Ал алтоонун артында, Айрым жалгыз тартылган, Көккөбө жибек тон кийген, Көкала тулпар ат минген, Айдаркан уулу Көкчө хан. Сол жагында күмбөздүн, Алтын чырайлуу, нур жүздүү, Ийриси жок, түз сөздүү, Жээрде сакал айбаттуу, Алтын кемер, бото кур, Сарала тулпар ат минген, Сап алтындан тон кийген, Жетимиш эки тил билген. Баштап барып атаңды, Чоң Бейжинге кийирген. Байгамбар ак, дини ак, Бейжинде калган алтын так. Калмактан теңдик талашып, Батышпай келген ал ошол, Ал Азизхандын Алмамбет, Аркасында Алмаңдын Көктеке дулдул ат минген, Көпкөк темир тон кийген, Ач айкырык куу сүрөөн, Бет алган жагы от күйгөн, Бендеден белдүү эр эле. Тогуз жашта кошулуп, Атаң менен бир жүргөн. Жоону сайса көп сайган, Мен сайдым деп айтпаган, Жолборсум сайды деп сайган. Эрди сайса ал сайган, Эрди сайдым деп айтпаган. Эр Манас сайды деп сайган. Сундуруп найза тартпаган, Суу ордуна кан ичкен, Сумсайып жоодон качпаган. Балта дөөнүн Чубак хан. Аркасында Чубактын Жоо бөрүсү Чубактын Карткүрөң күлүк ат минген, Сүлөөсүн ичик, суусар бөрк, Берүүчү кыздай кийинген, Жетимиш түрлүү тил билген. Ак калпак кыргыз элинде, Анчалык илим ким билген?! Хан алдында көп жүргөн. Тартынбай таамай сүйлөгөн, Атаңдын түшүн төп жооруп, Алты сан элге баш болуп. Бийлик ажың тон кийген. Кой оозунан чөп албас, Ал коңур чечен Ажыбай. Баштан айак атаңдын, Бар кылган ишин бүт айткан. Ак кагазга жазгандан, Ырамандын ырчы уулун, Сүрөткө кошо тартыргам. Кулунум булардын, Арбагына сыйынгын. Өз өлүгүн атаңдын, Көз көргүс жерге каттырдым. Кыз олуйа кең колдоп, Кыз өлүгүн таптырдым. Атаңдан айрып тааныгыс, Өлүгүн сырдап ал кыздын, Атаңдын күмбөзүнө жаткырдым. Мууну бошоп буркурап, Чыдай албай жаш кетип, Чыйырды турат зыркырап. Ал экөөнү көргөндө, Журттун баары чуркурап. Анда туруп эр Семең, Артык тууган эр немең. Ыргыштап кеп айтып: «Ыйлаба, Каныш деп айтып, Адашпай элге барармын. Атамдан калган журтумду, Алардын тартып алармын. Ачуума тийсе чабармын, Арамдын жайын табармын. Күн-түнү жок жерлермин, Тирүү болсом саламат, Жүз күнгөчө келермин. Жамандык кылган иттердин Жазасын колго берермин. Сен айттың мага насаат кеп, Бугу менен текени, Кулжасын кошуп атат деп. Кубурлуу тууган чунагың, Кубанычка минтип батат деп. Ойлоносуң Каныш сен, Ат өргүтүп жатат деп. Буруштуу жолдо бугу бар, Муңканган эрдин муңу бар. Муңу жок киши баштанып, Бугуну кантип атайын. Мусапыр энем сен турсаң, Бурулуп кайдан жатайын. Текени көрсөм тектирден, Текени кантип атайын. Тентиген энем сен турсаң, Тербелбей кантип жатайын. Тескери аккан суу менен, Терс айланып басайын. Теңирим берсе тилекти, Тентиген эне силерди, Теке аткандын ордуна, Тентектен тумар ачайын». Акылын журттан арттырып, Амандашып коштошуп. Нойубаган куу бала, Жүрүп кетти бастырып. Айал кылып турбастан, Алдында атты булкунтуп, Жолдун чаңын бургутуп, Боз жоргону камчылап, Борбуйдан тери тамчылап, Арстандын уулу Семетей, Атырылтып аргытып, Арак ичкен немедей, Адамы жок кашында, Келе жатат түгөнгүр. Аскери көп немедей, Ант ургурду карасаң,, Абалдуу жолдон кайгы жеп, Анча-мынча кенебей. Жоо чыгат деп ойлобой, Жолдошу көп немедей. Кара жолдо калкылдап, Кара олпок тону жалтылдап, Бала жолборс канкоруң, Кетип барат шалкылдап. Жаш Семетей чунагың, Он экиде жашында, Тайманбаган убагы, Кетип барат ар кандай, Кабыландын баласы, Кабагын салып зарланбай. Үчкайыңдан өттү эми, Жекендүү көлдүн башында, Шабырлуу көлдүн чатында, Атасы Манас жайлаган, Сан миңдеп бээни байлаган, Алтын мамы казыкты, Аны көрдү абдан. Болжолун байкап Семетей, Каныкейдин кеби деп, Канкордун жери экен деп, Кыйалында тааныган, Андан өтүп басты эми, Жаш Семетей чунагың, Жол табалбай азды эми. Эл табалбай жүргөнү, Элүү бешче күн болду, Боз жорго минген тулпары, Арып чарчап торугуп. Арада нече конуптур, Таалайы бар жетимге, Кудайдын берген насыбы, Талыкпастан жол жүрүп, “Таласка жеткен чагыбы, Абалдаган калың бак, Ал Манастын багыбы? Ошол кезде Семетей, Ополго келген чагыбы”. Кең Таласка келди эми, Кең Таластын ойунан, Аккан сууну бойунан, Үчкошойдун чатынан, Баркөлдүн башкы жагынан, Атасынын күмбөзүн, Алыскы жерден көрдү эми. Закымдай болуп зыркырап, Урган таштай быркырап, Шамалдай болуп күркүрөп, Жакын келип чунагың, Аттан түшүп ыйлады, Аманат жанын кыйнады. «Атам Манас өлгөндө, Армандуу болуп мен көрбөй, Жашчылыктын айынан, Алыска кетип жоголуп, Араң келдим оңолуп», Агартып салган сарайын, Азаптуу чунак көргөндө, “Атакелеп” өкүрүп, Арманын айтып өкүнүп, Оң бөйрөгүн тайанып, Ойронум атам деп түштү, Оодарылып бүк түштү, Сол бөйрөгүн тайанып, Султаным атам деп түштү. Суулугунан кармабай, Бозжоргону бош таштап, Болбостон бала бүк түштү. Олтуруп Семең ыйлады, Чымындай жанын кыйнады. «О дүйнө кеткен атам деп, Атакемдин арбагы, Тийсин мага батаң деп, Айтар кебин сыйла» — деп. Куран окуп арбакка, Бата кылып алды эми, Ачкан оозун жумгуча, Алаканын жыйгыча, Аны-муну кылгыча, Агарып турган күмбөздөн, Шамал чыгып күркүрөп. Күңгүрөнүп калды эми, Жаш Семетей чунагың, Арбактын доошун укканда, Абдан көөнү сүйүнүп, Бир кудайга сыйынып, Атасынын үстүнө, Чуркап басып кирди эми. Күмбөзгө кирип караса, Атасы Манас кеменгер, Адамдан башка айлакер, Алла таала колдогон, Кан төгүүгө сайапкер, Аккула минип маңкайып. Агарып өзү шаңданып, Тартылуу турган сүрөтү, Аны ары жагында, Азиз хандын Алмамбет, Намыс үчүн Бейжинден, Анжудан качып келген деп, Акбалта хандын Чубагы, Ойундун бири бул дагы, Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган. Султан Сыргак баатыр шер, Алмамбет, Чубак, Сыргак деп, Атанып чыккан баатырлар. Кылычтарын асынып, Ал күмбөзгө жазылып, Тартылыптыр сүрөткө, Алмамбеттин мингени, Айсарала бу дагы, Анын нары жагында, Музбурчак, Кошой эки шер, Тартылыптыр бу дагы. Жаш Семетей чунагың, Күмбөздөгү сүрөттүн, Баарысын көрүп алды эми, Кайта басып бүгүлүп, Чуркап чыкты жүгүрүп. “Өлбөй тирүү экен”, — деп, Атакесин көргөндө, Абдан бала сүйүнүп, Атын чечип мамыдан, Баса минип абыдан. Алысты көздөй жүрдү эми, Астындагы белестен, Алмалуубулак, Шумкарташ, Ашып түшүп ылдыйлап, Кеңколду көздөй басты эми. Бөксө жолдо баратат, Бөлүнүп бала санаасы, Жолунан чыкты арсылдап, Жолбун итти карачы. Коркуп андан калабы? Кабыландын баласы, Үрүп ити кыңшылап, Артына түштү Семеңдин, Атасынын Куу тайган, Билип тоскон келерин. Үргөнүнөн жадабай, Жан жагына карабай, Жаш Семетей бастырса, Таанып келди жаныбар. Илгертен бери Куу тайган Кумайык деп аталган. Карыларга наамы бар, Куу тайган эрчип артынан, Чаткалга кирип келгенде, Ээсин жоктоп муң баскан, Эки көзүн кал баскан, Чуудаларын чаң баскан. Атадан калган Каралөк, Жаткан экен сеңирде, Ат дүбүртүн укканда, Каралөк оонап чамынды, Семетейди билеби? Кайдан келген киши деп, Каткан пулду алат деп, Көбүгүн чачып буркулдап, Семетейди качырды. Каныкей айткан байагы, Каралөгүм экен деп, Эр Семетей тааныды. Семетей анда кеп айтты, Кар болупсуң Каралөк, Карап жатып сен деди. Калкын издеп келаткан, Семетейиң мен деди. Кубангандан Каралөк, Ары бери жүгүрдү, Алда нечен бүгүлдү, Мойнун жерге салганы, Болбой ээрчип алганы, Муну мындай таштайлы, Бакайдан кепти баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.