← Семетей 6/7

— Кой кебиңди Кыргыл сен, Оң-тескери жөөлүбөй, Орунсуз кепти дөөрүбөй, Ук кебимди Семетей, Атыңды тартып, тонуңду жаап, Торгодуң жолду ченебей. Мени менен беш киши, Атымдан айтып санадың Ак жериң жок кенедей. Бакай кандай айтат деп. Басып жүрсө балпайып, Кыргыл чалга уйат, Семетей берген кызмат деп, Кылып жүргөн мага уйат, Жетим келип элди алып, Жетилип келип жерди алып, Жесирлер келип үйдү алып, Какбаш Бакай журт бийлеп, Хан Абыке, эр Көбөш, Кара жерге кирди деп, Кантип тирүү жүрөлү, — Адыбай мындай дегенде, Кыргыл кары баш болуп, Адыбай ырас айтат деп. Чуркураша кетти эле, Чуркурашып кеткенде, Чоголдук кылбай Семетей, Серпилип койбой кебелбей: — Андай эмес агалар, Айлыңарга барыңар. Абалкыдай эл бийлеп, Аксакал болуп калыңар. Аксакал Бакай башынан, Бийлеп жүргөн ханыңар. Абыке, Көбөш тушунда, Кар болуптур бир далай, Бир көтөрүп салыңар, Жайылган мал, тиккен үй, Таласта калды барыңар. Аста сүйлөп бек таштап, Карап калды эр Семең, Семетей токтоп калганда, Күрпүлдөп Көлбай бек айтты, Көңүл калар кепти айтты: — Агаңа кылбай жакшылык, Атаңа кылбай ырайым, Уу берди мага Жакып деп, Көбөш башка чапты деп, Чагыштырса Бакай чал, Бакайдын кебин сүйлөдүң, Ошобу элге күйгөнүң. Малыңдан бөлө качпадык, Уктап жаттың үйүңдө, Тушуңа мылтык атпадык, Коңурбайга барабыз, Ошол жакты кастадык. Кастадыкка келгенде, Жанындагы калгандар, Жалпы ырас дегенде, Жайылы кармап Семетей, Жагалданып жаш арстан, Бастыр кайра дегенде, Кылычын алды кыйласы, Канжар алды кыйласы, Кыйалын көрүп иттердин, Кыркын такыр жалмады. Турабы кыйып жан албай, Кырк чорону жайлады, Кылычка канын майлады. Кырылгырдын аттарын, Кылкылдатап айдады. Арнап күмбөз салдырып, Бел-белден киши алдырды. Кырк чоро өлдү шейит деп, Кат жазып нуска калтырды. Кырк чоронун бейит деп, Жазылуу анда кат калды. Кырк чоро өлгөн жери деп, Аккочкор мазар ат калды. Күлчоро менен Канчоро, Эки бала жаш калды. Карап көрсө балдарды, Өңү бышкан темирдей, Көзү байан чекирдей, Карап көрсө Семетей. Керекке келчү немедей, Таштап атпай бул экөөн, Артынды Баатыр ээринбей. Семетейди карасаң, Он экиде түгөнгүр, Бойу кара сеңирдей. Койбоду тирүү жандарды. Артыныптыр Семетей, Куржундап алып жандарды, Артылтып, аргытып, Арстандан калган чунагы, Кеңколуна барыптыр. Жалгыз кетип бат келди, Какчы байтал иттерди Бирин койбой жеп келди. Бул кылганы Семеңдин, Калың журтка эп келди. Көргөн адам таң калды, Бакайга айтып бабырап, Бар кебин салып бажырап: — Артынан кууп бардым мен, Айланайын абаке, Алдына түшүп калдым мен, Канчалык кылдым далалат, Койойун деп саламат, Өчпөйт экен бизден деп, Чоро деген жаман ат, Кыйылып баары болбоду, Кыйлага Семең торгоду, Кыйыгына тийгенде, Кызыталак чородон, Кылайтып тирүү койбодум, Кырып баарын жайладым, Кылычты канга майладым. Алып келдим жанагы, Күлдүр менен Камбардын, Эки эркек балдарын. Каныкей айтты балдардын, Туулган эне-атасын, Канын төксөм балдардын, Кечпейт деп Алла катасын, Кагылайын абаке, Как ушундай кылат деп. Көөнүң калып калбасын. Каныкей канча кеп айткан, Атаңдан калган чоро бар, Алдыңдан тосот деп айткан, Өзүңдөн башка караан жок. Өзгөлөр келип калган жок. Буурулду тарттым алдына, Болбой койду өздөрү. Чородо арман калган жок. Күмбөзүн жакшы салдырдым, Жайын терең каздырып, Баарын жерге тапшырып, Абыке, Көбөш өлдү го, Өз алдынча кас кылып. Жолдош кылып алайын, Эки жетим чунактын, Эр сайышка маш кылып, Байкап көрсөм балдарды, Болучудай көрүнөт. Бул замандын балбаны, Кең көкүрөк, сом далы, Туткандын чыгар далдалы. Ээрчисе экөө чоңойуп, Семеңдин жоктур арманы. Каныкей, абам экөөңөр, Талап кылган байагы, Балдарды алып келдим — деп. Каныкей көрүп кеп айтып: — Болуптур, балам, — деп айтып, Канчорону өлтүрүп, Койосуңбу, — деп айтып, Чоңойгондо Канчоро, Каныңды сенин төгөт го. Каапырга кармап берет го, Душманга сырың айтат го, Көкүлдөн кармап тартат го, Эмчегимден кан чыккан, Оозуна салсам ошого. Каныкей кеби бүттү эми, Семетей туруп кеп айткан: — Катын туруп Каныкей, Жакып ханды жалмадың,, Абыкени аймадың,, Көбөштү көргө киргиздиң, Айткан сөзгө тил албай, Катындыгың билгиздиң, Арамдык кылат өлтүр деп, Жаш балага тийгиздиң. Экөөнү бирдей өлтүрүп, Жаны тынсын балдардын, Садага кылып жаш жанга, Өлтүрөсүң бир жанды. Ачуусу келип Семетей, Өлтүрсөң мына балдар деп, Бурула басып калганы, Өлтүрүүчү Каныкей, Өлтүрбөс болуп калганбы? Жана балдар бул экөө, Той берем деп ушуга, Эр Семетей камданды, Хан Манастын журтуна, Чачыкейдин чоң үйүн, Түшүрдү барып ушуга. Тегереги төрт кулач, Ашык келди журтуна. Каныкей туруп кеп айткан: — Койгун балам, конбогун, Атаң конду кандуу журт, Кеңколдо талаа нечен бар, Сен конушка жайлуу журт, Атам конгон кандуу журт, Баласы консо жайлуу журт, Атамдын журту сакталып, Үй тиге албай арамдар, Калган экен ушул журт, Деп Семетей болбостон, Сыркоргондун оозуна, Жанаша үйүн кондурду, Сексен бээни ылгатып, Келген элге сойдурду. Той берди эки балага, Тон берди бычып аларга. Эрегишип беттешип, Эр сайышып олжо алган, Илгеркинин наркында. Эки бала эңишип, Сайышып мөрөй алсын деп, Семетей айтты артында, Шыгай менен Жакып хан Тууган эмес бул экөө, Түбү кыргыз туушкан, Аккойон биздин карындаш, Теңдеши жок сулуудан, Гүлчоро менен Канчоро, Алмамбет менен Чубактан, Эки шерден туулган, Кимиси сайып эр чыкса, Алып берем ушуну. Армансыз болсун балдар деп, Эр Семетей баатырың, Айтты кептин сонунун. Угуп турат Чынкожо, Унчуга албай түгөнгүр. Кара баштуу кишини, Байгеге сайып койгонго, Нарксызданып калганы. Сайышты баатыр балбандар, Он жашында болжолдо, Абыкенин Актелки, Алмамбет уулу Күлчоро, Көр Көбөштүн Суртелки, Чубактын уулу Канчоро, Минип алып бул экөө, Колуна найза кармашып, Көп ногой турат жардашып. Эрегишип беттешип, Эми кирди жаш балдар, Күч ортосун чектешип. Бир беттешип алышып, Найзаларын кагышып, Билегинен кармашып, Эки бала жарышып, Кечке чейин эңишип. Аттарын басып демитип, Ала албады бир-бирин, Семетей желип барганы, Чылбырынан кармады, Жүргүлө балдар деп, Ак ордого алпарды. Бирөөнө-бирөө кыйсын деп, Ортого киши салганы. Ак сакалдар чогулуп. Эшикке койду балдарды. Ортосуна алышты, Күлчоро деген зардалды, — Катын алсын абаң дейт, Катын алып берем деп, Абаң сенин камың жейт. Ногойдон сулуу жакпаса, Орустан алып берем дейт. Орустан сулуу болбосо, Ооганга барам кыз тандап. Бүтүрбөсөм бул ишти, Тура албаймын бул жерде. Уруштан коркуп кылчаңдап, Кыргызда сулуу болбосо, Кытайга барам кыз тандап, Кырылышып кетүүдөн, Мен коркпоймун кылчаңдап. Кандай сулуу аласың, Жообуңду айткын Күлүстөн. Күлчоро туруп кеп айтты: — Мен албаймын катын деп айтты, Алдында кызмат көрсөтпөй, Мен кимди аламын, — деп айтты. Ак сакалдар болбоду, Алуучуңду айткын деп, Болбой алдын торгоду. Кулун чоро дебесе, Абакем намыс кылбаса, Алып берсин Аккойон, Кудай нике буйурса, Күлчоро кебин укканы, Эшикке чыгып кеткин деп, Калыстын кеби чыкканы. Күлчоро чыкты эшикке, Канчоро жүргөн эшикте, Булардын кебин укпады, Канчорону киргизди, Катын алуу жөнүндө, Канчалык сөздү тийгизди. “Алсын десе абакем, Аккойонду алам” — деп.