← Семетей 1/7

Семетейдин Таласка барышы

Баатыр төрөм өлгөн соң, Семетейди Жакып хан, Өлтүрөрүн билген соң. Жалгыздын жанын калкалап, Качып келген эмеспи, Караханды аркалап. Кегимди кудай берер деп, Каныкей менен Чыйырды, Жатып калды чалкалап. Бакайдын сөзүн ойлонот, Баланы жакшы баксам деп, Байбиче ойлоп толгонот. Астына бакта май төшөп, Арбак конор бекен деп, Куйругуна май төшөп, Курч жүрөктүү болсун деп, Казы ээритип жал берип, Кайратына толсун деп, Капакка салган бал берип. Кандыра кара чай берип, Каймакка бышкан нан берип, Куурдак менен май берип. Таманын жерге тийгизбей, Эски кийим кийгизбей. Эли башка экенин Энеси жүрдү билгизбей, Атка минип желгенче, Арстан эрдин баласы, Алты жашка келгенче. Акылдан санаа бөлө элек. Тайатасы Каракан, Баланын жүзүн көрө элек. «Кабылан Манас төрөм — деп. Канкордон калган туйактын, Дидарын барып көрөм” — деп. Таятасы Кара хан Ботодой болуп буркурап, Бүткөн бойу зыркырап. “Семетейди көрсөм” — деп, Сүйүнгөндөн делбиреп, Элинин баарын чогултуп, Элине Каныш жагыптыр. Алты жашка келгенче, Жан көрсөтпөй багыптыр. Жерине Каныш жагыптыр, Жети жашка келгенче, Жел тийгизбей багыптыр. Көрөмүн деп баланы, Тайатасы барыптыр. “Сүйүнгөнүм өтөр — деп Көзүм тийип кетер” — деп, Таш айнекти алыптыр. Жети кабат таш айнек, Көзүнө дүрбү салыптыр. Жетим калган чунакты, Тегерете карады, Сыныма толду бала деп, Ичи эзилип барады. Куш алгырын тапкын деп, Журтуна кабар салады. Абдан сынга толуптур, Аман койсо кудайым, Ат минер чагы болуптур. Куп сынына толуптур, Кудай өзү каласа, Куш салар чагы болуптур. «Каныкей балам бектигиң, Болжолун мага билгизбей. Ойноп жүрөр кезинде, Боз жорго атка мингизбей, Аттын ыгын билбейби. Атка минип бастырса, Адам болуп калбайбы. Алла өзү сактаса, Ар кимге түйшүк салбайбы» Семетейди Каракан, Абдан анык сынады. Баласы сынга толгон соң, Көөнү ошондо тынды эми. Айландыра караса, Атасынан кем болбойт. Ушул кезде Семетей, Борумун байкап карасаң, Көзү кара көмүрдөй. Өңү болот темирдей. Өчөшкөн жоосун жеңгендей. Алтыга келген жашы бар, Адам болчу башы бар. Жетиге келген жашы бар, Жеткир болчу башы бар. Сегизинде сеңирдей, Кекенген жоону жегиндей. Тогузунда токтолуп, Ок жыландай октолуп, Он жашында шок болуп, Ойротто мындай жок болуп. Он биринде ат минип, Өөдө ылдыйды бат билип. Өзү өткүр түгөнгүр, Молдо болуп кат билип. Табарик менен жаасынды, Такыр баарын жат билип. Эркинче ойноп жүргөндө, Сарытаз байкап жүрүүчү. Малын сатып дүкөндө, Жемишке көзүн салчу эмес. Серпилип бала барчу эмес. Жаш баладай себеңдеп, Соода сатык алчу эмес. Айтарга ыгын таба албай, Сарытаз жүрчү кайгыда. Он экиде куш салып, Теңтуштардан кутчу алып. Алтындан кемер курчанып, Айдай бети нур чалып. Алыстан көрүп караанын, Кыз келиндер муңканып. Күмүштөн кемер курчанып, Күндөй бети нур чалып. Жүзүн көргөн Семеңдин, Жүрөгү күйүп муңканып. Жоргону жолго салдырып, Шумкарга өрдөк алдырып. Кубурлуу тууган чунагың, Котчуларын күлдүрүп. Ит агытып, куш салып. Илбесинин бүлдүрүп, Эркечтенип ээлигип, Элкин аттай желигип, Эрлигин артык теминип. Элинде ойноп жүргөндө, Эркинче дооран сүргөндө, Дүкөндү жыйды Сарытаз. Асылып буга нетейин, Алтын күмүш баары таш. Жыйнап муну нетем деп, Эркин өскөн Семетей, Элим алып кетем деп. Эртеден кечке токойду, Өчүрөт көмүр сепеңдеп. Токойдун жүрсөм жанында, Эби келер бекен деп. Жыргап ойноп жүргөндө, Душмандын ичи күйгөндө. Бадалдуу терек токойго, Шумкарды шилтеп ийгенде, Кырголду мычкып шумкары, Чытырманга киргенде. Аркасынан бара албай, Арсайган кызыл тикенден, Семетей кушун алалбай. Эрлигине жараша, Илгир болгон шумкары. Эр Семетей чунагың, Эки жагын караса, Көп токойду көчүрүп. Көк түтүндү булатып, Көмүр кылып өчүрүп. Көп токойго баш экен, Көмүр кылчу Таз экен. Тазды көрө салды эми, Тайбынбаган Семетей, Жанына жетип барды эми. Сарытазга чунагың, Салам айтып калды эми. Кайран Тазым кеп айтты, “Алеки салам” — деп айтты. Сарытаз жүзүн муңайтты, Семетей тазга муну айтты: “Көзү-башы көө болгон, Көмүргө жеке ээ болгон. Тикенек бассаң кирбеген Бутуңдагы чокойго, Кыргоол алып шумкарым, Кирди мобу токойго. Кушка, Тазым барасың, Коросун айрып аласың, Эч болбосо сен Тазым, Шиш кебек кылып канасың. Тигине токой черинде, Корозду алып сен өзүң. Кушумду алып бересиң, Куш корозду жеди эле, Курган Таз жүгүр — деди эле, Таз балага кеп айтып, Ачуусу келип бек айтып: «Кушуңду алып берүүчү, Кулуң барбы?» деп айтат. Кыргыздан кырааң эр Семең, Кыйкыра түшүп кеп айтат: «Көөнүң куунак жай белең? Кул эмей Тазым бай белең? Алып бергин кушумду, Албасаң бирди көрөсүң, Айбан Таз азыр өлөсүң». Ачуусу келип калды эле, Колундагы камчысын, Оң имерип алды эле. Кара жанды кашайтты, Анда туруп Таз айтты, «Бала сен бейбаш өсүпсүң, Элирген байкуш эсиң жок. Эчтеме менен ишиң жок. Өкүм кылчу кишиң жок. Камчыңды колго имерип, Уруп чаап ийичү, Уруктуу тууган элиң жок. Туруктуу Талас жериң жок, Байкасам балам тегиң жок. Жериң Талас болучу, Атаң Манас болучу. Туугандуу киши оңучу, Айтарга сага кеп ушу. Көтөрбөймүн жемеңди, Сен жүрөсүң ишенип, Эжем деп айтып энеңди. Каныкей менен Чыйырды, Казына пулга ээ болбой, Качып келген болучу. Кара ханды калкалап, Шашып келген болучу. Унаа минбей түн катып, Басып келген болучу. Арка бел типтик жондорду, Ашып келген болучу. Тууганга энең баш ийбей, Жазып келген болучу. Өлтүрөрдө тууганың, Катып келген болучу. Шамалы жок жел болбойт. Шыбыры жок кеп болбойт. Чыйраксынба Семетей, Жээн деген эл болбойт. Атаң Манас өлгөндө, Эки энең кордук көргөндө, Чоң атаң Жакып малыңды, Абыке, Көбөш эки уулу, Олжо кылып бөлгөндө, Качкан энең эли жок, Караан кылчу жери жок. Элдүү киши кептенип, Сенин ачуу кылар эбиң жок. Эсиң болсо элиң тап, Менин мындан башка кебим жок» Баатыр тууган эр Семең, Бала жолборс эр немең. Желкетаздан кеп угуп, “Жериң Талас” деп угуп. Ашкере Таздан кеп угуп, “Атаң Манас” — деп угуп. Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргарып. Таз кебине арданып, Ушул жерде жүрбөйм деп, Уламдан оозун карманып. Тууган энем канетсин, Кудайыма зар ыйлып. Калган экен жанды алып, Эки байкуш энекем, Көргөн экен кордукту. Көтөргүс булар сандалып, Билгизбеди бой-бойлоп. Ичинде Семең муну ойлоп. Кекеткен эле чапсам деп, Кең Таласты тапсам деп. Атам Манас конушун, Олут кылып жатсам деп. Атынан түшө калганы, Кушун колго алганы. Өзү барып алыптыр, Таздын айткан бул кеби, Кудайыма аныктыр. Кубурлуу тууган Семетей, Кайгырып үйгө барыптыр. Короонун чети түз дөңгө, Барып түштү бешимде. Астындагы жоргонун, Ээрин алып ыргытып. Колундагы шумкардын Боосун алып ыргытып. Кабагы карыш түйүлүп, Ичи күйүп өрт болуп, “Абыке, Көбөш,Жакып” — деп, Эки көзү төрт болуп. Эли жок деп Таз айтып, Арманы ичте көп болуп. Өткүр тууган чунактын, Өңү сары чөп болуп. Адамдын сөзүн укпады. Асты наар сызбады. Үшкүрүгү басылбайт. Ушул кепти уккалы. Кынама бешмант кийгени. Кыргызда жок Каныкей, Жетимдин сырын билгени. Атасынын үйүнө, Акылман тууган Каныкей, Аста басып киргени. Хандын кирди үстүнө, Байкады кандын жүзүнө, Ойлонгон кебин Каныкей, Айтты хандын өзүнө.