Үмүтөйдүн өзүнчө келип өлүшү, Семетейдин Тайбуурулду бериши
Казак калың журт экен, Кадимден бери калмакка, Аралаша турчу экен. Көкөтөй элге хан экен, Айдаркан чыгаан бай экен Айдаркандын Көкчөсү, Белге таңуу эр эле. Ал Көкчөнүн баласын, Үмүтөй төрө дээр эле. Үрбү менен Музбурчак, Өлүп кеткен кези эле. Башында казак үч төрө, Азыр баары чогулуп, Болуп калган бир төрө. Көкчөнүн уулу Үмүтөй, Баарысына хан төрө. Кымыз ичип олтуруп, Кыйал мас болгон кезинде, Шылтоо кылып токтомду. Кылыгын ойлоп Семеңдин, Керимбайдын кептери, Кете элек али эсинде. Алтымыш уруу алашка, Хан болууну ойлочу, Эртең менен кечинде. “Кызыталак канкордун, Бул эмине кылышы? Кабар кылып,сөз айтпай Элчилешип кытайга, Өзү токтом кылышты. Коңурбайды сойгонун, Мага айтпай койгону, Мунусу кандай жумушу?! Атасы жүрдү ашында, Бүткүл элди башкарып. Ээрчитип барып Бейжинге, Кыйла элди өлтүрдү. Кырк чоро — деп,-ат койуп, Кырк баатырды кутуртту. Кылым казак, кыргызга, Кылып жүрдү зордукту. Аз келгенсип ансы, Анын уулу Семетей, Мунун кандай кордугу? Бүтүн каңгай журтуна, Элчилешип келгенде, Айтпай бир ооз койушу. Кошулбады кебиме, Мени илбеди көзүнө. Алдап жүрүп ээрчитип, Атасы Манас ант ургур, Атамдын жетти түбүнө! Калмакка кармап бердиби, Каңгайдан кордук көрдүбү? Көзүн көрбөй шүк болдук, Атамдын кунун алайын, Бербеймин десе Семетей, Талкан кылып коргонун, Талаа кылып ордосун, Такыр кылып чабайын! Семетей менден эр бекен, Кайратым андан кем бекен?! Эли элимен көп бекен, Семетейге баш ийип, Унчукпай койчу мен бекем?! Кызыталак канкордон, Кылымды бузган анткордон. Атамдын кунун албасам, Адам болбой калайын, А көрөктү өлөйүн, Акыретти көрөйүн!” Намыстанып Үмүтөй, Эл эстүүсүн чыкырды, Төрт, беш бээни сойдуруп, Этти тартып койдуруп. Дасторконун жыйганда, Үйгө кирип олтуруп. Үмүтөй төрө кеп сүйлөп, Көйрөңдөнүп бек сүйлөп. Кебинен шумдук чуу чыгып, Таноосунан буу чыгып. Кара жаак чечен кул, Ууртунан суу чыгып: “Эй, ушул турган агалар, Бала төрө Үмөтөй, Кыла турган кебим бар, Айткан кепке жараңар, Барың мени караңар! Силерге айтпай агалар, Кимге айтам зарымды? Ойун күлкү сөз болсо, Келтирет экен арымды. Эсепке албай калдым мен, Алтын, күмүш, зарңды! Ущул кезде Үмүтөй, Намыс үчүн күч жыйбай, Айдама кошун кол жыйбай, Коркуп бирөө сөз кылбай, Жатып калар чагымбы? Ойлонсом кыйын ачынтат, Өткөн иштер жанымды! Ошол үчүн чакырдым, Жашы менен карыңды. Айкөл Манас башында, Кармап жүрдү бул элди. Кайда барса кой өңдүү, Айдап жүрдү бул элди. Кайраты толук шер экен, Калмактан алып кегиңди, Жерлүү кылды бул элди. Орустан барып олжо алды, Ортого аны бир салды. Кызыл кыйа бел ашты, Кытайды барып бир чапты. Кызыталак канкоруң, Ортого салган тапканды, Жалгыз ооз кеп болсо, Жашырбай элге айтканда, Жабылып ээрчип жүрчү экен, Кайда барса басканда. Эч кимдин көөнү оорубайт, Как ошондой арстанга. Манастан андай кылганы, Ортого салып тапканды, Элди алдаш кыйалы. Алданып мал, пул, сөзүнө, Өлөрүн эч ким туйбайды, Эч болбосо Семетей, Атасындай кылбады! Кишини албай теңдикке, Кишиден-киши жазганса, Артына салып ээрчитип, Атамды алып басканда. Кызыталак канкоруң, Кытайды барып чапканда. Көзөл Көкчө хан атам, Өлүп кетти ошондо. Атамдын көзүн көрбөдүм, Колум менен көмбөдүм. Урмат кылып ыйлабай, Арбагын анын сыйлабай, Токтоно албай калдым мен. Семетейден кун албай! Арага элчи салбаймын, Аскерди жыйып айдаймын. Семетей кылса итчилик, Мен, атамдын кунун албай тынбаймын! Мал албаймын мен кунга, Зар албаймын мен кунга. Кан ордуна кан алам, Алданбаймын мал, пулга! Хан атам Көкчө өлүптүр, Жан ордуна жан алам. Семетейден баш алам, Кардын жарып өт алам, Адам сынган камкордун, Атам үчүн өч алам! Эркек бала тууганда, Намыс үчүн — дейт, — экен. Аксакалдуу кишини, Калыс үчүн — дейт — экен. Карыйалар турасың, Мурункунун наркы экен. Арканча кылсак жакшылык, Кан ичме жинди Семетей, Аны билбес киши экен. Ойлоңорчу, көпчүлүк, Өзү барды Кытайга, Ушунусу эп бекен?! Кеңештен куру калганда, Үйдө жатып алганда, Ошол кыйын кеп бекен! Кангайга бирге баралбас, Кайратсыз казак эл бекен?! Хан Көкчөнүн Үмөтөй, Семетейден кем бекен?! Атасы салган бушманга, Чыгарбай Көкчө атагын. Жолдошу болуп бир жүргөн, Алмамбетти бузганда. Кийин көөнүн жайлаган, Анткен менен айкөл эр, Менин атам Көкчөнү, Хан көтөрүп шайлаган. Хандык колго тийгенде, Көөнүндө кир калбаган. Алдап жүрүп акыры, Бейжинди көздөй айдаган. Ошол Бейжин жеринде, Каптаган какан элинде, Хан атам өлдү бейарман! Канбады менин кумарым, Хан атам кунун албадым. Чыкпайт ичтен зардабым, Семетейди чаппасам. Теңсинбеген төрөнүн, Деги эдебин таппасам!” Деп, ошентип Үмү төй, Күңгүрөнүп күүлөнүп, Ачууланып сүйлөнүп, Ач арстандай түрлөнүп. Атайы беш миң кол жыйып, Ар сабында миң кылып. Найза сайар ыктуудан, Жазбай атар мыктыдан, Кылыч чабар кыйындан, Жигиттерден ылгаган. Балта кармар баатырдан, Байкасаң журтта калбаган. Беш миңге санын толтуруп, Үмүтөй кошун камдаган. Кара бойу катуу күч, Карылуу кошун дайындап, Семетейге арнаган. Семетей сени дегенде, “Кап” — деп оозун кармаган, Ачууланып, арданып, Атасын ойлоп Үмүтөй, Ант ичкендей саргарып. Бастырмак болду түгөнгүр, Кең Колду көздөй кол алып. Жоо жарагы бүткөндө, Аттанар болгон күндөрдө, Агеркеч туруп кеп айтат: “Ээ, кулунум, Үмүтөй, Акылым уккун — деп айтат. Кабылан Манас сал эле, Каардуу туулган жан эле. Ал Манасты колдогон, Кыргыз, казак эл эле, Жердеген жерим Манастын, Ырысына жараша, Кең кол, Талас дээ эле. Жер, элине кол берген, Элдин баары жол берген, Кылган иши оң келген, Аны менен басташкан, Ар качан адам кор деген. Айкөлдүн калган тукуму, Семетей сенин тууганың. Тууган эмей неткениң, Карын бөлөң эмесби?! Каныкей мага бир тууган, Семетейди ал тууган. Сени, балам, мен туугам, Ал экөөңөр бир тууган, Түп атаңар тең тууган! Орус менен баранга, Оорагы кеткен далайга, Эсиң болсо Үмүтөй, Эрегишип Семеңе, Жолу жок калба сен салба. Кангай менен калмакка, Кадыры өткөн далайга, Көрсөткөн каарын аларга. Сары арканы калмактар, Атаңдан тартып аларда, Атаңды Манас колдогон, Бажасы менен муңдашып, Ошондо атаң хан болгон. Ал Манастын тобуна, Кас санаган оңбогон! Тим болгунуң Үмүтөй, Тилимди албай сен койсоң, Каныкей менен бир тууган, Тууган энең мен болсом, Эсим болсо Үмүтөй, Аа, теңелбейт тим болсоң! Чабам — деп, — аны ойлоңсуң, Барып калсаң ал жерге, Эзелде жакшы болбойсуң. Кыйыгына сен тийсең, Бейажал өлүп сойлойсуң. Келген киши кетпеген, Үйүнө аман жетпеген. Өлгөн сайын өрчүгөн, Өткүр Манас уулу ал. Түгөнгөн сайын түтөгөн, Түптүү Манас тукуму ал, Кулагың салам Үмүтөй, Байкап уккун ушуну! Акыл айтам, Үмүтөй, Абайлап жакшы ойлосоң, А көрөктү, Үмүтөй, Тарынчы айтып, жүйө айтып, Алдына киши жиберсең. Оңдой берет олутту, Орундуу берет конушту. Узартат сенин колуңду, Кыскартат басар жолуңду. Өлгүнчөктө бек кармайт, Жанындай көрүп колуңду. Жайылдык кылсаң тил албай, Сойуп койот өзүңдү. Каргаларга чокутуп, Ойуп койот көзүңдү. Сөөгүңдү мында жибербей, Койуп койот өзүңдү! Семетей менен жарашсаң, Сага киши кол салбайт, Беттеп пенде келе албайт.