Эли мындай деди эле, Эми кандай кылам деп, Гүлчоро карап турду эле? Сары хан, Бакай, Каныкей, Чатактын болуп жатканын, Найзага кол артканын, Кабар таап укту эле. Эки тууган кишини, Эрегишке калтырбай, Айрыйлы — деп — калышты, Кеңеш кебин салышты. Аттанышып жарышып, Аскер жаткан алкымга, Салып жетип барышты. Бара жатса чоң, жолдо, Үмүтөйдү дардайтып, Жарып салган турбайбы? Кужуру күчтүү Гүлчоро, Сайып салган турбайбы? Келгени бекер болушту, Кудай муну эчакта, Уруп салган турбайбы? Хан Бакай келип кеп айтып: «Келипсиз бекер — деп айтып. Кыргыз, казак эки журт, Кекенишер бекен — деп, — Кеңешти абдан кылышты, Кечиришер бекен» — деп? «Семетейге баралы, Үмүтөйдү жакшы көөмп, Калың казак элине, Тартуу тартмак кылалы. Жараштырып эки элди, Жайлап көөнүн тыналы». — Үмүтөй сөөгүн жүктөтүп, Казактын элин чубуртуп, Кардынын канын куйултуп, Үмүтөйдү алпарды, Эл жыйылган Коргонго. Хан Бакай келип кеп айтат: «Э, кокуй, балам Семетей, Эмне болдуң — деп айтат?! Кужуру катуу Гүлчоро, Сайып салган турбайбы? Кара боорун кан кылып, Сайып аттан түшүрбөй, Жарып салган турбайбы? Жай болуп эчак Үмүтөй, Жаны чыккан турбайбы? Өпкө, жүрөк толтодон, Каны чыккан турбайбы?!» — Гүлчоро анда кеп айтат: «Абаке, уккун — деп айтат. Абамдын кебин алгамын, Айтып кеңеш салгамын. Айтканын алып абамдын, Анан кийин баргамын. Жанбай койду нээтинен, Кезектешип калгамын. Алды менен ал сайып, Артынан мен сайгамын. Кайдан билдим, абаке, Күүлүү найза жарганын. Калбады деймин ойумда, Үмүтөйдүн арманы. Ал анткени катышып, Өзү салды калбаны. Абакем баатыр Семетей, Алдына айтсам барбады. Алып кел — деп алдыма, Мени жолго салганы. Айтканга анык тил албай, Жайылдык кылса Үмүтөй, Сайып кел — деп айтканы. Ошол үчүн сайдым мен, Өпкө, боорун жардым мен». — Каныкей келип кайгырып, Кошуп ыйлап бакырып. Семетейге муну айтат, Жашын төгүп чакырып: «Ой, Семетей, чунагым, Үмүтөй сенин тууганың, Бул эмине кылганың?! Эжемдин көзү барында, Эмгекти салдың аларга. Армандуу эжем Агеркеч, Эми калды кайгыга. Үмүтөйдү өлтүрүп, Найзаңдын үчүн кан кылдың. Карыганда эжемди, Казактарга кар кылдың!» Каныкейди ээрчишип, Чуркурап баары ыйлашып, Көшөгө тартып бетине, Өлгөндүн жолун кылышты. Өкүрүп ыйлап зыйнаттап, Өлүгүн жакшы көмүштү, Кектүү кылбай бул элди, Узаталы дегенге, Баары тегиз көнүштү, Айдап калың мал жыйды, Алтын, кумуш зар жыйды. Тартуу тартмак кун малый, Так келтирип, жам кылды. Семетей өзү башкарып, Ар бир эрдин колуна, Бирден тулпар ат берди. Арттырып алтын, кумушту, Айры өркөч нар берди. Канчоро анда кеп айтат: «Кагылайын, абаке, Кебимди уккун — деп айтат. Абаке, бугун не болдун, Акылың кайда жоголдун? Жамандык күнү бир жургөн, Жакшылык күнү жай билген, Жанаша казак эл болсо, Хандык жолу, эрлиги, Сени мен ей тең болсо. Энекең сенин Каныкей, Акеркеч менен бир тууган. Арстандык кылып, абаке, Көңүлдөн кирин жуубасаң. Катын да болсо Акеркеч? Кабы толбой калбайбы? Берсең боло тартууга, Тай буурулдай бууданды!» — Деп, айтканда Канчоро, Кийинкисин ойлобой: «Ырас айтат Канчоро, Агеркеч көөнү агарсын, Тай буурулду берейин, Капасы ичтен тарасын. Талаштырбай чорону, Суркойонду минейин, Айгайлаган жоо болсо, Жан айабай тийейин». — Деп, ойлонуп Семетей, Тай буурулду берди — дейт. Калың, казак кош болуп, Кайра жанып кетти — дейт. Айрылып аттан Семетей, Акылдан жаман танды дейт. «Тай буурулдун кеткени, Арстандын уулу Семеңдин, Ажалынын жеткени», — Деп, элде макал калды — дейт. Арамзада Канчоро, Ар жоругу бар чоро, Абасын айрып Буурулдан, Анын да көөнү тынды — дейт. Муну мындай таштайлы, Кайран баатыр Семетей, Казаасынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.