Көкчөдөн калган мал-пулду, Анан хандар алчу экен, Канкор Манас тушунда, Хан Көкчө жайы бул экен, Эр Көкчө жүрсө эркинче, Жер жайнаган каңгайга, Манас кармап бербесе, Көпчүлүктүн ичинде, Жетип ажал ал өлсө, Сен алуучу кун бекен. Айкөлдөн уулу Семетей, Сен теңдешчү эр бекен, Темир хандын шаарына, Тентип барып келгени, Сендей тентек көп чыкты, Шылтоо кылп ар кайдан. Кек алабыз деп чыкты. Жекеге баатыр эр чыкты, Нечен сендей шер чыкты, Чын-чынына келгенде, Чекесинен тер чыкты, Чын ачуусу келгенде, Кыйгына тийгенде, Кызарып каны коюлду. Катылдык кайдан бекер, Как ошондо туйунду, Айтканыңды ит уксун, Үмүтөй, койгун мунуңду, Семетей экөөң бөлөсүң, Арстанды Үмүтөй, Башкалардай көрөсүң, Ачуусуна сен тийсең, Күн көрө албай өлөсүң, Азыр башың жаш экен, Бузук сөздү койгунуң, Буруп айтып барбаймын, Алдын өзүм тосойун, Арчы кишиң болойун, Бакайга кылып кеңешти, Каныкейге угузуп, Сары ханга туйгузуп, Семетейди сен үчүн, Алып келсем болобу, Экөөң карын бөлөсүң, Туугандык кылса Семетей, Урматын анын көрөсүң, Абама бара калайын, Айтып кабар салайын, Туугандык кылса Семетей, Алып келе калайын, Душмандык кылса тил албай, Анда кабар кылайын, Деп айтканда гүлчоро, Ач бөрүдөй умтулуп, Чапанын тетир кымтынып, Хан Көкчөнү эске алып, Төрө Үмүтөй үшкүрүп, Ачууланып бакырып, Алдындагы чорого, Абыдан сүйлөп бакырып, Айбан, кул, азыр жөнөгүн, Жөнөбөй койсоң тил алып, Кордукту менден көрөсүң, Жамандык менден калбасын, Семетейге барып кел, Айтып кабар салып кел, Жарашам десе семетей, Жөө ыйлатып алып кел, Ылдамыраак барып кел, Зарыктырбай бачым кел, Деп үмүтөй айкырып, Каарданып бакырып, Кабыландай капшырып, Гүлчорону жапырып, Калба салган жери ошол, Кабыл алып Гүлчоро, Кайра тарткан жери ошол, Алдындагы тулпарга, Аябай камчы урду эле, Учкан куш менен жарышып, Семетейдин алдына, Барып чоро турду эле, Кепти мындай урду эле, Келгениң арзан жоо эмес, Адам болжоор доо эмес, Карандай эмес кун экен, Келген киши Үмүтөй, Хан Көкчөнүн уулу экен, Тосуп жолун муунадым, Торгоп жолун сурадым, Ар канча кылсам далалат, Болбой койду тууганың, Баштан аяк кеп салдым, Карын бөлөң Семетей, Тартышпагын деп салдым, Өзү билип узатат, Тайышпагын деп салдым, Бүгүн конуп жаткын деп. Кегиң болсо Үмүтөй, Кеңеш кепке болбосоң, Аскериң эртең бөлгүн деп, Ошондон бери мен айттым, Ар канча акыл кеп айттым, Үмүтөй өзү бек экен, Айткан сөздөн жанбаган, Дегенин кылбай калбаган, Көк темирдей эр экен, Көгүрөөк туулган неме экен Эби келсе абаке, Тууганыңа теңелбе, Душман киши ал эмес, Тууганыңа өчөшүп, Душмандашып калганың, Семетей сага жол эмес, Аттанып алып баралы, Астына жакын калганда, Аттан түшө калалы. Саламдашып салалы, Алып келип кондуруп, Аш-тамакка тойдуруп, Кеңеш кепке кандырып, Жолжобосун кылалы. Ошентип көөнүн алалы, Туугандык сактап калалы. Салам айтып койгонго, Салтың кетпейт, абаке. Аттан түшө калганга, Арстандыктан тайбайсың, Алдын тосуп коелу, Ал өңдөнгөн айбандын» — Деп, Гулчоро айтты эле, Семетей анда кеп айтат: «Эр Гулчоро, инимсин, Иним эмей кимимсиң? Үстүңө соот кийгиниц, Астыңа тулпар мингиниң. Семетей кайсы, сен кайсы, Алдына барып келгиниң. Айтпадымбы өткөндө, Бердим сага бийлик — деп. Эр кадырын, эр билет, Сен билбесең ким билет? Үмүтөйдүн алдында, Семетей аттан тушту — деп, Дос, душман укса эл күлөт». Деп, айтканда Семетей, «Койчу, абаке, кебиңди, Жарабаган пейлиңди! Кандай дээр экен — деп, Кылып турган кебиңди? Буурулду минип өзүң бар, Балдан ширин сөзүң бар. Күлсө күлсүн душмандар, Ага жакын барганда, Буурулуңан түшө кал! Олуттуу сөздү өзүң сал, Тууган менен кектешип, Душмандан бетер жектешип, Кекенишип жүрбөйлү, Казак, кыргыз бир тууган, Чекелешип жүрбөйлү. Эр сайышчу немедей, Жекелешип жүрбөйлү. Жүргүн, аба, жүргүн — деп, Гүлчоро ага болбоду!» — Гүлчоро канча кылса да, Семетей болбой койгону: «Айланайын, Гүлчоро, Аттанып чыксаң акжолтой, Артымда жүрсөң сан колдой. Кун дегени шылтоосу, Үмүтөйдүн сыры бул, Көз көрүнөө турбайбы? Койгун, чором, барып кел, Айтканыңа тил алса, Ээрчитип аны алып кел Эрдик кылып көгөрсө, Башын кесип кайтып кел. Бастыргын, чором, бастыр» — деп, — Башын чайкап турду эле. Алдындагы Суркоен, Башын чороң бурду эле. Ак маралдай аргытып, Артынан чаңын бургутуп. Суркоенду суурултуп, Көөдөндөн терин жуурултуп. Сактап туруп калды — деп, Сабап жүрүп олтуруп, Жетип чороң барды — дейт. Чорону көрүп Үмүтөй, Ач арстандай күңгүрөп, Мас болгон нардай кеңгиреп, Айласын таппай зеңгиреп. Эзилип барат эт жүрөк, Эси оогондай делбиреп: «Коркконуңан сен чоро, Кошуун жыйнап жүрдүңбү? Кара кыргыз журтуңду, Карбаластап сүрдүңбү? Айкөлдүн уулу Семетей, Айтканыма көндүбү? Кучактоого тиземди, Алдыма менин келдиби? Кетип кайра келипсиң, Арачы киши сенсиңби? Мал, пулунду албаймын, Семетей келип тиземди, Кучактабай жанбаймын!» — Деп, Үмүтөй айтканда, Анда чоро кеп айтат: «Ой, Үмүтөй — деп айтат. Пейлиңден жангын, баатыр сен, Абакеме бардым мен. Семетей жаман кылбады, Үмүтөйдү алып кел, Өзүм жолго салам — дейт, Мен жарашып калам — дейт. Кээ бирөөлөр артынан, Ушак-айьң кылышып, Семетейди сараң. — дейт. Андай эмес абакем, Кеңчилиги кармаса, Ырайым шапкат анда бар. Көңүлү жумшак мунайым, Көп жашаган карыдай, Тарчылыгы кармаса, Тартынып ал калбаган. Чын ачуусу келгенде, Эч нерседен жанбаган. Чоң атасы Жакыпты, Жоодон бетер жайлаган. Эби келсе баралы, Жарашып биз калалы». — Деп, айтканда Гүлчоро, Ага Үмүтөй болбоду, Болбой мойнун толгоду. Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргарып. Өткүр болот Сырнайза, Имере кармап колго алып, Күчүн күүлөп күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп. Көк дөбөдөй Үмүтөй, Күңгүрөнүп айтты дейт: «Жуукурланган жойпу кул, Көрүчү ишиң мына бул! Өзүң чоро кул болсон, Мени менен тең болсоң, Туруп берчи эр болсоң. Мурунку кезек меники, Кийинки кезек сеники. Майданга чык сен — деди, Өлбөй калсаң кутургур, Кезегиңди аларсың, Өлүп калсаң жойпу кул, Куурап көрдө жатарсың. Калбайсың өлбөй тирүү сен, Өлтүрбөй койбойм сени мен!» Деп, айтканда Үмүтөй, Кабыл алып Гүлчоро, «Менден күчтүү эр эмес, Көмө сайчу неме эмес. Күркүрөгөн Үмүтөй, Ар качан мага тең эмес». Чамасын ойлоп Гүлчоро, Турду карап чакчайып, Күжүлдөгөн Үмүтөй, Күүлөп найза колго алып. Алдындагы тулпарга, Айабай камчы бир салып. Качырып жетти чорону, Үмүтөйдүн ойунда, Эми тируу болобу? Күркүрөтүп найзасын, Уруп өттү чорого. Бүтүлүү тоодой былк этпей, Туруп калды Гүлчоро. Үмүтөй өтө бергенде: «Кезегиңди алдыңбы, Армансыз болуп калдыңбы?! Эмики кезек меники, Өкүмсүнгөн Үмүтөй, Кезекке келер жансыңбы?!» Үмүтөй ойлоп сабылып, Ажалга калды кабылып. Эрлик кылып күркүрөп, Туруп берди ал барып, Алмамбет уулу Гүлчоро, Алдындагы тулпарын, Айабай чаап жүгүрткөн. Жетип найза салды эле, Күчтүү найза жеткенде, Күркүрөгөн Үмүтөй, Учуп кетип калды эле. Аттан түшүп жыгылып, Топого башы тыгылып. Калың казак көп журту, Гүлчорого сыйынып: «Жамандык жок биздерде, Жайсыз ушул сиздерге. Казат кылып келбедик, Айдалып келдик бул жерге...»
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.