Канчоро деген чырагы. Сегиз жашка келет бу, Эрке бала сыйагы. Семетейдин артынан, Ээрчип басар убагы. Атасына караса, Кар кылуучу жан эмес. Мен багайын аларды, Күлдүр менен Камбаржан, Ала келсин балдарды. Падышам Бейжин барганда, Эсенхан кызы Бирмыскал, Айжаңжуң кызы Бурулча, Тартууга муну алганда, Алып келип сулууну, Эл ортого салганда, Кошой айткан ошондо, Алмамбет баштап кол келди, Алла таала жол берди. Талабыңа ылайык, Алдыңа сулуу кыз келди. Жоголду Чубак кыргында, Жок болду үч ай чынында. Кармап келди Чубагың, Кырк жаңжундун баласын, Кырда жүргөн чагында. Тартууга келди эки кыз, Бул экөөнүн багына, Эки сулуу кыз келди, Кыргыз, сенин алдыңа, Алмамбет менен Чубакка, Күч көрсөткөн буларга, Берсек кызды белендеп, Кошой айткан ошондо, Кошойдун кебин бурган жок, Токтотуп кыргыз турган жок. Кыйшык айтып сөз болбойт, Кылган кепте жалган жок. Кытайдан алып сулууну, Өткөндөрдө арман жок, Бейжинде жатып журт сурап, Бойунда болгон катындар, Үзүктөй калпак Шууту кул. Баш кылып беш жүз кишиге, Жибериптир баатырлар, Шууту кул келген жол баштап, Беш жүзчө киши кол баштап, Бойуна жеткен кезинде. Кең Таластын башына, Чүйдүн жумшак сазында, Келип түштү айылга. Кытайдан сулуу алгандар, Учураган кесирге. Астынан тосуп мен бардым, Жардатып жыйнап элди алдым, Үч күн өтпөй төрөдү. Экөө тең эркек балдары. Балдарды алып колума, Эмгегин салып оозантпай, Эмчегимди салганмын, Эки түгөй баланы, Эгиз кылып алганмын, Алмамбеттин катыны, Аш кайнам тууду алдында, Эр Чубак зайыбы Бурулча, Кийин тууду артында. Мурункусу аксакал, Казак кыргыз наркында, Кытайдан келген сулуудан, Туулган балдар кыйындан. Эмчегимде ак сүттү, Аларга кудай буйурган. Күлчоро эмген эмчектен, Аппак сүтүм чуурган. Канчоро эмген эмчектен, Тамчылап каным куйулган. Ак сакалга айтпадым, Ат койуп бер деп баспадым. Бирөөнүн атын “гүл” дедим, Бирөөнүн атын “Кан” дедим. Эмчектен чыккан нерсеге, Жараша атын тергедим, Күлдүргө бердим Күл уулду, Камбарга бердим Кан уулду, Ал экөөнүн энеси, Топосун кудай Таластан, Бейжинден айдап буйурду. Балдарын карап сүйгөн жок, Башка жактан күмөн жок, Жандары кетип калышты, Ааламдан кайта жанышты. Алла талла кылат го, Тагдырында ар ишти, Үзүктөй калпак Шууту кул, Сүйүнчү айтып барышты. Кубанышып эки хан, Кубангандан Шуутуга. Алты ай чоң шаардын, Улуктугун бергени. Ошондон бери карата, Алтайдан казак кеткен жок, Башка жакка жан келип, Ал шаарды адам күткөн жок. Ал эки бала жолдош деп, Ойлоп жүрөм көөнүм ток. Алыска кетти кырк чоро, Күлдүр менен Камбарды, Чакыргын десем унчуктай, Кимиңдин бардыр зардабың.. Каныкей айтып салганы, Качкан менен иши жок, Жооп берген киши жок, Кырк чоро келип турбайт деп, Семетей көөнү жанган от. Кабар болду аңгыча, Качыптыр чоро баарынча. Масейилде изи бар, Кырк чоронун баарысы, Эр бүлөөсүн калтырбай, Алып кеткен киши бар, Кабар алдык айактан, Ат изин көрүп бел жактан. Күүлөнүп Семең аттанды., Кырк чорону кубалап Кеңколдо кыргыз эл жаткан, Ашкере тулпар Буурулду, Чоросу качты дегенде, Заманасы куурулду. Алдындагы Буурулду, Борбойдон тери чууруду. Азелде кудай чорого, Кочкордон упурак буйурду. Жете барды эр Семең, Бала жолборс эр немең, Топ экен деп жазганбай, Сурап андан сөз албай, Чоронун баары камалды. Сундуруп найза сала албай, Аңгыча барып Семетей, Атасы башка душмандай, Одураңдап кетпеди. Барып көрдү Семетей, Атасы Манас бир жүргөн, Оорукта жатчу бектерди, Семетей айтты бул кепти: — Айланайын агалар, Аркаңдан келди балаңар. Кай тарапка бет алып, Кайгуулдап жөнөп калдыңар, Кармашаар бизге жоо барбы? Капталдап басар тоо барбы? Кечээ эле келдим мен араң, Көңүлүңөр калдыбы? Кургак жерден бирөөнү, Катырып камчы салдыбы? Андай кылба агалар. Абыке менен Көбөшчө, Мен боло албай калдымбы? Ажыбайдын Керменбай, Төрт жашарда бала экен, Түп тутуп ошол калыптыр. Өлгөнүң небак өлүпсүң, Артыңда уулу калыпсың. Өлбөй тирүү жүргөнүң, Өлгөндөн калган балдарын, Түп көтөрө алыпсың, Түгөл жөнөп калыпсың. Көбөштү көргө киргизди, Абыкени аймады, Жакып ханды жалмады. Биздин кантип койсун деп, Көөнүңөргө алыпсың. Көөнүм башка болгондо, Коркпой туруп ошондо, Бүтүрөт элем ишиңер. Калбайт эле сиздерде, Ошондо тирүү кишиңер. Балалык менден өткөндүр, Абакелер агалар, Ачууңардан кечиңер. Куйрук керек коноорго, Чалгын керек учаарга. Сиздер кетип калганда, Куйругум келте конорго. Чалгыным кетик учаарга. Алсыратпа агалар, Жетиле элек жаш чакта, Ырчы уул менен Бозуулду, Ишин билген деп угам. Адыбай, Көлбай экөөңсүң, Шууту менен Мажыке, Башкарган киши деп угам, Чыбыт, Кочкор экөөңдү, Айрыкча кебим угат деп, Айтып турам алтооңду. Жандапсыңар жакшы эле, Ушул алтооң башында. Абыке, Жакып, Көбөштү, Семетей кылса жакшылык, Каныкей, Бакай, Чыйырды, Кантип тирүү койсун деп, Көөнүңөргө албаңар, Буурулду тарттым мынакей, Бирөөң муну алыңар. Буулумду жайдым абалар, Бирөөңөр кие салыңар. Иниңерди боз кылбай, Кең Таласка барыңар. Бирге турат бул жерде, Кыргыл абам чалыңар. Кырктын башы эр экен, Ордун бере салыңар. Атаңардын олутун, Козголбой ээлеп калыңар, Таласка кайта кетели, Каныкей менен Бакайга, Дайынын айтып жетели”. Деп ошентип кайран шер, Буурулга жаап буулумду. Туура тартып турду эле, “Оодарылып бул дүйнө, Ордунда турбайт деги эле. Ошондой кылып үйрөткөн, Абыке, Көбөш силерге. Тамырын кыйса теректин, Чарбактап башы өнөбү? Абыке, Көбөш иштерин, Сиздерден аны көрөмбү: Көп турбайлы талаада, Жүр, агалар жөнөйлү”. Деп Семетей айтканда, Жүр деп кошо жүрө албай, Буурулду бирөө мине албай, Буулумду бирөө кийе албай, Адыбай, Көлбай эки арам, Чыбыт, Кочкор төрт арам, Кыргыл кары беш арам, Кеңешели биздер деп, Семетейден сурады. — Эртеңкиче эрикпей, Кеңешиңди кылгын деп, Кетиш менен туруштун, Кебин кылбай кечке эле, Ордого барган мезгилде, Кыла турган кызматың, Кошо бүтүр кеңешти, — Семетей мындай дегенде, Бөлүндү суунун жээкте, Акмазардын тээгинде, Тегеректеп олтуруп, Кеңеш кебин салышты: — Алпарган менен Семетей, Бакай менен Каныкей, Чымындай жанды койобу. Чаары турат көзүндө, Анткен менен Семетей, Чалгырты турат сөзүндө. Өлтүрбөс болсо Семетей, Атын тартпай, тон жаппайт, Айдап барбай түз эле, Бош кишини атынан, Атаганы жакшы эмес, Айдап барып Семетей, Бириндетип сойбойбу. Билгизбей бизди кырбайбы, Семетей карап турбайбы, Бакай менен Каныкей, Билген ишин кылбайбы. Жалгыз бирден өлгөнчө, Өлтүрүп ийсе Семетей, Чогубуз менен өлөлү, Бир чуңкурду көрөлү. Өлтүрбөсө Семетей, Бара түшүп нарылап, Хан Коңурга жөнөйлү. Каңгайдагы калмакка, Аралашып кетели. Дегеле Семетейден безели, Кыйамы менен кырк чоро, Бизди өлтүрчү күндөрдүн, Келе берет кезеги. Кыргыл чал мындай дегени: — Атаңа малай башында, Өзүңө малай азырча, Кайра барып Бакайга, Кыла албайбыз малайлык, Деп ошентип айталы, — Деп сүйлөштү кырк чоро, Чогулушуп кашаттан, Түшүп келди ошондо, Абалардын кеңеши, Жакшы канып келди деп, Семетей турат күлүңдөп, Семетей күлсө оштонуп, Чоролор жандан түңүлөт, Келген жерде Кыргыл чал, Кеңешин туура айталбай, Сылап сыйпап айтканда, Көр Көбөштүн тушунда, Күүлөнүп көнгөн Адыбай, Ачууланып тутулуп, Чапанын тетир кымтынып, Жашы отузга чыкканча, Сакалы жок мултуйуп:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.