А да сырын билгизди, Күлчорону чакырып, Кайтып үйгө киргизди. Алсын десе Семетей, Сен экөөңдү тең катын, Бириңдин кебиң угалбай, Аккойонду талаштың. Адегиче Канчоро, Арсаңдап күлүп жиберди: — Мурунтан кыргыз наркы деп, Катын алып үйлөмөк, Ата-баба шарты экен. Аш кайнамдай алдында, Туулган экен Күлчоро, Ага болду Күлүстөн. Күлчоро алсын мен кечем. Канчоро кеби ырас деп, Калк кабыл алыптыр, Уккан кебин эл-журту, Семетейге салыптыр. Семетей укту кабарды, Ойуна алды Семетей, Ортого киши салаарды. Арачыга дегени: — Чынкожо тууган агам деп, Бабам менен бир тууган. Мен дагы ага бала деп, Алмамбет уулу Күлчоро, Анык хандын тукуму. Ушуга берсин Чынкожо, Аккойондой сулууну”. Арачы киши басканы, Чынкожого айтканы, Ачуусу келип Чынкожо, Алды-аркасын ойлобой, Капалуу сөздү баштады: — Кар кылып мен хан башым, Кулга кызды беремби? Абыке менен Көбөштөй, Көрөбү мени Семетей, Бокту жесе аз жесин, Тойгуча жебей ченебей”. Сүйлөнүп койду Чынкожо, Оң сөзү жок кенедей. Арачы киши кайтканы, Чынкожо кебин айтканы, Чынкожо кебин укканда, Ачуусу келди арбайып, Эр Семетей арстан: — Күлчоро менен Канчоро, Чакыр бери кел деди, Арага киши мен салсам, Чынкожо кызын бербеди, Зордук кылып келүүгө, Келеби алың бил, — деди. Күлчоро күлүп кеп баштап, Күлүмсүрөп эп баштап: — Өзүңдөн күтүп талапты, Мен жүрөмүн — деп баштап, Уруксат берсең абаке, Өзүм эле барайын, Өлбөй тирүү турганда, Тең болбой кантип калайын. Ойноп жүргөн жеринен, Жетелеп келип алайын. Ырас айтты булар деп, Ээрчип баспай ак коен, Кыздан көөнү калар, деп, Семетей айтты мындай кеп: — Бар эмесе баатырлар, Куру келбей алып кел, Чынкожонун көөнүнө, Анык кирди салып кел, Эки жигит ээрчишип, Ойноп жүргөн Аккойон, Он беш кызды ээрчитип, Абыке, Көбөш тушунда, Гүлчоро менен Аккойон, Бирге окуп жүрүүчү, Бир мектепте ушунда. Куранды бирге окуган, Ошондон бери карата, Аккойон менен Күлчоро, Ашыктык күйүт тең тартып, Ичине кайгы токуган, Ойногон болуп кылаңдап, Күлчоро менен Канчоро, Кыздарга барды жакындап. Калыйча деген бар экен, Кара жаак жан экен. Канчоро менен экөөнүн, Илгертен сөзү бар экен. Гүлчоро келип кеп баштап, Аккойон уккун деп баштап: — Семетей абам канетсин, Сени алып берем деп, Агаңа киши жиберди. Түз сөзүн кылбай Чынкожо, Айабай боктоп тилдеди. Алы келсе Гүлчоро, Аккойон мага карындаш, Алып келгин сен — деди. Гүлчоро кебин укканда, Калыйча кыз желдеди,: — Кыз туулганда энеден, Күйөөгө тийчү шарт экен. Кыз чакырып, баш алмак, Кыргыздан калган нарк экен. Жаманатты иш эмес, Мурункунун салты экен. Көңүлү сүйсө бир-бирин, Көрүнө ээрчип барчу экен. Гүлчоро келсе сени деп, Канчоро келсе мени деп. Калбасын көөнү биздерден, Экөө бирдей кайгы жеп. Ээрчип алып баралы, Элге бүлүк салалы. Эрге тийбей айла жок, Биз башкага кантип баралы. Калыйча кебин алганы. Аккойон менен Калыйча, Ээрчишип жолго салганы. Эки кызды ээрчитип, Эки баатыр жаш бала, Эр Семетей баатырдын, Ордосуна барганы. Кыргыздан берен балдарга, Кылымдын баары таң калды. Кыздардын кетип калганы, Чынкожо кабар алганы. Чынкожо кайдан ийменди, Арага киши жиберди. — Хан баласы Гүлчоро, Бербеймин деп Аккойон, Ээрчип кетип түгөнгүр, Кара жүз болдум мен деди. Жандырып бергин кыздарды, Жакшылык жакка ыктайлы. Той чачылоо түшүрүп, Беришели ыктайлуу. Бир жылы кылгын уруксат, Камынайын күтүнүп, Калкын укса жаманат, Аңгычакты кудайым, Сактасын өзү саламат. Жыл акыры болгуча, Мен багайын аманат. Чынкожо кебин укканы, Эр Семеңдин айтканы: — Андай болсо Чынкожо, Жакшы камын кылсын деп. Айабай калың мал алсын, Алтын, күмүш зар алсын, Тигип берчү ордосун, Келтирип жакшы камдасын. Кечиктирип күн өтүп, Кыйыгыма ал тийсе, Кейишти тартып калбасын. Кыздарды анда барсын деп, Чачыкейди айткын деп, Жиберди баатыр Семетей, Алып кетти кыздарды, Канчоро менен Гүлчоро Жүрөгү жаман сыздады. Баш кошултуп жуурканга, Кумардан булар чыкпады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.