← Семетей 1/7

Канчоронун кастыгы, Семетейдин кайып болушу

Семетейдин катыны, Шаатемир кызы Чачыкей, Эрке катын атанып, Жүргөндө жанды элебей, Айчүрөк келип пас болду, Семетейге кас болду. Суйук айак шерменде, Сур жыландай сойлоду. Канчорону кара нээт, Кашына тартып ойноду. Шыңкылдап күлүп, наз кылып, Айлантып башын, мас кылып, Канчорону туз урган, Кастыкка аны маш кылып. Бир кишиге билгизбей, Шыбырашып кеңешип, Хандыкты тартып алууга, Кайрап азуу эгешип. Семетейди өлтүрүп, Айчурөктү күн, кылып, Канчоро менен Чачыкей, Хан, ханышай болууга, Атак, даңкын дүң кылып. Арамдык менен астыртан, Айла, амал, чара издеп, Кайда болсо жамандык, Калтырбастан кана издеп. Жибермек болуп Кыйазга, Жылмасынан жана издеп. Чачыкейге Канчоро, «Толтойдун уулу хан Кыйаз, Толкундаган эр — деген. Тобокел кылса бел байлап, Тоону бузар шер — деген. Биз жедигерди алганда, Жезкемпирдин жети уулун, Хан көтөрүп жанганда, Угуп көрсөм укмуштан, Жети ханга ээ кылбай, Тизгинди Кыйаз алыптыр. Жедигерлик Кыйазды, Хан көтөрүп салыптыр. Кат жазайын, жеңеке, Хан Кыйаздын өзүнө. Атасынын күнү үчүн, Намысы болсо кирер, дейм, Менин айткан сөзүмө. Жедигердин жети уулун, Жалматайын ал жерде, Калың колун каптатып, Айдатайын бул жерге. Алдынан тосуп барайын, Болжол кылган күнүндө. Айла кылып азгырып, Семетейди Буурулдан, Айрылттым мен бул күндө. Кызыталак кан ичме, Калды кыйын оор күндө. Семетейди жайласам, Гүлчорону кармасам, Арманым жок дүйнөдө!» — Деп, ошентип Канчоро, Чачыкей менен сүйлөшүп, Өзүнө жакын кишиден, Элөөсүз жүргөн кишини, Хан Кыйазга атказды, Мына мындай кат жазды: «Уч атаңдан бер жакка, Хандыгың, киши албаган, Карлыкка сени салбаган. Дүйнөнү бузган зор Манас» Зардабы сага тийбеген. Кан ичме жинди Семетей, Хан кадырын билбеген. Атаңды сенин өлтүрүп, Кутурган кулу чорого, Армандуу элиң. жердеген! Койгун десем ошондо, Тилимди менин алган жок, Кичинесиң сен анда, Каруу кылар дарман жок. Жезкемпирдин жети уулун, Хан көтөрдү элиңе. Кар кылды сени Семетей, Ээ кылбастан жериңе. Эр Толтой үчүн өч алыш, Барбы, Кыйаз, нээтиңде? Аккан каны атаңдын, Сактадыңбы эсиңде? Эрдин уулу сен болсоң, Кулак салгын кебиме. Мен жактырам, хан Кыйаз, Эрлигиңди пейлимде. Жезкемпирдин жети уулун, Эбин тапкын жериңде. Кат жазып киши жибердим, Хандыкты алгын колуңа. Канкордун жакын жолдошун, Баарын салгын жолуна. Ажыраттым азгырып, Тайбурул жок колунда. Тартынбагын, сен Кыйаз, Намысың болсо ойунда! Бүгүнкү билсең билги иш, Баары менин колумда. Кор болдуң, бала чагыңда, Хан атаңдын жогунда. Эл жайлоодон кайтканда, Айак оона айында, Болорсуң менин жолумда. Ошондо сага кездешем, Тирүү болсом, өлбөсөм, Ташкен менен Наманген, Ортосунда ойдуңда. Айтканымда жалган жок, Сен керекке жарасаң, Канчородо арман жок! Жалганы болсо сөзүмдүн, Көрбөйүн калган өмүрүм, Аккелтенин огу урсун! Ак милтенин чогу урсун! Атаң Толтой баатырдын, Арбагы мени дагы урсун! Айткан сөзгө көнбөсөң Асилим Кыйаз сени урсун! Төбөсү ачык көк урсун! Төшү түктүү жер урсун! Олуйа заада пир урсун! Машайык мазар дагы урсун! Кайнаган кара шор урсун! Көктө тийген күн урсун! Ай караңгы түн урсун! Караңгыны жарыткан, Асмандагы ай урсун!» — Деп, ошентип кат жазып, Ишентип шексиз бат жазып, Ичине кепти көп жазып. Жолоочуга төп айтып, Токтотпостон атказып: «Хан Кыйазга барарсың, Катты бере саларсың. Канчалык тартсаң машакат, Кийин жыргал табарсың, Кызмат акың аларсың, Берип келсең катымды, Айтып келсең дартымды, Өчүрбөймүн өлгүнчө, Өзүңдүн, баатыр, атыңды! Баргының, баатыр, жол болсун, Жол болгондо мол болсун. Кас санаган кишиңиз, Таманыңда кор болсун! Арбагың өрчүп чоң болуп, Оорагың журттан зор болуп. Бачымыраак барып кел, Ар кайда жүрбөй чор болуп. Көп кечикпей, кайтып кел, Кат жазса Кыйаз, алып кел. Көрсөтпөй жанга, катып кел, Күндүз келбей, түндө кел. Көрүнбөй башка кишиге, Билесиң, үйүм, мага кел! Жоболоң салбай темтеңдеп, Жолдоку элден, сурап кел. Канчоро барбы үйдө — деп, Канык кабар, угуп кел! Сырыңды жанга айтпагын, Барбай жолдон кайтпагын. Билесиң го, баатыр, ай, Айткандан кайра тартпагын», — Деп, ошентип Канчоро, Жансызды жолго атказды. Жансыз катты алды, дейт, Хан Кыйазга барды, дейт. Канчоронун каттарын, Жайып, ачып салды, дейт. Хан Кыйаз түркөй киши экен, Кат билбеген эр экен. Катты окуучу молдосун, Жанындагы жолдошун, Ээрчитип чыгып ээнге, Бекинип барып олтуруп, Улам-улам окутуп, Абдан катка канганда, Канчоро кебин укканда, Кат жаздырып молдого, Кат алпарган жансызды, Кайта салды тез жолго. «А, баракелде, Канчоро, Кайраты толук,эр чоро. Айткандын баарын сен кылсан., Мен ыраазы ошондо! Айткан сөзүн, алтындай, Айак оона айында, Болжогон жерге барамын, Кошун алып тартынбай. Он беш күнү күтөмүн, Он беш күндө келбесең, Кайра жанып келемин. Кылсаң, кызмат биз үчүн, Кылча мойнум сиз үчүн Эсирген канкор төрөдөн, Эми алам өчүмдү. Ишенген кишим сен болсоң, Кунун алам атамдын, Жарпын жазам капамдын! Алдына салды кат жазып. Хан Кыйаз канча ант жазып. Анттарынын түрү көп, Айткан сөздүн сүрү көп. — «Сен ишенгин, Канчоро, Мен дайармын, сөзүм төп! Болжогон күнү барбасам, Жетисуунун жери урсун! Жел жетпеген пери урсун! Жедигердин эли урсун! Аккан суунун сели урсун! Коргошундун кени урсун! Чойун баштын деми урсун! Ак болоттун мизи урсун! Агар алтын, зар урсун! Ак кагаздын каты урсун! Ат башындай ак куран, Айабастан дагы урсун! Хан атам Толтой каны урсун! Сууга буткөн сал урсун! Кез жетпеген чөл урсун! Куу жетпеген көл урсун! Кайберендин пири урсун! Олуйа деп атанган, Чоң Ополдо чал урсун! Сайып өнгөн бак урсун! Салып чыккан там урсун! Курт-кумурска, бөй-чайан, Жан-жаныбар баары урсун! Көрбөй туруп достошкон, Ортого койгон ант урсун! Калың, кара көп журттун, Каары менен каны урсун! Көрүстөндө көп арбак, Оройлору дагы урсун! Улуу жолдун чаңы урсун! Унутсам сенин сөзүңдү, Улуу атаңдын даңы урсун! Берген антым ушундай, Айткан жерде тосорсуң,!» — Деп, ошентип хан Кыйаз, Антын берип кат жазып, Калган экен үйүндө. Кебин уккан чоронун, Алыска барган кабарчы, Айлына келди түнүндө. Карбаластап Канчоро, Катты алып ашыгып, Окуганча шашылып. Айагына чыкканда, Таң аткынча уктабай, Жүрөгү толкуп атылып. Сүрүп чыкты таң анда, Эртең менен болгондо, Элдин баары турганда, Баса минип бууданын, Хан Гүлчоро айлына, Канчоро барып кеп айтат: «Ой, Гүлчоро — деп айтат. Чырпык бүрдөп, бүр байлап, Жер чымырап, көк чайлап. Үн алышып боз торгой, Көкөлөп учуп, көп сайрап. Кызыл-тазыл гүл ачып, Чыгып келет, чөп жайнап. Жаканын жалаң бойуна, Жанашып айыл, бээ байлап. Элдин баары ойдогу, Жай мезгили болгон го? Үйдө жатып нетебиз, Не мураска жетебиз? Аттангын, баатыр, Гүлчоро, Киши алалы жумушкер, Жайлоого барып, жер чалып, Тоолордон кулжа, теке атып, Тамаша кылып келели. Арбын атсак текени, Карылардын алдына, Шыралга — деп — берели!» Канчоро келип кеп айтты, Гүлчоро — «макул» — деп айтты. Тулпарын алып токунуп, Азыгын жанга байланып, Ок, дарысын мол алып, Алты киши котчу алып, Айылдан чыкты аттанып. Кеңкөл өөдө жүрдү, дейт, Кеңкөдун төркү башына, Адырмак аска ташына, Алар чыгып келди, дейт. Тулаңы өнүп буралып, Чырпыгы жерде чубалып. Чөптүн баары чыгыптыр, Жыпардай жыты жыттанып.