Абыке менен Көбөштүн Манастын айылын чабышы. Каныкейдин Семетейди алып качышы
Көбү төгүн көбү чын, Көрүп келген мен эмес, Күрпүлдөтүп айтабыз, Көп теңтуштун көөнү үчүн. Жарымы төгүн жарымы чын, Жарандардын көөнү үчүн. Жанында турган киши жок. Жалганы менен иши жок. Айтайын бир аз канкордон, Айтканым жалган болбосо, Арбактары колдосо. Хан Жакыптан эр Манас, Жатуучу белең чалкалап. Бек ачуусу келгенде, Бейжинди бузган талкалап. Кармашалбай душманы, Кара жанын калкалап. Бейжинди барып багынтып, Сурап турган кезинде, Кытайлардын Коңурбай, Кеги бардыр ичинде. Белин бекем байлады, Камы жок турган беренди, Айбалта менен жайлады. Айбалта тийип шилиге, Көзү оттой жайнады. Кор болбогон баатырдын, Шору минтип кайнады. Кан Коңурдан өлгөнүн, Кайран эр кордук көргөнүн, Жарасы жаман зилдеди, Не кылаарын билбеди. Жайдары Манас ооруган, Жаман өлүм тооруган. Мына ошонун шаарында, Манастын көзү барында, Акылман тууган Каныкей, Койоналы чунагың, Жар салып көп элге, Маминтип ашын бердирип, Мамыга аркан кердирип, Алдында күтүп камынып, Ойу менен иш кылып, Майдын баарын ысытып, Кыштын баарын бышыртып, Эркечтин майын эритип, Аки, бору аралаш, Таштын баарын эритип. Сарайын чакан салдырып, Көргөндүн көзүн талдырып. Келген элдин баарысын, Тамашага кандырып. Жоругун элден арттырып, Миң жамбы менен бүттү ээп. Күмбөзүнө жаздырып, Манастын баскан мөөрүн, Окшош кылып ойдуруп. Күмбөзүнө бастырып, Кышында тоңсо агарып, Жайында күйсө карарып. Манаска кылган чыгымы, Күмбөзүндө саналып. Күмбөзүн жакшы бүтүрүп, Каныкей жүрчү күтүнүп, Ичине жайын каздырып, Өлө элек Манас барында, Ага катырган айкел жашырып, “Сөөгүн ачып каапырлар, Өрттөп таштап кетет деп, Көргөзбөй тирүү адамга, Кыйаматтык дос болгон, Кызыл арстан молдого, Карыган Бакай абаңа, Кайнардын кара суусуна, Көр каздырды ушуга. Сууну тетири бурдуруп, Алдында сайды ойдуруп. Ичин жакшы бекемдеп, Темир менен кынатып. Таш менен жакшы шыбатып, Шамал кирчү бир тешик, Эки күндүк ыраактан, Темир менен кадатып, Кызыл арстан Бакай хан, Кандай кылган иши деп. Карылар жүрдү санашып. Кабыландын өлүгүн, Катып сууга койот деп, Калың журт түк бир ойлобойт. Өлбөй Манас турганда, Көмүлүп көрү калыптыр, Алыстан келген нечен бар, Манастын койгон көрлөрүн, Көрүп кетсек экен деп. Эли койуп жанганда, Сууруп кетсек экен деп, Күмбөздү жүрөт кайтарып, Көөнү бузук адамдар, Көрүн ачып караса, Таш болуп Манас калыптыр. Өлбөйт экен канкор деп, Жандан тойгон анткор деп. Өлүмүш болуп көмдүрүп, Көңүлү бузук адамды, Сынап жүргөн белем деп, Калмактан келген канчоо бар, Кытайдан жүргөн экөө бар. Качып кетти мобулар, Кайгылдар качып кетиптир. Каалаган ойго жетиптир, Каныкей эми нетитир. Кадикте иши бүтүптүр, Өткүр Манас баатырдын, Өлөргө күнү жетиптир, Асылым Манас өлгөнү, Оозунан чыгып көк түтүн, Бопоростой бур этип. Калың журт калды чур этип, Мамык жаздык башында, Ыйман айтып жарылдап, Беш арысы кашында: “Асылым төрөм курдашым, Акыретке кеттиң деп, Акым жок сизде кечтим” — деп, Каныкей турду кашында, Ардактаган дейилда, Ак тубардан көшөгө. Жүзүнө тартып койдуруп, Тогуз ондой бээ тандап, Коногуна сойдуруп, Канкорду сурап келген эл, Кол жуудуруп кондуруп, Бейшембинин күнүндө, Жуманын кадыр түнүндө, Кандуу кетти кайран эл, Ак исламдын дининде, Ар ким өлөт ошондой, Жети күндүн биринде. Эртең менен болгондо, Алты сан кара топ ногой, Эл жыйылып толгондо, Дооронго тоскон сур байлап, Баарын бирдей кур байлап, Кыргыздын наркы ушу деп, Шарыйатта жок эле. Күнөө болсо мейли деп, Жаман атты кылат деп. Дооранын жакшы кылдырып, Бидийасын өткөрүп, Ыскатын токтутуп, Кыйаматтык дос болгон, Кызыл арстан молдого, Жаназасын окутуп. Молдого кепин бычтырып, Жуугандарга он бештен, Бар кийимин жыш кылып, Бакайга башын карматып, Баары журтун жардатып. Акылман тууган Каныкей, Акылына көндүрүп. Ак сарайга алпарып, Көрсөтмө кылып көп элге, Айкелин анын көмдүрүп, Түн ичинде байагы, Кызыл арстан молдого, Карыган Бакай абаңа, Караңгыда каздырган, Кара суунун кудукка, Катып аны көмдүрүп. Үстүнөн сууну агызып, Каныкей көөнү тынды эми. Хандын кызы Каныкей, Жалгыз жанга туйгузбай, Жайынча кызмат кылды эми, Кайрылбай кетти кайран эр, Каныкейди үшкүртүп, Ажы менен молдого, Бейитке куран түшүртүп, Бар кызматы бүткөн соң, Дүрбөгөндү кайтарып. Беш алты күн өткөн соң, Абыке, Көбөш, Жакып хан, Масилет кылып алышып, Бир семизди сойушуп, Арага элчи койушуп, Бирибизге тийсин деп, Киши салып айттырып. Арбагы үчүн Манастын, Назданганда тийбесе, Зордук кылып алабыз. Тийбеймин десе долуну, Тескери чачын жулабыз. Тезек терчү кылабыз. Бөлүштүрүп мал-пулун, Чаап алып тынабыз. Дешип кепти бүтүрдү. Арачысы бир киши, Арага келип кеп айтты: “Ой, Каныкей байбиче, Кулак салчы деп айтты, Ар кимдин эри өлүүчү, Артында зайыбы калуучу, Тиешелүү жесирин, Тим эле нике кыйуучу. Баштагы орду былк этпей, Байбиче болуп калуучу. Жоготосуң кобуңду, Кимисине тиесиң. Ачык айтчы жообуңду, Баштагыдай Каныкей, Биле албайсың тобуңду, Кууп салат үйүңдөн, Сен табасың жолуңду. Арачы киши муну айтты, Анда туруп Каныкей, Арачыга кеп айтты. — Арачы киши кайтып бар, Менин кебим кулдарга, Төкпөй чачпай айтып бар, Эки арамдын энеси, Кайинимдин жеринен, Жумшап келген күң эле. Каалабаймын, тийбеймин, Капа болуп, жүрбөймүн, Бул кулдарга болбоймун, Мурутуна сийбеймин. Өлбөсөм күндү көрөрмүн, Өлтүрүп койсо өлөрмүн, Күн тийген жерге жөнөөрмүн” Арачы киши кайтканы, Акылман тууган Каныкей, Алда кандай болот деп, Артын ойлоп шашканы, Аракет кылды Каныкей, Семетейди катканы,. Ошол кезде Семетей, Үч жашка чыккан бала эле. Башынан ойлоп иш кылган, Каныкей даана жан эле. Жумуш кылчу казанчы, Сарытаз деген бар эле. Бакмага берген ошого, Семетейди ага эле. Семетейди асырап, Сарытаз багып жүрүүчү, Бакайдан башка жок эле, Мунун жайын билүүчү. Аттанып канкор кеткенде, Чоң Бейжинди бет алып, Ыйлап жаткан баланы, Сатып алган Каныкей, Алтын, күмүш зарга алып, Эркелетип колуна, Көтөрүп жүрчү карманып, Манастын уулу ушу деп, Баары журт жүрчү таңданып, Күйпүлүрөөк бала эле, Өсө албаган жан эле, Балтыр бешик баладай, Ал-абалы бар эле, Дагы жакшы кийгизип, Толуктады аны эле. Арачы киши кайтканы, Абыке, Көбөш, Жакыпка, Каныкей сөзүн айтканы: “Жеңеге бардым жеме уктум, Теги жаман кеп уктум, Өзү жесир тул деди, Экөөңөрдү кул деди. Абыке, Көбөш экөөңдү, Теги эле жаман тилдеди. Көргөнүм каран түн деди, Энеңерди Чыйырды, Жумшап келген “күң” деди, Абыке, Көбөш эки арам, Тийишпесин тим деди, Каалабаймын, тийбейм дейт, Капа болуп жүрбөйм дейт, Бул кулдарга болбойм дейт, Мурутуна сийбейм дейт. Кабарчы киши мен болуп, Каныкейге тутулдум, Айткан кеби мына ушу, Карызыңардан кутулдум” Ушул кепти укканы, Оолугуп Жакып жатпады: “Эрки менен болобу, Эртең менен долуну. Токмоктоп иттей баккыла, Токтобостон чапкыла” Абыкеси арданып: “Сени, — деп оозун карманып, Долу күңгө кылбасам. Айылын анын чаап алып, Казанымды кармасын, Ачкалыктан зарланып, Кар болсун жесир Каныкей, Карды үчүн зарланып, Үйүмдөн жүрсүн кете албай, Казан асып зарланып. Көрбөгөнү көр болсун, Ошентип жүрүп жан багып”. Абыке сөзү бүттү эми, Көбөш баатыр күүлөнүп, Көрсөтөм деп сүйлөнүп, Абыке, Көбөш, Жакып хан, Ачууланып токтошуп, Калмакка казат кылчудай, Мылтыктарын октошуп, Кылса болот буга деп, Убада сөзүн токтотуп. Эч биринде уйку жок, Үшкүрүшүп муңайып, Ачуусу менен токтолуп, Түн ичинде барарга, Алыста жоосу жок болуп, Таң саргарып атты эми, Тараза жылдыз батты эми, Баарысы тегиз чогулуп, Манастын айылын басты эми. Чыйырды менен Каныкей, Чын эле жаман шашты эми, Жер астына ор казып, Семетейди катчудай, Кылаарын билип мурунтан, Айлына жакын келтирбей, Семетейди Каныкей, Сарытазга тургузган. Шексиз кылып койууга, Кылаарын билип кулдардын, Семетейди катуу үчүн, Ор казган болуп турганы, Каныкейдин даанасы. Эркелетип колуна, Эрмек кылып сүйгөнү, Сатып алган баласы, Семетей башка катылып, Жесирлер баскан санаасын. Абыке, Көбөш, Жакып хан, Өрүштөгү малды алып, Катарлашкан нарды алып, Казына күмүш зарды алып, Катканын билбейт сандалып, Көрүнө турган малды алып, Чыйырды менен Каныкей, Кан какшады зарланып. Куруган эки катынды, Өз айынан көчүрүп, Үстүндөгү ордосун, Үзүгүн сыйрып чечтирип, Катарлаган туу-туусун, Каршы терши бүктөтүп, Карматып келген нарларга, Казына зарын жүктөтүп, Чыйырды менен Каныкей, Чымырканып күч кетип, Ал аңгыча болбоду, Жакып хан келди жаркылдап, Үнү катуу баркылдап. “Айткан сөзгө көнбөйсүң, Арың кеткен ит долу, Абыкеме тийбейсиң, Көңүлүңө сыйбайсың, Көркүң менен ит долу, Көбөшүмө тийбейсиң, Долу сен, кар болоруң билбейсиң, Кең дүйнөсүн тарытып, Талкала, — деп долуну” Жакып хан турду демитип, Анда туруп Каныкей, Атасына кеп айтты: “Атаке баарыбызды тапкансың, Бала кылып баккансың, Өлгөн уулуң барында, Өзүң бек болуп жаткансың, Кары да болсо атаке, Чын акылга толо элек. Манас уулуң өлгөнү, Толук он күн боло элек. Манас өлдү сүйүндүң, Кейибедиң балам деп, Эки арамың ээрчитип, Эми келдиң чабам деп, Мал айдадың чарбакка, Баарыңды койдум арбакка, Бирөөң экөө болбой кал, Бир конушка конбой кал,. Биз өңдөнүп арман күн, Асылым Манас өлбөй кал. Теңдейт деген сөз кана, Жетим, жесир убалын, Акыретте көздөп ал. Энтелеген курган чал, Эки уулума тийбейт деп, Айлымды келип камадың, Хан уулуңдун мал-пулун, Душмандан бетер таладың, Абалтан арам иттерге, Тиймек түгүл сийбеймиң, Кыларың ишин мурунтан, Илгертен бери билгенмин”. Ал аңгыча болбоду, Жакып хандын ичине, Жыйылып шайтан толгону, Минген атын дыркыратып, Уландарга чакыртып, “Муну көрчү Абыке, Муңайып туруп каласың, Медер кылып алыптыр, Кечээ эле тууган баласын. Тууганы үч жыл боло элек, Үч жашка анык толо элек, Телчип басып борбойуп, Темтеңдеп басып кобо элек, Чолпондой көзүн жайнатып, Тунжур куштай талпынып, Муну тирүү койуш анча эмес. Кудай кылат ар ишти, Курчанып белин баса элек, Кундакта жатып бул жетим, Кылганы турат бир ишти. Нөөмөт бербей силерге, Атасы жүрдү башында, Өрүпкүгөн жетимди, Өлтүргүлө жашында. Бергенин кудай алчу эмес, Берен болчу неме экен, Бирди кылбай калчу эмес, Бул өңдөнгөн чунакты, Тирүү койуш анча эмес, Каныкей долу катынга, Бир кылбагын үч кылгын, Тил албаган кайратын, Өз башына күч кылгын”. Карыйа Жакып кеп айтып, Кайдасың Көбөш деп айтып, Өлтүргүн деп баланы, Катуу үнү чыгып жеме айтып. Койчу деп мойнун бурган жок, Токтоо кылып турган жок, Бөрк ал десе баш кескен, Бул экөөндөй урган жок, Жайлагын деп баланы, Жакыптын жаны тынган жок, Жаман арам эки айбан, Койчу деп сабыр кылган жок, Көбөш менен Абыке, Бир бастырып жанашып, Өлтүрөм деп ээ кылбай, Күң баласын талашып, Каныкей менен Чыйырды, Каргай берди жаны ачып. Эки катын биригип, Эмгектеген баланы, Бооруна басып дүм түшүп, Талашканын көргөндө, Калың элге чуу түшүп, Манастын уулун айайт деп, Өз элине таарынып, Жакып хандын көөнүнө, Айабаган чуу түшүп, Эрегишип киргенде, Элин басып жоо түшүп, Баланы сууруп алышып, Баатырсынып калышып. Колунан жулуп алышып, Комбоосунуп калышып, Жоо түшүргөн немедей, Жакып ханга барышып. Көкбөрү тартып баланы, Эки арам кетти жарышып, Жайлады Жакып баланы, Эки уулуна үйрөтүп, Күң баласын өлтүрдү, Көкбөрү кылып сүйрөтүп, Баланы шейит кылышып, Баарынын жаны тынышып. Өлүмдүн иши кор экен, Жамандын иши чор экен. Баш билги көзү өткөндө, Артында калган кор экен. Каныкей менен Чыйырды, Кыбыла карап отуруп. Жаш аралаш кызыл кан, Көзүн жашка толтуруп. Манасты ыйлап жоктошуп, Эки жесир бечара, Олтурушту окшошуп. Энеси турду үн кошуп, «Эсит ботом өлдүң деп. Акырет кеттиң кулунум, Айрылды кийген буулумум. Азабын тарттым маминтип, Асылым Манас уулумдун. Талаан койду малыма, Зар какшатпай энеңди, Тарта жатчы жаныңа. Ээ кылбады малыңа, Эмгекти тирүү тарттырбай, Энеңди алчы жаныңа! Эрмек кылып сүйсүн деп, Баламды койбой колума. Адамдан капыр карыган чал, Арманды салдың ойума! Дүнүйөнү мол алып, Душмандын көөнү басылды. Күйгүздүң отко ботом! — деп». Энеси ыйлап басылды. Каныкей турду кан какшап, Кайырма жака киш ичик. Желбегей жеңин бош таштап: «Кайран төрөм артынан, Кайгырайын көз жаштап, Артык тууган кан төрөм, Азелде тагдыр ушу экен. Муну кимден мен көрөм? Адамдан капыр атаң бар, Беш күн өтпөй таланып. Бек арылбас капам бар, Береним төрөм арбагы. Бечерага болсун жар, Алалдык менен караны. Акыры кудай теңшесин. Аман болсом кесермин, Үч айбандын эңсесин. Өлтүрсө өлүп калармын, Өлбөсөм күндү көрөрмүн. Кудайга зарым угулса, Курган чал өчүм алармын». Каныкей менен Чыйырды, Кан какшады зар ыйлап. Карап турган калың журт, Токтоо кылбай баары ыйлап. Эки катын журтунда, Калды эми жан кыйнап. Уулунун малын жоодой чаап, Укмушту Жакып баштады. Улутуп эки зайыпты, Өз журтуна таштады. «Эрлигимди билет деп, Ээси ооганда келет деп, Кайратымды билер деп. Карды ачканда келер деп». Такыр талап малды алган, «Үч берен» деген эр ошол, Каныкейди журтуна, Таштап кеткен жери ошол. Байыркынын акмагы, Баласын жоодой чапчу экен. Бакай баатыр чеп болуп, Темир тоодо жатчу экен. Бакай хандын ичине, Нечен акыл кирүүчү, Нечен акыл чыгуучу. Абыке, Көбөш Жакыптын, Башта эле сырын билүүчү. Кантти экен деп санады, Кайран Бакай көзүнө, Дүрбүнү алып салды эми. Пар келтирип тушуна, Манастын айылын карады. Үй-үлкүмөт мал-пулдан, Эч көрүнбөйт карааны. Айдап кетсе калтырбай, Караанды Бакай табабы. Эр Бакайдын санаасы, Алда канча бөлүнөт. Эрбеңдеген журтунда, Эки караан көрүнөт. Кылган экен буга деп, Кандуу жаш көздөн төгүлөт. Кудай кылды кантем деп, Курган Бакай наалыды. Эки зайып экенин, Эми Бакай тааныды. «Көп кечикпей кетсин деп, Самаган жерге жетсин деп. Эки койду бышыртып, Эки зайып жесин деп. Эри менен дос элем, Ант актайын билсин деп. Эки чанач сүт алып, Суусаган жерде ичсин деп. Эки байтал күч алып, Жөө баспай минип кетсин деп. Субайдан берер чама жок, Кандыгы тайган колунан, Ал Бакайда амал жок. Ээр токум тарттырып, Эти-сүтүн Бакайың, Байталдарга арттырып. Эки байкуш катынга, Ичи жаман ачынып. Туура жолго жанашып, Душмандарга көрүнбөй, Бөксө менен желиптир. «Минип алып жогол деп». Байталды Бакай бериптир. Каныкей менен Чыйырды, Сүттөн жутуп алышып. Ысыган жүрөк муздадып, Сүткө суусун канышып. Эр Манастын мүрзөгө, Бакай болуп барышып. Арбагы эбеп жөлөөр деп, Куран окуп алышып. Амандашып коштошуп, Абдан ыйлап боздошуп. Эки зайып бир эркек, Баары кары окшошуп. Каныкейдин сөзүнө, Кулак салып токтошуп. Күмбөзү бийик босого, Адам барбай ошого. Төр жагын карап отуруп, Каныкей ыйлап ошондо. «Алланын берген сыймыгы, Асылым Манас өлгөнүң. Эми айтып атам кыдыртып, Эл чогултуп көмгөнүм, Он күн өтпөй артыңда, Эми кордук көргөнүм. Амырына кудайдын, Айлам барбы көнгөнүм, Карыган атаң Жакып хан, Хан төрөм сага кас кылган. Жаман санаа ниетин, Калың журтка паш кылган. Кудай сенин атаңды, Эрибес боорун таш кылган. Асылым Манас өлгөнү, Эл чогулуп көмгөнү. Артында калган тууганы, Жыйнап койгон мал-пулун, Камчыга ченеп бөлгөнү. Абыке, Көбөш иниңди, Арамдыгы билинди. Бел кылып мында мен турам, Арка кылып кимиңди? Карыган Бакай досуңдун, Айласы жогу билинди! Жердеген жериң кең Талас, Жеке журтка баш болгон, Сен элең баатыр эр Манас. Турган жериң кең Талас, Сурап журтка баш болгон, Сен элең өткөн зор Манас. Асылым кеттиң дүйнөдөн, Азабың тарттым бүгүн мен. Арбагың эбеп жөлөөрсүң, Артыңда калган балаңды. Алып кетсем эми мен, Адырда жылкың ала баш, Аргымак атың аралаш. Абыке, Көбөш, Жакыптан, Намысын каалап аларга, Артыңда калган бала жаш. Азабым айтам арызданып, Жаныңа мени ала жат! Тоодо жылкы ала баш, Тобурчак атың аралаш. Тобурчак кармап минерге, Тобуңда калган бала баш. Тозогум айтам арызданып, Күйгүзбөй мени ала жат. Сары кызыл аралаш, Ыраңдап түрдөп сырдаган, Сарайың калды каңгырап. Кыргызда төрөм өзүң жок, Кыйнооңду тартып маминтип, Каныкей калды жалдырап. Ак жашыл сырдан аралаш, Сарайың калды каңгырап. Жанымда төрөм өзүң жок, Кара бет калды жалдырап. Жайкалган Талас бош калды, Атакелеп ыйларга, Аркаңда Семең жаш калды. Көйкөлгөн Талас бош калды, Абакелеп ыйларга, Көтүңдө балаң жаш калды. Жердеген жериң кең Талас, Абыке, Көбөш журтка баш. Ордуңда тагын ээлерге, Артыңда калган бала жаш. Белинен сынды терегим, Бейжинге барган береним. Султан Алмаң, Чубакты, Бейжинге белек бергениң. Бектерди белек берип сен, Же өзүң тирүү келбедиң. Кайрылып сынган терегим, Казатка барган береним. Кан Музбурчак, Сыргакты, Казатка белек бергениң. Бергениңе жараша, Өзүң аман келбедиң. Казатка бардың кол менен, Адам тапкыс жол менен Айлана кара тоо менен. Оргуган аппак шор менен. Капырга таштап колуңду, Падышам кайгырып келдиң жол менен, Жайкалып бастың кол жыйнап, Чактабай арбын мол жыйнап. Чабам дедиң Бээжинди, Чарчаттың бекер жан кыйнап. Чарыйар чаркы барбаган, Чакташып бенде албаган. Искендер изин салбаган, Илгертен киши албаган. Байгамбар, сааба жетпеген, Байыртан киши кирбеген. Балакеттүү Бейжинге, Падышам баатыр, бардың сен, Жапасын тартып балаңдын, Жанымды кыйнап калдым мен. Бейжинге бардың жол алып, Кырылды журтуң суналып, Кыйла баатыр кыргыздан, Кыйамат көздөй жол алып. Башымда күткүн сыймыгым, Баштан айак шор алып. Барбай турган Бейжинди, Падышам кандай чендеген? Барса келбес Бейжинди, Башынан кытай жердеген. Адам ата – Обо эне, Ошондон бери карата Адам уулу жеңбеген. Барамын деп падышам, Балакетке желдеген. Ойуң менен кол жыйнап, Оолуккандай дембе-дем. Урматына кызыгып, Улук болуп калгандын, Тирүү пенде келбеген. Асылдан тандап кийиндиң, Арстаным артык билиндиң. Айдап барып колуңду, Анжуга барып кийирдиң. Алтымыш уруу алашты, Алардын баары ийилди. Айдап барып арстаным, Ал Бейжинге кийирди. Токсон уруу түрк уулу, Түгөл баарың ийилди. Токтотпой айдап барысын, Тозоктуу жолго кийирди. Башынан киши барбаган, Барса келбес Бейжинге, Бардың, баатыр, тил албай. Айбалта тийип шилиге, Аманат жандан ажырап, Азапка салдың мамындай. Айлыңда кантип мен турам, Абыке, Көбөш Жакыптын, Кылганына ар кылбай. Көтөрүп жүрүп багайын, Белегиңди кар кылбай. Өмүрү болсо Семетей, Өчүмдү алып берер дейм, Өзгө элге зар кылбай, Аркаңда жалгыз туйагым. Амандыгын тилеймин, Акыры алла кудайдан, Армандуу өлүм айрылттың. Ак никелүү жубайдан, Сандаган журттум түрк болду. Сандалган энең баш болду. Сакалын жеди карыган чал, Саңсарларга баш болду. Тирүүмдө көрдүм ыраат, Кылганым ага аз болду»!... Кыйла сөз айтып буркурап, Чыйырды менен Бакайдын, Угуп сөөгү зыркырап. Ал аңгыча угулду, Ыйлап бала чыркырап. Баланын үнүн укканы, Басып Каныш чыкканы. Курчанып жонго көтөрүп, Баланы Сарытаз алып келгени. Каныкейдин алдына, Сакалы ылдый жаш кетип, Карыган Бакай басканы. Төрөсүнүн өлгөнүн, Кайнатсы билгизип. Кайран Бакай карыя, Калмакчы болду бул жерде. Төтөлөп жолго киргизип. Сарытаздын алдына, Салып Бакай барганы. Колун сунуп арбайтып, Баланы Бакай алганы. Амансыңбы балам деп, Кучактап Бакай ыктады. Көзүнөн аккан кандуу жаш, Жакасын жууп чыктады. «Семетей балам сенсиң деп Сагынган карың менмин деп, Кудай таала туз буйурса, Чоңойсоң кайтып келгин деп, Чоң болгондо табарсың, Жооңдон кегиң аларсың. Жолугушкан жоо болсо, Айанбай найза салаарсың. Жетимдик кылып койбосоң, Жериңди келип табарсың. Карып калган Бакайдын, Ошондо көргүн керегин. Ушу болсун арнаган, Балага менин белегим. Кайра келсе Таласка, Ушундан таанып алайын. Чоң кынымды берейин». Сакал салчу кылаптан, Кошо суурду жанынан. Муну алгын Каныш деп, Каныкейге арнаган. Төтөлөп жолго киргизип, Баланы тосуп жүрөрмүн, Түбөлкү сырын билгизип, Тирүү болсоң барарсың, Төркүнүң таап аларсың. Төрөдөн калган туйакты, Өз билгиңче багарсың. Тору этиңе толгондо, Кең Таласты табарсың. Минген атың жоорутпа, Төрөдөн калган туяктын, Теги эле көөнүн оорутпа. Киши көзүн салбасын, Каныкей сөзгө кулак сал, Кирпил болуп калбасын. Баланы жаман бакканың, Өзүңө болор жаман ат. Баарыңарды тапшырдым, Кудайыма аманат. Семетей балам бөрү бол, Бөрү болбой каман бол, Бөлүнүштүк аман бол». Берметтей жашы тизилип, Ичеги боору эзилип. Кайран Бакай карыйа Кайра тартып келди эми. Минип алып жогол деп, Эки байтал берди эми. Амандашып кайткан соң, Хан Бакай сөзүн айткан соң. Анда туруп Каныкей, Сарытазга кеп айтты. Серпип кашын муну айтты. Кишиге айтпа сырыңды, Башында сага бактырдым, Балага кылып ырымды. Хан көтөрөм коргонго, Аман болсо жалгызым, Асылы анык чыным бу» Каныштын кеби ырас деп, Кабыл алды Сарытаз. Эми эле хандык тийгендей, Өрүпкүп кетип баратат. Бурулуп чыкса тумшуктан, Түшүп Бакай ал жатат. Коргондун ханы келди деп, Тосуп Бакай кеп айтат: «Сарытаз жакын келгин деп, Айтамын сөздү билгин деп, Үч айдан артыгыраак жол, Темир хандын шаары деп. Мында туруп нетесиң, Эртеңден баштап күтүнүп, Ошол жерге баргын деп. Алтын, күмүш берейин, Кеңири малды алгын деп. Дүкөн ачып, мал жайып, Соодагер болуп калгын деп. Жер-жемишти көп салгын, Ичмек жагын камдагын, Кулагың салгын Сары аба, Унутуп сөзүм калбагын. Көптү көргөн карысың, Байкап жүргүн сыртынан, Чоңойсо бала Семетей, Алгындай болсо намысын, Эбин тапсаң айткының, Эли журтту тааныткын. Ашкере кыйын эр болсо, Эгин салып жер айдайт. Куурулу жолу шар болсо, Куш жайылып куу кармайт. Куруган жаман ал болсо, Айылдан чыгып баса албайт. Асылы дээрлүү жан болсо, Үйүндө жатып алалбайт. Байкап жүрүп мүнөзүн, Болоорун өзүң билесиң. Эли журтун билгизип, Эбин таап ийерсиң. Айткан сөздүн баарысын, Акылыңа илерсиң. Атанын мүлкүн алалса, Чоң коргонго хан болуп, Сырдаган сарай кирерсиң». Сарытаз анда кеп айтат: «Болот, Бакай» — деп айтат. Башында Манас барында Дарбазачы мен элем, Башкарган элин билгиче, Баш кишиси сен элең. Хандарга болгон жанаша, Катарда киши мен элем. Караанында Манастын, Жан сактоом элден кем белем. Байкап көрсөм Бакай хан, Табалбай айлам сенделем. Байкап жүрүп баланы, Бала жолборс эр болсо, Кабарын элден мен берем. Он экиге чыкканда, Ошондо кабар берермин. Ушу болот Бакай хан, Болжолдоп кабар берермин. Сен да жолун тососуң, Унутпастан береним». Муну мындай таштайлы, Каныкей менен Чыйырды, Жол басканынан баштайлы. Кайра тартты Каныкей, Амандашып алган соң, Бет алып жолго чыккан соң, Бакайдын сөзүн уккан соң. Шакылдата жол жүрүп, Күн-түн дебей мол жүрүп, Арадан нечен күн өтүп, Ай караңгы түн өтүп. Капа кылбай энесин, Кара күчкө каткырып. Чыйырды менен баланы, Ыктуу жерге жаткызып. Суулугунан бек кармап, Байталдарды чалдырып. Өлмөк болду байталы, Ташыркап бутун алдырып. Тирүү киши билбеген, Түн түшүнө кирбеген. Жыбырга жатып конгону, Жолго түшкөн эсеби, Бир жарым ай болгону. Элечек жоолук кирдеди. Ээн калаасын байагы, Эки байтал жүрбөдү. Жүрбөгөн соң таштады, Жөөлөп жолго баштады. Беш күндөн кийин мекчейип, Кайненси баспады. Асыл тууган Каныкей, Ичи жаман кайышып, Кайненесин көтөрүп, Кабыргасы майышып. Жөө басып Каныкей, Сыр билгизбей тайышып. Буулум тоону кырчылып, Бутунда кепич жыртылып. Согончогун жоорутуп, Томуктарны оорутуп. Аркасында Чыйырды, Арык койдой соолутуп. Кепичи жок маасычан, Кейиген экен курган жан. Жөө басканын сурасаң, Бир жарым ай күн болуп. Жоболоң тартып Каныкей, Темгил ала тер болуп. Эмгекти тарткан кезинде. Кечки салкын бешимде. Эси кетип нес болуп. Анда бир киши кез болуп, Жолуккан киши кеп айтат: «Жолуң болсун деп айтат, Түзөң качып, түн катып, Унаа минбей жөө басып, Кайсы жактан келесиң, Кайсы жакка барасың. Айып көрбөй энелер, Дайыныңды айтып берерсиң». Атынын башын бурганы. Аңгеме дүкөн курганы. Бала туруп алардан, Абдан дайнын сурады. Каныкей баштып кеп айтып: Байкап уккун деп айтып, Жерибиз Кеңкол чоң Талас. Элибиз ногой көп алаш. Алган эрим сурасаң, Акырет кеткен зор Манас. Эмгекке тууган кайгымын, Эр Манас зайыбымын. Камка тондун тышымын. Кара хандын кызымын, Жер түбүнөн көтөрүп, Эмгегин тартып баланын, Жедигердин эр Багыш, Ошого бара жатамын. Арманым айтсам муң болот. Куулдаган боз бала, Сенин айлыңдын башы ким болот. Дайыныңды мага айткын деп, Андан кийин кайткын деп». Баркы менен сурады, Маанилүү тууган Каныкей, Баланын дайнын сурады. Баштап бала кеп айтып, «Байкап уккун деп айтып, Камыш эмес жекенсиз, Каракан кызы болсоңуз, Эжеке жакшы келди кебиңиз. Темиркандын элибиз. Ошондой дайныбыз, Каракан болот айлыбыз. Жүрү эжеке кетели, Жолдо туруп нетели. Атка минип алалы, Айлыбызга баралы. Темиркан кызы эжеке, Жолгоо жөө басыпсың, Эң эле жаман шашыпсың» Жылуу сыйпап кеп айтып, “Жүрү эжеке” — деп айтып, Бала жолду торгоду. «Эр Багышка кетем», — деп, Каныкей асили болбоду: Төрөм Манас өлгөнү, Түп бир көөнүм тынган жок. Төркүндүгү ушубу. Төрөмө бата кылган жок. Баатырдын көзү өткөнү, Байкуш жаным тынган жок. Аталыгы ушубу, Арстанга бата кылган жок. Тирүү болсом жетермин, Жедигердин эр Багыш, Ошого кирип кетермин. Төө тартса дагы барбаймын, Төркүнгө башым салбаймын”. Кейибестен кеп айтат: “Кете бер бала!” — деп — айтат. Ушул кепти уккан соң, Атынын башын бурбастан, Айар кылып турбастан. Эки этеги далбактап, Эки буту салпактап, Атка камчы басты эми. Каракандын ордого, Калк жыйылган коргонго, Бала кирип барды эми. Шашкан бойдон шашылып, Бала жетип барды эле, Салам айтып калды эле. Чогулган элдер кеп айтты: «Чогоол өскөн айбанды, Сабагыла — деп айтты. Ордого түшүп кирбейсиң, Эмгекти өзүң тилейсиң. Ит куугандай чабасың, Балаага башың саласың». Шайтаны ичке толду эле. Сакчылары баланы, Сабай турган болду эле. Бала туруп кеп айтат: “Баарың уккун — деп айтат. Ордого шашып мен келдим, Осол көрбө деп айтат. Кечээ күнү кечинде, Кечки салкын бешимде. Бэйжинге барчу бөксө жол, Ошондо кетип баратсам. Атым жаман торукту, Арып, чарчап жөө баскан. Эки зайып жолукту. Эси оогандай эндирейт, Жоо чапкандай сендирейт. Арып-чарчап болуптур, Кубарып бети оңуптур. Ачкалыктын айынан, Кемпири келет жөтөлүп. Кемпири менен баланы, Бир келбеттүү зайып көтөрүп. Кейпи кетип түн катып, Келе жатат жөө басып. Айтып сөздү курадым, Анын дайнын сурадым. Келбеттүү зайып кеп айтып: “Кете бер бала — деп айтты. Жерим Талас — деп айтты, Эрим Манас — деп айтты. Арстаным Манас өлгөн — дейт, Акыретти көргөн — дейт, Жазылбады капам — дейт, Темиркан менин атам — дейт, Көңүлдөн кетпейт капам — дейт. Көтөргөн жетим балам — дейт, Жедигердин эр Багыш, Ошого бара жатам — дейт. Жедигерге жетпесем, Теги эле көөнүм тынбайт — дейт. Төркүндүн жоктур пайдасы, Төрөмө бата кылбайт — дейт, Төө тартса да барбайм — дейт, Төркүнгө башым салбайм — дейт. Какшык кылып кеп айтты, Каныкей атым”, — деп айтты. Таап келген кишим бул, Шашып келген ишим бул. Кабар уктум айактан, Калп эле ачуу кыласың. Калк бийлеген Карагын, Кутулдумбу тайактан?” Баладан таппай кылжырды, Кайран бала маминтип, Баарысын кепке сындырды. Баладан кепти угушуп. Байкас кылып турушуп, Журт бийлеген Кара хан Эси кетип далдайып, Эки колу шалдайып, Бүткөн бойу чымырап, Көзүнөн жашы дыбырап. “Ай караңгы түнү бул, Атанын арман күнү бул. Кайраным ботом өлгөнбү? Акыретти көргөнбү? Аркасында тууганы, Малын талап бөлгөнбү? Кыраандан перзент тапканбы? Калкалашып баласын, Жөө көтөрүп качканбы? Ардактаган кулунум, Тирүүлөй азап тартканбы? Эбин таппай эс кетип Эси ооганда басканбы?» Турбагыла барыңар, Кол баштап тогуз тартууну, Канышка алып барыңар. Эркелеп өскөн Канышым, Чымырканган Чыйырды, Эң эле эстүү киши эле. Келе калса тил алып, Баарысын кудай жалгасын. Түбү бирге кошулат, Учу бирге жазылат. Канышыма айтыңар, Эр Багышка барбасын. Балама бата кылбайт деп, Байбиче көөнүнө албасын. Токтолбостон чабыңар, Төрөм Манас өлгөнүн, Эми уктук — деп — айтыңар. Байбиче өзү сындасын, Каныкей намыс кылбасын. Тобуңду бузбай баргыла, Кол баштап тогуз тартууну, Канышыма алгыла. Жоругу жумшак аттарга, Ээр токум салгыла. Ылдамыраак жеткиле, Эртерээк алып келгиле. Кара хан кебин бурчу эмес, Карап мында турчу эмес. Аттанышты дуу койуп, Айалдабай чуу койуп. Тогуз тартуу арнашып, Минтип айтсак токтойт деп, Талаадан кебин жайлашып, Акылдашып алганы. Аттанганда турчубу? Канышка жетип барганы. «Эжеке эсен-аман жүрдүңбү? Амандашып алганы. Тим кишиге ыктаган, Тили оозуна жукпаган, Кай жумушка бет алса, Кадоосун чыңдап мыктаган Кеп айтканы шар экен. Эптүү тууган элинде, Керимкул деген бар экен. Келе калып кеп айтып: “Эжекебай — деп айтып, Жериңден тосуп чыкпадык, Жездемден кабар укпадык. Баладан угуп биз кепти, Баарыбыз минтип сыздадык. Сиз айтыпсыз, эжеке, Көтөргөн жетим балам — деп, Жедигердин эр Багыш Ошого кетип барам — деп. Ошол кепти укканда, Атаңыз жаман шаштырды. Ичиме бычак салам деп, кайран баатыр эр жездем, Өтүп кетип боздотту. Эси кеткен атаңды, Элибиз араң токтотту. Күйүтү болот жесирдин, Күнөөбүз болсо кечиргин, Ага тууган жан келди, Кул баштап тогуз тартуу мал. Алдыңызга жан келди. Ээр токум шайлатып, Минсин деген жоргоңуз, Дайарланып ал келди. Көбүрөөк мындан айтууга, Айбатыңдан коркобуз. Эжеке сизге инибиз, Ээрлүү атка миниңиз. Келсең дагы – кетсең да, Калганын өзүң билиңиз”. Кашка тишиң кылайтып, Каныкей турду муну айтып: «Сөзгө кулак салбаймын, Эрчиткен энем тил алса, Төркүнгө издеп барбаймын. Жетимди аман кылсын — деп, Теңириме зарлаймын. Керимкул көөнү кайтты эле, Келбеймин деп Каныкей, Ошол кепти айтты эле. келген элдин баарысын, Чындап жолун торгоду. Чыйырды буга болбоду, Каныкей сөзгө кулак сал Эски сөөктөн жанбайлы. Эр Багышка барбайлы. Өлгөн уулум шок эле, Кол арткан жери жок эле. Ок аткан жери көп эле. Өлгөн Манас кулунум, Өз алдынча зор эле. Өчөшкөн жери көп эле, Душман бизге күйөбү? Жашыраак жетим баламды, Өлтүрүп койом тим эле. Атасы башка душманда, Арызыңды бирөө тергейби? Алдыңдагы жетимге Мышыктын боорун бербейби? Күйүттүү тууган экөөбүз, Атасы душман жат элде, Күндү кайдан көрөбүз. Атасы душман жат элде, Күйүп жүрүп өлөбүз, Жакшылык кайдан көрөбүз. Жанын койбой баланын, Жыргабай жүрүп өлөбүз». Чыйырды мындай кеп айтты, Келгендин баары чуркурап, “Чын айтасыз” — деп айтты. Карынын кебин билишип, Каткырып баары күлүшүп, Болбостур деп Каныкей, Жоргого баса минишип, Тез бастырып желишип, Темир хандын шаарына, Эми жетип келишип, Астына тосуп барышып, Атынан жулуп алышып. Кара хан ыйлап буркурап: «Кайдан келе жатасың, Жөө басып кулунум. Кан төрөмдөн айрылып, Жөө басып жетем деп, Сөөгүмдү какшаттың, Эр Багышка кетем деп. Энең бычкан тон эмес, Атаң көргөн жол эмес. Эр Багышка барганың, Эгеримде оң эмес». Кетпегин деп койдуруп, Төрт-беш бээни сойдуруп, Баарынын көөнү тынышып. Мына ошончо мал сойуп, Өрүлүк өтмөк кылышып, Семетейди өрмөттөп, Баланы сөөк кылышып. Тээк кылып баланы, Эки кемпир тырышып. Семетейди бакмакка, Талдан бешик жондуруп, Эки жесир бечара, Айылын башка кондуруп, Көкүрөктөн зил кетип, Көңүлүнөн кир кетип. Жатып калган жери ошол, Жай-кыш күн өтүп. Муну мындай таштайлы, Семетейдин эл-жерин, Билгенинен баштайлы.