Айткан сөздүн баарысын, Акылыңа илерсиң. Атанын мүлкүн алалса, Чоң коргонго хан болуп, Сырдаган сарай кирерсиң». Сарытаз анда кеп айтат: «Болот, Бакай» — деп айтат. Башында Манас барында Дарбазачы мен элем, Башкарган элин билгиче, Баш кишиси сен элең. Хандарга болгон жанаша, Катарда киши мен элем. Караанында Манастын, Жан сактоом элден кем белем. Байкап көрсөм Бакай хан, Табалбай айлам сенделем. Байкап жүрүп баланы, Бала жолборс эр болсо, Кабарын элден мен берем. Он экиге чыкканда, Ошондо кабар берермин. Ушу болот Бакай хан, Болжолдоп кабар берермин. Сен да жолун тососуң, Унутпастан береним». Муну мындай таштайлы, Каныкей менен Чыйырды, Жол басканынан баштайлы. Кайра тартты Каныкей, Амандашып алган соң, Бет алып жолго чыккан соң, Бакайдын сөзүн уккан соң. Шакылдата жол жүрүп, Күн-түн дебей мол жүрүп, Арадан нечен күн өтүп, Ай караңгы түн өтүп. Капа кылбай энесин, Кара күчкө каткырып. Чыйырды менен баланы, Ыктуу жерге жаткызып. Суулугунан бек кармап, Байталдарды чалдырып. Өлмөк болду байталы, Ташыркап бутун алдырып. Тирүү киши билбеген, Түн түшүнө кирбеген. Жыбырга жатып конгону, Жолго түшкөн эсеби, Бир жарым ай болгону. Элечек жоолук кирдеди. Ээн калаасын байагы, Эки байтал жүрбөдү. Жүрбөгөн соң таштады, Жөөлөп жолго баштады. Беш күндөн кийин мекчейип, Кайненси баспады. Асыл тууган Каныкей, Ичи жаман кайышып, Кайненесин көтөрүп, Кабыргасы майышып. Жөө басып Каныкей, Сыр билгизбей тайышып. Буулум тоону кырчылып, Бутунда кепич жыртылып. Согончогун жоорутуп, Томуктарны оорутуп. Аркасында Чыйырды, Арык койдой соолутуп. Кепичи жок маасычан, Кейиген экен курган жан. Жөө басканын сурасаң, Бир жарым ай күн болуп. Жоболоң тартып Каныкей, Темгил ала тер болуп. Эмгекти тарткан кезинде. Кечки салкын бешимде. Эси кетип нес болуп. Анда бир киши кез болуп, Жолуккан киши кеп айтат: «Жолуң болсун деп айтат, Түзөң качып, түн катып, Унаа минбей жөө басып, Кайсы жактан келесиң, Кайсы жакка барасың. Айып көрбөй энелер, Дайыныңды айтып берерсиң». Атынын башын бурганы. Аңгеме дүкөн курганы. Бала туруп алардан, Абдан дайнын сурады. Каныкей баштып кеп айтып: Байкап уккун деп айтып, Жерибиз Кеңкол чоң Талас. Элибиз ногой көп алаш. Алган эрим сурасаң, Акырет кеткен зор Манас. Эмгекке тууган кайгымын, Эр Манас зайыбымын. Камка тондун тышымын. Кара хандын кызымын, Жер түбүнөн көтөрүп, Эмгегин тартып баланын, Жедигердин эр Багыш, Ошого бара жатамын. Арманым айтсам муң болот. Куулдаган боз бала, Сенин айлыңдын башы ким болот. Дайыныңды мага айткын деп, Андан кийин кайткын деп». Баркы менен сурады, Маанилүү тууган Каныкей, Баланын дайнын сурады. Баштап бала кеп айтып, «Байкап уккун деп айтып, Камыш эмес жекенсиз, Каракан кызы болсоңуз, Эжеке жакшы келди кебиңиз. Темиркандын элибиз. Ошондой дайныбыз, Каракан болот айлыбыз. Жүрү эжеке кетели, Жолдо туруп нетели. Атка минип алалы, Айлыбызга баралы. Темиркан кызы эжеке, Жолгоо жөө басыпсың, Эң эле жаман шашыпсың» Жылуу сыйпап кеп айтып, “Жүрү эжеке” — деп айтып, Бала жолду торгоду. «Эр Багышка кетем», — деп, Каныкей асили болбоду: Төрөм Манас өлгөнү, Түп бир көөнүм тынган жок. Төркүндүгү ушубу. Төрөмө бата кылган жок. Баатырдын көзү өткөнү, Байкуш жаным тынган жок. Аталыгы ушубу, Арстанга бата кылган жок. Тирүү болсом жетермин, Жедигердин эр Багыш, Ошого кирип кетермин. Төө тартса дагы барбаймын, Төркүнгө башым салбаймын”. Кейибестен кеп айтат: “Кете бер бала!” — деп — айтат. Ушул кепти уккан соң, Атынын башын бурбастан, Айар кылып турбастан. Эки этеги далбактап, Эки буту салпактап, Атка камчы басты эми. Каракандын ордого, Калк жыйылган коргонго, Бала кирип барды эми. Шашкан бойдон шашылып, Бала жетип барды эле, Салам айтып калды эле. Чогулган элдер кеп айтты: «Чогоол өскөн айбанды, Сабагыла — деп айтты. Ордого түшүп кирбейсиң, Эмгекти өзүң тилейсиң. Ит куугандай чабасың, Балаага башың саласың». Шайтаны ичке толду эле. Сакчылары баланы, Сабай турган болду эле. Бала туруп кеп айтат: “Баарың уккун — деп айтат. Ордого шашып мен келдим, Осол көрбө деп айтат. Кечээ күнү кечинде, Кечки салкын бешимде. Бэйжинге барчу бөксө жол, Ошондо кетип баратсам. Атым жаман торукту, Арып, чарчап жөө баскан. Эки зайып жолукту. Эси оогандай эндирейт, Жоо чапкандай сендирейт. Арып-чарчап болуптур, Кубарып бети оңуптур. Ачкалыктын айынан, Кемпири келет жөтөлүп. Кемпири менен баланы, Бир келбеттүү зайып көтөрүп. Кейпи кетип түн катып, Келе жатат жөө басып. Айтып сөздү курадым, Анын дайнын сурадым. Келбеттүү зайып кеп айтып: “Кете бер бала — деп айтты. Жерим Талас — деп айтты, Эрим Манас — деп айтты. Арстаным Манас өлгөн — дейт, Акыретти көргөн — дейт, Жазылбады капам — дейт, Темиркан менин атам — дейт, Көңүлдөн кетпейт капам — дейт. Көтөргөн жетим балам — дейт, Жедигердин эр Багыш, Ошого бара жатам — дейт. Жедигерге жетпесем, Теги эле көөнүм тынбайт — дейт. Төркүндүн жоктур пайдасы, Төрөмө бата кылбайт — дейт, Төө тартса да барбайм — дейт, Төркүнгө башым салбайм — дейт. Какшык кылып кеп айтты, Каныкей атым”, — деп айтты. Таап келген кишим бул, Шашып келген ишим бул. Кабар уктум айактан, Калп эле ачуу кыласың. Калк бийлеген Карагын, Кутулдумбу тайактан?” Баладан таппай кылжырды, Кайран бала маминтип, Баарысын кепке сындырды. Баладан кепти угушуп. Байкас кылып турушуп, Журт бийлеген Кара хан Эси кетип далдайып, Эки колу шалдайып, Бүткөн бойу чымырап, Көзүнөн жашы дыбырап. “Ай караңгы түнү бул, Атанын арман күнү бул. Кайраным ботом өлгөнбү? Акыретти көргөнбү? Аркасында тууганы, Малын талап бөлгөнбү? Кыраандан перзент тапканбы? Калкалашып баласын, Жөө көтөрүп качканбы? Ардактаган кулунум, Тирүүлөй азап тартканбы? Эбин таппай эс кетип Эси ооганда басканбы?» Турбагыла барыңар, Кол баштап тогуз тартууну, Канышка алып барыңар. Эркелеп өскөн Канышым, Чымырканган Чыйырды, Эң эле эстүү киши эле. Келе калса тил алып, Баарысын кудай жалгасын. Түбү бирге кошулат, Учу бирге жазылат. Канышыма айтыңар, Эр Багышка барбасын. Балама бата кылбайт деп, Байбиче көөнүнө албасын. Токтолбостон чабыңар, Төрөм Манас өлгөнүн, Эми уктук — деп — айтыңар. Байбиче өзү сындасын, Каныкей намыс кылбасын. Тобуңду бузбай баргыла, Кол баштап тогуз тартууну, Канышыма алгыла. Жоругу жумшак аттарга, Ээр токум салгыла. Ылдамыраак жеткиле, Эртерээк алып келгиле. Кара хан кебин бурчу эмес, Карап мында турчу эмес. Аттанышты дуу койуп, Айалдабай чуу койуп. Тогуз тартуу арнашып, Минтип айтсак токтойт деп, Талаадан кебин жайлашып, Акылдашып алганы. Аттанганда турчубу? Канышка жетип барганы. «Эжеке эсен-аман жүрдүңбү? Амандашып алганы. Тим кишиге ыктаган, Тили оозуна жукпаган, Кай жумушка бет алса, Кадоосун чыңдап мыктаган Кеп айтканы шар экен. Эптүү тууган элинде, Керимкул деген бар экен. Келе калып кеп айтып: “Эжекебай — деп айтып, Жериңден тосуп чыкпадык, Жездемден кабар укпадык. Баладан угуп биз кепти, Баарыбыз минтип сыздадык. Сиз айтыпсыз, эжеке, Көтөргөн жетим балам — деп, Жедигердин эр Багыш Ошого кетип барам — деп. Ошол кепти укканда, Атаңыз жаман шаштырды. Ичиме бычак салам деп, кайран баатыр эр жездем, Өтүп кетип боздотту. Эси кеткен атаңды, Элибиз араң токтотту. Күйүтү болот жесирдин, Күнөөбүз болсо кечиргин, Ага тууган жан келди, Кул баштап тогуз тартуу мал. Алдыңызга жан келди. Ээр токум шайлатып, Минсин деген жоргоңуз, Дайарланып ал келди. Көбүрөөк мындан айтууга, Айбатыңдан коркобуз. Эжеке сизге инибиз, Ээрлүү атка миниңиз. Келсең дагы – кетсең да, Калганын өзүң билиңиз”. Кашка тишиң кылайтып, Каныкей турду муну айтып: «Сөзгө кулак салбаймын, Эрчиткен энем тил алса, Төркүнгө издеп барбаймын. Жетимди аман кылсын — деп, Теңириме зарлаймын. Керимкул көөнү кайтты эле, Келбеймин деп Каныкей, Ошол кепти айтты эле. келген элдин баарысын, Чындап жолун торгоду. Чыйырды буга болбоду, Каныкей сөзгө кулак сал Эски сөөктөн жанбайлы. Эр Багышка барбайлы. Өлгөн уулум шок эле, Кол арткан жери жок эле. Ок аткан жери көп эле. Өлгөн Манас кулунум, Өз алдынча зор эле. Өчөшкөн жери көп эле, Душман бизге күйөбү? Жашыраак жетим баламды, Өлтүрүп койом тим эле. Атасы башка душманда, Арызыңды бирөө тергейби? Алдыңдагы жетимге Мышыктын боорун бербейби? Күйүттүү тууган экөөбүз, Атасы душман жат элде, Күндү кайдан көрөбүз. Атасы душман жат элде, Күйүп жүрүп өлөбүз, Жакшылык кайдан көрөбүз. Жанын койбой баланын, Жыргабай жүрүп өлөбүз». Чыйырды мындай кеп айтты, Келгендин баары чуркурап, “Чын айтасыз” — деп айтты. Карынын кебин билишип, Каткырып баары күлүшүп, Болбостур деп Каныкей, Жоргого баса минишип, Тез бастырып желишип, Темир хандын шаарына, Эми жетип келишип, Астына тосуп барышып, Атынан жулуп алышып. Кара хан ыйлап буркурап: «Кайдан келе жатасың, Жөө басып кулунум. Кан төрөмдөн айрылып, Жөө басып жетем деп, Сөөгүмдү какшаттың, Эр Багышка кетем деп. Энең бычкан тон эмес, Атаң көргөн жол эмес. Эр Багышка барганың, Эгеримде оң эмес». Кетпегин деп койдуруп, Төрт-беш бээни сойдуруп, Баарынын көөнү тынышып. Мына ошончо мал сойуп, Өрүлүк өтмөк кылышып, Семетейди өрмөттөп, Баланы сөөк кылышып. Тээк кылып баланы, Эки кемпир тырышып. Семетейди бакмакка, Талдан бешик жондуруп, Эки жесир бечара, Айылын башка кондуруп, Көкүрөктөн зил кетип, Көңүлүнөн кир кетип. Жатып калган жери ошол, Жай-кыш күн өтүп. Муну мындай таштайлы, Семетейдин эл-жерин, Билгенинен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.