Чынкожо, Толтойдун дүмөгү, Айчүрөктүн аргасы
«Кыш өтүп жазга жакындап, Калың ногой бузулуп, Жайлоого көчтү шалкылдап, Чынкожо көчпөй калыптыр. Ойлогону жамандык, Баруучу жери аныктыр. Айгырын бычып ат кылып, Кочкорун бычып ирик кылып, Жол керегин бүт кылып, Эл жайлоого көчкөндө, Күн батыш көздөй чет алып, Жети-Сууну бет алып. Жыл он эки ай болгондо. Жедигердин Толтойго, Жетип айыл конду эми, Карындашым Аккоен Адамда жок сулуудан, Тартуу кылып кол сурап, Алайын аскер ушундан», — Муну ойлонуп Чынкожо, Эр Толтойго барыптыр, Айтып кебин салыптыр. Кыз кабарын укканда, Кызыгып калды эр Толтой. Короосу менен кой айдап, Үйрү менен жылкы айдап. Өрүлүк өтмөк кылды эми, — Алыстан келди Чынкожо, Мага айыл болом деп, Айтып келдиң кызыңды, Билип кылдың ишиңди. Бар го сенин бир тектүүң, Күйгүзгөн башта ичиңди. Алыстан келдиң айлыма, Ат мингени келдиңби? Жакын конуш сен болуп, Тон кийгени келдиңби? Ат мингени сен келсең, Төрт канаттуу Каралат, Көргөн бенде жаратат. Беттешип калсаң душманга, Учуп жүрсөң асманда, Ал душманды жадатат. Муну мингин жан досум, Келген жери Каралат, Кайыптан түбү таралат. Периден башка жан минбейт, Бүтүн баары окшошот. Ошондон түштү колума, Келгенден бери колума, Ээр токум мен салып, Мингеним жок жонуна. Тон кийгени сен келсең, Алтындан кылган зор олпок, Атагы бар чоң олпок, Муну кийгин Чынкожо. Мундай айтып турду эле: Шыгайдын уулу Чынкожо: — Ат мингени келбедим, Тон кийгени келбедим, Манастын уулу Семетей, Кайындап жүргөн катынын, Алып алды колумдан, Шаатемир кызы Чачыкей, Алдырып ийип сулууну, Кайгысын тартып калыпмын, Аз келгенсип анысы, Арага киши салышы, Колума муну берсин деп, Бербеймин десем болбостон, Карындашым Аккойон, Тартып кетип калышы, Кайгыны салды ичиме, Чыдабадым ишине, Тууган издеп маана издеп, Көчүп келдим ичиңе”. Ушу кепти айтты эле. Жедигердин Толтойу, Нары ойлонуп толгонуп, Санаасында ойлонуп, Бери ойлоп толгонуп Мээсинде жоктоп ойлонуп. Масилетти чыгарды: — Манастын уулу Семетей, Акун хандай кайны бар, Ала турган ошонун, Айчүрөктөй зайыбы бар, Атасы Манас башында, Миң төөгө жүктөп чай берип, Түгөнгүс алтын зар берип, Бел куда болгон жайы бар. Акун хан шаарын чабабыз, Айдай болгон Чүрөктү, Ашкере тартып алабыз. Арстан Семетей чунакка, Артыкча кордук салабыз, Эртең менен болгондо, Элимдин баарын жыйнайын, Тар көчөгө салайын, Тамашага канайын. Кылыч чабар кылдатын, Кыдырата ылгайын. Мылтык атар мыктуусун, Айбалта чабар ыктуусун, Баарын байкап алгын, — деп. Мындайча айтып турду эми. Эртең менен болгондо, Элдин баарын жыйдырып, Тар көчөгө салдырып, Жедигердин Толтойу, Шыгайдын уулу Чынкожо, Кылыч чабар кылдатын, Мылтык атар мыктуусун, Айбалта чабар ыктуусун, Найза сайар беренин, Тили тактан чеченин, Баарын байкап алды эми, Айды катка салды эми, Ай эсебин алды эми, Күндү катка салды эми, Күн эсебин алды эми. Шыгайдын уулу Чынкожо, Толтойго качып барганда, Төрт канаттуу Каралат, Толтойдон сурап алганы, Жедигердин Толтойго, Карындаш берип сөөктөшүп, Аз келгенсип анысы, Акыреттик дос болуп, Толтойдон барып жол сурап, Он эки түмөн кол сурап, Канкордун уулу чунактан, Ала турган зайыбы бар, Акун хандай кайны бар. Кара саат канкордун, Катынын тартып алалы, Мусулман капыр журтуна, Аралап жүргүс кылалы. Ошондой деп Чынкожо, Эр Толтойду ээрчитип, Он эки түмөн кол алып, Акун хандын шаарына, Кирип бармак болду эле, Жедигердин Толтойу, Мындай айтып турду эле: — Элебей кылган доо жаман, Эңдирип ийген жоо жаман, Кабар салып баралы, Кадиксиз болуп жаналы. Акун хан жооп бербесе, Ак калаасын балкалап, Айанбай бузуп талкалап, Айыпка Чүрөк алалы. Шыгайдын уулу Чынкожо: — Макул болот, эп болот, Ушул айткан кеңешиң. Мага жаккан кеп болот. Кабарга кимдер барат деп, Кандайча киши жарайт деп, Кара тилдүү Карабай, Кайнап ичтен туйду эле, Кабарды өзүм кылам” — деп, Торала мойун айгырын, Томукка басып алды эми, Ойнотуп жөнөп калды эми. Акун хандын шаарына, Түгөнгүр жетип барды эми: — Дабыр, дабыр, дабыр таш, Дарбаза түбү темир таш, Дарбаза тоскон Карасарт, Дарбазаңды кайра тарт, Акун хандай ханыңа, Айта турган арызым бар, Сүйлөй турган сөзүм бар. Акун хандап айкырып, Айабай бекем бакырып, Кирип барды чакырып. Кебезден кылган пахтада, Алтындан кылган тактада, Жаткан экен Акун хан. Карабай доошун укканда, Ажалым менин жеттиби? Амалым эми кеттиби? Жоом кайдан келди деп, Бул жолборс кайдан жетти деп. Эки кепиш эндекей, Жалаң чапан желбегей, Чыгып келди Акун хан, Ой, Акун хан деп айтып, Ойлонуп туруп кеп айтып. Ээ, Акун хан деп айтып, Эстеп туруп кеп айтып, Жедигердин Толтойу, Жер майышкан көп колу, Жети түмөн кол болду, Жети курчап алууга, Шыгайдын уулу Чынкожо, Алты түмөн кол менен, А дагы келет жол менен, Алакандай шаарыңды, Алты курчап алууга. Айдай болгон Чүрөктү, Ашкере тартуу кылсын дейт Ашкере тартуу кылбаса, Атышар жерге чыксын дейт. Күндөй болгон Чүрөктү, Көрүнө тартуу кылсын дейт, Көрүнө тартуу кылбаса, Урушаар жообун берсин дейт. Кара сууну бурам дейт, Кайра байлап турам дейт. Короого байтал жуушатпай, Койунга бала уктатпай, Жердин жүзүн ачтырбай, Жерге эгин чачтырбай. Сасык камал кылам дейт, Күндөй болгон Чүрөктү, Бул себептүү алам, — дейт. Айткан кебин укканда, Азыр турган Акун хан, Айабай ачуу келди эми: — Карма кулду, карма деп, Кардын жарып салгын деп, Мен эр Толтойдун элинен, Эр өлтүрүп келдимби? Айдай болгон Чүрөктү, Ашкере тартуу кылгыдай, Эски доого калдымбы? Чынкожонун элинен, Жылкы тийип алдымбы? Күндөй болгон Чүрөктү, Көрүнө тартуу кылгыдай, Чыныгы доого калдымбы? Арам гана акмак кул, Арибин көр, өзүн көр, Айтып турган сөзүн көр. Эшектей кардын эшкин деп, Эшикке алып чыккын, — деп, Буйрук кылды зор ханы, Желдеттери жабылып Эшектей кардын эшерде, Эшикке чыгып кесерде, Өзү эндес кул экен, Торуала мойун айгырын, Томукка басып алды эми. Ойнотуп чыга берди эми. Чынкожого барды эле: — Айланайын Чынкожо, Төгөрөктүн төрт бурчун, Тегерете көргөнмүн, Акундун кызы Чүрөктөй, Мындай сулуу көрбөдүм. Жүзүм жесе Чүрөктүн, Жүрөгүнөн көрүнөт. Коон жесе Чүрөктүн, Колкосунан көрүнөт. Өрүк жесе Чүрөктүн, Өпкөсүнөн көрүнөт. Кашын көрсөң Чүрөктүн, Асманда жаңы айга окшош. Кабактагы сууну көр, Бетин көрсөң Чүрөктүн, Сыр чыныдай сууга окшош. Ушу кепти укканда, Шыгайдын уулу Чынкожо, Туралбады эр Кожо. Алтын боолуу ак туйгун, Алтын боосун чечти эми, Айды көздөй сызды эми. Күмүш боолуу Каралат, Күмүш боосун чечти эми, Күндү көздөй сызды эми. Асман менен булуттун, Арасына барды эми. Айланмасы алты атар, Алты атып өттү эми. Алтын ооз сур жебе, Муну тартып атты эми. Анда Акун хан ойлонуп: — Чынкожо, Толтой астынан, Уруш баштап чыкпасам, Эки дөөнү албасам. Күндөй болгон баламды, Күйгүзүп кармап бергинче, Күнүгө уруш салбасам, Күчүм келсе албасам”. Ушундай деп Акун хан, Аскерин атка мингизип, Акун хандын аскери, Алдынан тосуп урушуп. Карагай найза алышып, Как жүрөккө малышып, Маңдайлашып барышып Балталашып салышып. Карагай найза өңөрүп. Каршылашып аскерлер, Бир-бирден чыкпай жекеге, Аралашты майданда. Айбалта тийди чекеге, Акун хандын аскерден, Алтымыш тай азамат, Аттанып кетти мекеге.