← Семетей 5/7

Дегдеп тосуп жүрүүчү, Темир тоодо чалыңыз, Көптү көргөн Бакайың, Көрүшкөн жерин айтайын. Ай аркандап, күн санап, Он эки жашка чыкты деп, Сарытаз салса кабарды, Семетейдин келерин, Бакай абаң билүүчү, Көкчолокту минүүчү, Көзүнө дүрбү шыкаалап, Күндө карап жүрүчү, Бакай чалдын тоскону. Темир тоонун тараша, Маңдай жагы бөксө жол, Баткалашты караса, Күчү кеткен Бакайдын, Көзүнөн жашы төгүлөт, Дүрбү салып олтурса, Жалгыз караан көрүнөт. Балам ушул белем деп, Бакайдын көөнү бөлүнөт. Ыңгай карап олтурса, Сымбатына толтуруп, Минтип Бакай караптыр. Келе жаткан адамдын, Минген аты жараптыр, Дегдеп Бакай болбоду, Соолуп калган көңүлү, Өзүнчө ташып толгону. Көкчолокко дем уруп, Көкчолок минип желгени, Көптү көргөн Бакайың, Салып жетип келгени. Көрбөсө да Семетей, Көрүп жүргөн немедей, Билбесе да Семетей, Бирге жүргөн немедей, Салам айтып сактанып. Салучу куштай таптанып, «Караанымды көргөндө, Камчылап атың кыйнадың, Капасы бар немедей, Абакем мени көрүп ыйладың, Бакай анда кеп кылат: «Бала сен кайдан келдиң” — деп сурайт, Жоодурап Бакай кеп курайт, Жүрөгү канча деп сынап, Бакай ичтен тынады, Баланы минтип сынады, Бакайга Семең кеп айтып: «Байкап уккун деп айтып, Илгери атам өлүптүр, Эки энем кордук көрүптүр, Түйшүктү булар салыптыр, Мен жетимди калкалап, Эки карып энекем, Төркүн издеп барыптыр. Он эки жашка болгуча, Сырын айтпай багыптыр. Эригип атым тердетип, Адамдардан ээрчитип, Кызык доорон сүрчү элем, Ит агытып куш салып, Эрким менен жүрчү элем. Ар кайсыдан кеп уктум, Атаң Манас деп уктум, Катын кыздан мен уктум, Калкы ногой деп уктум. Элим башка болгон соң, Анда кантип турам уйалбай, Энемден ар кыл кеп уктум, Издеп чыктым тура албай, Абаке сиздей ак сакалдуу кишини, Калыс үчүн жараткан. Биздей атадан калган жетимди, Намыс үчүн жараткан. Каныкей канча кеп айткан, Сизди кабары катуу бек айткан. Барганда тосот алдыңдан, Бакай абаң деп айткан, Билмексен болуп сурайсың, Бул жерде мени сынайсың, Кайнардын кара көзүсүң, Каныкей айткан Бакайдын, Буруусу жок өзүсүң.». Минтип айтып салганы, Анда Бакай кеп айтат: «Кагылайын Семейим, Кайгыңды кантип жебейин, Кайран балам Каныкей, Сени алып качканда, Кара хандын шаарына Караңгыда басканда. Эки чанач сүт берип, Эки байтал күч берип, Орто арыктын ашуудан, Кынымды белек бергенмин, Кыным кана көрөйүн, Бар болсо кыным жаныңда, Сен экениң билейин, Семетей балам сен болсоң, Колуңда жүрүп өлөйүн». Анда Семең чунагың, Он экиде чунакка, Арбак конгон убагы. Мына аба кының деп, Жанынан сууруп турганы, Кынды Бакай көргөндө, Токтоно албай Бакайың, Атынан түшүп чуркады. Бакайыңдын жанына, Бала басып барганы, Семетейди кучактап, Сел болуп жашы буурчактап, Кабагын бүркөп муңайтат, Карыйа Бакай муну айтат: “Сак-саламат жүрдүңбү? Сагынганда келдиңби? Зар болду Бакай билдиңби? Куп-саламат жүрдүңбү? Куса кылбай келдиңби? Кагылайын чырагым. Кайгымды ичтен чыгардың, Карааныңды көргөндө, Чаппай кантип турамын. Кабарга Тазды жиберип, Качан келет балам деп, Тосуп жүргөн убагым. Жаш баладай талаада, Жадымда сөздү чыгардым. Айтпасам ичке сыйа албай, Ашыгып турган убагым. Атаң Манас өлгөндө, Абыке, Көбөш арамдан, Азапты катуу көргөнмүн. Араң жүрдүм муңайып, Мен ал армандуу кезде өлбөдүм. Атаңдан кийин төө бактым, Байкуш Бакай жөө жаттым. Атаң Манас барында, Жээгинде жүрдүм аралаш. Жеркесинде каралаш, Өз билгимче иш кылып, Билимпоз агам Бакай деп, Кырк баатыр мага пааналап. Анттуу досум Манастын, Айткан кебин сыйладым. Асыл Семей келет деп, Аманат жанды кыйнадым. Көйкөлгөн Кеңкол тоосунда, Өлгөндө көрдүм жүзүңдү. Атаң Манас барында, Аргымак минип дууладым. Асылым Манас өлгөндө, Азапты тартып куурадым. Курдашым Манас барында, Кур аттан минип дууладым. Курбалдаш көзү өткөн соң, Кордукту тартып куурадым. Темиркандын шаарына, Тентип кетип сен калдың, Тентектин тартып кайгысын, Телмирип Бакай мен калдым. Кагылайын жалгызым, Кара хандын шаарына, Качырып кетти Канышым, Качып кетип сен калдың. Кезек арам колунда, Кайгырып ыйлап мен калдым. Баламдын көрсөм жүзүн деп, Башынан бери зарландым. Баш коштурган кудайга, Ыраазымын Семетей, Калбады ичте арманым”. Бакайга Семең кеп айтып: «Ыйлаба аба, — деп айтып, Баатыр сиздей болобу, Бу кылганың, абаке, Баланын иши деп айтып, Капа болбо, аба», — деп. Кайратты катуу бек айтып. Билгизбей бала Бакайга, Туйунтуп кептен жеме айтып, Бакайдын жарпы жазылып, Баласын көргөн Бакайың. Ич көптүсү басылып, Семетейди ээрчитип, Бакайың жүрдү бастырып, Арстандын уулу Семетей, Абасы менен табышып, Ал Семетей, Бакай хан, Келе жатат жарышып. Арстандан калган туйак деп, Бакайдын айыл-апасы, Атынан жулуп алышып, Астына килем салышып, Абдан сөзгө канышып. Кысыр эмди сойдуруп, Кыйналып келген балам деп, Туурамчысын чыкыртып. Атасы Манас баатырга, Эт туурап тартуучу, Бакай хандын чоң чара. Колунда бар мына ушул, Кысырактын бар этин, Алып келип алдына. Чарасы менен койдуруп, Тоо мийаз кошуп чык кылып, Ачуу туздан чык кылып, Бүтүн баарын койду эми, Баланын жайын көрмөккө, Бардашканча билмекке. Бакайың сынап турду эле, Бала жолборс Семетей, Тартынып калбайт кенедей. Кош колдоп алып сугунуп, Койбой жеди баарысын, Колунан бербей намысын, Кош кылыптыр тындырып, Сынаган Бакай карысын. Карыйа Бакай сынады. Кайратын көрүп Семеңдин, Атасынан кем болбойт, Айланайын балам деп, Ичинде Бакай тынганы. Арып келген балам деп, Жылкы этине тойдуруп, Эрте уйкусун алсын деп, Тынч жаткырып койдуруп, Эртең менен болгондо, Бакай хандын үйүнө, Эл жыйылып толгондо, Дасторкондун үстүндө, Тамак ичип тойгондо, Кайран Бакай карыйа, Айтып сөзүн жарыйа. Атты алдырып токутуп, Бар кебин айтып окутуп, Абыке, Көбөш, Жакыпка, Бармак болду коркутуп. Семетей жүрдү бастырып, Эр Бакайды баш кылып. Атасы түшүп ойуна, Семетей көзүн жаш кылып. Тилегин кудай берген кул, Тиктегенин көргөн кул, Тилегенин колуна, Тирүүсүндө келген кул. Төрөдөн калган туйактын, Уксаң жайы мына бул. Тилегин кудай берген соң, Жакып хандын үйүнө, Жакындашып келген соң, Бакай мындай кеп айтат: «Балам сен ушунда турчу, деп айтат, Абал мен мурун барайын, Атаңдан кабар алайын, Сагынып сага зар бекен, Зардаптураак киши эле, Же арамдыгы бар бекен?». Семеңе айтып иш дайынын, Семетейди тургузуп, Бакайың желип кетти бургутуп. Жалгыз кетип калды эле, Жакып хандын үйүнө, Жакын жетип барды эле, Каныкейдин кеткенин, Бакайдан Жакып көрүүчү, Ошол чактан ушул чак, Ат бастырып келе элек, Жакыптын көзүн көрө элек. Бир бастырып келе элек, Биригип тамак иче элек. Баласы келген Бакайың, Бастырып келген атайын. Салам айтып Жакыпка, Барган жерин айтайын. — Жүз көрүшүп сүйлөшпөй, Өткөрдүк далай заманды. Көрбөгөнүм көп болду, Жакып хан эсен-аманбы? Бербейсиңби сүйүнчү, Таап келдим балаңды, Семетей келди сени издеп, Эми баскын санааңды. Манастан калган Семейим, Бала жолборс береним. Алыстан келип калыптыр, Эп көргөнүң барсыңбы? Өлгөн бала келди деп, Терс көргөнүң барсыңбы? Саар кетип кеч келди, Сагынганың барсыңбы? Сайышаар бала келди деп, Камынганың барсыңбы? Бул сөздү айтып Бакайың, Эшигине барды эми, Жакып хандын ошондо, Ачуусу жаман келди эми, Жакыптын өңү бузулуп, Жан алчудай жутунуп: «Келинимди кетирип, Сен жүрөсүң кутуруп, Мага сүйүнчү бергин деп, Балаңды алып келдим деп, Мага дартты өткөздүң.