аны менен кездешкен. Кеткидей узап мекеге, Үстүндө кийген буулумдун, Үпчүлүгү бир тогуз, Атадан калган ак олпок, Топчулугу бир тогуз. Толкуну көлдүн шарындай, Көзү көөрүк жалындай. Жер жаанды кыдырса, Мындай бенде табылбай. Орто бойлуу кара көз, Семетейге болду кез. Тегерек бойлуу кызыл көз, Айчүрөк болду буга кез, Колуна камчы кармаган, Кол салышкан душмандан, Коркуп кайра жанбаган, Кокустан келип тийишкен, Кордук көрбөй калбаган, Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган, Жолборстон алган мүнөзү, Жолборсу Манас баатырдан Ошондон калган мүнөзү. Түгөнгүрдү карасаң, Түшүнө кирсе коркот жан, Кармагандан кан чыккан, Карагандан жан чыккан, Баатырдык эмей неткени, Бала кезден ал чыккан, Барып кирген көрүнө, Байкабай буга кас чыккан, Бала толду сынына, Астындагы Буурул ат, Чабына батпай суурулат. Алты ай минсе арыбас, Алтымыш асый болгуча, Азуусун сөйкөп карыбас. Кулжа көөдөн тайган төш, Жети айга минсе чаалыкпас. Айбандан асыл мал экен, Арстандын калып оорагы, Арбак кончу жан экен. Жанындагы Гүлчоро, Чоро аты болбосо, Төрөсү Семей баатырдын, Төрт эли өйдө бала экен. Кол салышкан душманга, Козголбос жайы бар экен. Өчөшкөнүн соо койбой, Өлтүрчү неме экен. Ырайым шапкат андан жок, Ырасын айтса ушул кеп, Канчорону карады, Карабай Чүрөк калбады, Балбандыгы көрүнүп, Көөнүмө бу да жарады. Абдан байкап турду эми, Ат, тону менен Семеңди, Жолдошу чоро эрлерди, Буурул ат үч адам, Төртөө тең сынга толду эми. Бала жолборс Семетей, Бастырып үйгө келди эми. Кермесине ат толуп, Эл каганаттап калыптыр. Өйүз-бүйүз эки ордо, Көрүнө тигип салыптыр. Маңдай жагы боз секи, Барып түштү Айчүрөк: “Эр Семетей баатырдын, Келбетин кантип көрөм деп, Канкордун уулу чунакка, Кабарды кантип берем деп, Кайтып барсам шаарга, Чынкожодон өлөм деп, Муңдашпай мындан кеткенде, Толтойдон кордук көрөм деп, Мага эже болучу, Эрке катын Чачыкей, Жайын билсем” — деп ойлоп, Карап турду Айчүрөк. Бешим маалы болгондо, Эрке катын Чачыкей, Ордодон чыкты маңкайып, Ак кулжадай даңкайып, Эки жагын каранып, Карчыгадай таранып, Кызгалдактай кылактап, Асталай басып булактап. Көк кепиш бутта кыйчылдап, Көрөгөч көзү жылтылдап, Басып чыкты суйкайып, Элечек башта койкойуп. Алтындан кылган чоң сөйкө, Акыректе жаркылдап. Шурудан таккан чач мончок, Майсооруда шаркылдап. Серүүн булак бакчага, Басып барды Чачыкей, Жеңин жерге сүйрөгөн, Желбегей басып үйрөнгөн, Алтынга бойун шыбаган, Талдай бели буралган, Чачыкейди Айчүрөк, Көрүп туруп кубанган, Эр Семетей баатырдын, Мурунку зайыбы ушу деп, Өзү ургаачы эмеспи, Азыр муңумду айтайын, Акылдашып эжеме, Андан кийин кайтайын, Он бештеги кыз болуп, Оолжуй басып барды эле Пери кызындай көрүндү, Чачыкей көрдү Чүрөктү, Жүрөгү кетти кабынан, Билеги кетти сабынан, Ырп этерге алы жок, Айласы кетти абыдан. Акундун кызы Айчүрөк, Арка чачын булайтып, Ак тамагын кылайтып, Астына келип муну айтып. Басып келди жанына: — Шаатемир кызы Чачыкей, Эжеке аман-эсен жүрдүңбү? Эрмекке бала сүйдүңбү? Эсен-аман жүрдүңбү? Эркек бала сүйдүңбү? Карагай найза жыйышып, Шыгайдын уулу Чынкожо, Багыштан баатыр эр Толтой, Хан Семетей баатырга, Чындап жаман тийишип, Арага элчи салышып, Акылдашып алышып, Асманда мунар боз болуп, Жедигердин Толтойго, Катын берип дос болуп, Толтойдон барып жол сурап, Он эки түмөн кол сурап Шаарымды сабады, Жайы-кышы камады. Жазда эгин салдырбай, Күздө аштык алдырбай, Куйруктуу токту жедирбей, Элимди муңдуу кылганда, Айчүрөк тартуу бергин деп, Акунду камап турганда, Качып келдим аркалап. Чымындай жаным калкалап. Калаамды бузду талкалап. Качып келдим аркалап, Кара жаным калкалап. Эр Семетей баатырың, Элди бузган жакырың, Ардануучу балабы? Аташканы Айчүрөк, Талашып барып алабы? Же Толтойго бузук салабы? Толгонуп келген Чүрөктү, Тобунан сууруп алабы? Же кылган иши чалабы? Тарттырып ийип Чүрөктү, Талаада өзү калабы? Намысы жок балабы, Сулуу кызды алууга, Жок бекен анын талабы? Күнү болуп калат деп, Күйүткө мени салат деп, Күйөөмдү сурап жатат деп, Көңүлүңө албагын. Ак ордоңду оңдойун, Көчкөндө төөң комдойун, Жалган айтсам оңбойун, Кырк жылы кызмат кылайын, Кырк жылда карып өлөрсүң, Кыйамат жүзүн көрөрсүң.. Арка чачын булайтып, Ак жүздөрүн кылайтып, Карап койуп кубарып, Чачыкей турду муну айтып: — Кызылды кийген тоңорбу? Кызда сендей болорбу? Атасынын төрүндө, Эр издеген оңорбу? Күлгүндү кийген тоңорбу? Жашта сендей болорбу? Атасынын төрүндө, Күйөө издеген оңорбу? Тийерине эр таппай, Сийерине жер таппай, Эр албаган эси күң,, Кашка таман кески күң, Чачың куудай болгуча, Тишиң буудай болгуча, Акун хандын төрүндө, Көп олтуруп зак болгон, Саамайың куудан ак болгон, Сенин жайың укканмын, Керүүгө казан аскан күң,, Кербенчи жолун тоскон күң, Жолго казан аскан күң, Жолоочу жолун тоскон күң,. Сени төрөм албай деп, Сени алып нетет деп, Не мураска жетет деп, Алты айчалык Үргөнүчтөн, Арсыздан бетер түн катып, Атка минбей жөө басып, Атаңдай болгон төрөмө, Эр үчүн келдиң түн катып, Жети айчалык Үргөнүчтөн, Желдеттен бетер түн катып, Энеңдей болгон биздерге. Эр үчүн келдиң үн катып. Энең укса тыйбайбы? Элиң элик кылбайбы? Атаң укса тыйбайбы, Айлың элик кылбайбы? Аташканы Чачыкей. Сулуулугу сымбаты, Арзан менен кымбаты, Чүрөк сенден кем бекен? Эр Семетей баатырды, Издеп тийди дээр бекен, Анда киши салгыдай, Арачы киши мен бекен? Эр Семетей баатырың, Сени алчу неме эмес, Аташканы Чачыкей, Айчүрөк, сенден кем эмес. Атай көтөк ит уксун, Кабыргада бит уксун, Кайта басты кагынып, Буулумдан кылган чоң ичик, Буластата жамынып, Акундун кызы айчүрөк, Уйалгандан өлбөдү, Өлүп жерге кирбеди. Өлбөй тирүү калбады, Таманын жерден тарталбай, Көзүнүн жашын арта албай. Күнүлүгү билинип, Туруп калды шалпайып, Эрке катын Чачыкей, Эшиктен кирди эңкейип, Үйгө кирди үшкүрүп. Таза чыккан Чачыкей, Жаман болду бузулуп. Мага кесел тийди деп, Эрке катын чачыкей, Аңкоосуп айтты озунуп, Төшөк сал деп жаткырып, Эр Семетей баатырың, Сары улакты алдырып, Садагасын кактырып, Өпкөсүн алып чаптырып. Эл чогулуп дүрбөдү, Чачыкейден башка адам, Айчүрөктү көрбөдү, Ал аңгыча болбоду, Гүлчоро менен Канчоро, Кеңколдун башы көлмөдө, Жаткан экен жылкыда. Эр Семетей баатырдын, Амандыгын билем деп. Амандашып келем деп, Эсендигин билсек деп, Учурашып кетсек деп, Салам айтып жарк этип, Күлүп балдар шарк этип. Семетейдин үйүнө, Кирип келди шаңк этип. Кырданып жаткан канкоруң, Жанынан тойгон анткоруң, Эр Семетей баатырың, Эргип туруп муну айтып: Чубактын уулу Канчоро, Алмамбет уулу Гүлчоро, Атамдан калган Акшумкар, Этине келген чагы бар, Сала турган табы бар, Эркин жатып көлдөрдө, Өрдөк менен каздардын, Эби келген чагы экен. Эртең Таласты бойлоп куш салам, Бүгүндөн калбай кайтып бар, Кабарды катуу салып бар, Жылкычыга айтып бар. Атамдан калган Көкбуудан, Аткан октой кутурган. Көөнүң Чоро таптап мин. Көөнүң Чоро байлап мин, Эртеңден калбай эрте кел, Эки тулпар минип кел, Эртең келсе Гүлчоро, Кара жол менен чабарсың, Кара суудан табарсың. Эртеңден калбай эрте кел, Эрте туруп сар кел”. Баатыр семең айтты эле, Байкап уккан Гүлчоро, Жылкыны көздөй кайтты эле. Күүгүм кире күн бата, Элдин баары жуп жата, Алтындан кылган такага, Мамыктан кылган пахтага, Семетей менен Чачыкей, Айкалышып жатты эле, Аркар менен кулжадай, Бото менен ингендей, Мойун алышып жатты эле. Тараза жылдыз батканда, Таң агарып атканда, Эрке катын Чачыкей, Ордунан турду оолжуп, Айчүрөктөн коопсуп, Кечээ көргөн Айчүрөк, Кетти бекен ордунан, Же турат бекен ордунда? Муну ойлоп Чачыкей, Басып барды шартылдап, Алтындан кылган чоң сөйкө, Акыректе жаркылдап. Акундун кызы Айчүрөк, Турган экен ордунда, Арка чачын булайтып Ак тамагын кылайтып. Тосуп чыкты муну айтып, Тозокту салчу ичине, Толуп жаткан муңду айтып: — Айланайын эжеке, Маани жайым айтайын, Кабар салып кайтайын. Эр семетей баатырың, Тайбуурул атын минеби? Жоодон коркпос эр болсо, Чүрөктүн жайын билеби? Чынкожо менен Толтойдон, Айчүрөк тартып алабы? Айчүрөк берип Толтойго, Таласта жатып алабы? Же намысы жок балабы? Айтчы эжеке кебиңди, Таппайсыңбы эбимди? — Айчүрөк муну айтканда, Эрке катын Чачыкей, Акылынан шашканда. Кармап алды билектен, — Жүз кубулган кара бет, Калпты таап келгениң, Башынан көргөн жер беле, Же көз байлоочу сер беле? Шайтандан келген элчиби, Койнунда турган күйөөсүн, Өлбөй туруп берчүбү? Сени үйгө сүйрөп барайын, Үй кызматка салайын, — Деп, Чачыкей зиркилдеп. Акундун кызы Айчүрөк, Мындай арип ким билет? Коргошундай көйкөлүп Колдон чыкты Айчүрөк, Ичиндеги бар кебин, Козгоп чыкты Айчүрөк: — Эрке катын Чачыкей, Эр Семетей баатырды, Көргөнүң бүгүн түн болор Кабыл болсо тилегим, Сага көрсөткөн киши ким болор, Кайберен чилтен кеп айткан. Ушу бүгүн Семетей, Кең Таластын ойуна, Ашмуранын бойуна, Акшумкар салат деп айткан, Үйдө калса сеники, Кудай таала буйурса. Талаага чыкса меники. Кара жолдун бойунда, Бир көрүүгө сонунда, Ак була болуп болуп буралып, Алты түрдүү кубулуп. Үч көрүнүп көзүнө, Сыр көрсөтүп өзүнө, Жолунда жатып калбасам, Була деп буруп алганда, Канжыгага чалганда, Колундагы шумкарын, Эбин таап албасам. Акшумкар издеп аңыртып, Азапка башын салбасам. Андан айла болбосо, Кара суунун көлчөктөн, Туура кечип өткөндө, Ак балыктай кылтылдап, Алтындай болуп жылтылдап, Үч көрүнүп көзүнө, Сыр көрүнүп өзүнө, Кылкылдап ойун салбасам. Балык деп басып алганда, Канжыгага чалганда, Колдон шумкар албасам, Боосунан мыктап кармасам, Элине бүлүк салбасам, Эр Семетей баатырды, Элиртип кетип калбасам. Андан айла болбосо, Өрдөк көлдөн өткөндө, Эр Семетей баатырың, Куш салаар маалы кеткенде, Жекендүү көлдүн жээгинде, Кошулган камыш тээгине, Шабырлуу көлдүн чатында, Аккуу болуп жатпасам, Башымды көлгө малбасам, Балырды сууруп албасам, Куукуулап оттоп калбасам, Куп мүшкүлдү салбасам, Куу деп кушун салганда, Шумкардын боосун кармасам, Кармап алып шумкарын, Алып кетип калбасам, Сала турган шумкарын, Эр Толтойго салдырып, Ала турган Чүрөктү, Чынкожого алдырып, Жер жүзүндө адамга, Аралап жүргүс кылбасам, Айчүрөк болбой өлөйүн, Аллада буйрук ушу экен, Азапты минтип көрөйүн. Туубай тууна чөгөйүн, Тумшугу жок мен бейбак, Бул көрөкчө өлөйүн. А, колдогу Кожо эшен, Кол бергеним Ак эшен, Дубана пирим нак эшен. Колдогун мени деп айтып, Алардан медет тилесе, Деп ошентип Айчүрөк, Аккуу кебин кийди эми. Ак түтүн болуп бузулуп. Асманды көздөй созулуп, Көк түтүн болуп бузулуп, Көктү көздөй сүзүлүп. Көздөн кайым болду эми, Эрке катын Чачыкей, Эсин таппай сандалып, Айчүрөккө таң калып. Алда кандай болот деп, Акыл ойлонуп саргарып, Алаканын шак койуп: “Атаны кокуй арман деп, Көчүгүн жерге лак койуп, Өзү келген долуну, Ач билектен албаган, Ашканачы кылбаган. Атаны арман күн болду, Ой караңгы түн болду. Ай, менден сөөлөт кетти деп, Кесирим башка жетти” — деп, Туруп калды Чачыкей. Үйдү көздөй басты эми, Кетпей калар бекен деп, Кесел чындап тийди деп, Кеп айтпастан жатты эми, Акундун кызы Айчүрөк, Асмандап учуп алды эми Абдан шамал салды эми, Канатын көккө каккылап, Куйругун көккө чапкылап, Көтөрүлгөн Айчүрөк, Кукулдап учуп калды эми, Куйун шамал салды эми. Шыкылдаган Айчүрөк, Шыпылдап учуп калды эми, Шыбырган шамал салды эми, Бөксөнүн башы мөндүрлөп, Жаканын башы жамгырлап, Асманда булут тундуруп, Сегиз сай мөндүр куйдуруп. Аш бышымга күн жаады, Ачылып кетти жарк этип. Караса көзгө илинбей, Каран калган Айчүрөк, Кай кеткени билинбей, Акундун кызы Айчүрөк, Көздөн кайым болгондо, Баатырдын уулу эр Семең, Бала жолборс эр немең, Чукуранып ойгонуп, Чочуп кетип толгонуп, Саламын деп шумкарды, Чабамын деп тулпарды, Кечигип калсам мен бүгүн, Талаага конуп калам деп. Каргаша жолдон табам деп, Күндүн мурду кызара, Ыргып тура калды эми. Аптабаны колго алып, Ак жыландай толгонуп, Эшикке чыгып ийилип. Карды көрдү Семетей, Капасы жок сүйүнүп. Колун сууга салды эми, Кол дааратын алды эми. Жүзүн сууга салды эми, Жүз дааратын алды эми, Бутун сууга салды эми Бут дааратын алды эми. Кайра кирип үйүнө, Жай намазын жайды эми, Экөө сүннөт, экөө парз, Кудай таала кудурет. Өткөрбөй турган кыйын карыз, Төрт ирекет багымдат, Төп-төп окуп алды эми. Төрөнүн уулу Семетей, Атын колго алды эми, Асталай басып барды эми. “Мен Семетей болголу, Акшумкар колго конгону, Мындай сонор болбоду. Көрүп туруп ошону, Салбай койсо кушуну, Семетей анда болобу? Деп көк жалың кулуңдөп, Тайбуурулдай күлүккө, Жолборстон үртүк чаптырып, Жибектен кежим тактырып, Алтын менен саптаган, Пил терисин каптаган, Чымын тийсе кыңк эткен. Камчы менен чапканда, Мылтык аткан немедей, Тоо жаңырып зыңк эткен, Алтындан кылган доолбас, Кайра байлап капшырып, Канжыгага тапшырып. Алдыңкы кашы карк алтын, Кийинки кашы чылт күмүш, Эки каптал эн темир, Эптеп кылган ак каңгы, Тайбуурулга чак каңгы. Баса токуп алды эми. Ак олпок тонун кийинип, А, кудайлап сүйүнүп, Топчулугу бир тогуз, Топчуланып алды эми. Үпчүлүгү бир тогуз, Үпчүлөнүп алды эми, Шумкарды колго кондуруп, Толгомо саптуу чоң камчы, Сол колуна алды эми. Атын чечип мамыдан, Сүйүнгөн Семең абыдан. Куймалуу таман үзөңгү, Теппей ыргып минди эми, Бастырып жөнөй берерде, Ушул үйдөн Чачыкей, Чыдай албай чыкты эми: — Бүгүн жортпой эртең жорт, Эки чоро ала жорт, Түндө жатып түш көрдүм. Түшүмдө кыйын иш көрдүм, Шаңшыбас күндө Акшумкар, Бүгүн шаңшып жатыптыр. Кебез боосун тытыптыр, Кетмекчи болуп жатыптыр. Жалгыз жортпой эртең жорт, Жан жолдошуң ала жорт. — Койо бер долу, койо бер, Түшүң түлкү богу деп, Өзүң менин богум деп, Жолума каршы болот деп, Шаңшып жатса Акшумкар, Уйалаш үнүн уккандыр, Ошо үчүн чыккандыр, Семетей мындай дегенде, Чылбырына чырмалып, Олоңуна оролуп, Шаатемир кызы Чачыкей, Бастырбай жатып алды эми. Манастын уулу Семетей, Катуу ачуусу келди эми. Каныкейдин көк торпок, Эки энеге тел торпок, Сайга жазып кердирген, Чеберлерге тердирген, Он экиден өрдүргөн, Чоң камчы колго имерип, Сооруну көздөй жиберип. Кол көтөрүп чапты эле, Калдыркан ала көйнөгү, Кат-катынан бөлүнүп, Кара каны төгүлүп, Ташка ойногон улактай, Жантайа түшүп калды эми. “Барганыңдан келбей кал, Базарың үйүң көрбөй кал, Кеткениңден келбей кал, Кербен үйүн көрбөй кал. Жедигер алсын кушуңду, Жеңилтпесин ишиңди. Эр Толтой алсын атыңды, Чынкожо алсын катынды». Деп Чачыкей карганда, Каргышын ага арнады, Карап туруп калганы, Кой каргышы бөрүгө, Катын каргышы эрине, Жетпейт деп эл айткандай, Эр Семетей баатырың, Тайбуурул менен дуу койуп, Шайбырына төндүрүп, Басыгына көндүрүп, Жүрүп кетти балкылдап, Нары жакты карай шалкылдап. Чарайнасы жаркылдап. Куш салучу жерине, Жетип барды Семетей. Акундун кызы Айчүрөк, Асмандан байкап көрдү эми. Эр Семетей баатырдын, Кара көздөн нур чалган, Чырайынан кан тамган, Кыз-келин көрсө нур жүзүн, Чын акылдан бек шанган. Дүмөктүү кыйын бала экен, Кызматы менен журт алган, Чоңдугу төөнүн нарындай, Толкуну суунун шарындай, Жер жүзүндө бендеден, Мындай неме табылбай, Ысыгы жайдын аптаптай, Суугу сырттын шамалдай. Качырганы жолборстой, Кармаганы илбирстей. Курчтугун көрсөң албарстай, Кеңдигин көрсөң Таластай. Эрдигин байкап карасаң, Атасы өткөн Манастай, Маңдайына карасаң, Кара кашка тынардай. “Жоргону минип шалкылдап Бадана кийип жаркылдап, Жүрөр күнүм бар бекен, Жаш Семетей баатырга, Тийер күнүм бар бекен. Буурул ат минип булкулдап, Сырнайза колдо жаркылдап, Манастын уулу Семетей, Барар күнү бар бекен. Бендеден буруу сулуудан, Буулум кийген Чүрөктү, Алар күнү бар бекен”. Мына ушундай ойлонуп, Асманда жүрүп Айчүрөк, Семетей көрүп бой-бойлоп. Нечен түрдүү ой ойлоп. Жаш Семетей төрөнү, Ажыдаарга чын болжоп Манастын уулу Семетей, Жанында жолдош киши жок. Бастырып жүрөт кенебей, Ал аңгыча болбоду, Гүлчоро менен Канчоро, Актелки менен Суртелки, Тулпар атты минишип, Эңкейиш тартып киришип: “Ойго тиккен чатыр жок, Ойноп жатар катын жок, Кырга тиккен чатыр жок, Кызыгып жатар катын жок. Абамдын аркасынан баралы, Эриккенди жазалы, Эрмектешип кайталы, Жалгыз жүргөн абама, Какмачы болуп берели, Кайтып үйгө келели”. Эки чоро кеңешип, Үзөңгү бутта кагышып, Ак ордонун жанына, Ал Семеңдин айлына, Жетип келди жарышып. Ат дүбүртүн укканда, Үйдө жаткан Чачыкей, Ордодон чыкты тырышып. Ордодон өтө бергенде, Чачыкей чыгып чакырып: — Кештелүү калпак, кең шалбар, Кеңешим айтар жаш балдар, Кебимди угуп алыңар. Саймалуу калпак, кең шалбар, Санаам айтар жаш балдар, Зарымды угуп алыңар. Атыңдын башын бура тур, Арыз айтам уга тур, Тизгиндин башын иле тур, Сөз айтамын тура тур. Кайрылып карап Гүлчоро, Атынын башын бурду эми, Айалдап бир аз турду эми, Канчоросу муну айтат: — Чакырбай күндө Чачыкей, Бүгүн не себептен чакырды? Абамдын катуу ачуусу келгенби? Катуу уруп салганбы? Бек ачуусу келгенби? Бекем тилдеп салганбы? Же бир жактан кабар алганбы? Эрке жеңем Чачыкей, Чымырканып калганбы? Чачыкей келип муну айтты, Серпип кашын муңайтты: — Эр Семетей баатырың, Куш салаар маалы өткөндө Ак ордо көздөй кайтканда, Жекендүү көлдүн жээгинде, Кошулган камыш тээгинде, Шабырлуу көлдүн чатында, Укурук мойун чоң ак куу, Башын көлгө салуучу, Балырды сууруп алуучу, Кукулдап оттоп калуучу. Как ошону көргөндө, Ак шумкарын салам дээр, Кууну алдырып алам дээр, Ак шумкар кушун салбасын, Армандуу болуп калбасын, Ак була жолдон албасын, Буларга көзүн салбасын. Була деп буруп байланып, Муңдуу болуп калбасын. Кара сууда балыкты, Балык деп басып албасын, Канжыгага чалбасын, Эрке жеңең Чачыкей, Убалына калбасын? Салдырбасың шумкарын, Бастырбасың балыкты, Алдырбасың буларды. Ушу кепке жарасаң, Жаратканың Аккойон, Аны алып беремин, Аны алып бербесем, Жанга өргө тикпесем, Айтканымды кылбасам, Антип санаам тынбасам. Төбөсү ачык көк урсун, Төшү түктүү жер урсун, Ак курандын каты урсун, Аккелтенин даты урсун, Ушу кеп азыр арыз болсун, Айтканымды кылбасам, Кыйаматта карыз болсун, Аман бол уулу жол болсун, Ишиңди кудай оңдосун”. Гүлчоро менен Канчоро, Аттарга камчы басты эми, Семетейге жетсек деп, Артынан жөнөп шашты эми. Кара суунун бойуна, Жекендүү көлдүн ойуна, Семетейге жакындап, Жетип барды ушунда. Ат чабымдай алдында, Жете барды гүлчоро, Эшик эндүү ак була, Семетейдин алдында, Кара жолдун чаңында, Жаткан экен бурулуп. Жалт-жулт этип нурланып, Алты түрлүү кубулуп, Түшө калып ала албай, Өзөндө жаткан өрдөктү, Акшумкар кошун сала албай. Кайраттары чакырып, Балдарды карап бакырып: — Алмамбет уулу Гүлчоро, Чубактын уулу Канчоро, Акжолтой тууган абакең, Ак була таптым алдыдан, Аттан түшүп ала көр, Анжийандан астынан, Намагендин үстүнөн, Көтөрмөчү соодагер, Түн катып түндө өткөнбү? Көкчөнүн уулу Үмүтөй, Айылын көздөй кеткенби? Такалуу аттын изин чал, Түшпөй өткөн сарт болсо, Артынан кууп жолго сал. Кубалап жете барайын, Такыр таап алайын Үмүтөй менден бай бекен, Көөнү ачык жай бекен? Менин айдатар ирким аз бекен, Соодагер бизге кас бекен? Сары жоргом жок бекен, Үмүтөй менден ток бекен? Кечээ атам Манас өлгөндө, Атамдан калган Ак олпок Абыкеде калганда, Букара өскөн арамдар, Булайтып кийип салыптыр. Тышы кетип жыртылып. Кыргагынан кырчылып, Ичи кетип тешилип, Калган экен Ак олпок. Түшүп алгын буланы, Балбандарга бурдуруп Каныкейди башына, Каратып койуп турдуруп, Басмалатып кийели, Учмактуу жеңең Чачыкей, Уз экенин билели, Чак эткендей сөздөнгөн, Чагылгандай көздөнгөн, Шай колдогон Гүлчоро, Буланы көрүп бурулуп. Жоо качырган немедей, Гүлчоро калды кенебей, Муңайып өңү кубулуп: — Өрдөккө кушуң салбастан, Алдырып өрдөк канбастан, Жүрүптүрсүң абаке, Жайнап жаткан өрдөккө Салбай кушту турабы? Бизди кудай урабы: Ак була керек сага болсо, Ак булаңды жайайын, Алтымыш алар жорго айдап, Анжийанга кирейин. Алтымыш кулач ак була, Алып келип берейин. Жетимиш жээрде жорго айдап, Жеркен базар жетейин. Жетимиш кулач ак була, Алып келип берейин. Эр Семетей баатырың, Сары жибек танап боосунан, Шумкарды тартып алды эми Кызыл жибек боосунан, Бутунан тартып калды эми. Түрдөп кылган томого, Жулуп баштан алды эми. Торгойдой болгон шумкарын, Таманга кагып калды эми. Акшумкар асманга эргип учту эле, Алтындан кылган доолбас, Эр Семетей баатырың, Карс дедире какты эми. Шабырда жаткан көп өрдөк, Жайнап учуп качты эми. Семетей менен Канчоро, Акшумкардын артынан, Кубанып карап калды эми. Алмамбеттин Гүлчоро, Эшик эндүү ак була, Эңкейип жерден алды эми, Казылуу жаткан ороого, Чалкасынан салды эми. Тегирмендей кара таш, Тегеретип үстүнө, Бек бекитип салды эми. Семетейдин артынан, Салып жетип барды эми. Эр Семетей баатырың, Чүрөктөй өрдөк бала каз, Чүрөгү менен алдырып. Балапан өрдөк бала каз, Баркыратып алдырып, Кара сууну айланып, Алтоо өрдөк, алтоо каз, Аны алып байланып. Тайбуурулду тер кылып, Багалегин кер кылып: «Алмамбеттин Гүлчоро, Чором кара сууну көлчөктөн, Туура кечип алалы. Өзөндү бойлоп куш салып, Өрдөк казын алалы. Өрдөк жүнүн жулдуруп. Куш жаздыкка салалы». Деп, кыйкырып Семетей, Кара суунун көлчөктөн, Туура кечип өттү эми, Суу бойуна түштү эми. Алтоо сүннөт, төртөө парз, Он ирекет бешимде, Оңдоп окуп алмакка, Колун сууга салды эми, Кол дааратын алды эми. Жүзүн сууга салды эми Жүз дааратын алды эми. Даарат алып жатканда, Алдынан өттү бир балык, Канатынын үстүндө, Карала сыйа каты бар, Как төбөнүн үстүндө, Бармак басым жеринде, Алтындан сырмак меңи бар. Имерилип өттү эле, Семетей муну көрдү эле, Тиктеп туруп калды эле, — Ат жабдыгың күмүштөн, Айланайын, Гүлүстөн, Мен көргөндү көрдүңбү, Мен туйганды туйдуңбу? Алдымдан өттү ак балык, Канатынын үстүндө, Карала сыйа каты бар. Как төбөнүн үстүндө Бармак басым жеринде, Алтындан сырмак меңи бар. Мен Семетей болголу, Мындай балык көрбөдүм. Айланайын, Гүлчоро, Сууга айанбай киргиниң, Сууда жаткан балыкты, Ууртуна колуң салгының, Тилинен кармап алгының, Канжыгыга чалгының, Үйдө калган долуга, Камчы чаптым сооруга, Алып барып тартуу кылгының, — Мындай айтып турду эле Муну уккан да Гүлчоро, Турчу беле кабылан. Анжийандан алдырган, Андан келген ак өтүк, Ийи айдай бек өтүк. Сууга жанбай кирди эми, Суунун түбүн тепкилеп, Билмексен болуп турду эми. Көп айанбай кирди эми, Көлдүн башын тепкилеп, Көрмөксөн болуп турду эми. — Жан абаке кана? — деп, Карамыш болуп турду эми, “Арам гана акмак кул. Арбын көр, антын көр, Кылып турган дартын көр”. Манастын уулу Семетей, Сууда жаткан балыкты, Көк шилиден алды эми, Тышка ыргытып ийди эле, Канчоро муну карма деп, Канжыгага байла деп, Чубактын уулу Канчоро, Турчу беле эр чоро. Жалама темир миспичак, Жанынан сууруп алды эми, Кардын жарып салды эми. Сууга ыргытып жиберди: — Айланайын абаке, Кирген балык турбайбы, Жеген киши өлбөйбү! Муну укканда тим болуп, Манастын уулу эр Семең, Дарс окуган эр немең, Алтоо сүннөт, төртөө парз, Кудай таала кудурет, Өтпөй турган кыйын карыз, Он ирекет бешимде, Оңдоп окуп алды эле, Өзөндү бойлоп жүрдү эми, Жекендүү көлдүн жээгинде, Шабырлуу көлдүн четинде, Укурук мойун чоң ак куу, Куйругу менен кум сабап, Канаты менен жер сабап, Куукулдап оттоп калыптыр. Муну көрүп Гүлчоро: — Айланайын абаке, Кечке чейин сен салдың, Кечиндеси мен салам. Мага бер, — деп шумкарды, Бекем сурап турду эми. Бербеймин деп айта албай, Берендин көөнүн кайтарбай, Берип койду шумкарды. Колунан алып шумкарды, Койо берип тулпарды, Тура тартып качты эми, Актелкини камчылап, Кара жанын кашайтты. Эр Семетей баатырдын, Катуу ачуусу келди эми. Качканын билди эми. Бек ачуусу келди эми, Бербесин атын билди эми. “Арам гана акмак кул, Арибин көр, антын көр, Кылып турган дартын көр, Көгүчкөндөй мойнуңду Толгоп үзүп албасам, Көрүнөө майып кылбасам, Кекиликтей мойнуңду, Кедери толгоп албасам, Кеткис майып кылбасам”. Деп, кыйкырып оолугуп, Артынан кууп калды эми, Ашкере күлүк Тайбуурул, Алты арыштап жетти эле. Азели кыйын Гүлчоро, Арстандын жайын билди эле, Кайра тартып турду эле: — Айланайын абаке, Ат чаптырып көрбөпсүң, Же куш салдырып көрбөпсүң, Кудай урсун абаке, Колума куш кондуруп көрбөпмүн, Актелкиң менен куруп кал, Оозу катуу мал экен, Ойду дөңдү билбеген, Ала качма жан экен, Омогу жок жылкы экен, Ала качты кантейин, Арыптык кылсам абаке, Акыретке кетейин. Кырды дөңдү билбеген, Кыйгачтаган жылкы экен. Кызып кетти кантейин, Кыйарлык кылсам абаке, Кыйаматка кетейин. Шумкарды ала качып нетейин, Не мураска жетейин. Анттуу сөздү кылганда, Бек ачуусу жазылды Ардыкканы басылды. Кайра тартып жөнөдү: — Жолумдан чыккан аккууга, Салбай койсом шумкарды, Кудай мында урбайбы? Айланайын абаке, Мекеден келген куу окшойт, Беш баласы бар окшойт. Убалы бизге жетпесин, Кесири уруп кетпесин, Семетей анда кеп айтып, Ачуусу келип бек айтып, Гүлүстөн тууган чорого, Күлбүй туруп жеме айтып: — Катуу ачуум келгенде, Хан Жакыпты жайладым, Кара жерди майладым, Канын ичип жалмадым. Абдан ачуум келгенде, Абыкени аймадым, Көбөштү көргө киргиздим, Экөөнү бирде жайладым. Кыйын ачуум келгенде, Кырк чорону кыйраттым, Канын төгүп алардын, Катын-кызын ыйлаттым. Канакей, убалы жеткени, Кесир уруп кеткени, Канакей, канкоруң өлүп кеткени?” Гүлчоронун колунан, Шумкарды сууруп алды эми, Узун боосун чыгарып. Кыска боосун чечти эми,. Жагоодон ылдый басты эле. Тамандан өйдө какты эле. Сыр чакчада насыбай, Кашка тишке куйду эле. Мурчуйуп тиктеп турду эми, Шумкар кууну алды эле. Сүйүнүп Семең калды эле: — Бачымыраак ажырат, Мойнун кыйып салбасын. Бөөдө өлүп калбасын. Аман-эсен ак кууну, Ажыратып алалы, Ак тайлактай өңөрүп, Чачыкейге баралы. Алып барып мамык кылалы, Жаш учурган шумкарга, Кырлап алып салалы. Гүлүстөн тууган Гүлчоро, Барбаймын деп айта албай, Семетей көөнү кайтарбай, Ак кууну көздөй ат койду. Чамгарактуу алтын боо, Жыйнай кармап алыптыр. Гүлчоро жетип канаттан, Сермеп кармай аларда, Асмандан учуп калыптыр. Кукулдаган чоң ак куу, Кукулдап учуп калды эле, Куйун шамал салды эле, Шыңкылдаган чоң ак куу, Шыпылдап учуп калды эле, Шыбыргак шамал салды эле. Бөксөнүн башы мөндүрлөп, Жаканын баары жамгырлап, Чапкын бороон болду эле. Асмандан булут тутулуп, Алты сай мөндүр куйдуруп, Атышып асман булуттар, Айабай кулак тундуруп. Аш бышымча күн жаады, Ачылып кетти чайыттай. Караса көзгө илинбейт, Каран калган чоң ак куу, Кай кеткени билинбей. Тиктесе көзгө илинбей Түгөнүп калган чоң ак куу, Туманда кетип билинбей. Эр Семетей канкоруң, Гүлчорону жемелеп, Көктү карап бөпөлөп, Көтөрүп алып шумкарды, Чоң ак куу кетти көкөлөп. Акшумкардан ажырап, Асманды карап бөпөлөп, Аккуу алып шумкарды, Асмандап кетти көкөлөп. Алмамбеттин Гүлчоро, Адырга чапты төтөлөп. Канчоро кетти кандырга, Шумкарын кууга алдырды, Кубулуп жүргөн каапырга, Гүлчоролоп чакырды, Ич күйгөндөн бакырды: — Бүгүн Чоро үч кылдың, Айагында күч кылдың, Ак була көрдүм албадың,, Алып барып орго салдың.. Балыкты көрдүң баспадың,, Баса калып албадың.. Куунун жолун тосподуң. Эртең менен Чачыкей, Бастырбай мени торгоду, Тил албайсың чоролор, Чачыкей толгоп койгонбу. Айта койгун шумкарды, Арытпагын тулпарды. Карыдан насаат көп уктум, Шарыйаттан бек уктум. Калгандардан кеп уктум, Канча сонун мен уктум. Көп эле уктум куу сөздү, Мындай сөздү укпадым. Акшумкар колдон кеткени, Ажалымдын жеткени, Тайбуурул арып өлгөнчө, Семетей карып өлгөнчө, Ак шумкар издеп көрбөсөм, Жолунда жүрүп өлбөсөм. Туубай туна чөгөйүн, Тумшугу жок курган жан, Бу көрөкчө өлөйүн. Эр Семетей баатырдын Ачуусунун келгени, Эми билди Гүлчоро. Чачыкейден кеп укпай, Аккуунун жайын бек укпай, Сурап алып куурабай, Куунун жайы кандай деп, Баш-айагын сурабай. Байкоосуз келген жаш бала, Өпкө оозуна капталды: — Айланайын абаке, Көрүп туруп айтпасам, Көр азабын тартайын, Ак куунун сырын билбесем, Жесырдаш болуп жүрбөсөм, Билбей туруп абаке, Мен кайсыны болбоп айтайын, Алты казды кактайын, Акшумкардын азабын, Бир күнү минтип тартайын. — Айланайын, Гүлчоро, Каралды кылган Канчоро, Артымда жүрсөң сан колдой, Астымда жүрсөң миң колдой. Талаага чыксам акжолтой, Ак шумкар колдон кетти деп, Арызымды кимге айтайын. Акшумкар качып кетти деп, Уйалбай кантип кайтайын. Бүгүндөн калбай кайтып бар, Эрке катын Чачыкей, Саламымды айтып бар. Кетерин билген шумкардын, Келерин айтып берсин де, Качарын билген шумкардын, Кармарын айтып берсин де. Качарын айтып берсин де, Качарын билген шумкардын. Кармарын айтып бербесе, Кетерин билген шумкардын, Келерин айтып бербесе, Жергенин сары талаада, Сары абама жетип бар, Бүгүндөн калбай келсин де. Айттырып берсин кушумду, Илгери кылсын ишимди. Айтпай койсо кушумду, Чачын кыркып алгыла, Бетинтилип салгыла, Чолок байтал кылгыла. Кементайды кийгизип, Кер байталга мингизип, Шаатемир кандын колуна, Эртеңден калбай салгыла. Сары абам турсун Таласта, Кудайыма сыйынып, Эртеңден калбай эртелеп, Шумкардын жообун эрте бер. Муну уккан Гүлчоро, Туруучу беле Канчоро. Эки чоро дуу койуп, Жетип барды Кеңколго. Эрке катын Чачыкей, Эшикке чыкты эндиреп, Эси оогондой сендиреп, Эки чоро келатат, Семетей жок жанында, Кууга кушун салды деп, Жалгыз не үчүн калды деп, Тиктеп калды мелтиреп. Арка чачын кылайтып, Тосуп чыкты муну айтып: — Жаныңда өрдөк көп жүрөт, Өрдөккө шумкар салдыңбы? Суусасаң кымыз ичип ал, Суусунуңду кандырып, Андан кийин жолго сал. — Кымызыңды ичпеймин, Ал сөзүңө кирбеймин, Абам мени жиберди, Ак шумкарды издеймин. Ак кууга кушуң салба деп, Айтпадыңбы барба деп, Ак кууга салып кушуңду, Азабын тартып калба деп. Арытпагын абамдын. Астындагы тулпарын, Айтып бергин шумкарын. Чородон угуп кабарды, Чачыкей муну айтты эми: — Талаада эркек сен болсоң, Үйдөгү зайып мен болсом, Талаада качкан шумкарды, Таап бергин дегениң, Мени тамаша кылып келгениң, Эркек кушун билүүчү, Катын ишин билүүчү, Уксаң бала кеп ушу. Каарданып Чачыкей, Кайра басып кенебей, Толгомо саптуу камчыны, Толгой кармап имерип, Кайта баскан долуну, Капталга тартып жиберип. Бүлдүргөн ала көйнөгү, Тал-талынан бөлүндү. Бети менен жыгылып, Берметтей жашы төгүлдү, Кулачтай болгон кара чач, Колуна кармап алыптыр, Карсылдатып сулууну, Гүлчоро сабап калыптыр. Торпок тойдун каным жан, Өзү ыктуу баарыдан, Гүлчородой баатырдын, Камчысын кармап алыптыр. Чындап тилек кылганда, Айтып бергин деп кыстап, Ага дагы болбоду. Айылбашы Сары хан, Бу да келди жанына: «Көргөнүң болсо айтып бер, Билгениң болсо айтып бер”. Колдон кармап коборду, Буга дагы болбоду, “Бетимди көрбөс Сарытаз, Берметтүү колдон кармайт деп, Жүзүмдү көрбөс Сарытаз, Жүрмөлүү колдон кармайт деп, Талаада качкан шумкарды, Үйдөгү катын билеби?” Мына ушуну укканда, Айылбашы Сарытаз, Абдан ачуу келди эми, А да тилдеп калды эми: — Төрт казыкты каккыла. Төрт тарапка кергиле, Койчубатып өткөрүп, Бетин тилип салгыла. Чачын кыркып алгыла Тел торпокко мингизип, Темиркандын шаарына, Тентитип айдап ийгиле! Төрт казыкты кагарда, Төрт тарапка керерде, Эжекеси Каныкей: — Көргөнүң болсо айтып бер, Билгениң болсо айтып бер. Кечээ Темир хандын шаарынан, Келдик эле башында, Кер жорго минип шалкылдап, Кездеме ичик жаркылдап, Эми кантип кетесиң, Кер байталды минип шалпылдап. Кементай кийип салпылдап, Шаатемир хандын шаарынан, Келдиң эле сен долу, Сур жорго минип шалкылдап, Суусар кийип жаркылдап, Суктантып элди шартылдап, Эми кантип кетесиң, Сур байтал минип шалпылдап. Суусар ичик эми жок, Сен коркутуп жаткындай, Семетей өңдүү эриң жок, Гүлчоро турат кайышып, Айтпай койор эбиң жок, Айтып бергин, — деп айтты. Айласы кетип Чачыкей, Айтып берди билгенин, Акундун кызы Айчүрөк, Эки катар келгенин: — Кечээ күнү кечинде, Кечки салкын бешимде, Акундун кызы Айчүрөк, Жүрөк эле залкайып, Айчүрөк мага үч келди Айтпайын десем мен бейбак, Аманат жанга күч келди, — Ачынып калган Чачыкей, Айанбай каргап айтканы: — Барганыңдан келбей кал, Базар үйүң көрбөй кал, Кеткениңден келбей кал, Кербен үйүң көрбөй кал, Эр Толтой ойсун бооруңду, Бай Коңур сойсун сооруңду. Мурадил алсын найзаңды, Кара жер көрсүн пайдаңды. Чынкожо кессин башыңды, Жедигер алсын өтүңдү, Өлгөнчө көрбөйм бетиңди — Деп ошентип Чачыкей, Акшумкар дайынын айтты мындай, «Катындан каргыш жетбейт» деп, «Кой каргышы бөрүгөжетпейт» — деп, Гүлчоро айтып чуу койуп, Семетей көздөй жөнөдү. Гүлчоро келе жатканын, Алыста жаткан Семетей, Мурун байкап алыптыр. Аңгыча Күлүс жетти эле, Күлүстөн чоро келдиңби, Акшумкар жообун алдыңбы? Ойнуңду койуп чыныңды айт, Ойнобой, бышык сырыңды айт. Шылдыңды койуп кебиңди айт, Сынап көрбөй жөнүңдү айт, Деп Семетей кеп сурайт. Анда ашыгып Чоро кеп сүйлөйт, Кеп сүйлөсө деп сүйлөйт: — Аба, сага сүйүнчү Душманга болсун күйүнчү, Айтканымды түшүнчү. Сымбаттуу сулуу сеники, Суурулган күлүк меники, Айтылуу сулуу сеники, Ашкере күлүк меники. Алыстан барып кеп уктум, Акшумкарды Айчүрөк, Алып кетти деп уктум, Чүрөктүн жайын айтайын, Көбүк кардай эти бар, Кызыл кандай бети бар, Калемдей кара кашы бар, Кундуздай сулуу чачы бар Берметтей таза тиши бар, Журттан артык иши бар. Ургаачыдан шок деген, Укмушта андай жок деген, Көп кишиден шок деген, Көргөндөр мындай жок деген. Перизаттай мелтиреп, Нур кызындай мөлтүрөп, Эки айактуу бендеден, Табылбас асыл неме дейт. Ак куу болуп кубулуп, Асмандап асыл учат дейт, Ак балык болуп жылат дейт. Алла таала буйурса, Аташканын Чүрөктү, Абакем барып алат дейт. Бүгүн барсак алабыз, Бүгүндөн калсак абаке, Чынкожого алдырып, Армандуу болуп калабыз. Аны Семең укканда, Атасы Манас канкордун, Арбагын айтып чакырып А, кудайлап жалынып, Жакасын кармап сүйүнүп, Жаратканга сыйынып, Акундун кызы Чүрөктү, Көрбөй туруп кубанып, Чоролорду ээрчитип, Хан Бакай менен Каныкей, Ал экөөнө барды дейт. Муну мындай таштайлы, Айчүрөктү Семетей, Алганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.