Баламды башка өстүрдүң, Каныкейди кетирдиң, Караканга жеткирдиң. Бузуктугуң мындан көп, Душмандыгың андан көп, Издеп балам келгендир. Атам бар деп эшитип, Алып келгин баламды. Талаага таштап келипсиң, Ылдамыраак ээрчитип, Долу энем кылган бул иш деп, Жүргөндүр балам убайда, Манастан туйак калган соң, Арманым барбы кудайга». Бакайга сырын билдирбей, Кейимиш болуп кеп айтып, Турба Бакай бастыргын, Баламды алып келгин деп, Кытмыр Жакып калганы. Эшикке чыгып Бакайың, Атын чечип мамыдан, Арам сезип жаңыдан, Көкчолок минип толгонуп, Көөнүндө күмөн ойлонуп, Кабакка атын каңтарып, Көрүнбөй барып Бакайың, Туурдугун аңтарып, Көптү көргөн Бакайың, Кебин тыңшап калыптыр. Жакып хан айтты бул кепти, Семетейдин башына, Салмак болду дүмөктү: «Ой, Бакдөөлөт байбиче, Мен айтайын кеп уккун, Пейлиңди салып бек уккун, Атамдын малын алам деп, Семетей келди деп уктум, Жетимдин көзүн жойбосок, Эшиктен төргө өтүүчү, Эки уулуңду байбиче, Ээрлебей минүүчү, Төрөдөн калган ал чунак, Түбүбүзгө жетүүчү, Чоң түйшүктү салуучу, Жоодой талап алуучу, Үй-үлкүмөт, мал-пулду, Жерине алып баруучу, Жыргап жаткан уулуңду, Жылас кылып салуучу. Көөкөрдөгү аракты, Көк чыныга куйасың, Темир тоодо чеп болгон, Бели катуу эр эле, Бакайга жазбай сунасың. Ал Манастын уулу болгон соң. Жалындап күйгөн өрт болот, Анын көзүн жойбосок, Жакшылыкка жете албай, Балдардын көзү төрт болот. Кытайдан келген сыр чыны, Тийсе болот суу чайка, Аракка кошуп уу чайка, Уудан арбын куйа көр, Семетейге суна көр». Элди эшикти каратып, Келеби деп жардатып, «Тийсе болот» уулардан, Аракка кошуп чайкатып, Жакып хан турду айарлап, Ууну ошентип дайардап. Белендеп койуп кынаптап, Кылайын деп ушуга, Аарчып койгон пийаздай, Ал Бакдөөлөт байбиче, Чайкабады тырышып, Жакып хан менен урушуп: «Калың журтка уйат — деп, Как баш каапыр оңбой кал, Баланы кантип кыйат — деп, Ичкенде балам өлөт деп, Жашында кордук көрөт» деп, Бакдөөлөт ыйлап турду эле, Уруп сабап коркутуп, Ыйласа Жакып болбоду, Ууну чайкап толкутуп. Жонуңду айра чабам деп, Карыганда жолго салам деп, Келип калган эби ошол, Тыңшап турган Бакайың. Тыңшап уккан кеби ошол, Ошол замат эр Бакай, Кайра басты бүгүлүп, Атын көздөй жүгүрүп. Атына басып барды эми, Атын минип Бакайың, Аркадагы Семеңе, Салып жетип келди эми, Көргөн-билген сөздөрүн, Баарын айтып берди эми, Семетей балам жүрү деп, Кайра жөнөп калды эми. “Оо, балам, чоң атаңа барабыз, Ак көөнү болсо атаңдын, Абдан көрүп алабыз, Бузуку көөнү бар болсо, Мууздап аны алабыз. Сен экөөбүз түшкөн соң, Бир чыныга суу келет, Бир чыныга уу келет, Сууну мага сунганда, Мен жутуп ийем мурчуйуп, Сыр чыныга уу келсе, Төрдө отурган чоң атаң. Жакып ханга сунгунуң, Ичпеймин десе Жакып хан, Ит айакка куйгунуң” Муну айтып Бакайың, Семетейди ээрчитип, Жакып хан карай кетишти, Ат дүбүртүн укканда, Жакып хан чыкты эшикке: «Айланайын, кулунум, Алыс жерге сен кетип, Айламды таппай курудум, Чоңойдуңбу балам деп, Чоочун жерге кетирип, Долу энең каапыр арам деп, Эч канчалык киши эмес, Эсен келдиң мага деп, Айланайын балам деп, Алыс жерге кетирип, Акылсыз энең арам деп, Мени издеп балам келген соң. Басылды эми санаам деп, Балам сенин айыңдан, Башта жүрдүм убайда, Жалгызым өзүң келген соң, Арманым барбы кудайга. Арстандан калган туйагым, О дүйнө кетер убагым, Балам үйгө кирсин деп. Баштап Бакай киргин деп, Эшик ачып киргизип. Эркин баатыр Семеңе, Эзилишип көрүштү, Арамдык кепти кылайтпай, Айлана аргиз сыр айтпай, Семетейге уу бериш, Арчып койгон пийаздай, Бакай менен Семейиң, Үйүнө кирип отурду. Кирип келип Жакып хан, Тиктесе көзүн жыртайтып, Тим эле ачуу кылгансып: «Ой, Бакдөөлөт байбиче, Аңкап келген балама, Алып келгин арак, — деп, Ылдамыраак сунгунуң, Уктуң эле байа эле. Куйдуң беле белендеп, Бакайга мурун сунгун, — деп, Сыр чыныга аракты, «Семетейге куйгун» — деп, Жакып хан айтты мындай кеп. Көк чыныны көтөрүп, Бакай ханга сунду эли, Көк чыны колго тийди эле. Шилтеп Бакай ийди эле. Ал Бакдөөлөт байбиче, Сыр чыныны суна албай, Бөйпөлөктөп турду эле, Чыдай албай Бакдөөлөт, Бөлөк чыны сунду эле, “Чунак куйту балама, Сыр чыныга куйгунуң, Арам күңдүн, каапыр ай, Бул эмине кылышы, Ыраа көрбөй турабы? Балама атасынын чынысын, Сыр чыныга бергин”, — деп, Семетейди алдады эле, Коркконунан Бакдөөлөт, Чынысын алып калтылдап, Баланы карап жалжылдап, Кооп турду титиреп, Бүткөн бойу дүркүрөп, Басалбай кемпир бүжүрөп, Араң өйдө турду эле, Колуна алып Семетей, Билбегенсип кенедей. Тура калып күлдү эле, Ооз тийип бергин деп, Жакып ханга сунду эле. Арамза Жакып ошондо: “Атаң Манас өлгөлү, Мен ачуудан калганмын, Карылык жолун издедим, Кайраттуу тамак ичпедим”. Ыйламсырап кеп айтып, Ыраазымын Семетей, Иче кой, балам, деп айтып, Жакып хан башын чайкады. Кыраакы бала Семетей, Чыныдагы аракты. Кайнаганын байкады. Жакасынан бек кармап: “Жалгызыңдын көөнү үчүн, Ооз тийип бергин деп, Сизден мурун мен ичсем, Кусуруң уруп кетер деп, Ич, атаке, ичкин” — деп. Аракты сунуп чайкалтып, Чыныдан арак төгүлүп, Сакалына тийди эле, Тийген жерде сакалы, Шыр-шыр этип күйдү эле. Сизден мурун ичпейм деп, Итке куйуп берди эле. Тумшугу ууга тийгенде, Иттин оозу ырсайып, Тумшугу менен жер сайып, Бүдөөгө келбей өлдү эле. Муну Семең көрдү эле. Ыргып тура калды эми, Жүгүнө жыйган Аколпок, Тээп сууруп алды эми, Куржунду дагы алгын деп, Бакайың айтып калды эми, Олпок менен куржунду, Колуна алып эр Семең, Ачуусу келген эр немең, Катарланган эшиктен, Катуу ачып эшигин, Ачуу менен чыкты эле, Тастар боосу үзүлүп, Бута атым жерге түштү эле, Манастын уулу чунагың, Мына ошондой күчтүү эле. Атка минип алкынтып, Ачуусу келип жулкунтуп, Арыкта сууну толкунтуп, Атасы кары Жакыпты, Айбаты менен коркутуп: “Атаке Жакып оңбой кал. Эгерим эки болбой кал. Уу ичкин деп зордойсуң, Бейажал уудан өлбөймүн, Дидарыңды көрбөймүн, Атамдан көрбөй пайда деп, Абыке, Көбөш кайда деп, Эки уулуңду ээрчитип, Эр болсоң мени жайла деп. Эми чыктым чоң ата, Дал он эки жашымда, Мага кылган кастыгың, Өзүңдүн тийер башыңа”. Бул сөздү айтып чунагың, Атынын башын оң тартып, Абыке көздөй жол тартып, Күлүктүн башын оң тартып, Көбөштү көздөй жол тартып. Жүр абаке бастыр деп, Эңкейиш тартып келиши, Тез бастырып желишип, Минген атын тердетип, Туура жолго киргени, Абыке, Көбөш айлына, Жакын жетип келгени. Жакындап жолго келгенде, Карыйа Бакай кеп айтат: “Кагылайын Семейим, Кайгыңды кантип жебейин? Айланайын Семейим, Азапты минтип жебейин? Сен ушундай туруп тур, Мен бир барып келейин, Абыке, Көбөш агаңдын, Маани-жайын билейин, Сагынып сага зар бекен, Сайышар бала келет деп, Камынганы бар бекен, Эрте кетип кеч келдиң, Эстеген тууган бар бекен, Эрте өлгөн бала келди деп, Демиккен тууган бар бекен, Как өзөнгө чыкканы, Кайың эмес тал бекен. Капкайдан келген бала деп, Кас кылчу тууган бар бекен, Эриккен бала келди деп, Эп көргөн тууган бар бекен. Издеп келсең көрө албай, Атакең Жакып өңдөнүп, Жек көргөн тууган бар бекен?” Бар кебин айтып окутуп, Желип кетти ургутуп, Абыке, Көбөш айлына. Эшигинин алдына, Барып Бакай чакырды: “Абыке, Көбөш барбы?” — деп, Аттуу туруп бакырды, Жаткан экен эки хан, Бири ордо атышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.